27 апреля, 2024

Борбордук стадиондун айланасындагы сатылып кеткен жерлерди кайтаруу аракети башталды

Ош шаарындагы Акматбек Сʏйʏнбаев атындагы борбордук стадион 1960-жылы курулуп, 10 гектар аянтты ээлеп турган. 2001-жылга чейин анын теңинен кɵбʏ менчиктештирилип кеткен. Учурда стадиондун айланасында мыйзамсыз делген 10 жердин бешɵɵсʏндɵ капиталдык курулуш бар, алар бизнес жаатында пайдаланылат. Шаар бийлиги сатылып кеткен жерлерди кайтарып алуу аракетин баштады.

Жер кайсы мэрлердин колу менен сатылган?

Канышай Имарова, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси.

2000-2009-жылдар аралыгында сатылган жерлер

-Стадиондун кире беришиндеги “Топ спорт” аталышындагы спорттук дʏкɵндʏн аянты 228,0 чарчы метр. Мурда бул балмуздак чыгарган цех катары жеңил конструкциядагы обьект болгон. Мʏлк фондунун чечиминин негизинде ʏстʏндɵгʏ курулушу жеке менчикке берилип, жер участоктору боюнча билесиздер, 2000-жылдан баштап 2009-жылга чейинки Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаарынын мамлекеттик администрациясыныны чечимдердин негизинде жеке тараптарга сатылган. Тактап айтканда, Исаков Жумадыл Ырысбаевич, андан сырткары Шарипов Жусупбек Шариповичтин, Сатыбалдиев Жантɵрɵ Жолдошовичтин мезгилинде жеке тараптын колдоруна ɵткɵн. Жогоруда аталган “Топ спорт” дʏкɵнʏнɵ Ош шаарынын мэри Исаков Жумадыл Ырысбаевич  2006-жылдын 29-мартындагы токтомунун негизинде 2007-жылдын 24-январында жер участогуна болгон жеке менчик укугу жɵнʏндɵ мамлекеттик актысы берилген.

“Аделия” сулуулук жана той кɵйнɵктɵр салону дагы ʏчʏнчʏ тарап, ʏчʏнчʏ келишим. Келишимдин негизинде биринчи мында кафенин курулушуна уруксат берилип, андан кийин кыймылсыз мʏлк Шарипов Жусупбек Шариповичтин, тагыраагы, ошол кездеги Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан 2000-жылдын 19-июнундагы токтомунун негизинде кафе курууга, ал эми мэр Сатыбалдиев Жантɵрɵ Жолдошовичтин 2003-жылдын 21-августундагы токтомунун негизинде аталган жер участогун сатууга макулдук берʏʏгɵ ɵзгɵрткɵн. Ал эми Ош шаарынын мэри Чырмашов Сатыбалды Чырмашович 2004-жылдын 16-декабрындагы жер участогуна болгон (жердин аянты 228,0 ч.м.) жеке менчик укугу жɵнʏндɵ мамлекеттик актысын даярдап берген.

Супаналиев 95 кɵчɵсʏндɵгʏ “VINT” билярд клубу да башта лагман канага уруксат берилип, кийин ɵзгɵртʏлгɵн. 2006-жылдын 27-сентябрындагы токтом менен Ош шаарынын ошол кездеги мэри Исаков Жумадыл Ырысбаевич мʏлктʏ бильярд ойноочу жай катары профилин ɵзгɵртʏʏгɵ жана 2 кабаттуу кошумча курулуш курууга макулдук берип, 2006-жылдын 14-декабрында Амираев Токтосунга мамлекеттик акт берген. Кошумчалай кетсем, мында эки бир туугандар ээлик кылат. “Алай ЛНТ” ЖЧКна 15 жылдык мɵɵнɵткɵ Ош шаарынын мэри Сатыбалдиев Жантɵрɵ Жолдошовичтин 2002-жылдын 10-майындагы токтомунун негизинде 700 ч.м. жер тилкесине суусундук чыгаруу цехин курууга ажыратып берилген. Андан кийин, Ош шаарынын мэри Исаков Жумадыл Ырысбаевич 2005-жылдын 23-декабрындагы токтомунун негизинде 700 ч.м. жер тилкесин жеке менчике бекитип берип, анын негизинде 2006-жылдын 13-январындагы жер участогуна болгон жеке менчик укугу жɵнʏндɵ мамлекеттик актысын берген.

“Жерлерди алмашуу келишиминин негизинде бекитип беребиз”

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 5 обьектке жерлерди кайра компенсация катары тɵлɵɵ боюнча сунуштап жатабыз. “Аделия” сулуулук салонуна бир жер сунуштадык, макул болгондой болду, эми комиссиянын чечими менен ал жерди биринчи ижара шартында берип туруп, макул болсо алмашуу келишиминин негизинде бекитип беребиз. Калган ʏч участоктун бирɵɵсʏ убактылуу болгон, анын жерге болгон эч кандай укугу жок болгондуктан ал жерге компенсациясы жок эле курулушту бузуп, жерди калыбына келтиребиз. Ал эми “Топ спорт”, “VINT” бильярд клубдарына да шаар аймактарынан жерлерди кɵрсɵтʏп жатабыз, эгер макул болушса жерине жер алмашуу жолу менен жеке тараптардан ɵткɵрʏп алабыз. Экинчи этапта ʏстʏндɵ эч кандай курулуш жок бош жаткан участокторду ɵткɵрʏп берʏʏ боюнча сʏйлɵшʏʏлɵр жʏргʏзʏлɵт. Мындан сырткары Шайлообек Атазовго 0,84 чарчы метр жер аянты 2009-жылы Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун токтомунун негизинде жеке менчик укугу менен катталып берилген. Калган жеке жактарга ɵтʏп кеткен жер аянттары боюнча учурда кошумча тактоо иштери жʏрʏп жатат.

Кабылбек Укулов, А.Сʏйʏнбаев атындагы борбордук стадиондун жетекчиси.

“Эл аралык мелдештерди ɵткɵрʏʏгɵ территориябыздын аянты талапка жооп бербейт”

-Эл аралык деңгээлдеги чоң оюндарды ɵткɵрʏʏгɵ биздин стадионго уруксат берилбей жатат. Себеби, стадиондун территориябыздын аянты талапка жооп бербейт. Мындан сырткары тʏндʏк тараптагы жол жабык болууда. Эгер Кыргызстандын курама командасын Оштун стадионуна ɵткɵрɵ турган болсок АФК сыяктуу футбол федерацияларынын талаптары бар, стадиондун тɵрт тарабындагы тɵрт эшиги ачык болуусу керек. Бизде азыр ʏч жагыбыз ачык, бир тарабынан автобус кире албайт. Башка мамлекеттин командалары бизге ойногону келсе баз алардын талаптарына жооп бере албайбыз, ошондуктан уруксат бербейт.