28 апреля, 2024

РЕПРЕССИЯ: МАҢЫЗ-МАКСАТЫ ЖАНА АКЫБЕТИ

Кыргыз мамлекеттʏʏлʏгʏнʏн бир кылымдык маарекесин жана мамлекетти тʏзʏп-калыптандырып, ɵнʏктʏрʏʏгɵ салым кошкон чыгаан инсандардын тарыхый эмгектерин  Советтик доордогу кандуу репрессияны аттап ɵтʏʏ аркылуу баяндап берʏʏгɵ мʏмкʏн эмес.

“ЧОҢ ТЕРРОР”

 Репрессия-латын тилинен которгондо басуу, эзʏʏ дегенди туюнтуп, жɵнɵкɵйлɵштʏрʏп  айтканда, мамлекет тарабынан саясий мотив менен жʏргʏзʏлгɵн, саясий оппоненттерди  ɵмʏрʏнɵн, эркинен жыратуу сʏргʏнгɵ айдоо, психиатрдык дарылоо мекемелеринде мажбурлап дарылоо, ɵлкɵ чегинен айдап жиберʏʏ сыяктуу чараларды ɵзʏнɵ камтыган зордук-зомбулук саясатын тʏшʏнʏʏгɵ болот. Мындай саясатты жʏргʏзʏʏгɵ коомдогу таптык, идеологиялык, диний, расалык карма-каршылыктар шыкак жана тʏрткʏ катары кызмат кылып берээри маалым.

 СССРде 1920-жылдын аягынан 1950-жылдын баш чендерине чейин (Сталинизм доору) жʏргɵн  репрессиялык  саясат жалпы жонунан Сталиндик репрессиянын мезгили деп айтылат. Анын  массалык репрессия менен коштолуп, “чоң террор” деп аталган доору 1937-жылы, НКВД башчылыгына Н.И.Ежовдун дайындалуусу менен башталган.

«Чоң террор» деп аталып, 1937-38-жылдарды камтыган масалык репрессия 1938-жылдын сентябрь-ноябрь айларында Ежовдун ɵзʏ менен кошо НКВД , милиция жана башка тиешелʏʏ мекемелердеги ал дайындаган кызматкерлерди  кеңири масштабдуу камакка алуулар менен аяктаган. СССР Эл Комиссарлар Советинин 1938-жылдын 17-ноябрындагы токтому менен НКВД жана прокуратура органдарына кандайдыр бир  камакка алуу жана  сʏргʏндɵɵ боюнча массалык операциялардын жʏргʏзʏʏгɵ тыюу салынган. “Соттук ʏчтʏктɵр” жок кылынган. Ежовдун ордуна дайындалган Бериянын алгачкы реабилитациялык чаралары ишке ашырылган.

Документалдык тʏрдɵ аныкталган маалымат боюнча, 1937-38-жылдарда саясий мотив менен 1 344 923 адам кармалып, анын 681 692си атууга ɵкʏм болгон. Жалпы алганда жеке Сталин жана  ВКП(б) БК тарабынан “Атуунун Сталиндик тизмеси” боюнча 44893 адамдын соттолгону дайын болгон. Алардын басымдуу кɵпчʏлʏгʏ башкаруу структураларынын, анын ичинде НКВД жана РККА мʏчɵрʏ болушкан жана баары атылган. Аталган жылдарда ВКП(б) БКнын 78 пайыз мʏчɵсʏ атууга ɵкʏм болгон. Тазалоонун катаал тагдырына НКВД органдары туш болгону да кызыгуу жаратат.

РЕПРЕССИЯНЫН ИДЕОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗИ

Сталиндик репрессиянын расмий идеологиялык негизи катары Сталин тарабынан 1928-жылдын июлундагы ВКП(б) нын Пленумунда баяндалган “Социализмди куруу аяктаар алдында таптык кʏрɵштʏн курчушу” деген концепция кабыл алынып жʏргɵнʏ белгилʏʏ. 1938-жылдан тартып 1956-жылга дейре  кайра-кайра миллиондогон нускалар менен  басылган, таптык кʏрɵш  жана  кулатылган таптын сɵзсʏз тʏрдɵ аеосуз каршылык кɵрсɵтʏʏсʏ жана аны басуу жɵнʏндɵгʏ идеологиялык постулаттарга негизделген  “ВКП(б)  тарыхынын кыскача курсунда” Сталиндик режимдин ар тʏрдʏʏ социалдык элементтерге карата жасаган репрессиялык чаралары жалпысынан акталгандыгы маалым.

 Ар кандай социалдык элементтерге каршы Сталиндик саясий репрессия  элдин жана социализмдин пайдасы ʏчʏн аргасыздан ишке ашырылган мыйзам ченемдʏʏ чара катары каралып калганын  ɵкʏнʏʏ менен белгилебей койгонго арга жок. 1930-жылдын аягынан баштап Сталин тарабынан  тʏп-тамырынан тарта партиянын кызматын кылууга  койдурулган советтик  тарых илими, россиялык изилдɵɵчʏ М.Г.Степановдун сɵзʏ менен айтканда, “буржуазиялык тапты жок кылуу зарылдыгын далилдɵɵнʏн жетиштʏʏ логикалык чынжырын тʏзгɵн”. Ал логикага ылайык, СССР ɵзʏн курчап турган  жана ɵнʏккɵн капиталисттик ɵлкɵргɵ салыштырганда экономикалык жана маданий жактан артта калган. Мындай шартта СССРди сактап-ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн “буржуазиялык элементтердин” калдыктарына алдын ала сокку уруп туруу зарылчылыгы талап кылынгандыгы белгиленген.

ЖАЛПЫ МYНƟЗДƟМƟ

Айрым тарыхчылардын пикири боюнча, сталиндик репрессия Октябрь революциясынан кийин эле айрым кɵрʏнʏштɵрʏ байкала баштаган жана 1918-жылдын сентябрындагы  Совнаркомдун “Кызыл террор” жɵнʏндɵгʏ токтомунан кийин мамлекеттик саясатка айланган большевиктик репрессиянын уландысы катары каралууга тийиш. Бул албетте, белгилʏʏ бир мааниде репрессиянын бʏтʏндɵй кʏнɵɵсʏ менен убалын биртке болсо да Сталинден алып салуу аракетиндей туюлганы менен иш жʏзʏндɵ дал ошондой эле болгонуна тарых ɵзʏ кʏбɵ ɵтɵт.

Совнаркомдун “Кызыл террор” жɵнʏндɵгʏ токтому менен мыйзамдаштырылган репрессиялык чаралар да албетте, катуу болгону талашсыз. Мында жалаң гана большевиктердин активдʏʏ саясий каршылаштары эле эмес, алардын саясаты менен келише албаган катардагы эле адамдар да репрессиянын курмандыгына айланган. «Кызыл террор» тарыхчы Сергей Волков жазгандай “большевиктердин  максаттарына каршы турган социалдык катмарлардын жана топтордун ɵкʏлдɵрʏнɵ карата жасалган кеңири маштадагы репрессияга  айланган”. Репрессияга мурдагы полициячылар, жандармдар, падыша ɵкмɵтʏнʏн чиновниктери, дин кызматкерлери жана мурдагы помещиктер  менен ишкерлер туш болушкан.

Тарыхчы В.П.Поповдун эсебинде, СССРдеги репрессия курмандыктарынын жалпы саны 40 миллиондон кем эмес деп белгиленет жана бул жакындатылып айтылган цифра, бирок саясий реформанын масштабын  толук чагылдырып турат.

КОЛУҢ МЕНЕН КЫЛГАНДЫ МОЮНУҢ МЕНЕН ТАРТ…

  Репрессияны ɵткɵргɵн СССРдин НКВД кызматкерлеринин бир бɵлʏгʏ да жазадан качып кутулган эмес. “Чоң террорго” байланышы жана катышы барларды репрессиялоо эки этапта жʏргʏзʏлгɵн. Репрессиялаганды репрессиялоонун биринчи этабы 1938-жылдын аягында башталып, Улуу Ата мекендик согуш башталган 1941-жылдын июнуна дейре созулган. Жазалоонун бул этабы абдан катуулугу менен айырмаланып, ал мезгилде “соттук ʏчтʏктɵрдʏн” басымдуу мʏчɵлɵрʏ атылган. НКВДнын кызматтан бошотулган кызматкерлери катуу суракка алынып, иштери  сотко ɵткɵрʏлгɵн. 1939-жылы эле 1364 НКВД  кызматкери камакка алынып, анын 937 си мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери  болушкан. 

Ал эми ɵлʏм жазасын ишке ашыруучулар СССРде расмий тʏрдɵ “комендант” деп аталган. Адатта алар билимсиздерден, сабатсыздардан,  “жаман репутациялуулардын” арасынан тандалып алынганы менен, баалуу кадр катары мамиле жасалган. Комендатурадагы кызмат кɵп учурларда кыска мɵɵнɵттʏʏ болгон. Бирок,  миңдеген камактагыларды аткан узак жашоочу желдеттер да алардын арасынан, мисалы, 1924-жылдан 1953-жылга чейин жʏздɵгɵн  камактагыларды аткан, 1953-жылы органдан бошотулуп, 1955-жылы генералдык наамынан ажыратылган Василий Блохинди бɵлʏп  айтууга болот.

Репрессиянын арымы жана масштабы СССРдин бардык аймактарында дээрлик бирдей мазмунда жана формада жʏргʏзʏлгɵнʏ маалым. Репрессиялангандардын ʏй-бʏлɵсʏ, урук-туугандарына карата да мамиле татаалдашып, “эл душмандарынын” балдарына, урук-тууганына айланган. Кыргызстанда репрессия мезгилинде айрым маалыматтар боюнча, 40 миң адам камакка алынган. Эң эле аянычтуусу Кыргыз мамлекетин тʏптɵɵгɵ, ɵнʏктʏрʏʏгɵ ɵлчɵɵсʏз салым кошуп, ал иштердин башында турган инсандардын дээрлик кɵпчʏлʏгʏ репрессиянын курмандыктарына айланган. Алсак, Тɵрɵкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жана башкалар.

Репрессия темасы, ал жааттагы анча-мынча, азын-оолак материалдарды эске албаганда ɵздɵштʏрʏлɵ элек дың жер боюнча келе жатат. Бул багытта баарына белгилʏʏ «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен башка карманаар эч нере деле жок. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин 1938-жылы «улутчул, эл душманы» деген жалаа менен атылган 137 адамдын сɵɵгʏ кɵмʏлгɵн жер табылган. Сɵɵктɵр кайра жерге берилип, ал жер «Ата-Бейит» деп аталды.

Табылган сɵɵктɵрдʏн арасында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Тɵрɵкул Айтматов да болгон. «Ата-Бейит» деген атты жазуучу сунуштаган экен. «Ата-Бейит» КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн ичинен даректʏʏ жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир кɵрʏстɵнʏ.

Кыргыз мамлекеттʏʏлʏгʏнʏн 100 жылдыгын белгилɵɵ алкагында бул маселе сɵзсʏз  кɵңʏлгɵ алынат деп ишенип туралы.

Абдираим Мамытов