28 апреля, 2024

МЕРГЕНЧИЛИК — сейрек кездешчʏ кесип

Адамзаттын жашоо-шарты ɵзгɵргɵнʏ менен жапайы жаныбарлар жана канаттуу куштарга аңчылык кылуу, мергенчилик ɵнɵрʏ мурдагыдай эле ɵзгɵрʏʏсʏз калууда. Илгерки заманда бир айылды багып турган мергенчилик ɵнɵр азыр заманга ылайык кандай милдеттерди алган деген суроонун тегерегинде маек курдук. 

Кара-Суу токой бɵлʏмʏнʏн токойчусу, мергенчи Шамырбек Адилов:

“Мергенчилер да табияттын коргоочулары”

— Токойчулар, мергенчилер кандай иштерди жасайсыздар?

— Кара-Суу районунун Тээке айылында турам. Жаратылышты коргоо, мергенчилик боюнча 10 жыл иштегенмин.  Акыркы тɵрт жылдан бери Ош токой чарбасынын Кара-Суу бɵлʏмʏндɵ иштейм. Мергенчилердин уруксат кагаз алганын, куралга уруксаты барбы-жокпу, токой чарбанын жеринде канчалык мыйзамдуу иш алып барып жатышканы боюнча кɵзɵмɵл кылам. Эң негизги максатыбыз элге зыяны тийип жаткан жапайы жырткыч жаныбарларды жок кылуу. Кɵбʏнчɵ адамдар ɵз кызыкчылыгы ʏчʏн мергенчилик кылып, кɵңʏл ачышат. Чет ɵлкɵдɵн келген мергендерге да кызмат кɵрсɵтʏлɵт. Жапайы жаныбарларга шарт тʏзɵбʏз. Булактардын кɵздɵрʏ оңдолот. Кышында кар улуу жааганда чɵп даярдайбыз. Жапайы канаттууларга жем чачабыз. Негизи мергенчилер да табияттын коргоочулары. 

 “Мергенчилердин мамлекетке пайдасы тийип жатат”

— Жаныбарларга каалаган убакта эле аңчылык кыла берʏʏгɵ болобу?

— Август айында кɵгʏчкɵнгɵ, пактекке аңчылык кылууга уруксат берилет.  Коен, кекилик, кашкулак жана башка жаныбарларга октябрдын биринчи 6 кʏнʏндɵ жана январдын акыркы 6 кʏнʏндɵ уруксат берилет. Ача туяктуу жаныбарларга кʏзʏндɵ, октябрда ачылып,  кайра декабрда жабылат. Себеби, декабрь айында куут маалы болуп калат.  Карышкыр сыяктуу жапайы, жырткыч жаныбарларга жыл бою атууга уруксат бар. Кайсыл убакта болсо да арыз тʏшкɵн айылдарга барып мергенчилик жʏргʏзʏлɵ берет. Мамлекетке салык тɵлɵнɵт. Жолбун иттерди атуу, жырткыч жаныбарларды жок кылуу менен мергенчилер да мамлекетке пайдасын тийгизип жатат деп айта алам.

—  Мергенчилер кандай нормаларды сактайсыздар? 

— Айтылган нормадан ашыкча атууга болбойт. Мисалы, кекиликке бир кʏндɵ беш, бир мезгилге 30 кекилик атууга гана уруксат берилет. Аң уулоого чыкканда атайын инспекторго кайсыл мергенчилик жайытка кетип аткандыгың жɵнʏндɵ маалымат берип, тактап жазып кетесиң. Кайтканда дагы уруксат кагаздын артында канча кекилик атылганы тууралуу кол коюп беребиз. Муну атайын адистер текшерип турат. Ашыкча атылган болсо айып жазылат.

 — Кандай курал-жарактарды колдоносуздар?

— Биздин чɵлкɵмдɵ куш салып мергенчилик кылгандарды кɵрбɵдʏм. Кɵбʏнчɵ эле сайлуу жана сайсыз деп аталган куралдарды колдонушат. Капкан, тузак коюшат.  Бизде тоо-таш бийик болгону ʏчʏн башка ɵлкɵлɵрдɵгʏдɵй  унаалар менен жʏрʏп мергенчилик кылганга болбойт. Атчан жʏрɵсʏң, жɵɵ басасың. Чоң жаныбарларга сайлуу ок атуучу куралдар, майда жаныбарларга сайсыз ок атуучу куралдар колдонулат.

“Карышкырдан акылдуу болбосоң ата албайсың”

— Айтсаңыз, кай жаныбарга аңчылык кылуу оор?

— Ɵз тажрыйбамда кɵбʏнчɵ карышкыр атууга чыктым. Аң уулоонун эң оору – карышкыр атуу. Ɵтɵ куу жаныбар. Кɵп кыйынчылыкка дуушар кылат.  Жалгыз тʏп даракка да бекинип, астынан ɵтɵт, чар менен жʏрɵт. Андайда карышкырдан акылдуулук кылбасаң ата албайсың. Ɵкʏнʏп, “Ай ушу!” деп калган кездер карышкыр атууда болот. Анткени, кээ бир мергенчилер жанында турганын кɵрбɵй ɵткɵрʏп жиберет. Ошондуктан карышкырдан акылдуу болушуң керек. Карышкыр атуу ʏчʏн эрте менен эл уктап атканда чыгып барып, тʏнʏ менен карышкырдын жолун кууйсуң. Эл уктап атканда сен талаалап жʏрɵсʏң. Кар болсо карда отурушуң керек же карда аңдып жатышың керек.

— Мергенчилердин “болбойт” деген кандай эрежелери бар?

— Кыштын кʏнʏ кар кечип жʏрʏп бут кийимден суу ɵтɵт. Андайда токойдун арасынан кургак отундарды чогултуп от жагып, тегеренип отуруп жылынабыз. Кийим-кечени кургатабыз. Тамак, чай кылып ичебиз. Мени менен кошо баргандарды керексиз болгон буюмдардын баарын ɵрттɵгʏлɵ, же жаныңарга салып кеткиле деп айтып турам. Желим баштыктарды, кагаздарды ɵрттɵп жок кылабыз. Талаада жʏргɵндɵ жаккан отту сɵзсʏз ɵчʏрʏп  кетпесек, ошондон токой чарбанын жерлерине от жайылып кетиши мʏмкʏн. Бул да мергенчилердин негизги эрежелерине кирет. Кɵчкʏ жʏрɵ турган кооптуу жерлерге жаныбарлар да барбайт. Ишканадан жɵнɵп жатканда коопсуздугубузга жооп беребиз деп кол коюп чыгабыз. Талаада жʏргɵндɵ коопсуздукту карагыла, бири-бириң менен кабардар болуп тургула, кабар болбой калбасын деп катуу эскертилет. Жалгыз жʏргɵнгɵ болбойт. Азыр мурдагыга караганда бардык жерде байланыш бар. Зоонун башынан деле телефон тартат. Телефон тартпаган жерде рацияны колдонобуз. ʏй-бʏлɵгɵ  кабар болуп турат.

— Мыйзамсыз аң уулагандар болсо керек.

— Ɵз алдынча чыккандарга мамлекеттен токтом чыккан. Ар бир атылган жаныбарга ɵзʏнчɵ, канаттууга ɵзʏнчɵ айып пул коюлган.  Айып пулун тɵлɵйт жана административдик бюджетке тʏшɵ турган айып дагы кошулуп салынат. Жалгыз жактарга бɵлɵк, юридикалык жактарга бɵлɵк айып эсептелген. Азыр адамдар мыйзамга баш ийип калышты. Убак-убагында чыгышат. Мыйзамсыз аң уулагандар жокко эсе. Эл болгондон кийин анча-мынча арасынан чыгып турат. Эгерде мергенчи жырткыч эмес жаныбарларды атса мамлекетке айып тɵлɵйт, ал эми жырткыч жаныбарларды аткандыгы ʏчʏн мамлекет акы тɵлɵп берет. Бул боюнча атайын токтом чыккан. Терилерин алып барып акысын алышат.

“Мергенчиге эч нерсе оор эмес…”

— Аң уулоого кеткенде эң узак канча кʏн жʏрɵсʏздɵр?

— Мергенчиге эч нерсе оор сезилбесе керек. Себеби, мергенчиликке баары эле кызыкчылыгы, ɵзʏнʏн каалоосу ʏчʏн чыккандыктан, мергендер кыйынчылык дегенди билишпейт. Аң уулоого чыкканда ар кандай убактар болот. 3 кʏн, бир жума талаалап калып кетебиз. “Болсо — уу, болбосо – суу” дейбиз дагы кете беребиз. Кээде жолдо баратканда эле жолуң болуп калат. Андайда жолдон кайта бересиң. Кээде тескерисинче жʏрʏп каласың. Мергенчилик убактысы жок нерсе да. Мынча кʏн деп чектеп эч ким айта албаса керек.

“Адамга сунулган мылтык болбосун”

— Мергенчиликке атайын окутабы же?

— Мергенчилик боюнча эч жерде окутпайт. Бирок курал кɵтɵрʏʏ боюнча атайын окуулар бар. Кандай кɵтɵрʏш керек, кандай жерде сакташ керек, айылдан канчалык аралыкта кɵтɵрсɵ болот, кайсыл жерде кандай алып жʏрʏш керектигин ʏйрɵтɵт. Ал эми мерген болуп кетʏʏ адамдын кызыгуусуна карайт. Мылтык атууну илгерки убакта кесип катары кɵрʏшкɵн. Бирок, азыр хобби. Кɵңʏл ачып, эс аласың. Жаман айтпай жакшы жок, эгер бир нерсе болсо мылтык атуу дагы кесип катары иштеп калат. Кудай сактасын. Элибизде тынчылык заман болсун. Адамга сунулган мылтык болбосун.

Мергенчинин аялы Айнагʏл Бакирова:

“Жаш кезде “мергенчилик кылбай эле койбойсузбу” дечʏмʏн”

— Мергендин аялы болуу сиз  ʏчʏн оорчулук жаратпайбы?

— Балдарым кичинекей, ɵзʏм жаш кезимде мергенчилик кылбай эле койбойсузбу деген кʏндɵр болгон. ʏй-бʏлɵсʏн таштап 2-3 кʏнгɵ кетсе кабатыр болгондон барбай эле койсоңуз дечʏмʏн да. Ɵзʏнʏн каалоосу экен. Азыр кайсы убак болбосун ысык тамагын, чайын берип, жолго алып кетчʏ азыгын белендеп, “тынч-аман барып келиңиз” деп тилек айтып жɵнɵтɵм. Бул иши ɵзʏнɵ жаккандан кийин баш кошкон жубайыма тоскоолдук жараткым келбейт. Тʏн уйкуңду бɵлɵсʏң, сарсанаа болосуң. Тоолуу айыл болгон ʏчʏн карды кар дебей, жаанды жаан дебей  кетишет. Балдардын бешенесине тынч-аман келсе экен деп тилейм.

“Жолу болуп сʏйʏнʏп келсе, сʏйʏнʏп калабыз”

— Кʏйɵɵңʏздʏн иши, ɵнɵрʏ сизди сыймыктандырабы?

— Кɵбʏнчɵ кышында карышкыр кубалаганга чыгышат. Тʏнкʏ 4-5терде туруп кетишет. Кечке чейин жʏрʏп атса атат, атпаса жок. Кеч келгенде баары суу болуп, суук тийип ооруп жатып калган кʏндɵрʏ дагы болот. Кийикке туз койгула, кекиликтерге жем чачкыла деп ишканадан жɵнɵткɵндɵ 2-3 кʏн талаалап жʏрʏп калат. Айылдагы мергенчилерди топтоп, жырткыч жаныбарларды атып сʏйʏнʏп келген кʏндɵрʏ биз дагы сʏйʏнʏп калабыз. Жолдошум токой чарбасында иштеп, мамлекетке салым кошуп жатканы ʏчʏн, ɵз ишин сʏйʏп эмгектенгени ʏчʏн сыймыктанам, колдойм. ʏй-бʏлɵ курганыбызга 28 жыл болду. 6 баланын ата-энесибиз. 4 кыз, 2 уулубуз, 6 неберебиз бар.

Бʏкалча Маматали кызы