27 июля, 2024

Сепкил, безетки, беттеги тактардан кантип арылабыз?

Айымдар ʏчʏн сулуулук баарынан маанилʏʏ. Алар жаш, сулуу бойдон калууга болгон аракетин жумшайт. Беттеги кɵйгɵйлɵрдɵн арылуу ʏчʏн ар кандай курмандыкка баргандар да жок эмес. Жаз келиши менен тери кɵбʏрɵɵк кам кɵрʏʏнʏ талап кыла баштайт. Кантип туура кам кɵрʏʏ керек? Косметолог кенен тараган беттеги кɵйгɵйлɵр жана аны чечʏʏ жолдору тууралуу айтып берет.

Кумара Сатарова, косметолог-эстетист.

-Бетке жазгы кам кɵрʏʏнʏ кайсы айдан баштаган оң?

-Тʏштʏк аймагы, анын ичинде Ош шаары кургак, чаңдуу чɵлкɵм болуп эсептелет. Кыш мезгилинде деле кʏн ысып кетиши мʏмкʏн, же тескерисинче, катуу суук болуп туруксуз аба-ырайы менен коштолот. Ошондуктан мезгилге бɵлбɵй кʏнʏмдʏк турмушта туура кам кɵрɵ билʏʏбʏз керек. Бизде кɵпчʏлʏк айымдардын денеси кургак келет. Кургак тери менен купероздон (беттеги майда кан тамырлардын жарылуусунан) жабыркагандар аябай кɵп кайрылышат. Себеби катары гормондун бузулушу, стресс, богок(зоб) ооруларын айтсак болот. Ошондуктан мындай типтеги терилер жылдын тɵрт мезгилинде тең бетин дарылап туруусу зарыл. Дарылоо дегенде сɵзсʏз эле косметологго барып эмес, ʏй шартында туура маскаларды жасап, бетине жаккан бет майларды колдонуусу зарыл.

-Безетки да мезгил тандабайт эмеспи, айрым кыздар  айыздын башталышында чыгарын айтышат. Демек безетки жаш-куракка карабайт турбайбы?

-Туура айтасыз, 40 жаштагы аялга деле безетки чыгышы мʏмкʏн. Жогоруда айтканымдай, кайра эле гормондун бузулушунан, богоктон же жатын менен байланышкан кɵйгɵйлɵрдɵн улам чыгат. Жатын жактагы кɵйгɵйдɵ кɵбʏнчɵ ээктин алдына безетки ташыйт, бешенедеги безеткилер ички органдардын боор, бɵйрɵктʏн жабыркашынан кабар берет. Бетибиз эле организмдин узиси десек болот. Ички организмде кɵйгɵй жок болсо, бет ɵзʏнɵн-ɵзʏ жылтырап, жылмакай болуп турат. Негизи бул 12 жаштан тарта ɵспʏрʏмдɵргɵ таандык кɵйгɵй. Гормондор ɵзгɵрʏп, чоңоё баштаганда безетки пайда болот. Жумушта балдар менен аябай кɵп иштешем. Ата-энелер балдарына “эч нерсе болбойт, жашыбызда бизге деле чыккан” деп айтышат. Бирок, алардын учурунда таза абадан дем алып, айран, сʏт ичип чоңоюшкан. Азыркы балдардай болуп кʏн сайын шириндиктерди жеп, газдалган сууларды, энергетикалык ичимдиктерди ичишкен эмес. Сиңбеген, зыяндуу тамактардан улам ашказанда, боор, бɵйрɵктɵ кɵйгɵйлɵр жаралып, безетки кетпей калуусу мʏмкʏн. Ошондуктан безеткини кетирʏʏнʏн алгачкы ыкмасы диета. Мага келген ɵспʏрʏмдɵрдʏн ата-энелирине да ал дарыны, бул уколду алыңыз дебейм. Анткени гормондор ɵсʏп-ɵнʏгʏп жаткан кезде аларды диетага салган эле туура жана беттерине ылайыктуу, жɵнɵкɵй бет майларды гана беребиз. Кайсы бир фирмалардын кымбат косметикаларын сатып, косметологияны бизнеске айландыргым келбейт. Пациенттерге ромашка, календуладан жасалган чайларды демдеп жууганды сунуштайбыз. Мисалы, календула менен кʏндʏзʏ жууганга болбойт. Ушундай табигый рецепттерден айыккандар кɵп.

Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, жʏзʏнɵ безетки чыккан адамдын ɵзʏн-ɵзʏ баалоосу абдан тɵмɵндɵйт. “Бетиңе эмне болуп кеткен?” деген суроо аларга ɵтɵ катуу тиет. Практикамда кɵп эле байкап жʏрɵм, мектепте бетинде безеткиси бар он чакты кыз болсо, бети тунук, сулуу кыздарга кошула албай бири-бири менен дос боло башташат. Ɵспʏрʏмдɵр менен иштеше берип, психолог деле болуп бʏтɵт экенсиң. Аларга “безетки айыга турган нерсе, бул ʏчʏн элге кошулбай койбо. Буту-колу жоктор деле адамдар менен мамиле кылышат. Сен сулуусуң, жакшынакайсың” деген сайын алардын ички организминдеги гормондору кадимкидей тынчтанат. Эгер тырышып, кыжыры келе берсе гормондор катуу иштеп, безетки андан беттер кɵбɵйʏшʏ мʏмкʏн.

-Беттеги так тɵрɵгɵн келиндерде эле эмес, бойдок кыздарда да кезигет, мындай учурда косметологдор кандай жардам бере алат?

-Кыз-келиндерден ичиң катабы деп сураганда 90% “ооба” деп жооп беришет. Негизи каны аз болсо, темир жетишпесе ич катат. Сыртка чыкпай турган заң организмге уулу затты таратып, органдарды жабыркатат. Анан тери кургайт, аялдын маанайы чɵгɵт, бетке тактар тʏшɵ баштайт. Беттеги такты кетирем десе аялдар ич катууну, кан аздыкты алдын алып, сууну кɵп ичʏʏсʏ керек. Кошумчалай кетсек, ич катуу безеткини да чыгарат. Жазында адамдын иммунитети аябай тɵмɵн болот. Ошондуктан кʏндɵн коргоочу крем колдонбосо дароо так тʏшɵт. Бетти агартамын деп лимон ширелерин кɵп дозада колдонуу терини жарып, кесип салары талашсыз. Анткени лимондо кычкылдуулук кɵп. Мындан сырткары тикток, инстаграм баракчаларда тактарды бат эле кетирген ар кайсы маздарды жарыялап жатышпайбы, алардын баарын ала бергенге болбойт. Ал далилденип, дерматологиялык тесттерден ɵткɵн эмес. Эгер далилденген каражаттар болгондо пациенттерге да, косметологдорго жакшы болбойт беле.

 -Сепкилдерди лазер менен алып салууга биздин косметология толук жетишкенби?

-Башта сепкилдин ɵзʏнɵ токтолсом, генетикадан болгон сепкилдер да бар же кийин пайда болушу да мʏмкʏн. Биринчиден, сепкил гормондордун ɵсʏшʏнɵн чыкса, экинчиден D витамини жетишпегенинен пайда болот. Азыр кʏндʏн нурун алган адамдар аз. Эрте менен ишке кирип кетип, кеч чыгышат. Сепкил кɵбɵйɵ баштаганда, алгач витамин Dга анализ тапшыруу керек. Анан лазер менен алгандар да кɵп. Бизде тынбай тажрыйба алмашуу, квалификацияны жогорулатуу боюнча семинарлар болуп турат. Жакында Бишкекте эл аралык  косметологдордун конгресси болуп ɵттʏ. Кыргызстанда сепкил кетирʏʏнʏн жакшы лазери бир гана Бишкектеги бир клиникада бар. Ал фотона деп аталган аябай кымбат лазер. Демек ар бир косметолог алганга каражаты жетпейт. Муну моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан сепкилди алдырууда ɵтɵ кылдат болуп, ишенимдʏʏ клиникаларга кайрылууну сунуштайм.

 -Пилинг же болбосо беттин биринчи кабатын сыйрып тʏшкɵн процедураны кургак терилʏʏ кыз-келиндер алып алган учурлар да болот, аларга ким сунуштайт?

-Косметологдордун сунушу менен жасашат. Биринчиден, пилинг суук мезгилдерде жасалуучу процедура. Ал жалпак тил менен айтканда кислота, бетке койгондо аябай ачыштырат, анан тʏлɵтʏп бир кабатын сыйрып тʏшɵт. Мисалы, териси сезгич, куперозу бар беттерге сунушталбайт. Анткени, мындай беттерге азык берип, коргоочу кабатын жакшырта албай жатсак, аны кайра сыйрып салуу таптакыр туура эмес. Кан-тамырлар ого бетер ачылып, сыртка чыгып калбайбы. Эгер кургак бетке пилинг сунушталса бул косметологдун гана катасы.

-Кечинде беттеги макияжды тазалап, тери эс алгыдай кылып уктоо керек дешет, ошол эле учурда косметологияда бир жылга чыдай турган тоналка жасоого мʏмкʏн, бул эки нерсе бири-бирине карама-каршы келбейби?

-Бир жылдык тоналканы мындан беш жыл мурда аябай кɵп колдонушту. Бул нерсени анализдеп кɵрсɵм убакыт ɵткɵн сайын тʏсʏн ɵзгɵртɵт экен. Мисалы, кашты карага боёсок, бара-бара кɵгɵрɵт, кʏрɵң каштар кызара баштайт. Ошол сыяктуу убакыттын ɵтʏшʏ менен тери ɵзʏ пигмент чыгара баштаганда тоналка да тʏсʏн сарыга же кɵгʏшкɵ айланат. Бул кайрадан айымдардын ɵзʏнɵ ыңгайсыздык жарата баштайт. 

-Айымдар арасында кенен тараган бет тазалоону (чистка лица) кайсы учурда жасаганга болбойт?

-Бет тазалоодон кɵпчʏлʏк аялдар корко беришет. Бет тазалоонун зыяны жок, эгер туура тазалатса. Кээде бетинде толтура ириңдʏʏ безетки менен келген пациенттер болот. Аларды дароо тазалап баштаган бир аз кооптуу. Бир жума диета сакта, табигый чɵп дарылар менен жуу, левомеколь сыяктуу медициналык дары-дармектерди кой деп жɵнɵтɵбʏз. Анатомиялык жактан алганда безеткинин ичиндеги ириң тамыр менен байланышкан, аны сыкканда 30% чыкса, калганы ичинде кала берет. Эгер кулак тарапты сыга турган болсок кулакка ириң бере баштайт, мурун тараптыкы мурунга. Ушуларды эске алуу зарыл.

-Бет тазалоону канча убакта бир жасатып туруу керек?

-Бир айда бир кылган жетиштʏʏ. 20 кʏндɵн ары жасатуу керек. Бул менин автордук техникамдан. Эгер тез-тез тазалата берсе теридеги коргоочу барьерди жок кылып алуу мʏмкʏн.

Айжылдыз Тойчиева