18 мая, 2024

“ILAB”: Эми анализдин жыйынтыгын онлайн ала аласыз

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториялык изилдөө бөлүмү маалымдайт:

Калкты натыйжалуу тейлөө жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сапаттуу, өз убагында жана аралыктан туруп электрондук алууга мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле декреттештирилген контингенттердин медициналык кароосун “ILAB” лабораториялык маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүү жана анын эффективдүүлүгүн ашыруу максатында Ош шаарында микробиологиялык (бактериологиялык), вирусологиялык жана паразитологиялык дарттапма изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшү практикага киргизилген.

Медициналык кароо жана дартты аныктоо боюнча жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын “ILAB” маалыматтык системасыны https://ilab.med.kg официалдуу сайты же “Түндүк” санарип системасы аркылуу аралыктан туруп алуу 2023-жылдын 14-декабрынан тартып медицина кызматкерлердин, жеке ишкерлердин медициналык кароодон өткөндүгү тууралуу “Өздүк медициналык китепчелерине” лабораториялык мөөрлөрдүн ордуна атайын штрихкод белгиси басылбашы белгиленет. Алардын медицина кароодон өткөрүлгөндүгү  тууралуу атайын белги боюнча анализ жыйынтыктары суралып, алар тастыкталган соң андан ары жумушка уруксат берүү мөөрү басылууга тийиш.

Электрондук система аркылуу өз анализдеринин жыйынтыктарын аралыктан туруп алууга ыңгайлуу шарт болуусу үчүн, “ILAB” лабораториялык маалымат системасына каттоодо ар бир жаран (бейтап, дарылоочу клиницист аркылуу да) лабораториялык изилдөө кызматын алуу үчүн өздүгүн тастыктоочу паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен кайрылуусу талап кылынат жана анын эффективдүүлүгүн ашырат.

Мындай тажрыйба 2024-жылдан тартып Ош облусунун бардык райондорунун аймактарында киргизилүүсү мерчемделген.

Лабораториялык изилдөө бөлүмүнүн башчысы/сапатты башкаруу менеджери: Б.А.Адахамов

ЖАҢЫ ЭРЕЖЕЛЕРГЕ ЫЛАЙЫК МЕДИЦИНАЛЫК КАРОО БОЮНЧА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН АЛУУ ЖОЛ ЖОБОСУ:

Лабораторияда «ILAB» лабораториялык маалымат системасы иштеп жатат, анын жардамы менен сиз өз анализиңиздин жыйынтыгын аралыктан туруп ала аласыз.

Анализдин жыйынтыгын алуу үчүн Сизге https://ilab.med.kg сайт боюнча кирүүңүз зарыл.

«Результат анализов» кнопкасын басуу менен, сиз өз ИНН, паспортуңуздун серия жана номурун терип, андан кийин “Мен робот эмесмин” белгини белгилеп издөөнү басууңуз зарыл.

ФИОанализдатаскачать PDF

Ошол эле кезде аты жөнүңүздүн, анализдин аталышын жана каттоо күнүн тууралыгын текшерүү, андан соң өзүңүз үчүн жүктөп алууңуз талап кылынат.

Андан башка, Сиз өзүңүздүн “Түндүк” санарип тиркемеңиз аркылуу «Кызматтар» терезесине кирип, «Ден-соолук» блогу аркылуу «Мамлекеттик лабораториялардын лабораториялык анализдери тууралуу маалымкатка” кирип, өтүнмөнү жиберүү менен өз анализиңиздин жыйынтыгын алыстан туруп онлайн алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.

ПОРЯДОК ПОЛУЧЕНИЯ РЕЗУЛЬТАТОВ ЛАБОРАТОРНЫХ ИССЛЕДОВАНИЙ ПО МЕДИЦИНСКОМУ ОСМОТРУ ПО НОВОМУ ПРАВИЛУ

В лаборатории ведется лабораторная информационная система “ILAB”, с помощью которой Вы можете дистанционно получить результаты своих анализов

Для получения результатов анализа Вам необходимо войти по сайту https://ilab.med.kg нажав на кнопку «Результат анализов».

Вам необходимо указать свой ПИН, серию и номер паспорта, затем проставить отметку “Я не робот”, нажать на поиск

ФИОанализдатаскачать PDF

При этом требуется проверить правильность ФИО, название анализа и дату регистрации, затем скачать для себя.

Кроме того, Вы через свое цифровое приложение “Түндүк”, кликнув в окно «Услуги», через блок «Здоровье», нажав на строку “Справка о лабораторных анализах из государственных лабораторий” и с отправкой заявки, воспользуйтесь возможностями получения онлайн результатов своих анаизов дистанционно.