6 июля, 2025

БАРЫНА РОТШИЛЬДДЕР ЖООПТУУБУ?

Адамзат неге кутум теориясын жактырат?

Конспирологиянын учурдагы популярдуулугу ишенчээк массанын бар экендигин эле билдирип тим калбайт. Ал адам бʏтʏндɵй алганда ɵзʏн рационалдуу алып жʏрɵт деген пикирге шектенʏʏ жараткандай да таасир калтырат. Фрейд менен Юнгдан баштап жʏздɵгɵн изилдɵɵлɵр айтып тургандай, адам кɵп учурда мээнин импульсунун таасири астында чечим кабыл алып, ал чечимге сын кɵз менен караганга да ʏлгʏрбɵй калат. Маалымат менен билим канчалык кɵп болсо, ошончо жакшы деп узак жылдардан бери эсептелип келген болсо, агартуу доорунда пайда болгон  маданият жана билимге сыйынуучулук биздин цивилизацияга кɵптɵгɵн бай жана жаңы жемиштерди бергени ырас. Бирок, адам бʏгʏн маалымат агымына чɵгʏп, анын таасири менен болбогон нерселерге ишене берʏʏчʏлʏк сезими дʏйнɵ таанымдын  алдыга чыккан факторлору менен тең тайлаша баштагансыйт.

ТАМЫРГА YҢYЛГƟНДƟ

2024-жылдын 26-февралында лорд Жейкоб Ротшильд ɵмʏрдʏн 86-жылында дʏйнɵдɵн кайтты. “Эмне ʏчʏн Ротшильддер биринен сала бирин  тигил дʏйɵгɵ сапар тартышты?  Бул дʏйнɵнʏн эң бай ʏй-бʏлɵсʏнɵ эмне болду?”-деп суроо салышты дʏйнɵлʏк медиа. Маркумдун атынан: “Менин ысмым Жейкоб Ротшильд. Менин ʏй-бʏлɵмдʏн байлыгы 500 триллион долларга бааланат. Биз дʏйнɵнʏн дээрлик бардык борбордук банктарына эгедербиз. Наполеондун доорунан бери ар бир согушта эки тарапты тең каржылап келатабыз. Силердеги бардык жаңылыктарга, ММКларга, мунайга жана ɵкмɵтʏңɵргɵ ээ чыгабыз”,-деп булдуруктайт жалган добуш. Нейротʏйʏндɵн кɵчʏрʏлʏп алынган бул ролик миллиондогон кɵрʏʏчʏлɵргɵ ээ болду.

Бул билдирʏʏлɵрдʏн артында албетте, бир дагы ишенимдʏʏ факт жок. Бирок, Ротшильддер чынында эле ар тʏрдʏʏ тармакта жана ар тʏрдʏʏ мамлекеттерде ɵз кызыкчылыктарына ээ эски банкирдик ʏй- бʏлɵ. Алар чынында эле АКШнын федералдык резервдер системасын тʏзʏʏгɵ катышкан жана европалык жогорку адамдар менен тыгыз байланышкан. Ырас, Монаконун княздары жɵнʏндɵ деле дал ушуларды айтууга мʏмкʏн. Бирок, дал ушул Ротшильддер гана массалык маданияттын орчундуу бɵлʏгʏнɵ жана сырткы душмандын образын колдоп туруунун ишенимдʏʏ аспабына айланышканы белгилʏʏ.

“Ротшильддер биринен сала бири тигил дʏйнɵгɵ сапар тартышты” дегенде тɵмɵнкʏлɵрдʏ эске алуу керек: 2022-жылдын 7-ноябрында Лондондо 91 жаштагы Эвелин Ротшильд дʏйнɵ салды. Андан эки ай мурда ал бир канча ирет каржылык маселелер боюнча кеңеш берген  Улуу Британия королевасы 96 жаштагы Елизавета Экинчи каза болгон. Бул эки карыянын ɵлʏмʏ “бекеринен эместигин” жалкоо блогерлер гана белгилешкен жок.

Дагы бир “таң калычтуу ɵлʏм” 2024-жылдын январында жʏз берген. 57 жаштагы Бенжамин Ротшильд Швейцарияда жʏрɵгʏ кармагандан каза тапты. “Ал ковидди дʏйнɵгɵ жайылтуу боюнча “атайын операцияга” катышкан жана ошондуктан аны менен “эсептешишти” деген ишенимин айтат дасыккан конспиролог Бенджамин Фулфорд. Андан бир ай ɵтʏп эле Жейкоб, “каржы рыногунун королу” атыккан, Ротшильддер банкынын активин 40 жылда 50 эсе кɵбɵйткɵн адам дʏйнɵ салды.

Жейкоб Таиландга баргандан тɵрт жыл ɵткɵндɵ ал ɵлкɵдɵ мамлекеттик тɵңкɵрʏш болгон. Нɵлдɵрʏ кɵп жылы аны Харьковдо кɵрʏшʏптʏрбʏ, демек тʏшʏнʏктʏʏ, Украинаны колго алуу жана бʏгʏн согуштан пайдага тутунуу ʏчʏн Майданды даярдаган, башка эмнеге келмек эле. Эми ɵлʏмʏ да таң калычтуу болду, дешет конспирологдор.

Конспирологиялык апыртмалардын адекваттуулугун аныктаганга караганда эмне ʏчʏн Ротшильддерге кɵбʏрɵɵк басым жасалаарына маани берʏʏ кызыгыраак. Эмне ʏчʏн Ротшильдер да эмне ʏчʏн мисалы, он ʏчʏнчʏ кылымда эле Ватикандын каржы системасын башкарган Медичи же андан да мурдараак Аутсбургду  Европанын каржылык борборуна айлантып салышкан Фуггерлер эмес?

ЕВРЕЙДИ “ЕВРЕЙ” КЫЛГАН САЛЫК

Орто кылымдарда Европада еврей коммерсанты болуу  пайдалуу эле. Чет элдиктерге ондон бир бɵлʏктɵн ашырып салык албоо адаты жайылтылган эмес, алардын артында ким турмак эле. Той жана ɵлʏк кɵмгɵндʏ, кошердик (адалданган) тамак-аш жана суусундуктар менен бирге еврейлердин бардык ʏрп-адат, жɵрɵлгɵлɵрʏнɵ да салык салынган. Испанияда, мисалы, еврейлер негедир жаңы кемелерди якорь менен жабдууга милдеттʏʏ болушкан. Еврейлер базарга кирээрде да, чыгаарда да салык тɵлɵшкɵн. Мураска салык алар ʏчʏн мʏлктʏн ʏчтɵн бирин тʏзгɵн. Иудей тукуму алгач жер иштетʏʏчʏ болгону тарыхтан белгилʏʏ. Бара-бара татаалдашып олтурган талап-тоноочу салык системасы гана еврейлерди кыдырмачы соодагерчиликке жана сʏткорчулукка мажбурлаган. Жогорудагыдай салык жана жыйымдардан кийин кантип бирди бирге улоого мʏмкʏн? Христиандарда пайыздык ставка менен карыз алууга тыюу салынса, иудаизмде андайдын жыты да болгон эмес жана карыздын пайыздык ставкасы жылына25-50гɵ чейин жеткен. Колуңда баалуу бир буюм болсо, аны ар кандай эле адам тартып алгысы же жулуп алгысы келет, бул тʏрмɵлɵр ʏчʏн адат болуп калуучу жула качтылык мʏнɵздʏ калыптандырат. Демек, Европада еврей соодагерлерин кɵп жактыра бербегени анча деле таң калычтуу эмес. Арийне, христиандык мамлекеттердин башкаруучулары деле пайгамбар болуп кетишкен эмес. Англия королу Эдуард Биринчи еврейлерди 1290-жылы ɵлкɵдɵн кууп чыгып, алардын мʏлкʏнʏн чоң ʏлʏшʏн конфискациялап алган. Испанияда деле еврейлер куугунтуктоолорго дуушар болгон: Гитлерге чейинки алты кылымда шаарларда салыкчылардын ыңгайлуулуктары ʏчʏн акы тɵлɵп кирʏʏчʏ геттолор тʏзʏлгɵн.

Жалпысынан, антиквариат соодагери  Майер Ротшильд 1674-жылы бакыт  кушун, Гессен князы Вилгельм Тогузунчунун  каржы маселелерин жɵнгɵ салып берʏʏ аркылуу кармап алган маалда ал ɵзʏнʏн ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнɵн бɵлɵк эч кимге ишенбеген маанай мээге олтуруп калган.

Ал ошентип Европа тарыхында биринчи деп эсептелген жеке менчик эл аралык банкты “Майер Ротшильд жана балдары” деген аталышта ачып, бир баласы Парижде, экинчи баласы Лондондо, ʏчʏнчʏсʏ Мадридде, тɵртʏнчʏсʏ Венада олтуруп, ɵзʏ Франкфурттан башкарган. Бир ɵлкɵдɵн экинчи ɵлкɵгɵ маалымат берип туруунун натыйжалуу тʏйʏнʏн Майер биринчи болуп тʏзгɵн.

Ротшильддер туурасында эң белгилʏʏ бир тарых: Майердин уулу Натан Ватерлоонун алдында Наполеондун жеңилип калуусу жɵнʏндɵгʏ кабарды Лондондо биринчи болуп угат да, рынокто паника уюштуруу аркылуу баалуу активдерди ит бекер арзанга сатып алган.

Ротшильддер европалык ɵлкɵлɵрдʏн кайсынысында болбосун ɵкʏлчʏлʏккɵ ээ экендигине байланыштуу, каала-каалаба согушуп жаткан эки мамлекетке тең жардам берʏʏгɵ аргасыз болушкан. Мындан улам конспирологдор  дегеле согуштун ɵзʏн Ротшильддер ɵздɵрʏ уюштуруп турушкан деген бʏтʏмгɵ келишкен. Бирок, калыс бололу, Франкфурттук банкирлердин тɵбɵсʏ асманга жеткен он тогузунчу кылымда Наполеон талкалангандан кийин биринчи дʏйнɵлʏк согушка чейинки убакытта Европада бир да ири согуш болгон эмес .Ал эмес дʏйнɵлʏк биринчи согуштун узун-туурасынан бери изилденген себептеринин арасында Ротшильддердин таасири бир версия сыпатында да эсепке алынбайт. Эске сала кетчʏ бир жагдай, биринчи дʏйнɵлʏк согуштун аяк жагында падышалык Россиянын карызы бир гана Франциянын алдында Россиянын алтын корунан ашып кеткен.” Ал “падышалык карыз” бʏгʏнкʏгɵ дейре “илинип” турат.

Тексиз банкирлердин лорд болуусу, жогорку чɵйрɵ менен тааныш-билиш болушу алар ɵнɵктɵштɵрʏн азгыруу-алдоо жолу менен гана иш тута беришкенде таптакыр мʏмкʏн эмес эле. Ротшильддер стратегиялык жактан маанилʏʏ Суэц каналын сатып алуу ʏчʏн ири суммада акча каражатын королева Викторияга курмандык кылышкан. Алар 15 миллион фунт-стерлингди  (ал кездеги Улуу Британиянын жылдык кирешесинин 40 пайызы) кулчулук менен кʏрɵшʏʏгɵ беришип, каражат Америкадагы кулдарды бошотууга  сарпталган. Лайонел Ротшильд тɵрт ирет британ парламентине шайланып, бирок тɵрт жолкусунда тең баш тарткан, себеби  кызматка киришип жакандагы ант берʏʏ аземинде Библияга ант берʏʏ жɵрɵлгɵсʏ бар эле. Натыйжада ант берʏʏнʏ алып салышкан.

КОНСПИРОЛОГИЯ ЖАНА КУТУМ ТЕОРИЯСЫ

 “Конспирология” термини ошол эле “кутум теориясы” деген маанини туюнтат. Бирок, конспирологдор ɵздɵрʏн бʏгʏн “скептиктер” деп атаганды артык кɵрʏшɵт.

Кутум теориясы бул – бʏтʏн таржымал катары чыгып, ага ишенсе да болот, ишенбесе да болот.  Кимдир-бирɵɵ балким, Жердеги адамдарды бɵлɵк планеталыктар кул кылып алышы мʏмкʏн дегенге таптакыр ишенбейт, бирок ковидди вакцинациялоо-бул камуфуляждалган чиптештирʏʏ дегенге толук ишенет. Андан ɵтʏп кутум теориясынын ичинде  четке каккыс илимий далилдер да болуп калуусу ыктымал. Ой жʏгʏртʏм илим менен мифтин ортосундагы ʏлкɵн бозомтук зонада ишке ашырылат эмеспи.

Конспирология бул кайсыл бир башка, ɵтɵ деле акылдуу эмес адамдар жагдайында жана чынында эле сиз жана сиздин тегерегиндегилер туурасында эмес деген тʏшʏнʏк да тайкы. ВЦИОМдун 2018-жылкы сурамжылоосу кɵрсɵткɵндɵй, “дʏйнɵлʏк ɵкмɵттʏн” бар экендигине 67 пайыз россиялык ишенет. Анын ʏчтɵн экиси- жогорку билимдʏʏлɵр. АКШда да конспирология бажырая гʏлдɵɵдɵ.

Адамдардын кɵпчʏлʏгʏ жалган маалыматты ажыратып билʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏ. Арийне, индивидумдун мээсине дезинформация канчалык жагымдуу картинаны жаратса, ага каршы жʏйɵɵ келтирʏʏ ошончолук кыйын болот. Адам инстинктивдик мʏнɵздɵ ɵз тобунун кɵз карашын коргойт. Калифорния университетинин психологу Питтер Дитто ɵз изилдɵɵсʏндɵ далилденгендей, “чоочундарга карата  болгон шектенʏʏчʏлʏк жана ɵзʏнʏн тобуна берилгендик адам акылынын табигый жана дээрлик жок кылууга мʏмкʏн болбогон мʏнɵзʏ”.

Абдираим Мамытов

About The Author