19 мая, 2024

ЭЧ КИМ УТТУРГУСУ КЕЛБЕЙТ

Дʏйнɵ коомчулугунда арсар пикир азаят деген сайын бара-бара аалам алкагында жʏз берип жаткан айрым окуялар чиеленишип,  андай пикирден алыс боло турууну жактап жаткандай таасир калтырууда.

Албетте, дʏйнɵ коомчулугун дʏңʏнɵн тʏйшɵлтʏп жаткан  ядролук тирешʏʏгɵ жакындап бараткандай сезилгени менен андай апаатты баштап жиберʏʏгɵ эч бир  ɵлкɵ даабай турганы айдан ачык. Атпай адамзаттын катуу каргышына  кала турган андай акмакты табуу кыйын, кудай сактасын.

Канткен менен оң кɵзʏң сол кɵзгɵ душман болгонсуп турган азыркы таптагы орчундуу окуялар, урунттуу учурлар айланып келип эле ана бʏтɵт, мына бʏтɵт менен мына эки жылдан ашыгыраак мезгилден бери созулуп жатка орус-украин согушуна  жана анын фонунда Россияны стратегиялык жактан алсыздандырып, чɵгɵлɵтʏʏнʏ максат кылган жамааттык Еропа жана анын башындагы АКШ менен Россиянын ɵлɵрмандана  тирешʏʏсʏнɵн башат  алганы тʏшʏнʏктʏʏ.

РОССИЯ  КYЧ БАЛАНСЫН ƟЗГƟРТYYДƟ

BRUSSELS, BELGIUM — JUNE 14: Leaders pose for a family photo ahead of NATO summit at the North Atlantic Treaty Organization (NATO) headquarters in Brussels, on June 14, 2021. (Photo by NATO/Pool/Anadolu Agency via Getty Images)

Жамааттык Батыштын Россияны жазалоо боюнча жарыяланган билдирʏʏлɵрʏ оңунан чыкпай, анын ордуна батыштык эмес дʏйнɵнʏн геосасий жактан кайра ориентациялануусу  жʏрʏп жатканын моюнга албаган аналитиктер азыр калбады болуш керек.

Россия азыркы мезгилде кɵптɵгɵн кʏч борборлорунун бирине айланып олтурганын аңдабай коюуга мʏмкʏн эмес. Америкалык эксперттер акыркы жагдайды жакында эле анализден ɵткɵрʏшʏп, жыйынтыгын “Американ консерватив” журналына жарыялашты. Биринчиден, Россия экономикасы масштабдуу санкция режимине олуттуу даражада туруштук берип, ага кɵп жагына анын согуштук ɵндʏрʏшʏнʏн орчундуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ  жардам берди. АКШ аналитиктеринин маалыматы боюнча, Россиянын коргонуу ɵнɵр жайына багытталган чыгымдары 2020-жылдан тартып кескин жогорулатылган. Акыбетинде танк чыгаруу 5,6 эсеге,  дрон жана ок-дары ɵндʏрʏʏ 17 эсеге ɵскɵн. НАТО чалгынын эсебинде Россия азыркы тапта айына 250 миң артиллериялык снаряд ɵндʏрʏп, бул АКШ менен Европаныкын кошкондогудан да ʏч эсеге кɵптʏк кылат.

Экономиканы согуштук рельске которуунун максаты ИДПны турукташтырууну жана санкциялардын эл ʏчʏн терс таасирин жумшартууну камтыйт. Америкалык экономисттердин моюнга алуусу боюнча Россиянын экономикасы бардык кʏтʏʏлɵрдɵн ашып тʏшʏп 2023-жылдагыдан 3,6 пайызга ɵскɵн. Бул “Чоң жетиликтин” бардык ɵлкɵлɵрʏнʏкʏнɵн жогору дегенди билдирет. Андан ɵтʏп дʏйнɵлʏк валюта фонду ɵсʏʏ  кɵлɵмʏ ʏстʏбʏздɵгʏ жылда 2,6 пайыз болот деп болжолдоодо. Салыштыруу ʏчʏн: Европада ɵсʏʏ кɵлɵмʏ 0,9 пайыз болот деп кʏтʏлʏʏдɵ. Ал эми Германия такыр эле минуска кетиши  ыктымал.

Экинчиден, Россиянын рубли да Вашингтондогулар кʏткɵндɵн да  туруктуураак чыкты. Ийгилик сыры албетте, жɵпжɵнɵкɵй, бирок аны ишке ашыруу кыйыныраак болгону талашсыз. Долларга же еврого  эсептелген россиялык экспорттук санактар 2022-жылдагы 90 пайыздан бʏгʏнкʏ кʏндɵрдɵгʏ 30 пайызга тʏшʏп кетти. Ошол эле убакта рублдук операциялардын ʏлʏшʏ 10дон отуз пайызга ɵскɵн. Ал эми башка валюталар (негизинен, кытай юаны)менен операциялардын ʏлʏшʏ 40 пайызга жогорулаган. Байдендин рублду жоготом деген мактануусуна карабастан, орус рубли убактылуу чайпала турганы менен салыштырмалуу туруктуулугун сактап келе жатат.

Yчʏнчʏдɵн, Ажыдаардык санкцияларга карабастан казынага тʏшʏʏчʏ кирешелерди колдоо жагынан Москва жɵндɵмдʏʏ чыкты. Батыш Россиянын мунайына нарктык чектɵɵ (бареллине 60 доллар) киргизгенден бери дээрлик бир жыл ɵттʏ. Ага карабастан орус мунайын сатуу кɵлɵмʏ деңиз жолу боюнча алганда да жогору боюнча калууда. Анын шарапаты менен россиялык бюджеттин тартыштыгы 1 пайыздан 2 пайызга чейинки кɵлɵмдɵ чайпалып турат.

Бул факторлорду эсепке алуу аркылуу Москва ɵзʏн сырткы айдактоолордон толук коргоп кала алды. Бул Европадагы эле эмес, дʏйнɵдɵгʏ кʏчтɵрдʏн бардык балансын ɵзгɵртɵт. Эми Россия АКШ менен Евробиримдиктин алдына ɵзʏлɵрʏнʏн стратегиялык максаттарына Украина кʏчтɵрʏ биротоло алсызданып бʏткɵндɵн кийин гана сʏйлɵшʏʏлɵр жолу менен жетʏʏлɵрʏ мʏмкʏн же кʏч колдонуу аркылуу  эскалацияга ɵтʏшɵт деген татаал тандоону кое алат.

АҢДУУ ЖАНА КYТYY РЕЖИМИ

Геосаясий жʏрʏштɵр  ылдамдоосун улам кʏчɵтʏʏдɵ. Ɵткɵн аптада Ирандын Израилге карата ракеталык жана дрондук  чабуулу дʏйнɵ коомчулугунун кɵңʏлʏн кыйла ɵзʏнɵ бурду. Эске сала кетсек, Ирандын бул чабуулу анын элдешкис эски душманы Израилдин Иран элчилигинин имаратына жасалган чабуулунан кийин болду. Дипломатиялык эрежелердин жол-жобосуна ылайык, тигил же бул мамлекеттин элчилик имараты убактылуу болсо да ошол мамлекеттин  аймагы деп саналат жана коргоого алынат. Мындай ɵңʏттɵн караганда Израилдин Иран элчилигинин имаратына жасаган чабуулу Иран тараптан анын аймагына жасалган  чабуул катары саналаары айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ. Ошондо Ирандын Израилге карата ракеталык чабуулу жооп катары каралууга тийиш. Арийне, маселенин тʏп нугу дал ушул кырдаалда жатканын да эсепке албай коюуга мʏмкʏн эмес. Кеп Израиль-Палестина  тирешине барып такалууда. Белгилʏʏ болгондой, Израиль Газадагы кескин аракеттерин да дал ушундай ɵңʏт менен актоого далаалаттанганы маалым. Ар кандай эле согуштук аракеттерде “ким баштады, ким биринчи ок чыгарды?”  суроосу маанилʏʏ роль ойноору белгилʏʏ. Эске сала кетсек, орус-украин согушунда бул суроо али тактоону талап кылып турган маселелердин бири катары кала берет.

 Израиль АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң эле ишенимдʏʏ ɵнɵктɵшʏ жана ишенич-таянычы катары геосаясатта  маанилʏʏ роль ойноп турган ɵлкɵ катары белгилʏʏ. Андыктан,Вашингтон тараптан ага Украинага жасалып жаткандай  жɵн-салды эле мамиле жасалбайт. Израилге кол салуу АКШга, НАТОго кол салуу менен барабар экендигин эсепке алганда, Ирандын аны аткылоосу дʏйнɵнʏ бир кыйла эле дʏрбɵтʏп салганы ырас. Израилде ядролук курал бар экени,  артында АКШ  менен НАТО тургандыгы менен да кырдаал кооптуу.

Иран менен Израилдин кызыкчылыктары Жакынкы Чыгышта абдан эле татаалдашып баратканы баарына маалым. Бул эки ɵлкɵнʏн кастыгы эбак эле “сɵɵк ɵчтʏ” даражасына жетип калган жана бул касташуу олуттуураак согуш аракеттерисиз эгерим   токтобоосу айдан ачык маселе. Маселени кандай жана кайсыл тараптан караба,дал ушуга барып такала берет.

Албетте, Иран-Израиль тиреши  олуттуу эле согушсуз  бʏтɵ койбойт деген менен андай азыр маселе андай согуштун башталып кетишине жете электиги да талашсыз. Арыдан- бериден атышуулар буга дейре да боло келген. Мындан кийин да боло берет. Кептин баары кадимки эле Аристотелдик чен-ɵлчɵмдɵ жатаары маалым. Ким ошол чен-ɵлчɵмдɵн биринчи болуп чыгып кетет суроосу геосаясаттын кʏн тартибине эбактан бери эле коюлуп, аңдышмай-тʏтʏшмɵй режиминин калыптануусуна локомотив катары кызмат кылууда. 19-апрелдин таңында Израиль Иранга ɵткɵн дем алыштагы аткылоосуна жооп кылып, ракеталар менен аткылаганын Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Жарылуулар Исфахандагы эл аралык аэропорттун жанында, Куралдуу кʏчтɵрдʏн базасы тарапта болгон. FARS агенттиги абадан коргонуучу система ракеталарды эмес, учкучсуз учактарды атып тʏшʏргɵнʏн жазды. Маалыматка ылайык, Израил аскердик радарды бутага алган болушу мʏмкʏн. Жарылуунун кесепетинен бир катар кеңсе имараттарынын терезелери талкаланган.

Исфахан провинциясында Ирандын бир нече ɵзɵктʏк обɵекттери жайгашканын Reuters билдирди.

Тегерандын жана башка шаарлардын ʏстʏнɵн ɵтʏʏчʏ аба жолдору жабылып, каттамдар токтотулганы кабарланды. Тегерандагы Имам Хомейни эл аралык аэропорту убактылуу жабылды.

Абдираим Мамытов