19 мая, 2024

12 жылдык билим берʏʏ: “Окуучунунун жашы жогорулабайт, тескерисинче, тɵмɵндɵйт”

Буга чейин 12 жылдык билим берʏʏгɵ ɵтʏʏ Жогорку Кеңеште эки ирет кɵтɵрʏлʏп, бирок, колдоо тапкан эмес. Учурда билим берʏʏгɵ реформа жасоо керектигин ɵлкɵ башчы да колдоп, бул жаатта иш-аракеттер башталды. Жыйынтыктар кандай болот? Тараптардын пикирин алганбыз.

Догдуркʏл Кендирбаева, Билим берʏʏ жана илим министри.

“Окуучуларыбызда математикалык жана окуп, тʏшʏнʏʏ кɵндʏмдɵрʏ аз”

-Министрлик сунуштаган “Алтын Казык” программасынын аталышы да жɵн жерден эмес. Алтын казык тʏндʏк жылдызы деп аталат. Ал эч качан ордунан жылбайт. Башка жылдыздыр ошол жылдыздын айланасында тегеренет. Ал адашкан адамдарга багыт берʏʏчʏ жылдыз. ʏй-бʏлɵдɵн баштап, мектеп, мамлекет, коом, баары планеталар сыяктуу баланын айланасында айланат. Ɵлкɵнʏн ɵнʏгʏшʏ окуучунун билим сапатына байланышкан. Окуучу сапаттуу билим алса ɵлкɵ экономикалык, социалдык, маданий тараптардан ɵнʏгɵт. Муну башка кубаттуу ɵлкɵлɵр далилдеген. Мурда табигый ресурстарга бай ɵлкɵ алдыга чыгып, ɵнʏп-ɵсɵт десе, эч кандай табигый ресурстары жок бирок, адам капиталы менен алдыга озуп кеткен ɵлкɵлɵр арбын. Ошол эле Сингапур, Малайзия, Макао жана башка ɵлкɵлɵр.

Презентация жасаганыбызда ɵлкɵ башчы “бул реформа аягына чейин ишке ашпай, аты кʏчтʏʏ реформа бойдон кала бербесин” деп абдан туура айтты. Буга чейин деле 12 жылдыкка ɵттʏʏ боюнча аракеттер болгон. Акыркы эки PISA тестти алып карай турган болсок 2006-жылы 56 ɵлкɵнʏн ичинен Кыргызстан 56-орунду алган. 2009-жылы кайра эле акыркы орундагы кɵрсɵткʏч. 2023-жыл Ɵзбекстан ɵлкɵсʏнʏн PISAсында 82% окуучу экономикалык ɵз ара кызматташуу ɵлкɵлɵрʏнʏн ичинде эмгек рыногуна жарабайт деген чечим болду. Ал чечим окуу жана тʏшʏнʏʏ кɵндʏмдɵрʏнʏн жоктугун билдирет. Ал эми 2023-жылы жасалган улуттук баалоодо дээрлик 64% балдар математиканы билбей турганы аныкталса, 42% бала эмне окуганын тʏшʏнбɵйт. Кɵрсɵткʏчтɵргɵ таяна турган болсок, балдарыбызда бʏгʏнкʏ кʏндɵ креатив, жасалма интеллектер, эмгек рыногуна жооп бере турган негизги кɵндʏмдɵр жок деген жыйынтыкка келет. Мындай темп менен келечекте ɵтɵ конкреттʏʏ ɵлкɵ болбой калышыбыз мʏмкʏн деген кʏмɵн туулат. Ошондуктан биз билим берʏʏ тармагын тʏп тамырынан бери ɵзгɵртʏʏгɵ бел байлап жатабыз.

“Сингапур ɵлкɵсʏнɵн китептерди алуу пландалууда”

-БУУнун курамына кирген 197 ɵлкɵнʏн 150 ɵлкɵсʏндɵ 12 жылдык билим берʏʏ. Реформа ишке ашса, биздин окуучулар 150 ɵлкɵнʏн эмгек жана билим рыногуна кирʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк алат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ эмгек рыногунун талаптары ɵтɵ катуу. Жалаң STEM илимдерине байланды. 12 жылдыкка ɵткɵндɵн коркпош керек. Окуу материалдары Кембридж стандарттарынын негизинде жазылган Сингапур ɵлкɵсʏнʏн программаларын жана стандарттарын, окуу китептерин биздин мамлекеттик талаптарга жараша ылайыкташтырылат. Аталган ɵлкɵ дʏйнɵдɵгʏ билим берʏʏ боюнча эң алдыңкы ɵлкɵ болуп саналат. Сингапурдан 46 наамдагы так илимдер боюнча предметтик жана англис тили боюнча  китептери бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алуу пландалууда жана президентибиз бул процессти илгерилетʏʏгɵ тапшырма берди. Мындан ары мындай кымбат китептерди жеке менчик гана мектептердин окуучулары пайдаланбастан, ар бир кичинекей кыргызстандыкка жеткиликтʏʏ болот. Кошумчалай кетсек жакында парламентте чет ɵлкɵ каржылаган уюмдар тууралуу маселе кɵтɵрʏлбɵдʏбʏ. Бул билим берʏʏгɵ таасир этпейт деп турабыз, анткени саясий эмес. Кыргыз Республикасы БУУга мʏчɵ ɵлкɵ болгондуктан кошмо штаттар каржылаган тамак-аш, окуу-куралдарына эч кандай таасир болбойт. Мисалы, “Окуу керемет!” долбоору балдарга кɵптɵгɵн китептерди жазып берип, мектептерге таратты, ушул сыяктуу уюмдар менен жакшы эле иштешип келе жатабыз.

Учурда 0-класска 100.000 ден ашык бала тартылган

-Балдарга билим берген мугалимдерге мамлекеттик бюджеттен 800.000.000(сегиз жʏз млн.) сом  эмгек акысына тɵлɵнʏп берилет. Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен дагы шаардык балдарды окуткан мугалимдерге 12 миллион 400 миң сом эмгек акысына тɵлɵнʏп берилет. Кыргызстандагы иштеп жаткан бала бакчалардын бардык тʏрʏнɵ карабастан  мектепке даярдоо программасы иштейт. Ошондо  дээрлик биринчи класска келген 157 миң окуучунун 80%    даярдык менен мектеп босогосун аттайт. 12 жылдык билим берʏʏ  калган 20% бɵбɵктɵрдʏн билим алышына бирдей мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлɵт.

Учурда аткарылып жаткан иштер

-2024 -2025-окуу жылы кыска мɵɵнɵттʏк балдарды ɵнʏктʏрʏʏ кызматына 40.000 бала тартылат. 870 мугалим ушул кыска мɵɵнɵттʏк бала бакчаларда иштеш ʏчʏн атайын даярдыктан ɵтʏштʏ жана дагы 4500 адистер квалификациясын жогорулатышат. Ремонттук жана жабдуу иштери Билим берʏʏ жана илим министрлиги аркылуу жʏрʏп жатат. Ар бир ачылган борборлорго балдарды ɵнʏктʏрʏʏчʏ материалдар, оюнчуктар, оюн аянтчалары жасалып, санитардык шарттарын тʏзʏʏ иштери жʏрʏп жатат жана бул ишти ар бир айыл ɵкмɵтʏ билет. Балдарды ɵнʏктʏрʏʏ борборлору жергиликтʏʏ бийлик сунуштаган имараттарда ремонттолуп ачылат.

Учурдагы  бала бакчалардын уктоо бɵлмɵлɵрʏ ɵнʏктʏрʏʏчʏ бɵлмɵлɵргɵ айландыруу менен 2024-2025-окуу жылына 60.000 бала тартылуу алдында жана кошумча  педагогикалык штаттар  бюджеттен каржыланат.

Бекмурза Зулуев, ОшМПУнун ректору.

12 жылдык билим берʏʏнʏн зарылчылыгы жана артыкчылыгы

-Педагогикалык багыттагы адистерди даярдаган билим берʏʏчʏ мекеме катары иш алып баргандыктан, бул маселенин тɵркʏнʏн, алдыдагы максаты жана келечек муун ʏчʏн жасалып жаткан артыкчылыктары, ɵзɵктʏʏ ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ, орчундуу жактары тууралуу практикалык негизде маалымат жеткирʏʏгɵ аракет жасайбыз. Биз эң бери дегенде он эки жылдык билим берʏʏ эмне экендигин тʏшʏнʏп алуубуз зарыл…

Билим берʏʏдɵгʏ сапаттык кɵрсɵткʏч жана ага карата жасалуучу окуу жараяны узак убакытты талап кылат. Анткени, бул дыйкандын жазда эгип, кʏздɵ жыйнап алган тʏшʏмʏ эмес. Биринчи класска кадам таштаган балдар негизинен ʏч тʏрдɵгʏ абалга туш болушууда. Бир бала мектепке келгенге чейин эле тамга таанып, ɵз жɵндɵмʏн ɵстʏрʏп, артыкчылыктарга ээ болгон, анын классындагы башка бала такыр эле бала бакчага барбай, тʏз эле мектепке келʏʏдɵ, дагы бир бала жогорудагы багыттын ортосунда турат. Жыйынтык катары карап кɵргɵндɵ, бир мугалим ʏч багыттагы балдар ʏчʏн ʏч деңгээлдик системага кептелʏʏдɵ. Ɵтɵ жɵндɵмдʏʏ бала кайра башынан тамга ʏйрɵнʏп олтуруусу шарт эмес, ага ɵзʏнчɵ тапшырма каралат, анын кийинки курбусу ʏчʏн баарын башынан башташ керек, анткени ал али тамга да тааный элек. Натыйжада кабыл алуусу абдан ɵрчʏп турган балдардын аракети солгундап, башка бир жагдайдан улам кийинки этаптагы балдар менен чогуу кетʏʏгɵ туура келʏʏдɵ жана баарына ɵз ɵзʏнчɵ кɵңʏл бурууга мугалимдин моралдык да, физикалык да дарамети жетпей жатат. Бул системанын кабыл алынуусу менен бардык бала алгачкы кезден баштап эле бирдей тамга таанып, окуу жараянына керектʏʏ болгон сааттык материалдарды ɵздɵштʏрʏʏ жагы тең биргеликте баштоо аркылуу окуучулардын деңгээли дээрлик бирдей болгондугу менен биринчи артыкчылыкка ээ болууда.

Алгачкы тамга таануудагы мугалимдин орду бала ʏчʏн ɵзгɵчɵ орунда турат. Ал жактан алып караганда биринчи класска барган бала алгач мектепке чейинки даярдоо тайпасында башка мугалимден тамга ʏйрɵнʏп, анын ыкма, методдоруна кɵнʏп калганда, кайрадан биринчи класста таптакыр башка адамдын тосуп алуусу анын кабылдоосуна натыйжалуу таасир берʏʏдɵ жетишсиз болууда. Демек, азыркы системада алгачкы тааныган мугалими беш жыл бою ɵз классы менен тыгыз иштеп, алардын билим алууга карата дымагын ɵстʏрʏʏдɵ ɵбɵлгɵ боло алат.

Биздин окуучуларга даңгыр жол кантип ачылат? 

-Дʏйнɵлʏк жана эл аралык багыттардан алыстай албайбыз. Анткени, билим берʏʏ жаатындагы атаандаштык жана ага туруштук берʏʏ болуп кɵрбɵгɵндɵй ɵстʏ, андагы кесиптик рынокко даяр болуубуз максатка ылайык абдан негиздʏʏ. Андыктан, эл аралык стандарттарда 11 жылдык билимди тастыктаган документ таанылбай калгандыктан, натыйжада чет жакка тапшырган окуучулар аргасыз бир жыл даярдоо курсунда окууга туура келʏʏдɵ. Ушул ɵңʏттɵн алганыбызда да жогорудагы системанын келечеги дʏйнɵнʏн билим эшигин ачууда пайдасы арбын экендиги талашсыз. Билим берʏʏ жана илим министрлиги мындай жооптуу кадамды шашылыш кабыл алды деп айтууга болбойт. Бул мурдатан пландалып келе жаткан кɵрʏнʏш. Демек, тынчсызданууга эчкандай негиз жок.

Азиза Саттарова, ОшТУнун мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор.

Билим берʏʏ  тармагындагы кʏтʏлʏп жаткан жыйынтыктар

-Чет жакта окугусу келген айрым балдарыбыз Кыргызстандагы  ЖОЖдо 1-курсту окуп андан соң гана чет жакка окууга тапшырууга мʏмкʏндʏк алууда. Бул бир топ ыңгайсыздык жаратаары бышык. Андан кɵрɵ мектептерибизди эл аралык стандарттарга ылайыктап балдарыбызга ыңгайлуу шарт жаратканыбыз оң. Эгерде биз 12 жылдык билим берʏʏ системасына ɵтпɵсɵк биздин билим берʏʏ системабыз тɵмɵнкʏ талаптарга жооп бере албайт:

1. Интеллектуалдык жана чыгармачылык жɵндɵмʏ бар окуучунун тарбияланышына;

2. Чыныгы билимди баалоо системасына;

3. Окутуунун заманбап технологияларына;

4. Чыгармачыл ыкмаларга.

12 жылдык билим берʏʏ системасы толугу менен ишке киргенде билим берʏʏ  тармагында тɵмɵндɵгʏдɵй жыйынтык болот:

1.  Мугалимдердин жогорку педагогикалык статусу мындан да жогору болот;

2. Мектепти аяктоо менен бир кесиптин ээси боло алат;

3. Кɵп баллдык системанын аркасында баа ʏчʏн окуу жоюлат;

4. Мектептен кийин жаңы жашоого даяр, кесибин так билген окуучу даярдалат;

5. Маалыматтык технологияларды жакшы ɵздɵштʏргɵн жаштар тарбияланат.

Айжылдыз Тойчиева