7 октября, 2024

Ооз ачтыруу: эмнелерге маани берʏʏ керек?

Ыйык рамазан айынын башталышы менен мусулман эли орозо кармоо парзын аткарышат, сооп иштерди жасашат, ооз ачар ɵткɵрʏшɵт. Айрымдар ооз ачарга тууган-уругун, колу-коңшуларын гана айтса, башкалар айылдагы бʏт аксакалдарды чакырышат. Дегеле диний кɵз карашта ооз ачар кимдер ʏчʏн ɵткɵрʏлɵт? ОшМУнун теология факультетинин деканы, Зайлабидин Ажимаматовго кайрылып, орозо айына тиешелʏʏ бир нече суроолорду узатканбыз.

-Агай, айтсаңыз, азыр ʏйдɵ же кафе-ресторандарда ооз ачар ɵткɵндɵр кɵбɵйдʏ. Шарият боюнча ооз ачарды кимдер ɵткɵрсɵ болот?

-Ооз ачар – ислам дининде “ифтар” деп аталат. Мухаммед (саллаллааху алайхи ва саллам)  пайгамбарыбыз “эгерде кимде-ким тамак-ашка муктаж, мʏмкʏнчʏлʏгʏ жок адамдарга ооз ачырган болсо, анда ошол адамга орозо тутканчалык сооп жазылат” деп айткан. Ошондуктан ооз ачыруу сооптуу амалдардан. Тарыхтан азыркы кʏнгɵ чейин ифтар мусулман коомчулугунда ɵзʏнчɵ салт болуп калыптанып калган. Ал эми бир мусулман ифтар уюштурбаса, бирɵɵгɵ ооз ачырбаган болсо, ал кʏнɵɵкɵр болуп эсептелбейт. Бардык мусулмандар милдеттʏʏ тʏрдɵ ооз ачырсын деген ɵкʏм шариятта жок. Мʏмкʏнчʏлʏгʏ, шарты болсо гана ифтар ɵткɵргɵн сооп. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, дʏйнɵ жʏзʏндɵ ар кандай элдер жашайт. Алардын жашаган жерине ылайык салты, маданияты ар тʏрдʏʏ. Мусулмандардын арасында деле ошол салтка, маданиятка жараша айырмачылыктарды кездештирсе болот. Ɵзгɵчɵ Орто Азия элдери, тʏрк тилдʏʏ элдер досчул, тууганчыл келишет. Ошондуктан ооз ачыруу аталган чɵлкɵмдɵрдɵ салыштырмалуу кененирээк жайылган. Ооз ачыруу – ошол эле учурда адамдардын ортосундагы туугандыкты бекемдеп, бири-бири менен болгон мамилелерин дагы да жакшыруусуна кайсы бир деңгээлде оң таасирин тийгизет.

“Ифтарлыкты башка максатта уюштурууга шариятта тыюу салынган”

-Мисалы, ооз ачарды шайлоолордо добуш алуу ʏчʏн ʏгʏт катары же эл кɵрсʏн деп байлыгын мактануу ʏчʏн уюштурган туура эмес. Ооз ачыруу Кудайдын ыраазычылыгын кɵздɵгɵн жакшы ниетте ɵткɵрʏлʏшʏ керек. Кудайга шʏгʏр, азыр элдин жашоосу жакшы, баары жетиштʏʏ. Ошол эле учурда ысырапкерчилик маселеси да бар. Шариятта “Жегиле, ичкиле бирок, ысырап кылбагыла” деп айтылат. ʏнɵмдʏʏ пайдалануу ислам дининдеги негизги принциптердин бири. Ооз ачырууда ысырап кылбоону да сɵзсʏз эске алуу зарыл. Жей ала турганчалык азык-оокатты пайдалануу керек. Ашыкча алып, колдонулбаганын таштандыга ыргытуудан этият болсок.

-Коомубуздун айрым катмары рамазанды рамадан, саарлыкты сухур, дубаны дуа деп айтып, жазганда да айтылышы боюнча жазып коюшууда. Негизи аталган сɵздɵрдʏ адабий тилдин нормасында колдонсок болобу?

-Туура маселени айтып жатасыз. Ар кандай тармактын ɵзʏнɵ тиешелʏʏ терминдери болот эмеспи, ошол сыяктуу диний терминдер да бар. Мисалы ифтарды ооз ачуу, “сахур” сɵзʏн кыргызча эле саарлык деп колдонсо да болот. Бир нече сɵздɵрдʏн арабча аталышы биздин кыргыз тилибиздеги лексикалык жагына бир аз туура келбегени ʏчʏн жат кɵрʏнʏш катары кабыл алынат. Алардын кыргызча аталышын колдонсо болот.

-Теманы улай дагы бир маанилʏʏ нерсеге токтолсок, илим-техника ɵнʏккɵн заманда орозо календары ʏчʏн айдын жаңырышын кʏтʏп отуруу зарылбы? 

-Пайгамбарыбыздын бир хадисинде “Айга карап орозо кармап, айга карап ооз ачкыла” деп айтылат. Ошондуктан орозонун башталышы жана бʏтʏшʏ айдын жаңырышы менен эсептелет. Чынында пайгамбарыбыздын мезгилинде астрономия илими болгон эмес. Ошондуктан ал мезгилде тоолорго чыгып, айды карап орозону, рамазан майрамын белгилешкен. Азыркы кʏндɵ илим-техника ɵнʏктʏ. Илимдин ɵнʏгʏшʏ исламга карама-каршы эмес. Тескерисинче, динибиз илимди, ɵнʏгʏʏнʏ парз кылган. Илим жалпы тармакты камтыйт. Айталык, физика, математика, медицина жана башка адам жашоосуна пайдалуу болгон илимдер мусулмандар ʏчʏн милдеттʏʏ парз болуп эсептелет. Астрономия да алардын ичинде шариятка толук туура келет. Ошондуктан кɵпчʏлʏк мамлекетте календарлар алдын ала так белгиленип, пайдаланылат.

Кызыктуу фактылар

Австралиядагы мусулмандар эң кыска орозо кармашат

Ислам динин кармоочулар жашаган жерине жана кʏндʏн узактыгына жараша ар башка убакытта орозо кармашат. Мисалы, Австралиядагы мусулмандар эң кыска убакытка ооз бекилген абалда  жʏрʏшɵт, тагыраагы 9 саат. Швеция менен Исландиядагы мусулмандар 20 сааттан ашык орозо кармашат. Эрежеге ылайык орозо кармоочу адам башка ɵлкɵгɵ барса, жергиликтʏʏ убакыт боюнча орозо кармашы керек. Ал эми дʏйнɵнʏн тараптарын аныктоого, убакытты кʏн, тʏн деп ажыратууга мʏмкʏн болбогон уюлдагы мусулмандар жакынкы шаардын убактысына же Меккенин убактысына ылайык орозо кармашат.

Эң узакка созулган орозо

2016-жылдагы орозо оор жана узакка созулган. Анткени кʏндʏн эң узак убактарына туш келген. Дегеле кʏн канчалык узун болсо, ошончо кɵп саатка ооз бекитʏʏгɵ туура келет.

Рамазан экономикага таасирин тийгизет

Окумуштуулар кызыктуу жыйынтык менен бɵлʏшɵт. Мусулман ɵлкɵлɵрʏндɵ Рамазан айында ɵндʏрʏштʏн кɵлɵмʏ болжол менен 0,7 пайыздык ченге кыскарат. ИДПнын тɵмɵндɵɵ кɵлɵмʏ 0,6%дан 0,9%га чейин ɵзгɵргɵн. Максималдуу тɵмɵндɵɵ Рамазан айы жай мезгилине туш келгенде байкалган.

Битир-садака тууралуу билип алыңыз

Битир – орозо айында берилʏʏчʏ садака. Куранда айтылгандай битир берʏʏ мусулмандардын ыйык милдеттеринин бири. Башка убактарда берилген садака битир-садака болуп эсептелбейт. Анын ɵлчɵмʏ жыл сайын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан буудайдын, мейиздин, ундун, арпанын же курмалардын баасына жараша бекитилет. Битир садакасы кɵрсɵтʏлгɵн азык менен да, акчалай тʏрдɵ да берилиши мʏмкʏн. Акчалай берʏʏдɵ азыктардын биринин наркына барабар ɵлчɵмдɵ берилиши керек. Муфтият быйылкы Рамазан айындагы берилчʏ битир-садаканын кɵлɵмʏ 50 сом деп бекитти. Ага ылайык, 50 сом — бул 1,6 килограмм буудайдын базардагы баасы. Муфтият буудайдан сырткары ɵз шартына карап ун, мейиз, арпа жана курманын тиешелʏʏ ɵлчɵмʏнʏн баасына тууралап битир-садака берсе болорун белгиледи.

Зекет, битир-садака муктаждарга берилет

Биринчиден, жакыр, муктаж адамдарга берилет. Экинчиден, битирлерди элден жыйнаган адамдын кызматы ʏчʏн берилет. ʏчʏнчʏдɵн — карызы бар адамга. Эгерде битир берʏʏдɵн кечигип, Айт намазынан кийин садака кылса, ал кадимки садака болуп эсептелет.

Айжылдыз Тойчиева