19 мая, 2024

Азык жетпесе гʏлдɵгɵн бак мɵмɵсʏн сактап кала албайт

Ɵлкɵбʏздʏн тʏштʏгʏ багбандар ʏчʏн кирешелʏʏ аймак болуп саналат. Айрыкча кокон гилас ɵстʏрʏʏ, аны сатуу, чет ɵлкɵгɵ экспорттоо жакшы жолго коюлган. Ошондуктан аталган мɵмɵ багын тигʏʏгɵ кызыккандар да кɵп. Туура, кокон гилас башка бактардай дароо тʏшʏмгɵ кире койбойт, кеминде 5 жыл кʏтʏʏ зарыл. Бирок, 10 жылда деле тʏшʏмсʏз калуусу мʏмкʏн эмес. Деген менен мындан бир топ жыл мурда бак тиккен багбандардын айрымдары кɵчɵттɵрʏ тʏшʏмгɵ кирбей жатканын кабатырланганын айтышууда.

Кочкорбаев Алманбет, Ош шаарынын тургуну:

-Мындан 5 жыл мурда Кара-Суу районунан жер алып, “черешня” бизче айтканда, кокон гилас эккен элем. Кɵчɵтʏн базардан эле сатып алгам, жергиликтʏʏ бир райондуку деп беришкен. Ошентип кɵчɵттɵр кɵктɵдʏ, бир нече жыл ɵтʏп, бирок такыр мɵмɵ тʏйбɵдʏ. Ар кимден сурап, ар кайсы дарыларды берип кɵрдʏм. Акыры чет жактан бир багбанды алып келип кɵрсɵтсɵм “жапайы тʏрʏн эгип алыпсыңар” дейт. Айтор, мɵмɵ бербей турган тʏрʏнɵн экен. Жерди да сатып жибердим. Алган кишиге бактын айыбын айтсам, кɵчɵттɵрдʏ жулуп салып, башка бак тигем деди. Ошондуктан дыйкандар кʏйʏп калбайлы десеңиздер кɵчɵттʏ тандарда ишеничтʏʏ кишилерден алыңыздар.

Мындан сырткары 300-500 тʏп кокон гиласи бар Кара-Суу районунун дагы эки тургуну  кɵчɵттʏ кезинде Кызыл-Кыя, Кадамжай райондорунан алганын айтып, бирɵɵсʏ 10 жылдан бери, экинчиси 12 жылдан бери мɵмɵ тʏйбɵй жатканын билдиришкен. Кандай ыкма колдонорун билбей же бакты кыйып салууга кɵзʏ кыйбай аргасыз болгон багбандарга агрономдон кеңеш алып берʏʏнʏ туура кɵрдʏк.

Мархабо Зулпукарова, Айыл чарба техникумунун мугалими, окумуштуу агроном.

“Кɵчɵттʏ питомниктердин ɵзʏнɵн алган туура”

-Кокон гиластин мекени деп Баткендин Кадамжай районун айтып келишет. Аталышы да жɵн жерден эмес, мурда соодагерлер бул мɵмɵнʏ кɵбʏнчɵ Коконго алып барып сатышкан экен. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ багбандар кɵчɵттʏ Кадамжайдын ɵзʏнɵн кɵп алдырышат. Багбандарга кɵчɵттɵн мурда жерди туура тандоону кеңеш берет элем. Кокон гилас сууну, нымдуулукту сʏйбɵгɵн ɵсʏмдʏк. Аны ысык, шамал жʏрʏп турган жерге эккен оң. Кɵпчʏлʏк учурда багбандар кɵчɵттʏ кɵчɵт жасаган питомниктердин ɵзʏнɵн албай, сатуучулар алып келип 5-10 кʏнчɵ туруп калган кɵчɵттɵрдɵн алышат. Мындай учурда алардын тамыры кургап калуусу мʏмкʏн. Кɵчɵт сатып алууда такталган, дареги бар кɵчɵттɵрдʏ алууга ʏйрɵнсɵк. Мисалы, шаарыбызда “Агро-Экспо” сыяктуу кɵргɵзмɵлɵр ɵтʏп турат эмеспи, кɵргɵзмɵгɵ дыйкандар ишенимдʏʏ кɵчɵттɵрʏн алып келип сатышат. Жɵн эле сатпай, дарегин кошо айтып, визиткасын беришет. Ошондо сатып алган адамдын кɵчɵттɵрʏ кокус албай куурап калса кимге кайрылууну билет. Туш келди жерден ала берсе, сатуучулардын кɵбʏ ɵзʏ кɵчɵт жасабайт, алар болгону алып сатармандар. Кийин ага кайрылсаң деле жарытарлык жооп болбошу мʏмкʏн.

“Азык канчалык жетиштʏʏ болсо, гʏлдɵгɵн бак мɵмɵсʏн ошончолук сактап калат”

-Ишенимдʏʏ адамдан кɵчɵт тапкандан кийин алгач жерди даярдап алып, кɵчɵттʏн тамырларын сындырбай алып келиш керек. Эгип жатканда кʏнгɵ кʏйʏп бʏткɵн, кɵп жылдык кыкка суу аралаштырып, топуракка кошо салып эгʏʏ кɵчɵттʏн нымдуулугун кармап турат. Негизинен ар кандай айыл-чарба эгиндерин ɵстʏрʏʏдɵ агротехникалык эрежелер бар. Ошол эрежелерге ылайык биринчиден макро, микроэлементтерди, азыктарды берʏʏ зарыл. Кɵчɵттʏ эгип коюп аны бакпагандар арбын. Багбан деген кɵчɵттʏ багыш керек. Кɵчɵттɵрдʏ отургузгандан кийин тиешелʏʏ жер семирткичтерден мочевинаны берип тим болбой, фосфор, калий сыяктуу азыктарды берсе, топуракка да, кɵчɵткɵ да пайдалуу. Эрте жазда кандай гана бак-дарак болбосун курт-кумурскага каршы дарылоо иштерин жʏргʏзʏʏ керек. Жакшы багбандар марттын аягына чейин эки ирет иштеп чыгууга ʏлгʏрʏштʏ. Азык жетиштʏʏ болсо, дарак гʏлдɵгɵн соң мɵмɵсʏн ошончолук сактап, кармап калат. Гʏлдɵгɵндɵн кийин жеңил тʏрдɵ сугарылат.

“Бал аары, башка сорттогу гиластар чаңдашууга зор таасир этет”

-Эске алуучу негизги нерсе гʏлдɵгɵн кокон гиласка чаңдашуу ɵтɵ маанилʏʏ. Жакшы чаңдаштыруу ʏчʏн жɵнɵкɵй кара гиласти айланасына эгʏʏ сунушталат. Мындан сырткары бал челектерди коюу. Аарылар жаратылышта бардык мɵмɵ-жемиштерди чаңдаштырууда зор салым кошот. Анан шамалкɵй жер чаңдаштырат. Жогоруда айтканымдай жерди тандоо ошон ʏчʏн маанилʏʏ. Багбандар кээде “гиласим аябай гʏлдɵп, ошончосу тʏйʏп, чоңоёрго келгенде чоңойгону чоңоюп, калганы соолуп тʏшʏп калды, бул нормалдуу эле кɵрʏнʏшпʏ?” деп сурашат. Бардык тирʏʏ организмдерде жашоо ʏчʏн кʏрɵш деген нерсе бар. Айталык, жаныбарлардын арасында деле кимиси азыкты кɵбʏрɵɵк алса, жашап кетет. Адамдар арасында туура тамактангандар, иммунитети жогорулар, спорт менен машыккандар узагыраак жашайт. Ошол сыяктуу тʏйгɵн мɵмɵлɵрдʏн да азык алганы чоңоёт, азык жетпей же кʏн нурун толук алалбай калгандары соолуп тʏшɵт.

  “Мɵмɵ тʏйбɵгɵн бакты кыйып салбай, улоо ыкмасын колдонуу сунушталат”

-Питомниктер кɵчɵттʏ жасап жаткан убакта кандайдыр мʏчʏлʏштʏк кетиши мʏмкʏн. Эгер багбандар тʏшʏмсʏздʏктʏ кɵчɵттɵн кɵрʏп жаткан болсо, улоо ыкмасын колдонуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Ɵрʏктʏ деле алып кɵрсɵк, бир бутагына как боло турган тʏрʏ ɵссɵ, башка шагында башка сортун ɵстʏрʏшɵт. Муну улоо аркылуу ишке ашырышкан. Ошондуктан 10-12 жылдык кокон гилас таптакыр албай калуусу мʏмкʏн эмес. Дароо кыйып салбай аталган ыкмаларды жасап кɵрʏʏнʏ сунуштайбыз. Улаганды да тажрыйбалуу багбандардан ʏйрɵнгɵн дурус.

“Азыркы кезде агрономдор аябай аз”

-Багбандар менен дыйкандар билимин ɵркʏндɵтʏʏсʏ зарыл деп айтар элем. Атайы долбоорлорго катышса болот. Массалык маалымат каражаттары аркылуу багбандар ʏчʏн силерде атайы рубрикалар уюштурулуп, адистердин кеңешин сунуштап туруу маанилʏʏ. Бизде азыркы кезде агрономдор аябай аз. Биздин бʏтʏрʏʏчʏлɵрдʏ деле алып карасак, кɵпчʏлʏгʏ долбоорлор менен иштеп кетишʏʏдɵ. Талаага барып, жерди иштетʏʏгɵ барбай жаткандары ɵкʏндʏрɵт. Биздин ɵлкɵ агрардык ɵлкɵ болуп саналат. Калктын басымдуу бɵлʏгʏ айылда жашайт. Ошондуктан айыл-чарба тармагын ɵркʏндɵтʏп, эң мыкты продукцияларды ɵндʏрʏп, элдин саламаттыгына, экономиканын алга жылуусуна салым кошуу мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз жогору.

2009-жылдан бери кокон гилас ɵстʏрʏп, бак сырларын билип, пайдасын кɵрʏп жаткан багбан Ырыспай Тойчиевге кайрылып, кокон гиласка кантип кам кɵрɵɵрʏн сурадык.

“Гʏлдɵгɵн маалда ар кандай дары же витаминдерди себʏʏгɵ болбойт”

-Кокон гиласти отургузууга жаз же кʏз мезгилдери ыңгайлуу. Ар бир кɵчɵттʏн аралыгы 6-7 метр болуусу керек. Жаңы эгилген жылы эч кандай жер семирткичтер берилбейт. Экинчи жылдан тарта мочевина (карбамид) бериле баштайт. Андан сырткары эрте жазда, дарак бʏчʏр байлай электе медный купоросту акиташын суусуна аралаштырып даракка себʏʏ керек. Бул дарылоо биринчиден, курт-кумурскадан сактаса, экинчиден, дарактын сырткы катмарын тунук кɵрсɵтʏп, бекем болушуна шарт тʏзɵт. Аталган дарыны даярдоодо 3 кг медный купорос порошогун жылуу сууга эритип алып, 3 литр акиташтын суусу менен 100 литр таза сууга аралаштырылат. Гʏлдɵгɵн маалда эч кандай дары же витаминдерди себʏʏгɵ болбойт. Гʏлʏн тɵккɵндɵн кийин БИ-58, Нурелл Д сыяктуу дарылар себилет. Ошондой эле гиластин данеги катканга чейин азот берилет. Данеги катканга чейин берилген азот гиластин бышкандан кийинки тʏшʏмʏнʏн узакка бузулбай сакталуусуна шарт тʏзɵт. Мындай гиласти узак жолго, экспортко ишенимдʏʏ алып чыгууга болот. Эгер азотту данеги каткандан кийин сепсе, тʏшʏмʏ алыс жолго чыдамсыз болуп калуусу ыктымал.

“Гиластин суу койгон арыгы эч качан тегерете казылбайт”

-Топуракка фосфор, калий витаминдерин белгиленген ɵлчɵмдɵ берип туруу да пайдалуу. Ал эми органикалык жер семирткичтерди, тагыраагы, кыкты беш жылда бир жолу берген оң. Бʏт дары жана витаминдерди мɵмɵ бышарына 20 кʏн калганда берип ʏлгʏрʏʏ керек. Андан кийин токтоткон туура, антпесе дарылар адамдын ден соолугу ʏчʏн кооптуу болот. Дагы бир эске алуучу жагдай, гиластин суу койгон арыгын эч качан тегеретип казбоо керек. Эгилгенден тарта тʏз арык алынып, кийинки жылдардан арыкты кɵчɵттɵрдʏн тʏбʏнɵн алыстата баштаган туура. Себеби, гиластин майда тамырлары кɵбʏнчɵ жерге терең кирбей, ɵйдɵдɵ жайгашат. Ошондуктан кɵп сугарылса куурап калуу коркунучу бар. Кʏз мезгилинде бактын ичине аммофос тегиз чачылат. Аммофос топурак ʏчʏн абдан пайдалуу азык. Ошентип кийинки жылга даярдык кɵрʏлɵт.

 Айжылдыз Тойчиева