19 мая, 2024

Шоколад шыбалган кулпунай кооптуубу?

Ɵздʏк гигиенаны сактабагандыктан оорулардын тʏрʏ аябай эле кɵбɵйдʏ. Алардын ичинен мите курт оорулары. Бул бир гана тазалыктан эмес, жашылча-жемиштен да жугуучу инфекция. Дʏйнɵ жʏзʏ боюнча 370 тен ашуун мите курттардын тʏрʏ кездешсе, анын ичинен 20 тʏрʏ биздин  мамлекетибизде кездешет. Анын 10у  экзотикалык тʏрлɵрʏ болуп эсептелип, ар дайым катталып турган мите курттар болуп саналат. Эгерде дʏйнɵ жʏзʏндɵ 2 миллиардга жакын адамдар ичеги карын мите курт оорулары менен ооруса, анын 130 миңден ашууну ɵлʏмгɵ дуушар болот. Алдын албаса коркунучтуу жагдайларга чейин алып барышы мʏмкʏн.

Санитардык дарыгер Эсенгʏл Матейипова:

“Ɵндʏрʏлгɵн ар бир азыкта даярдоо, колдонуу мɵɵнɵтʏ жазылуусу керек”

-Ар бир сатылып жаткан продукциянын элге тамак- аш коопсуздугун сактоо максатында, атайын шарттуу  белгиси болуусу керек. Кандай продукция болбосун бардык кɵрсɵтмɵлɵрʏ менен штрих коду болуп, толук маалымат кɵрсɵтмɵлɵрʏнʏн ичинде болуусу шарт. Жей турган тамак- ашыбыздын толук кɵрсɵтмɵсʏн жана мɵɵнɵтʏн карап алгыла. Кандай жерде сакталып, сатылып жатат, гигиеналык абалы дуруспу, бул бизге абдан маанилʏʏ. Азыр адамдардын кɵпчʏлʏгʏ интернеттен кɵргɵнʏн ʏйрɵнʏп алып, ʏй шартында кулпунайга шоколад шыбап даярдап, сатыкка чыгарып жатат. Бул нерсе эл арасында кеңири тарап кетти. Мына ошол шоколад шыбалган кулпунай сатып алуучу катары биз кандай шартта даярдалды, жасаган жеринде санитардык абалы кандай, ошол эле учурда кулпунайларды жууганын же жуубаганын так билʏʏбʏз керек. Жуубай жегенде паразиттердин канча тʏрʏ болсо, ошонун баары жугуусу кʏтʏлɵт. Аскарида, лямблия ушул сыяктуу курттардын баары болуусу мʏмкʏн. Себеби ал кандай жерде ɵстʏ, ɵстʏрʏлʏп, ɵндʏрʏлʏп жаткан жери кандай болду, биз аны так билбейбиз. Балким, парниктерде ɵсʏшʏ мʏкʏн. Шоколад шыбалган кулпунайдын сыртында официалдуу тʏрдɵ качан даярдалган, канча кʏнгɵ чейин сакталышы керек, курамына эмнелер кошулган, баары так жазылуусу керек.

“Курманы базардагылар бузуп жатат…”

-Негизинен курма бизге башка ɵлкɵлɵрдɵн техникалык регламенттерге туура келип, стандартка жооп бере ала тургандай болуп келет. Сырттарында атайы белгилери менен жазылып, канча кʏнгɵ чейин, талапка жооп берип, зыяндуу заттары жок кутучасында болот. Келгенден кийин адамдар алып сата турган мезгилде ал жерде абалы ар кандай боло баштайт. Себеби кээ бир сатуучулар чоң кутучаларга ачык эле жайып  сата беришет. Чаң болот, ошол мезгилден баштап курт  топтолуп баштайт. Ар кандай адамдар болот, жɵн ɵтпɵй кармап, ошол эле учурда жеп кɵрʏшɵт. Бул билинбей  кооптуу жагдайларга алып келиши мʏмкʏн.

Паразитолог дарыгер Махира Маматражапали кызы:

“Мите курт оорулары 14 жашка чейинкилер арасында кɵп катталат”

— Мите курттар адамдын ичинен азыктанып, ɵздɵрʏнʏн жашоо калдыктары менен  ууландырууга жɵндɵмдʏʏ келишет. Алардын адамга жуккан учуру, ал тургай организмде бар экендиги билинбейт. Курт качан гана ɵзʏнʏн абалын жакшыртып, ичегинин былжырлуу челине бекиген соң ʏзгʏлтʏксʏз тамактануу булагына ээ болот дагы, ɵзʏн билгизип кɵптɵгɵн тукумдарын кɵбɵйтɵ баштайт. Жалпы жугуштуу оорулардын ичинен мите курт  оорулары 25-30% ды тʏзɵт. Айрыкча 14 жашка чейинки балдардын арасында кɵп катталууда. Акыркы жылдарда эхинококкоз, аскаридоз, энтеребиоз, лямблия сыяктуу мите курт оорулары ɵсʏʏдɵ. Ош шаары боюнча катталган мите курт ооруларынын ичинен 19,2%  чʏчɵк курт оорулары 9,5%аскаридоз, 11,3 %  эхинококкоз, 60 % лямблия тʏзɵт. Белгилʏʏ болгондордон энтеребиоз чʏчɵк курту, аскарида, тениоз, тениаринхоз курту болуп эсептелинет. Тениоз — бул чочкодон жукса, тениаринхоз — уйдан жугат.

“Альвеококкоз менен жабыркагандар ɵмʏр бою кɵзɵмɵлдɵ болушат”

-Мите курттар узун лента сымал, жалпак (гименолепидоз) жана жɵнɵкɵйлɵр тибинде белгилʏʏ болгон лямблиялар. Бул паразиттердин баары балдарда кɵп кездешет. Эң эле жайылганы чʏчɵк курту (энтеробиоз).  Энтеробиоз курту кичинекей балдарда 37 градуста ɵрчʏп-ɵнʏгʏп баштайт. Ɵзʏнɵн- ɵзʏ эле жугуп, улам кɵбɵйɵ берет. Чʏчɵк курту кɵбʏнчɵ эртең менен чыгат. Бала тырманганда тырмактын астында жумурткалары калып калат да, колун чала жууп же жуубай эле бир нерсе жегенде оозго кирет. Ошентип кайрадан баланын ичинде кɵбɵйɵ берет. Чʏчɵк курттан кийин эң эле жайылган тиби аскарида. Ал лента сымал узун курт болот. Тез чоңойгондо 25 сантиметрге чейин жетет. Аскарида адамдын денесинде кɵчʏп жʏрɵ берип, денеден ичегиге кирет. Андан сыртка чыгат же топтошуп бир органда кала берет. Бул убакта сɵзсʏз адамдын гемоглобини тʏшɵт.  Мите курт ооруларынын организмге тийгизген зыяны абдан чоң. Адамдын организмин тамактануунун  булагы катары гана эмес, жашоонун жана кɵбɵйʏʏнʏн жагымдуу чɵйрɵсʏ катары колдонушат.

Гельментоздордун ичинен эң эле коркунучтуусу эхинококкоз. Ал хирургиялык жол менен дарыланылат. Жыл сайын Ош шаардык, облустук ооруканаларда 300 гɵ жакын адам операция болсо, анын жʏзʏ 14 жашка чейинки балдар. Бул эң эле оор дарт. Эхинококкоз оорусу иттен жугарын билбей аны сылап-сыйпап, коюн-колтук алышып жатып жугузуп алышат. Альвеококкоз оорусу да абдан коркунучтуу жана бейтап ɵмʏр бою эмканада каттоодо турат. Эхинококкоз менен ооруган адамдар 3-5 жылга чейин каттоого алынса, альвеококкоз менен жабыркагандар ɵмʏр бою кɵзɵмɵлдɵ болот. Себеби эхинококкоз ыйлаакча тʏрʏндɵ ɵрчʏсɵ, альвеококкоз рак сымал организмди жабыркатат. Мунун «паразиттик рак» деген да аталышы бар. Ал сырттагы жапайы жандыктардан жугат. Эхинококкоздун жумурткалары тышкы чɵйрɵгɵ абдан туруктуу. Андыктан ɵздʏк гигиенага кɵңʏл буруу маанилʏʏ. Ылаңдаган малдын боорун, ɵпкɵсʏн итке бербей, жерге терең кɵмʏп салуу сунуш кылынат. Андан тышкары, сɵзсʏз тʏрдɵ сууну кайнатып, жашылча-жемишти таза жууп жеш керек.

Жашыл-жемишти жууп жегиле!

Мите курт оорулары организмге таркалышы жана жугуусу ɵтɵ эле жɵнɵкɵй. ʏй шартындагы  гигиеналык эрежелерди сактабагандыгыбыз негизги себеп болот.

-Жашылча жемиштерди жуубай жегенден;

-Колду тамак алдында, иштен кийин жана дааратканадан кийин самындап жуубоо;

-Атайын суу тʏтʏктɵрʏнʏн болбогондугунун себебинен сууну арыктардан жана кайнатылбаган сууну колдонгондуктан;

-Балдардагы туура эмес мʏнɵздɵрдʏн калыптанышы (колду, ручканы оозуна салуудан);

-ʏй шартындагы дарыланбаган жаныбарлар менен балдардын тыгыз байланышта болгондугунан;

-Итти сылап-сыйпоо, тамактандыруу жана тегерегин тазалоо учурунда;

-ʏй-бʏлɵдɵгʏ социалдык жана экономикалык абалынын начардыгы.

-Оору тууралуу жана аны алдын алуу боюнча тʏшʏнʏгʏнʏн  жоктугу.

-Санитардык — гигиеналык эрежелерди сактабагандыгы.

Оорунун негизги себеби кир колдон болгондуктан, баланы кичинесинен тартып тамак ичээр алдында, мал карагандан, мектептен, дааратканадан жана сырттан ойноп келгенден кийин ар дайым колун самындап жууганга кɵндʏрʏш керек. Ошондой эле жаныбарлар менен ойногондон кийин дагы колун сɵзсʏз самындап жуушу керек. Жашылчаларды, жер- жемиштерди жана огороддон алынган аш-кɵк чɵптɵрʏн жээр алдында таза сууга тазалап жуу шарт. Андан сырткары балдардын жолбун иттер менен ойноосуна тыюу салуу жана жолбун иттерди жок кылуу абзел. Айыл жеринде колдонулуучу агын сууларды, суу тʏтʏктɵрʏнɵн алынган сууларды кайнатып гана ичʏʏ шарт. Тырмагын кыска кылып алып жʏрʏʏ. Чымын, чиркейлерге каршы залалсыздандыруу иштерин жʏргʏзʏʏ. ʏй жаныбарларын ветеринардык текшерʏʏдɵн ɵткɵрʏп туруу жана ич кийим, шейшептерди тез-тез алмаштырып ʏтʏктɵп, ʏй ичин тазалап туруу зарыл.

Аллергиялык ооруларды жаратат

Жогорудагы себептерден улам организмге мите курт кирип, балдарда аз кандуулук, окууга болгон жɵндɵмдʏʏлʏгʏнʏн начарлашы, сокур ичеги оорусу, алсыроо, бойдун ɵспɵɵсʏ пайда болот. Ушул белгилердин  баары балдардын физиологиялык ɵнʏгʏшʏнɵ, кʏчтʏʏ жана дени сак болушуна кедергисин тийгизет. Анткени ооруган адамдын тамакка болгон табити начарлайт, кусат, шилекейи агат, ичи ооруп, тʏйʏлɵт. Ошону менен биргеликте кыжырданууга, уйкунун жоголушуна, эске тутуунун, жумушка болгон жɵндɵмдʏʏлʏктʏн начарлашына, баш оорусуна алып келет. Алар биздин ичибизден «жеп», талкалап жана денебизди уулантат. Мите курттар аллергиялык ооруларды жаратат, тулку бойдо шишиктер, бʏдʏр, кычыткы, тактар пайда болуп, ɵнɵкɵт бронхит, бронхиалдык астма жана дерматитке чейинки оорулар келип чыгат. Балдардын иммундук системасы жабыр тартат. Ичеги-карындын табийгый микрофлорасы бузулат. Ошондой эле мите курттар хирургиялык операцияларды талап кылган ооруларга алып келет. Мисалы, аппендицит, ɵт каналдарынын  жана жоон ичегинин бʏтɵлʏп калышы, эхинококкалык кистанын айрылышы, абцесс, жоон ичегинин тешилиши жана ириңдеши сыяктуу ооруларга алып келиши мʏмкʏн.  Ич ɵтʏʏ же ич катуу сыяктуу ичеги карындын иштешинин  бузулушу ыктымалдуулугу жогору. Жɵтɵл пайда болуп, денеси ысып, башы ооруп, алсызданып, табити жоголуп, ичи оорушу мʏмкʏн. Аскарида куртунда адамдын денеси кычышып, алы кетет. Ал эми лямблия куртунда жаш баланын денесине кызыл безеткилер чыгып кетет. Жогоруда аталган белгилер пайда болгон учурларда дарыгерге кайрылуу зарыл. Ɵз алдынча дарылоого болбойт!

 Сʏйʏнали кызы Таңсулуу