8 сентября, 2024

Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелʏʏ адамдардын укуктары жана кепилдиктери жɵнʏндɵ мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелʏʏ адамдардын укуктары жана кепилдиктери жɵнʏндɵ мыйзамдарынын аткарылышына кɵзɵмɵл  жʏргʏзʏʏ багыты боюнча, отчеттук мезгилде 3  текшерʏʏ жʏргʏзʏлʏп, 25 мыйзам бузуучулук аныкталып, ченемдик укуктук актылардын бузулуусун жоюу жɵнʏндɵ 4  сунуштама, 1 талап келтирилип канааттандырылган. 1 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Мисалы, Ош шаарындагы айрым мамлекеттик, муниципалдык  ишканалардын имаратында мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адамдарга имаратка кирʏʏгɵ атайын шарттар (пандус, кармагычтар орнотулбаган) тʏзʏлгɵн эмес.

Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелʏʏ адамдардын укуктары жана кепилдиктери жɵнʏндɵ” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, инфраструктурага жетʏʏ – инфраструктуранын объектилеринде атайын аспаптарды (пандустарды, кармагычтарды жана башкаларды) орнотуу жана ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ адамдардын аларды тоскоолдуксуз пайдаланышы ʏчʏн шарттарды тʏзʏʏ болуп эсептелет. Мамлекеттик органдардын, жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын алардын менчигинде турган инфраструктура объекттерин ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелʏʏ адамдардын бул объекттерге эркин жетʏʏсʏн камсыз кылуучу атайын ыўгайлаштырмалар менен жабдуу боюнча милдеттерине кирет.

Ошону менен бирге аталган мыйзамдын 43-бер. мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтʏʏ мамлекеттик администрациялар жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары, менчигинин тʏрʏнɵ карабастан юридикалык жактар ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ адамдарга турак жайга, коомдук, администрациялык жана ɵндʏрʏш имараттарына, курулмалар менен бɵлмɵлɵргɵ, эс алуу жайларына жана башка маданий-оюн-зоок мекемелерине кирʏʏгɵ, ошондой эле коомдук транспорттон, транспорт коммуникацияларынан, байланыш жана маалымат каражаттарынан тоскоолдуксуз пайдаланууга, ээн-эркин багыт алууга жана барын-келʏʏгɵ шарттарды тʏзʏп берʏʏгɵ милдеттʏʏ деп кɵрсɵтʏлгɵн.

Мындан тышкары, аталган мыйзамдын 44-бер. ылайык, турак жай, коомдук ɵндʏрʏш имараттарын жана курулмаларды долбоорлогондо аларды ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ чектелʏʏ адамдардын, анын ичинде кресло-коляска же башка кошумча каражаттардын жана шаймандардын жардамы менен жылып жʏрʏшкɵндɵрдʏн пайдалануу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ эске алынышы керек.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-бер. 3-бɵл. ылайык, мамлекет ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелʏʏ адамдарды, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин толук жана бирдей жʏзɵгɵ ашырууга, аларды эч кандай басмырлоосуз социалдык интеграциялоого, ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелʏʏ адамдар ʏчʏн жеткиликтʏʏ чɵйрɵнʏ тʏзʏʏгɵ жана алардын жашоо сапатын жакшыртууга негизделген социалдык коргоо тутумунун иштɵɵсʏн камсыз кылат.

Ошол себептен Ош шаардык прокуратурасы тарабынан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген жарандардын укуктарын коргоо максатында тиешелʏʏ прокурордук актылар келтирилип, мыйзам бузуулар четтетилген.

   Ош шаардык прокуратурасынын  прокурору Даутбек уулу Б.