19 мая, 2024

ПУТИНДИН ЖЕҢИП  ЧЫГААРЫ  БЕЛГИЛYY ЭЛЕ

Россия Федерациясында ɵтɵ турган президенттик шайлоодон дʏйнɵ коомчулугу кабардар болсо да, ага карата эксперттик ар кандай кɵз караштардын дастаркону жардыраак жасалып келгени белгилʏʏ. Негизги кɵңʏл АКШдагы президенттик шайлоо маселесине бурулганы маалым. Канчалык парадоксалдуу кɵрʏнбɵсʏн, мындай шарт-кырдаал Путин жана россиялыктар ʏчʏн абдан ыңгайлуу болгондугун оппоненттер эми аңдашканын байкоо кыйын эмес. Путиндин президенттикке кайра шайланышы менен эле катар Москванын концерттик залында теракта жʏздɵн ашуун адам ɵмʏрʏн алган кандуу окуя жʏз берди.

ПУТИН 2036-ЖЫЛГА ЧЕЙИН БАШКАРАТ

РФ Боршайкому добуш  берʏʏнʏн алгачкы жыйынтыктары жɵнʏндɵгʏ маалыматтарды 17-мартта москва убактысы боюнча саат 9.00дɵ, Калининграддагы шайлоо участоктору жабылгандан баштап жарыялады. Ага ылайык, Путин добуштардын реккорддук кɵпчʏлʏгʏн  алууга жетишип, муну менен ал ɵзʏнʏн мурдагы добуш алуудагы абсолюттук кɵпчʏлʏктʏ тʏзгɵн рекордун басып ɵткɵнʏн баса белгилешʏʏдɵ. Президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы  21-мартта жарыяланды.

Президенттик шайлоодо Путиндин жеңип чыгаары акыл-эси жайында ар бир адамга  кʏн мурунтан эле белгилʏʏ болгон: социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыктарына ылайык, ал калктын кеңири колдоп-кубаттоосуна ээ болгон, ɵлкɵдɵгʏ  экономикалык кырдаал да туруктуу мʏнɵз кʏтʏп, айрым кɵрсɵткʏчтɵр ɵсʏʏ менен да коштолгон.  Ал эми Россиядагы шайлоолор адатта башкаруучу топтор тарабынан тыкыр кɵзɵмɵлгɵ алынып тураары белгилʏʏ. Yгʏт  кампаниясы 17-февралда  башталып, 15-мартта аяктаган. Шайлоо Украинадагы согуштун фонунда ɵткɵндʏктɵн, бул согушка ачык каршы турган талапкерлер Екатерина Дунцова жана Борис Надеждин каттоодон ɵткɵрʏлбɵгɵндʏгʏ маалым. Президентикке Путин менен бирге бийлик менен алдын-ала макулдашылган белгилʏʏ саясий фигуралар: Николай Харитонов, Леонид Слуцкий, Владислав Даванков ат салышты. Шайлоо алдындагы акыркы айларда орус армиясы чабуулдук операцияларга ɵтʏʏ аркылуу стратегиялык артыктчылыктарга жетишʏʏнʏ камсыз кылды. Ал эми россиялык системалуу эмес оппозиция шайлоонун акыркы кʏнʏндɵ “Путинге каршы жарым кʏн” деген аталышта акция ɵткɵрʏʏ менен гана чектелишкенин белгилей кетʏʏ керек. Россия Федерациясынын жаңыдан шайланган президентинин инаугурациясын ɵткɵрʏʏ 2024-жылдын 7-майына белгиленген. Ɵлкɵ президенти алты жылга, башкача айтканда, 2030-жылдын 7 –майына чейин шайланат.

 БЕШИНЧИ МƟƟНƟТ

Путин президенттик постту биринчи жолу адатта “нɵлдɵрдʏн жылы” деп айтылуучу 2000-жылкы шайлоонун жыйынтыгы менен Ельциндин мураскору катары ээлегендиги маалым. Бул ирет “нɵлдɵр” Путин ʏчʏн бактылуу цифра болуп чыкты сыягы, кандай болгондо да анын президенттик бешинчи мɵɵɵтʏ башталып жатканына жалпыбыз кʏбɵбʏз. Президенттик  кийинки мɵɵнɵттɵргɵ Путин 2004, 2012 жана 2018-жылдарда кайра шайланган. 2008-жылкы президенттик шайлоодо катары менен эки жолу гана президенттике шайлануунун Конституциялык  талабына ылайык  талапкерлигин койгон эмес. Ал шайлоодо соратниги Д.Медведев  жеңип, Путин  орус ɵкмɵтʏн башкарып калган. Мамлекетти ишенимдʏʏ  адамың менен алдын- ала келишʏʏ жолу менен кезектешип башкаруунун болжолдуу ушундай ыкмасы ошол маалдарда алгачкы сыноодон ɵткɵрʏлдʏ шекил. Бул ыкманы кыргыз  саясатында Атамбаев колдонууга далаалат жасап, анын эмне менен бʏткɵнʏ маалым.

Мамлекеттик думада кɵпчʏлʏк орунду ээлеген Бʏткʏл россиялык саясий партия “Бирдиктʏʏ Россия” Путинди 2003-жылдан бери колдоп келе жатат. 2004, 2012 жана 2018-жылдагы президенттик шайлоолордо шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда Путиндин пайдасына жасалган махинацияны оппозициячылар кɵрсɵтʏп  чыгышкан, 2012-жылдагы шайлоодо бул ири масштабдагы нааразычылыктарды жараткан, бирок Путиндин бийликте кала берʏʏсʏнɵ тоскоолдук кылган эмес. Нааразычылыктар 2018-жылкы президенттик шайлоонун алдында да чыгып, ал пенсиялык куракты жогорулатуу планын жашыра турууга жана аны инаугурациядан кийин гана ишке ашырууга аргасыз кылганы эстен чыга элек.

Кɵптɵгɵн оппоненттер Путинди Россияны коррупциялашкан диктатурага айлантып, бийлигинен аша чаап пайдалангандыгы жана адам укуктарын бузгандыгы ʏчʏн айыптап жʏрʏшɵт. Сынчылар констатациялашкандай,  кɵз карандысыз  жалпыга маалымдоо каражаттары жабылган же чет ɵлкɵлɵрдɵ  иштɵɵгɵ аргасыз. Путиндин кɵзɵмɵлʏ астындагы ЖМК ага пропорционалдууэмес кɵп ɵлчɵмдɵ  кɵңʏл бɵлгɵндɵй таасир калган учурлар аз эмес. Саясий оппозициянын ɵкʏлдɵрʏ куугунтукталат, айрымдары  чет ɵлкɵлɵрдɵ сʏргʏндɵ жʏрɵт же тʏрмɵгɵ камалган. Тʏрдʏʏ деңгээлдеги шайлоолордо  зарыл жыйынтыктар ʏчʏн добуштар корректировкаланат. Нааразычылыктар менен коштолгон мурдагы шайлоолордун  тажрыйбасы Путинге массалык акциялардын болуп кетʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏн жокко чыгарган репрессиялар системасын тʏзʏʏгɵ жардам берди. Ал ошондой эле шайлоолорду  айрым талапкелерди шайлоого кое берʏʏ жана айрымдарынын жолун тосуу  жолу менен оппозицияны бɵлʏп-жаруу ʏчʏн да пайдаланат.

“2024”  ПРОБЛЕМАСЫ»

Россиядагы быйылкы ɵткɵрʏлгɵн президенттик шайлоо “2024 “кɵйгɵйʏ -2024-жылы Путиндин президенттик ыйгарым укуктуу мɵɵнɵтʏ аяктагандан кийин Россиядагы бийликтин ыктымалдуу транзиттелʏʏсʏ менен байланышкандыгы белгилʏʏ. Баштапкы абалында 2020-жылга чейинки мезгилде, 2024-жылы мамлекет башчысынын  алмашуусу сɵзсʏз кʏтʏлɵт деп эсептелген. Бирок, 2020-жылы кабыл алынган Конституциялык ɵзгɵртʏʏлɵр Путинге дагы эки ирет президентикке талапкер болуу, башкача айтканда,  Россияны 2036- жылга дейре башкаруу укугун бергени маалым.

2023-жылдын 8-декабрында Путин 2024-жылкы президенттик шайлоого ɵз талапкерлигин бешинчи мɵɵнɵткɵ коюу планын  билдирген.

Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы башталгандан кийин Россияда радикалдуу саясий ɵзгɵрʏʏлɵр жʏз бергенин жана ал ɵзгɵрʏʏлɵр 2024-жылкы президенттик шайлоого да олуттуу мʏнɵздɵ таасир берээрин аңдоо кыйын эмес эле.

Кандай болгондо да азыр Россиянын калкынын басымдуу кɵпчʏлʏгʏ Россиянын Украинадагы аскердик операциясын туура жана адилеттʏʏ аракет деп баалап жатышканын жашырууга болбойт. Шайлоого  чейинки акыркы айларда  куралдуу кагылышуулар зонасында Россия армиясы  ʏчʏн абдан ыңгайлуу жана жагымдуу кырдаал тʏзʏлʏп калганын  белгилей кетʏʏ керек. АКШменен Батышты кɵп ʏмʏттɵндʏргɵн украин армиясынын контрчабуулунун мизи кайтарылып, Россия Куралдуу кʏчтɵрʏ ɵзʏ ийгиликтʏʏ чабуулга ɵткɵнʏ  жана кагылышуу зонасындагы  алгачкы жеңиштер  жалпыга маалым. Демилгени колго алган Россиянын аскер бɵлʏктɵрʏ акырындык менен бирок, удаама-удаа  ийгиликтерди жаратышууда.

Президенттик шайлоо биринчи жолу Россия тарабына жарым-жартылай басып алынган жана мындан ары Россия ɵзʏнʏкʏ деп эсептеген “жаңы аймактарда”- Украинанын Донецк, Луганск,Херсон, Запорожье  облустарында да ɵткɵрʏлдʏ. Аталган облустарда согуштук аракеттер жʏрʏп жатат. Облус боборлору Херсон менен Запорожье Украина тарбынан кɵзɵмɵлдɵнʏʏдɵ.

РОССИЯДАГЫ ЭКОНОМИКАЛЫК   КЫРДААЛ

 Россияда  шайлоо алдында экономикалык кырдаал туруктуу мʏнɵзгɵ ɵтʏп, бул азыркы орус бийлиги ʏчʏн ыңгайлуу фактор катары кызмат ɵтɵйт. Кээ бир импорттук товарлардын гана кымбаттоосун эсепке албаганда 2022-2023-жылдардын экономикалык планын алып караганда россиялыктарда олуттуу деле терс ɵзгɵрʏʏлɵр болгон жок. 2022-2023-жылдардагы салынган санкцияларлын эксперттер тарабынан болжолдонгон экономикалык кыйроолор акыбети жʏзɵгɵ ашкан жок. 2022-жылы кʏтʏлгɵн рецессия кʏтʏлгɵндɵн да жеңил ɵтʏп, кыска убакытты гана камтыды жана башкысы, чукул ɵнʏгʏʏ менен алмашты. Эмгек акынын улам жогорулоосу байкалып, жакырчылык деңгээли тарыхый минимумга дейре кыскарды. Ɵткɵн жылдагы экономикалык ɵнʏгʏʏ темпи быйылкы жылдын март айына карата алганда 3 пайыздан жогору, жумушсуздук реккорддук мʏнɵздɵ тɵмɵн болду.

Россияга кастарын тиккен жихадчылар

Россия Москвадагы концерттик залган террордук кол салып, кеминде 137 адамды ɵлтʏрдʏ деген шек менен кармалган тɵрт адамга кʏнɵɵ такты.

ʏчɵɵнʏн кɵздɵрʏн таңып Москва сотуна алып келишти, ал эми тɵртʏнчʏсʏ майыптар арабасы менен келди. Алардын бардыгына террордук кара ниет иш кылды деген кʏнɵɵ коюлду.

Россиянын расмий бийликтери бул окуяга Украинанын катышы бар деп билдирʏʏдɵ. Киев бул айыптоону «акылга сыйбайт» деп жооп берди. Кармалган тɵрт шектʏʏ адамдын аты-жɵнʏ жарыяланды, алар Тажикстандын жарандары: Далерджон Мирзоев, Саидакрами Муродали Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов. Кийинчерээк буларга батирин ижарага берген орус жараны, ɵзбек тектʏʏ Алишер Касимов 8-адам катары кармалды.

 “Ушул айдын башында АКШ Россияда чоң террордук чабуул болушу мʏмкʏн деп Москваны эскерткен, андан кийин ɵзʏнʏн жарандарына да атайын кабар тараткан.

Кремль муну пропаганда жана президенттик шайлоого кийлигишʏʏ аракети катары четке каккан. Кол салуу болгондон кийин Вашингтон «ИМ» жихадчыларынын билдирʏʏсʏнɵн шектенʏʏгɵ негиз жок билдирди.

«ИМ» же анын союздаштары Россияга же анын чет ɵлкɵдɵгʏ кызыкчылыктарына кол салган бул биринчи учур эмес.

2015-жылы Египетте Синай чɵлʏнʏн ʏстʏндɵ россиялык учак жардырылган. Анын бортунда 224 адам бар эле. Алардын кɵбʏ Россиянын жарандары болчу.

Ошондо бул чабуулга жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» алган. Окуядан кийин жардыргыч заттын сʏрɵтʏн жарыялаган.

2017-жылы Санкт-Петербургдагы 15 адамдын ɵмʏрʏн алган метродогу жардыруу дагы радикал исламчылардын жасаган иши болгон.

Жихад ураанын чакырган согушкерлер ондогон жылдар бою Тʏндʏк Кавказда орус армиясына каршы согушуп келди.

Коопсуздук боюнча аналитиктер бир топ себептерге байланыштуу, анын ичинде Сириядагы жихадчылардын уюгун талкалоодогу ролу, 1994-2009-жылдардагы Чеченстандагы мусулмандар менен болгон эки оор согушту жана Афганистанга советтик аскерлердин киргенин эске алып, Россияны террордук бутада экенин айтышууда.

Москвадагы террордук чабуулдун жоопкерчилигин алган «Ислам мамлекети, Корасан аймагы» (ИМКА). Бул Ирандын, Тʏркмɵнстандын жана Афганистандын айрым бɵлʏктɵрʏн камтыган аймактын эски аты.

Терроризм боюнча эксперттердин айтымында, ИМКА ɵзʏнʏн пропагандасында Путинди кɵп сынга алат.

«Ислам мамлекети, Корасан аймагы» дегенди тʏшʏндʏргɵн ИМКА (англ. Isis-K) — бул «Ислам мамлекети» (ИМ) тобунун Афганистан жана Пакистанда аракеттенген аймактык бɵлʏгʏ.

Бул Афганистандандагы куралдуу жихадчылардын эң катаал жана мыкаачы тобу.

Ал 2015-ж. январь айында ɵзʏн Иракта жана Сирияда халифат атаган, кийин АКШ баштаган коалициялык кʏчтɵр талкалап жок кылган «Ислам мамлекети» тобунун таасири кʏчɵп турган маалда тʏптɵлгɵн.

ИМКА ɵз катарын Афганистан жана Пакистандан чыккан, ɵзгɵчɵ Талибанды жетиштʏʏ катаал эмес деп эсептеп, анын катарынан чыгып кеткен жоокерлер менен толуктап келет.

Абдираим Мамытов