26 декабря, 2024

Сɵɵктʏ ɵрттɵɵгɵ уруксатпы?

Ɵлʏк коюу зыяпатында маркумду ар бир элде, улутта ар башкача узатышат. Кыргызстанда жаңы кабыл алынган “Маркумду узатуу жана сɵɵгʏн жайга коюу иши жɵнʏндɵ” мыйзамынын негизинде биологиялык калдыктарды, жандыктардын ɵлʏктɵрʏн атайын крематорийлерде ɵрттɵɵгɵ уруксат берилди. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш былтыр 28-декабрда кабыл алып, президент быйыл 24-февралда кол койгон. Документте маркумду акыркы сапарга узатуу, сɵɵгʏн коюну тескеген бир катар чаралар жазылган. Мыйзамдын алгачкы версиясында адам ɵзʏ сɵɵгʏн ɵрттɵɵ жолу менен акыркы сапарга кетʏʏнʏ чечип, керээз калтырган убакта, киши абакта каза болуп, жубайы, жакын туугандары же башка туугандары болбогон маалда жана тек-жайы аныкталбаган сɵɵктɵрдʏ кремацияга уруксат берʏʏ сунушталган. Мындан сырткары ɵзгɵчɵ кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында карантиндик жана ɵзгɵчɵ кооптуу инфекциялардан, тʏшʏнʏксʏз этиологиядагы инфекциядан каза болгон маркумдардын сɵɵгʏн ɵрттɵɵ да демилгеленген. Кийин мыйзам кабыл алынган маалда бул боюнча беренелер алып салынып, жандыктардын ɵлʏктɵрʏн, биологиялык калдыктарды гана ɵрттɵɵгɵ уруксат берген нормалар калтырылган. Кыргызстанда ɵрттɵɵ – кремация жолу менен сɵɵктɵрдʏ жерге берʏʏ маселеси кɵп жылдан бери талкууланып, расмий уруксат берилген эмес. Буга диний жана башка нерселер себеп болгон. Крематорийлердин жоктугунан улам ɵлкɵдɵ ар кандай жугуштуу ооруларга кабылган жандыктар да ɵрттɵлбɵй, жерге кɵмʏлʏп келген. Бул айрым жерлерде кайрадан ооруну таратуу коркунучун жаратып турган. Мыйзамды демилгелеген депутат М.Маматалиев  “мыйзамга жарым жылдын ичинде кошумча нормативдик актылар киргизилет. Жаңы мыйзамда крематорийлер шаарларда гана болот. Сɵɵктʏ кремациялоо процедурасы белгилʏʏ бир текшерʏʏлɵрдɵн ɵтɵт. Аны дин иштери боюнча мамлекеттик комитет дана Сɵɵктʏ коюу боюча бюросу кɵзɵмɵлдɵйт”,-дейт эл ɵкʏлʏ.

Ош облустук мусулмандар казысы Сайдамир Жээналиев:

“Ɵлʏктʏ кʏйгʏзʏʏгɵ каршымын…”

-Алла таала курани каримде “адам баласын башка жаныбарлардан сыйлуу жана урматтуу кылып жараттык” деп айтат. Анын дини, улуту, уруусу, деги эле мусулманбы, мусулман эмеспи, ким болуусуна карабай, жалпы адам баласын бирдей кылып жаратты. Алла таала адамды сыйлуу жана урматтуу кылып жараткан соң аны ɵлгɵндɵн кийин да урмат- сыйы менен жерге кɵмʏʏ буйрулган. Ɵлʏктʏ кʏйгʏзгɵнгɵ менин жаран катары, дин тʏшʏнгɵн адам катары жеке пикирим, бул нерсе туура эмес. Эгерде адам аябай катуу, башкаларга залакасы тие турган, жугуштуу оору менен ооруса дагы, аны кʏйгʏзбɵй эле башка жолун кылса болот. Мисалы, ооруну козгогуч микробдор башка бирɵɵгɵ жукпаш ʏчʏн жерди чуңкур казып, ʏстʏн билгизбей цемент менен бекитип салат. Ушундай ыкмаларды жасаса болот.

“40 жылдан соң мʏрзɵнʏ кайра иштетсе болот”

-Жерлердин азайып жатышы чындык жана табийгый абал. Айыл чарба иштетʏʏчʏ жайыт жерлерге, ʏйлɵрдʏ салдырып, жерлерди уурдатып коюп жатабыз. Ошол жерлерди биз сарамжалдуу пайдалансак туура болот деп ойлоймун. “Фатва” китептерибизде дагы маркумду кɵмгɵн жерди кайрадан колдонуу ʏчʏн эң тез дегенде 25 жылдан башталат. Негизи аалымдарыбыз 40 жылдан соң эски мʏрзɵнʏ кайра иштетсе болот деп белгилешкен. Бул ыкма кʏйгʏзгɵнгɵ караганда алда канча жакшыраак.

Америкада ɵлʏктʏ коюу салтын ɵздɵрʏ тандашат

Америкалык адамдар тирʏʏ мезгилинде эле мʏрзɵсʏнʏн каерде жайгашарын ойлонуп башташат. Кɵрʏстɵндɵн орун алуу ʏчʏн жер сатып алып, ɵлгɵнгɵ чейин ай сайын белгилʏʏ суммада акча тɵлɵп, ээлеп турушат. Сɵɵк коюу аземи чиркɵɵдɵ, кɵмʏлгɵн жерде, маркумдун ʏйʏндɵ же ɵлʏкканада ɵтɵт. Маркумдун туугандары каалаган ɵлʏк коюу салтын ɵздɵрʏ тандашат. Ошондой эле АКШда сɵɵк коюу салтын жаназа ʏйʏнʏн адистери колго алып, бардык ырым-жырымдарды ɵздɵрʏ жасап беришет. Маркумду узатууда сɵɵккɵ кара кийим кийгизип, эреже боюнча нике шакегинен башка зер буюмдарынын баарын алып коюшат. Ал эми тааныштары, дос-жарлары маркумдун жакындарына кайрымдуулук ʏчʏн материалдык жактан жардам беришет. Эгерде шарты жок болсо, жок дегенде бир гʏл таштап кетʏʏсʏ керек болот. Анткени гʏл сооротуучу, кɵңʏл айтуучу деген тʏшʏнʏктʏ берет. Маркумдун ɵлʏмʏнʏн себептери боюнча сʏйлɵшʏʏлɵр болбойт.

Индиянын ɵлʏктʏ ɵрттɵɵ каадасы

Индустар сɵɵктʏ жайга жеткирʏʏ ʏчʏн табыт колдонушпайт. Маркумду бамбук замбилге жаткырып, ʏстʏн таза ак кездеме менен жаап, кремация болгон жерге алып барып жаткырышат. Андан соң акыркы даарат алынып, сɵɵк пирамидасына коюлуп, тизесине оор дɵңгɵч коюп коюшат. Жаназа отун маркумдун уулу жеке жакыны кʏйгʏзʏшʏ керек. Индияда атасы ɵлсɵ башына, энеси ɵлсɵ бутуна ɵрт коюшат. Маркумдун ʏй-бʏлɵсʏндɵгʏ бардык эркек аттуулар сɵɵктʏ жети жолу айланышы керек. Ошол эле учурда кʏйʏп жаткан отко, жыпар жыттуу майларды куюшат. Бул учурда маркумдун денесин алоолонгон от каптайт. Ɵлʏктʏ ɵрттɵгɵн соң ʏч кʏн ɵткɵндɵн кийин кʏйгɵн сɵɵктʏн кʏлʏн урналарга чогултушат. 13-кʏнʏ маркумдун каалоосу менен тандалган ыйык дарыяга кʏлдʏ агызышат. Анткенти Индияда адамдар ɵлɵ электе эле кʏлʏн ыргытуучу дарыяны тандап коюшат.

“Кɵз жаштын аягы” майрамын белгилеген вьетнамдыктар

Вьетнамда сɵɵк коюу аземинде тʏрдʏʏ- тʏстʏʏ жаныбарлар, ызы-чуулуу эл менен маркумду кɵрʏстɵнгɵ чейин коштоп барышат. Вьетнамдыктардын ɵлʏк узаткандагы абалын башка мамлекеттердин кɵбʏ жылмаюу деп билип чаташтырышат. Себеби алардын маркумду ызы-чуу менен узаткандыгы, башкаларга шаан- шɵɵкɵттɵй сезилет. Ветнамдыктардын ишеними боюнча жупуну узатуу маркумдун рухун канааттандырбайт. Кɵпчʏлʏк мамлекеттердегидей эле Вьетнамда маркумду акыркы сапарга узатуудан мурун дарыгерлер жана полиция кызматкерлери келип текшеришет. Ɵлʏм фактысын документтештирип бʏткɵн соң гана ɵлʏм жаназасын баштоого уруксат берилет. Алар адам ɵлгɵн соң чыныгы жашоого барат деген ой менен маркумду даярдап башташат. Алгач маркумга эң жакшы, эң кымбат кийимдерин кийгизишет. Анан ак кездемеге ороп, жанына жасалма акчаларды коюшат. Мʏмкʏнчʏлʏгʏ барлар ири номиналдагы купюраларды койгонго болот. Ɵлʏк табытка коюлгандан кийин сɵɵк коюу аземи аяктады деп эсептелинет. Бирок жакындары башына банандын буласынан же самандан жасалган калың баш кийим кийип, 100 кʏн маркумду эскерип, ар ʏчʏнчʏ кʏнʏ экинчи жолу келʏʏгɵ милдеттʏʏ болушат. Ошентип 100-кʏн болгондо “кɵз жаштын аягы” майрамын белгилешет. Бирок маркумдун кайгысы муну менен бʏтпɵйт. Кийинки эскерʏʏ каза болгон кʏндɵн тартып, туура бир жылдан соң белгиленет.

Германиядагы сɵɵк коюунун эрежелери

Германияда ар бир штат сɵɵк коюунун убактысын жана эрежелерин, ɵлʏмдʏн себебин иликтɵɵнʏн тартибин аныктаган сɵɵк коюу мыйзамын кабыл алган. Сɵɵк коюу мыйзамдарында, сɵɵктʏ кɵрʏстɵнгɵ коюу талап кылынат. Сɵɵктʏ жерге бергенден кийин, жердин кɵлɵмʏнɵ жараша 6 жылдан 20 жылга чейин тɵлɵм алынат. Тɵлɵмдʏн мɵɵнɵтʏ бʏткɵндɵн кийин мʏрзɵнʏ колдонуу убакыты дагы бʏтɵт. Маркумдун урпактарына сɵɵк коюунун акы тɵлɵнʏʏчʏ мɵɵнɵтʏ аяктагандыгы тууралуу алдын- ала эскертʏʏ айтылат. Жаңы мɵɵнɵт ʏчʏн тɵлɵм аткарылбаса ал жер бош деп кайра сатылат.

Германияда жɵɵттɵрдʏн кɵрʏстɵндɵрʏ ʏчʏн атайы ɵзгɵчɵлʏктɵр бар. Кɵрʏстɵн бир гана жолу колдонулуп, каза болгон еврейлер тʏбɵлʏккɵ “эс алышат”. Ал эми мусулмандарга ɵлкɵнʏн кээ бир шаарларында гана маркумду тʏбɵлʏккɵ кɵрʏстɵнгɵ койгонго уруксат берилет.

Сʏйʏнали кызы Таңсулуу