18 октября, 2024

ААЛАМ АЛИ ЖАШ

Израилдик астрофизик Амри Вандель тарабынан айтылуу Ферми парадоксуна жаңы тʏшʏндʏрмɵлɵр киргизилди. Анын бʏтʏмдɵрʏ жалпы адамзаттык акыл-эстин тарабына анча деле оой бербегенине карабастан, илимий журналдар аларды ынанымдуу деп жарыялоону туура тапкан.

АДАМЗАТ АКЫЛЫ ТОЛО ЭЛЕК

Илимий чɵйрɵлɵрдɵ кеңири жайылып кеткен уламышка ылайык,  америкалык физик (теги италиялык),  Нобель сыйлыгынын ээси Энрико Ферми 1950-жылы эле кайсы бир окумуштуулар олтурушунда физик-коллегаларынын бул ааламда  адамдардын акыл-эстʏʏ туугандары толуп жатканы жагдайында айткандарын угуп калат.

“Болуптур дейли, бирок алар каерде?”-деп сурайт Ферми. Коллегалары ар нерсени бир айтып, токтоп калышат. Кɵз кɵрʏнɵɵ карама-каршылык-аябагандай чоң аалам жана башка акыл-эстʏʏлɵр менен байланыштын такыр жоктугу. Бул кийин Ферминин парадоксу деп аталып калды.

Чейрек кылымдан кийин ушул эле темага англис физиги Майкл Харт эгерде башка планеталык цивилизациялар бар болсо, анда алардын кимдир-бирɵɵ жарымы мындан миллион жылдар мурда эле бизге жетмек деген мааниде кайрылып кɵрдʏ. Бирок, бизге жетпеди, алысыраактан болсо да кɵрʏнбɵдʏ, дайынын билдирбеди, сигнал да бербеди. Азыркы учурда да, ɵткɵн чакта деле  кандайдыр бир   байланышты кʏбɵлɵндʏрʏʏчʏ илимий факт жок. Келгиндердин издери да табылбады. Окумуштуулар эмне ʏчʏн мындай деген суроонун ʏстʏнɵн баш катырышууда.

Ванделдин бʏтʏмдɵрʏнɵн биздин цивилизация байланыштар доору деп аталган мезгилдин технологиялык деңгээлине жете элек, демек  биздин цивилизация “ акыл-эстʏʏ боордоштор” ʏчʏн кандай кызыкчылыкты жаратпайт деген маани келип чыгат. Алар сыягы, кɵбʏрɵɵк ɵлчɵмдɵ прагматикалуу келип,  ресурстарды болбогон нерселерге сарптай бергенди туура кɵрʏшпɵсɵ керек.

“КƟБYК” КЕҢЕЙYYДƟ

Башкача айтканда, жердегилер  ɵнʏгʏʏ жагына алдыраак озуп кеткен башка планеталыктардын алдында азырынча акмак кɵрʏнʏп жаткандайбыз. Биздин артта калгандыгыбыз жɵнʏндɵгʏ бʏтʏмдɵрдʏ  алар биз 1895-жылдан, радио ойлонуп табылгандан бери туш-тарапка жарыктын ылдамдыгы менен “жɵнɵтʏп” жаткан сигналдардан улам жасап жатышкандай таасир калат. Бизге кайсыл бир ɵлчɵм-ченемде жакыныраак жайгашкан башка цивилизациялардын ɵкʏлдɵрʏ биздин радио жана теле берʏʏлɵрдʏ тутуп жатканын жокко чыгарууга болбойт.

Биздин радиотолкундар жетʏʏгɵ ʏлгʏргɵн чек “Адамзат кɵбʏгʏ” деп аталат. Жʏз жылдан бир аз ашыгыраак мезгилден бери биз аны жарыктандырып келатабыз. Радио толкундун бир жылдык жʏрʏшʏ бир жарык жылдык убакытка тең келет. “Кɵбʏктʏн радиусу” 128 жарык жылга барабар деп эсептелет, анткени азын-оолак болсо да олуттуу жарыктандырган толкун берʏʏчʏлɵр-передатчиктер мындан 128 жыл мурда пайда болгон. Эксперттердин эсебинде азыр мисалы, экинчи дʏйнɵлʏк согуш маалындагы Сталин менен Гитлердин ʏндɵрʏ жете элек аалам айдыңдары бар.

Ошону менен бирге эле “кɵбʏктʏн” чегинде деле “аң-сезимдʏʏ”, ɵнʏгʏʏ деңгээли боюнча бизден озуп кеткен же артта калган цивилизациялардын болуп калуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн Вандель жокко чыгарбайт.

“ААЛАМДА БИЗДЕН АКЫЛДУУ ЖОК”

Гарвард университетинин профессору, астроном Димитар Сасселов мындан он жыл илгери эле “Ферми парадоксуна” ɵзʏнʏн жандырмагын берген. Анда  израилдик коллегасынын бʏтʏмдɵрʏнɵ тʏздɵн-тʏз карама-каршы келген пикирдерди айткан. Башкача айтканда, окумуштуунун пикиринде адамдар балким, бʏткʏл ааламда болбосо да, Саманчынын жолу галактикасында эң акылдуу деп эсептелет. Мындан чыкты алыскыбы-жакынкыбы, иш кылып, ɵнʏгʏʏсʏ жагынан адамзаттыкынанан ашып кеткен цивилизация жок. Башка цивилизациялар менен байланыш да жокпу  демек, аларга да, бизге да жылдыздар аралык байланыштын кандайдыр бир принципиалдуу ачылыштары жетишпей жатат.

Аалам азыр болжолдуу алганда 13,7-13,8 миллириад жашта. Окумуштуунун эсеп-чоту боюнча, пайда болгон  жылдыздар 1миллард жыл аралыгында баштапкы суутек жана гелийден планетанын жаралышына зарыл болгон жетиштʏʏ кычкылтек темир, кремний, кɵмʏртек жана башка элементтерди “иштɵɵдɵн” ɵткɵрʏшкɵн. Дагы 9 миллиард жыл  алардын башын “бириктирʏʏ” жана жашоо-тиричилик ʏчʏн шарт тʏзʏʏгɵ сарпталган. Жашы 4,5 миллиард жылга эсептелген Жер убакыттын бул алкагына эң эле сонун батат.Жашоо жаралган эң биринчи планета биздики экенинде чоң ыктымалдуулук бар жана биз тиешелʏʏ  маанисинде биринчи аң-сезимдʏʏ, демек эң акылдуу жанбыз.

БАЙЛАНЫШКА ЖАШТЫК КЫЛАБЫЗ

 Ошентип, башка планетадагылар ɵткɵн мезгилдерде бизге  учуп келʏʏсʏ мʏмкʏн эмес. Аларды жакынкы аралыктарда кʏтʏʏ да аңкоолук. Биз да аларга учуп жете албайбыз. Мына Ферми парадоксунун мурда сунушталгандардын арасынан эң эле жɵнɵкɵй жандырмагы: жогорку ɵнʏккɵн жашоо менен толтурууга аалам али жаштык кылат. Ɵтɵ эле ʏмʏт жандырган деп айта албайбыз, бирок таарынганга да негиз жок.

“Сасселов жандырмагынын” натыйжасы да бар. Рочерстер университетинин физика жана астрономия боюнча профессору Адам Фрэнктин эсеп-кысабы боюнча жок дегенде азыркы адамзаттын ɵнʏгʏʏ деңгээлине жетʏʏ ʏчʏн башкаларга жыйырма миң жарык жылдан кем эмес убакыт талап кылынат. Биз тараптан, мисалы, эртең жɵнɵтʏлгɵн сигналдарды башка планетадагы “акыл-эстʏʏлɵр” дагы 20 миң жарык жылдан кийин алышат. Жообун кʏтʏʏгɵ да дал ошончо убакыт кетет. Жыйынтыгында жакшы дегенде кырк миң жарык жыл! Ɵтɵ эле узак убакыт- ага  дейре  Жер ɵзʏ сакталып турабы же турбайбы, белгисиз.

Эгерде орун которуштуруу чын эле жарыктын ылдамдыгы менен чектелгендиги, ал эми мейкиндиктин тканында  ааламдын ар башка райондорун туташтыруучу кандайдыр-бир кыска жолдор  жок экендиги аягына чейин аныкталса, анда биз аң-сезимдʏʏ башка боордошторубуз менен албетте, алар бар болсо качандыр бир мезгилде байланыша алуубуз  кʏмɵн жаратат.

ЖЕРГЕ ОКШОШ ПЛАНЕТАЛАР ГАЛАКТИКАДА 300 МИЛЛИОН!

Орбиталдык “Кеплер” телескобунан он жылдан бери алынган маалыматтарга анализ жʏргʏзгɵн НАСАнын адистери Саманчынын жолу галактикасында жерге окшогон, башкача айтканда, жашоого жарактуу деп саналган 300 миллиондон кем эмес  планеталардын бар экендигин эсептеп чыгышкан. Жерге окшош деп астрономдор радиусу биздин- жердикинин жарымынан  баштап бир жарымга чейинки ɵлчɵмʏн тʏзгɵн,  Кʏн сыяктуу жылдыздарды айланып жʏргɵн таштуу, жашоого жарактуу, ʏстʏңкʏ кыртышта суу суюктук тʏрʏндɵ муздап калбоосу ʏчʏн жетиштʏʏ деңгээлде жылуу болгон  планеталарды аташат. Андайлар биздин галактикада  7 пайызды тʏзʏп, анын 18 пайызы  жок эле дегенде жерге окшогон бир планеталык системаны жарата алат. Максимум жагына салып суммалаганда “жер” жалпысынан толтура болуп чыга келет. Саманчынын жолу галактикасынын спиралдык жеңи боюнча жашоого жарактуу 6 миллиард планета бар.

БУО ЖАНА КООПСУЗДУК

АКШ Улуттук чалгындоо офисинин директорунун отчетуна  ылайык,  кыска мезгил аралыгында эле америкалыктар  жарым миңге чукул белгисиз учуучу обьектилерди (БУО)  байкашкан. Эске сала кетсек,  ɵткɵн жылы Конгресс жана Пентагон “учуучу тарелкалар менен олуттуу эле иш алып барышкан. Келгиндерди кɵргɵн-байкагандарга азыр  акмак же дɵɵпɵрɵстɵрдɵй карабай калышкан. Бирок, маалыматтардын олчойгон ʏлʏшʏ фермерлерге эмес,  Куралдуу кʏчтɵрдʏн аскер кызматчыларына туш келет. БУОлор   каалагандын баарын жасашууда: ишенʏʏгɵ мʏмкʏн болбогондой ылдамдыкта учушуп, абада полициядай чукул бурулуштарды жасашат.  Ошол эле учурда аскердик учактар менен кагылышып кеткен бир да учур  катталган эместигин чалгынчылар баса белгилешет.

“Биз космосто, кургакта, сууда жана аба мейкиндибизде пайда болгон белгисиз учуучу обьектилер туурасындагы ар бир билдирʏʏ, маалыматка олуттуу карайбыз”-дейт Пентагондун ɵкʏлʏ Патрик Райдер. Бул ведомство жакында БУОну улуттук коопсуздукка коркунуч деп баалады. Окумуштуулар эмне ʏчʏн аалам унчукпай жатканын талдап-талкуулап жаткан маалда аскер кызматкерлери реалдуу келгиндер менен согушууга даярданып жатышканы кызык болууда.

Кандай болгондо да азыркы учурда БУОлор жаатындагы ар тʏрдʏʏ маалыматтар НАСАда эң эле кɵп топтолуп жатканын белгилебей коюуга болбойт. “Жашыруун” грифи менен сакталган мындай маалыматтарды коомчулук алдына ачыкка чыгаруу демилгесин  убагында Билл Клинтондун жубайы Хиллари Клинтон кɵтɵрʏп чыкканы бекеринен эмес.

Абдираим Мамытов