8 сентября, 2024

ИНСАНДЫК БААЛУУЛУК ЭЛГЕ КƟРСƟТКƟН ЭМГЕГИ МЕНЕН БААЛАНАТ

Жарым кылымга жакын Ош мамлекеттик университетинде иштеп таалим-тарбия, илим изилдɵɵ жумушунда жигердʏʏ эмгектенген психология илимдеринин кандидаты, профессор  Закиров Акимжан агай жɵнʏндɵ сɵз кылмакпыз. Агай быйыл 70 жашка чыгат. Ɵмʏрʏн билим берʏʏгɵ арнаган ɵрнɵктʏʏ инсандын бейне баяны.

Идиректʏʏ бала

Акимжан Закиров 1954-жылы 29-майда Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында дыйкандын ʏй-бʏлɵсʏндɵ тɵрɵлгɵн. Онунчу классты аяктагандан кийин ɵз айылындагы колхоздо чабандын жардамчысы болуп эмгек жолун баштаган. 1973-1975-жылдары Советтик армиянын катарында аскерде кызмат ɵтɵп келген.  Илимпоз-педагог болууну кɵксɵгɵн демилгелʏʏ жаш улан Союз мезгилинде республиканын тʏштʏк регионундагы жападан жалгыз жогорку билим бере турган Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика адистигине 1975-жылы кирип, аны 1979-жылы ийгиликтʏʏ бʏтʏргɵн. Советтик армиянын кызматтын ɵтɵп жаткан мезгилинде Ленинград шаарында электрик адистигинде окуп, “тɵртʏнчʏ разряддагы электрик” деген адистикке ээ болуп, электр приборлорду жакшы иштете алгандыктан 3-курста физика лабораториясына лаборанттык кызматка алынган. Ошол кʏндɵн ушул кʏнгɵ дейре ОшМУда ʏзʏрлʏʏ эмгектенип келе жатат.

Студенттик мезгилде  аалам таануу илимине кызыгып, сабак берген профессорлор Ф.Н. Заитовдун, В.И. Сидоренконун, Б. Араповдун, Ш. Исмаиловдун, М. Папиевдин, Ж. Эгембердиев ж.б. агайларынын илимий семинарларына, атайын курстарына катышып, ааламдагы галактикалык планеталар жɵнʏндɵ ой жʏгʏртʏп,  алардын аралыгындагы гравитациялык кʏчтʏн мыйзам ченемдерин табуунун аракетинде бир катар рефераттарды, илимий докладдарды даярдап, конкурстарда баалуу сыйлыктар менен сыйланып, бул проблемалар туурасында  илимпоздорду дагы ойлондуруп келген. Акимжан агайдын бул багыттагы илимге кызыгып калышы да кокусунан эмес. Туулуп-ɵскɵн кичи мекени Ой-Тал айылы тоолуу аймакта болгондуктан кар кɵп жаап, кыш узак болуп, ал жердин тургундары ʏчʏн аба  ырайына алдын ала прогноз жʏргʏзʏʏ мааниге ээ болгон. Ал маалыматты агай жердин айлануу кыймылына, ɵсʏмдʏктɵрдʏн тʏсʏнɵ, агын жана булак суулардын сапаттарына,  жаан-чачындын циклондоруна таянып,  келечектеги боло турган аба  ырайына прогноз жасап,  болжолдуу келерки ай, жыл кандай боло тургандыгы жɵнʏндɵгʏ маалыматты элге берип турган. Ошондо эле жергиликтʏʏ эл тарабынан идиректʏʏ бала деген атка конгон.

Илимпоздун жумушуна карап, анын руханий дʏйнɵсʏн таанууга болот

Орустун улуу философу А.Н. Кочергин “… илимпоздун жумушуна карап анын руханий дʏйнɵсʏн таанууга болот” деген инсандарга берген шилтемесине таянуу менен агайдын кандай инсан экендигин тɵмɵндɵгʏчɵ чечмелейбиз. Ал жаш кадрларды жан дили менен тарбиялап, адистикти берген устат. Ошол эле мезгилде дʏйнɵ таанымы ɵзʏ теўдʏʏлɵрдɵн жогору болгон илимпоз, ɵз элинин патриот инсаны, коомдук жагдайды туура тʏшʏнгɵн саясатчы, чет элдик илимпоздор менен тыгыз байланышкан дипломат,  жаштарды тарбиялап-окутууда жигердʏʏ окутуучу жана ʏй – бʏлɵдɵгʏ сʏйʏктʏʏ ата, чоў ата, таята. Балдарынын бардыгы жогорку билимдʏʏ: уулу жооптуу кызматтарда иштесе, кичʏʏсʏ Аксана Германиянын Берлин шаарындагы Гумбольдт атындагы университетте илимий кызматкер, улуу кызы Тамара Москва шаарында кɵп жылдан бери эл сакчысында врач болуп эмгектенет.

    Акимжан агай бир эле окутуучулук кызматты аркалабастан, шаардык ички иштер башкармалыгында, ƟКМнин кызматчыларына, орто жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларына психология боюнча кеўеш берип, керектʏʏ жарандарга психологиялык тренингдерди ɵткɵрʏп, жардам берип келет. Айрыкча тергɵɵчʏлɵргɵ сот жумушуна керектʏʏ болгон  соттук психологиялык экспертиза багытындагы чоў жардамын кɵрсɵтʏп, кылмышкердик абалдарды так таанууну уюштуруп келʏʏдɵ. Ош шаарындагы бардык жогорку окуу жайлардын, медицина багыттындагы окутуучу-профессорлоруна сабак ɵтʏʏнʏн инновациялык технологиясын кɵтɵрʏʏдɵ, керек болуучу психологиялык теориялар,  жаўы ыкмалар жана угуучуларды ɵзʏнɵ тартуучу психологиялык ɵз ара мамилелердин эрежелери боюнча билимдерин жогорулатып келет.                  

Агайдын физика адистигинен кантип психология адистигине ɵткɵндʏгʏ кимди болсо да кызыктырбай койбосо керек. Бул окуя ɵзʏнчɵ сɵз кыла турган маалымат. 1980-жылы физика адистиги боюнча илимий изилдɵɵлɵрдʏ жʏргʏзʏп, аспирантурага кириш ʏчʏн Эстониянын Тарту шаарында жарым ɵткɵргʏчтɵр боюнча иштеген Иоффе атындагы илим изилдɵɵ институтуна барып макулдук кат алып келсе, бийликтегилер агайдын ордуна башка адамды жиберип койгондон улам агай бул багытта иш алып бара албай калган. Ушул окуядан кийин 1981-жылдын март айында ректор Сулайман Жумагулов институтта иштеген жаш адистерди ɵзʏнɵ чогултуп, “Мен институтка келгенден бери анча маани берген эмес экенмин, бизде азыркы замандын талабына ɵтɵ керектʏʏ психология адистигинде бир дагы квалификацияга ээ болгон жергиликтʏʏ улуттук адис жок экен, бул жерде иштегендин бардыгы сырттан келгендиктен бир мезгилде бул адистер кетип калса жумуш аксап калышы мʏмкʏн. Кызматтык орун бар, ким ɵтɵт?” деп келген жаштарга кайрылат.  Эч кимиси “мен барам” деп айта алган эмес.  Ошондо профессор: “Закировдон башкаўар бара бергиле, сен мага жакын отур. Сен коркпо, мен жардамымды берем. Ушул жылдын сентябрь айынан Москвадагы М.В. Ломоносов атындагы университеттин психология факультетине жɵнɵтɵм, окуп келесиў, азыр арызыўды жаз, педагогика-психология кафедрасына психолог мугалим болуп бар” деп жɵнɵткɵндɵн бери психолог мугалим болуп калганмын”,- деп сыймыктануу менен айтып берди.

 Психолог окумуштуу

Ошентип Москвадагы М.В. Ломоносов атындагы университеттен билимин ɵркʏндɵтʏп, аспирантурадан ɵткɵн 1994-жылы ошол жерден психология багытындагы  кандидаттык диссертациясын коргоп, 2000-жылы доценттик наамын алган. 1990-1991- жылдары ОшМУнун балдар психологиясы, 1995-2006-жылдары психология кафедраларынын башчысы. 2006-2008-жылдары ОшМУнун педагогика жана дене  тарбия факультетинин  деканы,  2008-2009-жылдары ОшМУнун аспирантура бɵлʏмʏн башкарган. 2009-2019-жылдары  ОшМУдагы  «ʏзгʏлтʏксʏз билим берʏʏ» институтунун директору болуп эмгектенсе,  2020-жылдан бери ОшМУнун профессору болуп студенттерге сабак берип келе жатат. 1994-жылдан бери ОшМУнун окумуштуулар кеўешинин жана КРдагы психологдор коомунун мʏчɵсʏ.

1979-2024-жылдары бир канча жолу  Ош облусунун, шаарынын ардак грамоталары, алкыш, акчалай сыйлыктары менен сыйланган. 1989-жылы Билим берʏʏ министрлигинин ардак грамотасын, 1997-жылы  “Эл агартуунун мыктысы” тɵш белгинин ээси.  2007- жылы Индия мамлекетинин ардак грамотасын, 2014-жылы “ОшМУнун эмгек сиўирген окутуучусу”  деген  медалдын ээси.            Психология, этнопсихология багытында 176дан ашык илимий эмгектердин автору. Анын ичинен 3 монография, 8 окуу китеби билим берʏʏ министрлигинин грифи менен басмадан чыкса, 10дон ашык окуу куралы жана усулдук колдонмолорун студенттер ʏзʏрлʏʏ колдонуп келе жатышат. Азыркы кʏндɵ  педагогика жана психология багытында илимий темаларга (аспиранттарга, магистранттарга) илимий жетекчи болуу менен Акимжан Закировдун жетекчилиги алдында кандидаттык, магистрдик диссертациялар корголуп, ɵзʏнʏн айланасына психологдорду топтоп, Кыргызстандын тʏштʏгʏндɵ илимий мектебин жарата алган психолог окумушту.

2004-жылы ОшМУнун курамындагы кадрларды кайра даярдоо  институтуна психология адистигин ачып, кафедрадагы психолог эмес окутуучуларды (Кулуева Г., Борбуева Г., Умурбекова Т., Кошонова С., Накатаев М., Умаров Т., Алиева Б., Жоошбекова З., ж.б.) окутуп психолог адистерди даярдаган. Азыркы мезгилде бул психологдордун 70% илимдин кандидаттары, доценттери. Доцент Кошонова Салтанат кафедра башчысы болсо, доцент Умаров Талант педагогика жана психология факультетинин деканынын милдетин аткаруучу.          2005-жылы ОшМУнун юридика факультетинин курамында бакалавр багыттындагы психология адистигин ачып, азыркы кʏндɵ психология багытындагы элге керектʏʏ болгон психолог адистер окуп чыгууда.  2009-жылы орто жана жогорку билимдʏʏ адистердин билимин экинчи адистикке алмаштыра турган, ɵндʏрʏшкɵ керектʏʏ болгон кыска мɵɵнɵттʏʏ (орто билимдʏʏлɵр ʏчʏн 3 жылдык, жогорку билимдʏʏлɵр ʏчʏн 2 жылдык) “ʏзгʏлтʏксʏз билим берʏʏ” институтун ачып, ɵндʏрʏшкɵ чоў пайдасын тийгизген.

 Илимий изилдɵɵлɵрʏн ɵркʏндɵтʏп, илимий баяндамалар менен Кыргызстанда, Казакстанда, Ɵзбекстанда, Грузияда, Россияда жана алыскы чет ɵлкɵлɵр Кытай, Чехия, Словакия, Эстония мамлекеттеринде болуп, психология боюнча талаш-тартышка мʏнɵздʏʏ келген психологиялык багыттагы докладдарды жасап, элди ɵзʏнɵ бура алган илимпоз. Демɵɵрчʏлʏк ишди дагы колго алып, ɵзʏ туулуп- ɵскɵн  Ой-Тал орто мектебинин окуучуларына, акыркы LG-моделдеги компьютер (беш даана компьютер, принтер) алып барып окуучулардын класстарына коюп берген. Ушул багыттан агайды карай турган болсок эмгегинен баар тапкан, илимпоз-педагог инсан катары тааныйбыз. Акимжан агай быйыл 70 жашта, юбилейлик курагы менен куттуктап, ишине ийгилик, турмушуна жакшылык каалап, бар боло бериўиз демекчибиз!