19 мая, 2024

Кайнене нарктуу болсо, келин эптʏʏ болот

Кыргыз элинде башкалардан айырмаланып, ʏй-бʏлɵлʏк жашоосунда келин жана кайнене аттуу салттык тʏшʏнʏк бар. Келин турмушка чыкканда эң алгач кайнененин сынынан ɵтɵт. Келген жери келинди жактырса, акжолтой келин болду дешет. Келин кɵңʏлдɵрʏнɵ жакпай калса, кайнене келинди басынтып, ал кайындарынын душманына айланган да учурлар кɵп кездешет. Мына ушундай коомдо кɵбʏрɵɵк талкуу  басымдуулук жараткан келин менен кайнененин мамилеси боюнча сɵз кылабыз.

“Кызматтан эч ким жаман кɵрʏнгɵн эмес”

КРнын Эл жазуучусу Суранчы Жетимишов:

-Келин кызматын жана милдетин билʏʏсʏ керек. Илгертен эле аш-тойлордо келин-кесектер тʏнʏ-кʏнʏ иш кылышкан. Азыр андай деле оор кыйынчылык жок. Бардыгы жеңил эле болуп калды. Болгону даяр нерселерди жайгаштыруу. Бул жерде келиндин кыраакылыгы, акылдуулугу, ийкемдʏʏлʏгʏ керек болот. “Мен сабактан, иштен калып калам же бир жакка барам, жасанганга ʏлгʏрбɵйм, кайненеге кеткен кайран убакыт” деген сыяктуу шылтоолор кыска ойлуулук. Убакытты ʏнɵмдɵсɵ болот. Ɵзʏнʏн тиричилиги менен биргеликте ошол ʏйдʏн дагы тиричилигин аткарууга милдеттʏʏ. Тагдыр туш келтиргенге моюн сунуп жашоо. Келин кызмат кылыштан качыш керек эмес, кызматын, мээнетин кɵрсɵтсɵ, ыраатын сɵзсʏз кɵрɵт. Мен барган жеримде кызматым менен, мамилем менен жагайын деген ой менен баруусу керек.

“Кээ бир кайненелер аябай каардуу, бийликти буга бербеймин деп…”

-Жаңы келген келин деле жакшы ою менен келет, ɵзʏн этият кармайт, сылык-сыпаа болот. Анын дагы ɵзʏнʏн ою бар. Келип эле жеке кайненесинин пикири менен болгусу келбейт да, ал деле ɵзʏнʏн ызат сыйын, жакшы жактарын кɵрсɵтʏп, тил табышып кеткиси келет. Кээ бир кайненелер аябай каардуу, бийликти буга бербеймин деген ой менен уулунан да ошону талап кылып, аялды андай башкар, мындай башкар деп баштайт. Турмушта зомбулук менен башкаруу болбойт. Жылуу мамиле керек.

“Жигит апасы менен келинчегинин ортосундагы кɵпʏрɵ”

-Балага апасынын кулк мʏнɵзʏ тʏшʏнʏктʏʏ эле болот. Жаңы алып келген келинчегин  жактырып алып келди. Кайнене менен келиндин ортосунда карама-каршылык болбош ʏчʏн бала кɵпʏрɵ болуусу керек. “Апа, сиз туура эмес кылып жатасыз” же колуктусуна “сен туура эмес кылып жатасың” деп экɵɵнʏ тил табыштыруу оңой эле. Мунун эч кандай оорчулугу деле жок. Эмне болсоңор, ошо болгула деген болбойт. Кимиси болсун чын дилинен, чын жʏрɵгʏнɵн сунуш айтса, эч убакта карама-каршылык болбойт деп ойлойм.

“Маселенин баары кайын журтка жагам деген миссияны койгондон кийин башталат”

“Асылзат” айымдар коомунун тɵрайымы, филология илимдеринин кандидаты Нуркыз Кадырбекова:

-Кайын журтка бара жатканда алардын укуктары менен катар эле, милдеттерин талап кылып барабыз. Сен дагы укутарың менен катар милдеттериңди билип барышың керек. ʏй-бʏлɵ кичинекей мамлекет болот эмеспи. Балким, бул мамлекеттеги бир эреже мага жакпашы мʏмкʏн. Бирок мен бул мамлекеттин жараны катары ал эрежени аткарам деп барсам мага жеңил болот деп ойлонуу керек. Мисалы, машина айдап баратканда керилип баскан жɵɵ жʏргʏнчʏлɵрдʏ ура коюп ɵтʏп кеткиң келет. Бирок андай кылууга мʏмкʏн эмес да. Керилип басса дагы, айдоочулук моралдык укугубузду сыйлабай, жолдун ортосунда жʏрсɵ дагы, биздин мамлекетте жɵɵ жʏргʏнчʏнʏ сыйлоо бул кылмыштуулуктун жана кырсыктын алдын алуучу жагдай болгондуктан, биз аны кʏтʏшʏбʏз керек. Ушул сыяктуу эле сен бир ʏй-бʏлɵгɵ келин болуп бара жатсаң ал ʏйдʏн эрежесин, маданиятын, салттарын кабыл алып коюшуң керек. Бул аял, бул эне кыйналып баласын чоңойтту, мага ушунча каражат сарптады, эгерде мен анын чайын кайнатып, кийимин ʏтʏктɵп берип койсом ага жагымдуу болот. Мен эч нерсе болбойм, ʏй-бʏлɵлʏк мамилелер жакшырат деп кабыл алуу керек. Мен ушуну жасап койсом жакшы кɵрʏп калып мени урушпай калар бекен деген нерсе болбойт. Баарына жаккыдай сен доллар эмессиң. Ɵзʏң бойдон эле кал. Бирок каалоо менен кыл. Кылышым керек эмес, кылсам мага жагат деп жасоо керек. Мына ошондо жакшы келин боло алат.

“Келин чай куюуга милдеттʏʏ эмес деген тʏшʏнʏк тарап кетти”

Теолог Айжан Акылбекова:

-Ооба, келин чын эле чай коюуга, оокат кылууга милдеттʏʏ эмес. Бирок кайсыл учурда? Мына ушул жерден кыздарыбыз, келиндерибиз чаташтырып алышты. Бирок ошентсе дагы кандайдыр бир себеп менен тамак жасабагандыгы, ʏй жыйбагандыгы ʏчʏн кор болушу керек эмес. Ал ʏй жумуштарын жасабай койгондугу ʏчʏн кордук кɵрʏп, токмок жебеши керек. Ал кордук кɵргɵнгɵ милдетʏʏ эмес да. Болгону ал башка ʏйгɵ бʏлɵ болгондугун унутпай, барган жеринин каада салтын, ʏрп адатын эске алуусу зарыл. Келин болгондон кийин кайненеңдин алдында чай куюшу керек. Сексенден ашкан кайненеңе чай куюп бересиң да. Ал сага куюп берсе туура эмес. Бул нерсени эске бекем сактап тʏйʏп, ɵзʏбʏзгɵ керектʏʏ жерин ʏзʏп алып аны колдонушубуз керек. Мен чай куйбасам деле болот деп ɵзʏбʏзгɵ гана ыңгайлуу жагын алып, ыңгайсызын калтырып койсок болбойт. Кандай жумуш болбосун толугу менен кабыл алып, каалоо менен жасашыбыз абзел.

“Келинди кайнене ɵзʏ тарбиялап алса болот”

-Келин кайын журтунун ʏйʏнɵ алгач келгенде адаптация болот. Башка чɵйрɵ, башка ʏй, башка жерде чоңоюп ɵсʏп келген кыз, жаңы келген кайын журтунун ʏйʏнɵ кɵнгʏчɵктʏ, анын маданиятын, ал ʏйдʏн тартибин, ʏйрɵнгʏчɵ бир канча убакыт сарпталат. Ошол убакыттагы жоопкерчилик кайнененин мойнуна жʏктɵлɵт. Ал акырындык менен ошол ʏйдʏн тартибине келинин кɵндʏрʏп алышы керек. Экɵɵнʏн мамилеси андан ары дагы жакшыруу ʏчʏн сабырдуулук менен кʏтʏʏсʏ зарыл. Келин кандай абалда келди. Билимдʏʏбʏ, билимсизби, интеллигент ʏй-бʏлɵдɵн келдиби, маданий ʏй-бʏлɵдɵн келдиби же диндар ʏй-бʏлɵдɵн келдиби. Ушул нерсени дагы эске алып, ошого жараша ʏйрɵтʏп алуу кайнененин милдети.

“Келин кайненеден кийинки сый-урматка ээ”

-Келин менен кайнененин кызыкчылыгы бир. Экɵɵ тең бир адамды жакшы кɵрɵт. Экɵɵ тең бир адамга жакшылык каалайт. Келин ошол кʏйɵɵсʏнʏн жакшылыгын кɵрʏʏ ʏчʏн кайнене менен тең тайлашпашы керек. Кʏйɵɵ дагы ɵзʏнʏн ыраазычылыгын алууга милдеттʏʏ. Бул жерден келин кайненеге орун бошотуп берʏʏсʏ жакшы нерсеге алып келет. Биринчи жакшылыкты, биринчи белекти, биринчи сыйды, биринчи урматты кайнене кɵрʏшʏ керек. Келин анын аркасында болот. Кайнене баласын тарбиялап, ɵстʏрʏп, чоңойткон соң ошол сый-урматты талап кылууга милдеттʏʏмʏн деп билʏʏ керек.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы