18 октября, 2024

Кɵпчʏлʏктʏ ыйлатып, кɵптʏн сынында калган тасма

Социалдык тармактарда режиссер Руслан Акун тарткан “Бейиш эненин таманында” фильми кызуу талкууга алынып, режиссер го да, киного да сын-пикир жазгандар аны менен кошо мактоо жаадыргандар болууда. Тасманын сценарийин Руслан Акун менен Эмил Эсеналиев бирге иштеп чыккан. Ал эми сценарийдин идеясы Болот Тентимишовго таандык. Тасма беш ɵлкɵдɵ тартылган.

Режиссер Руслан Акун:

“Тʏпкʏ мааниси – боорукерлик жана жакшылык кылуу”

-Тʏпкʏ мааниси боорукер болуп, бири-бирибизге жакшылык эле кылалычы деген ой. Бул идея эмгек сиңирген артист Болот Тентимишовго таандык. Эмил Эсеналиев айткандан кийин мага да аябай таасир берди. Болот Тентимишовдон уруксат сурадык. Чыгармачыл адам катары мага эркиндик керек болгондуктан, сценарийди каалагандай жаздык. Идеянын автору бизге ишеним кɵрсɵттʏ.

Актёр Эмил Эсеналиев:

“Каарманымды алдын ала билдим, сездим”

-Тасманы тартууну мен сунуштагандыктан башкы ролду башынан эле мен ойномокмун. Апабызды деле башында тандаганбыз. Кастинг болгон жок. Сценарийди Руслан байке менен чогуу жазганыбыз ʏчʏн ɵзʏмдʏн каарманымды алдын ала билдим, сездим. Ошол ʏчʏн жеңилирээк болду.

Акын Улукбек Омокеев:

“Мен гана кемчилик жазган болоюн”

-Руслан Акун дайымкыдай мыкты. Турмуш чындыгына жакын тартат. Чоң эмгек, зор эргʏʏ менен тартылганы кɵрʏнʏп турат. Баары жапырт мактап жатат. Мен да кубаттайм, албетте. Бирок режиссердун алдыга карай дагы умтулуусун каалар элем. Бул тасманы кɵргɵндɵрдʏн баары ыйлашты.

Мен деле эмоционалдуу, сезимтал жанмын. Кино кɵрсɵм кɵзгɵ жаш алам. Мында эмнегедир эмоциясыз кɵрʏп отурдум. Толкунданбаганымдын айрым себептерин жаза кетейин:

– Тасма башында тилдик келегейликтер байкалды. Имамдын сɵздɵрʏн дал айылдык имамдын тили менен бериш керек эле. Жаңы тасмалар ʏчʏн сɵзсʏз тил редактору керек деп эсептейм.

– Тасмада баары жакшы адамдар (Сириядагы согушчандардан башкасы). Жадакалса 200 миң сомдуалдап алган адам да. Бирок ал адам кандай инсан экени белгисиз болду. Же аргасыздык, же ал акчанын дайыны билинген жок. Баланын ишенчээктиги, адамдардан башкача таза экендиги ачылбаган бойдон калды.

– Бир кары кемпир менен акыл-эси артта калган наристе мʏнɵз бала 7 ɵлкɵнʏ кыдырып кантип жеңил ɵтʏп кетет. Жадагалса бут кийими жыртылбай.

– Ошончо жолду жɵɵ басып ɵтʏʏдɵгʏ азаптар толук чагылдырылган жок. Ɵлкɵлɵрдʏ шашылыш эле кыдырып кетип жатышты. Сандаган боорукер адамдар баланын кɵктʏгʏн жеңип, алдап машинеге деле салып алышмак. Кемеге салгандай. Анткени ал ишенчээк болчу да.

– Кээ бир предметтер ыксыз кошулган. Мисалы, ɵрт ɵчʏрʏʏчʏ баллон кимдики болчу? Аны тиги бай адамга жолуккандан кийин издешкен да жок. Ал карышкыр чочутууга  эле керек беле? Аманатка кыянат кылбашы керек эле го бала?

– Мусулмандардан башка бир дагы жакшы адам табылбады. Кыргызстандан да, калган 6 ɵлкɵдɵн да. Бирɵɵнʏн диний ишенимин кубаттаган башка дин ɵкʏлʏ сɵзсʏз кошулушу керек эле. Жалпы адамзаттык тилектештик камтылса эң сонун болмок.

– Берейин деген идея кандай? Метафора эмне?

Акыл-эси артта калган адам болсо да соо адам кылбаган нерсени жасадыбы? Же жɵɵ барууга, болгондо да тиги бала менен кетʏʏгɵ жасаган апанын эрдигиби? Тарбиялык мааниси эмне? Билим, адеп, ыйман, мекенчилдик, сʏйʏʏбʏ? Жалгыз тарбия ишенимби? Же кʏрɵшпʏ?

Мага жеткен жок. Балким, мен тасманын деңгээлине жете алганым жок.

Жадагалса Курманжан Датка баласын сактап калууга дарганын жибин тʏнʏ менен кырчытып, ʏзʏлɵр абалга алып келген аракеттерди жасаган. Ал эми тасмадагы эне чек арадан ары бир дагы аракет жасаган жок. Саякатта жʏргɵндɵй, Меккеге барсам деп баланы, ɵзʏн курмандык кылып кете берди.

Тасманын диний маңызына эч нерсе дей албайм. Аны адистер айтсын. Мен кɵргɵн кыргыз тасмалардан (эгемендʏʏлʏк жылдары тартылган) бул кино деңгээли алда кайда бийик экени айдан ачык. Бирок президент ɵзʏ колдогон тасма кассалык кинолордун деңгээлинен анча бийик болбогону бир аз ичимди тыз эттирди. Мен гана кемчилдик жазган болоюн.

Дин таануучу Иманбек Азизилла уулунун пикирин да сунуштайбыз:

“Мусулман болбой кыргыз бол” деген кемпайлардын маскасын сыйруу —  режиссердун кɵк жалдыгы…”

“Режиссёр Руслан Акун жɵн тасма тартпаптыр.Сценарий, актёрлордун чеберчилиги, техникалык дарамет, ɵзгɵчɵ эненин ролу абдан жакты. Менин кɵз карашымда бул тасма кыргыз киносундагы жаңы деңгээл.

Руслан Акун бул тасмада режиссёр катары гана эмес, инсан катары, интеллект, кыргыз катары, мусулман, эр жʏрɵк кɵчмɵн катары да бышып жетилгенин далилдептир. Тасмада эненин кайратмандыгы, чечкиндʏʏлʏгʏ, намыскɵйлʏгʏ абдан жетик иштелип, баскан-турганы кыргыз эненин турпатын кɵрсɵтʏп турат. Ар бир кыргыз атанын, кыргыз эненин жʏрɵгʏндɵ «ажыга барсам» деген аруу тилек жашайт. Азыркытапта дин десежаалыкайнагандинбезербурадарларпайдаболбодубу. Ɵзгɵчɵажылыкбашталганда «байдынашынкулкоруйт» болуп, ажылардынакчасынэсептеп, адамдыксапаты пас экенинкɵрсɵтʏшɵт.

Эненин бир колуна китепти, экинчи колуна ажыга баратканы жазылган катты кɵтɵрʏп алганы кинодогу эң мыкты табылга!Бул жɵн гана тил билбеген эненин «жол беришер» деген ʏмʏт менен кɵтɵргɵн каты эмес. Бʏтʏндɵй ислам дʏйнɵсʏнɵ “китебиңер бир, кыбылаңар бир” дегени.

Дасыккан режиссёрлор кɵп учурда диний мотивдерге анчейин кире бербейт. Анткени карьерасын таразага коюп, «динчил» аталгысы келбейт. Кыргыз миң жылдардан бери мусулман экенин, нарк-насил менен динди керемет гармонияда айкалыштырып жашап келгенин, бул баалуулуктарды карама-каршы коюуга болбостугун таасын чагылдырып, «мусулман болбой кыргыз бол» деген кемпайлардын маскасын сыйрыйт. Ушунун баары режиссёрдун кɵк жалдыгы эмей эмине!

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов:

“БЕЙИШ ЭНЕНИН ТАМАНЫНДА ЭКЕНИН СЕЗДИРГЕН КƟРКƟМ ТАСМА”

-Ɵтɵ мыкты кɵркɵм тасма болуптур. Руслан Акундун ар бир тасмасы кɵрʏʏчʏлɵрдʏ ɵзгɵчɵ ɵзʏнɵ тартат. Бул жаңы тасмасын да чыдамсыздык менен кʏтʏп жʏрʏп бет ачарына бардык. Энени даңазалаган, бʏгʏнкʏ жетишкен доордо энесин кол арабага салып алып, алты мамлекетти аралап, жол азабына карабай Меккеге ажылык зыяратка алып барган уулдун тʏйшʏгʏн жɵн отуруп кɵрʏʏ оор. Ата-энесин кɵзʏнʏн тирʏʏсʏндɵ кадырлап, сыйлай албаган уулдардын тɵбɵсʏнɵ урулган камчы болуптур. Алты айлап жɵɵ- жалаңдап, атчан, тɵɵчɵн жʏрʏп ажылык сапарга барган бабаларыбыздын жол азабын, азыркы учак менен заматта жеткен ажылык сапар менен кɵркɵм тасмадагы оорукчан Адыл менен карыган энесинин сапарын аргасыз салыштырып отурдум. Тасманы бир дем менен бирде кубанып, бирде санаага батып, бирде кɵз жаш агызып отуруп кɵрдʏк.

“Кыргыз тилинин кордолгонуна ыйлашыбыз керек”

“Ɵзʏ каеринде ыйлаш керек эле?” деген Азамат Омош аттуу кɵрʏʏчʏ:

-Бейиш эненин таманында эмес, бейиш эненин таманынын алдында болот. Эмнеге оркойгон катасы башында эле кɵрʏнʏп турган жерде ыйлашым керек. Киного эмес, кинонун атына, кыргыз тилинин кордолгонуна ыйлашыбыз керек. Куру намыс менен эле эне менен уулу узак сапарга аттанып кетʏʏсʏ эч кандай тарбиялык жана кɵрʏʏчʏнʏн ошол «Эл эмне дейт» деген стереотибин сындырууга себеп болчу маңызга ээ эмес. Тескерисинче бʏгʏн оожалып турган «Эл эмне дейт» менен «Тиги деле минтпедиби» деген тʏркɵй атаандашууну ачык эле пропагандалоо деп тʏшʏндʏм. Бир сɵз менен айтканда, фильм баштан аяк сезим менен ойногон гана  фильм  болуптур. Логика нɵл. Сезимге ушунчалык таасир берчʏ кино болгондугунан, сɵз башында мен айтып ɵткɵн «Эл эмне дейт» менен «Баланча деле барбадыбы» деген оору фильм ютубга чыгып, кɵрʏʏчʏлɵрдʏн саны арбыганда кошо кʏчɵйт. Атаандашмай оорусу жайылат. Мындан бир эле «Умрага азыр барып кел, пулун шашпай тɵлɵй бересиң» деген турфирмалар гана утат. Ал эми ажылык менен умра бай жана бардар адамдарга ылайык. Акырында айтарым, эч кандай тарбиялык мааниси жок, эки сааттык рекламалык ролик гана болуп калыптыр. Бул менин жеке оюм.

Бʏкалча Маматали кызы