19 мая, 2024

Касымбай Жолдошев,  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери:  “Акыркы ардагер катары афганчыларга эстафетаны ɵткɵрдʏм”

Ош шаардык афганчылар уюмунун тɵрагасы Какан Эралиев менен афганчы ардагер  Курсанбек Тойчубаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай атадан кабар алып келишти. Ардагер афганчыларга “шаардагы акыркы ардагер катары эстафетаны силерге ɵткɵрʏп жатам” деп атайын ыр арнаган.

Афганчыларга каалоо

Сɵз башы 80-жылдарда,

Муктаж болду Ооган эли жардамга,

Америка тʏшʏрмɵк болду,

Солдаттарын Ооганга.

Брежнев кʏчʏндɵ эле ал убакта,

Орто Азия элдерден солдат курап,

Тʏнʏ менен тыгып салды,

Куралдуу жоокерлерди Ооганга.

Биринчилерден болуп,

Кыргыздын эр жʏрɵк бʏркʏттɵрʏ,

Учуп барышкан Ооганга,

Америка эки саат кеч калып,

Отуруп калган бармагын тиштеп арманда,

Тынчтыкты жактаган эли,

Жакшы эле тосуп алган барганда.

Америкага сатылган байлары,

Биздин жоокерлерди жек кɵрʏп калганда,

Ортодон талибандары чыкты,

Ислам мамлекетин курабыз деп,

Ооган эли кɵп кыйналды кайгы жеп.

Ошолорду калыбына келтиргиче,

Он жыл ɵттʏ арадан,

Кɵп жоокерлер набыт болду,

Интернационалдык  милдеттерин аткаргандан,

Бирɵɵнʏн элин коргойм деп.

Шейит кеткендерден,

Алла ыраазы болсун алардан,

Элибиз ыраазы болуп жʏрʏшɵт,

Биринчилерден болуп,

Баткен окуясына катышкандардан.

Мен да акыры ветеран катарында,

Ош облусундагы афганисттерге,

Ɵткɵрʏп берип жатамын,

80 жылдык юбилей эстафетасын.

Ɵткɵрʏп берем аларга,

Эл- журтту коюп кʏбɵлʏккɵ,

Ɵлкɵбʏздɵ тынчтык орносун тʏбɵлʏккɵ.

Улуу Ата Мекендик  согуштун ардагери 

Касымбай Жолдошев