8 сентября, 2024

АТР: Ош шаарына жаңы аймактар кошулуп, айрымдардын аталыштары ɵзгɵрдʏ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жʏргʏзʏʏ жɵнʏндɵ» Жарлыгына ылайык Ош шаарынын курамына Кызыл-кыштак, Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵттɵрʏ жана Нариман, Папан, Шарк айыл ɵкмɵттɵрʏнʏн бир катар айылдары да кошулду.

Мындан сырткары эки муниципалдык башкармалыгынын аталыштары ɵзгɵрʏп, Оштун аймагында эми жалпысынан 9 муниципалдык, айылдык аймактык башкармалыктары бар:

— Ош шаарынын мэриясынын “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгы (мурдагы Туран) Тɵлɵнов кɵч. 75, болжол Т.Сатылганов мектеби;

— Ош шаарынын мэриясынын “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы. Г.Давыдов к., 26 А;

— Ош шаарынын мэриясынын “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы. Кулатов кичи району,  болжол ГОМ-3;

— Ош шаарынын мэриясы “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгы. И.Раззаков проспектиси,  болжол «Семетей» кинотеатры;

— Ош шаарынын мэриясынын “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгы (мурдагы Амир-тимур) С.Айни кɵч. н.ж. болжол №47 орто мектеп;

— Ош шаарынын мэриясынын “Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыгы» Ташкент кɵч. 60, болжол Карл Маркс мектеби;

— Ош шаарынын мэриясынын “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы. Араван тракты 6 км, болжол Кеңеш айылынын борбору;

— Ош шаарынын мэриясынын “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгы. Жаңы-Турмуш айылы, Мукумий к., 23;

— Ош шаарынын мэриясынын “Тɵлɵйкɵн” айылдык аймактык башкармалыгы. Дыйкан-Кыштак айылы, А.Мамыров к., 77.