Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов буга чейин шаар тургундары менен жолугушуу ɵткɵргɵн. Анын жыйынтыгы менен дээрлик бардык аймакты кыдырып, айтылган кɵйгɵйлɵрдʏ жеринен кɵрʏп, маселелер менен таанышты. Акыркы болуп “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, арыздарынын негизинде жер-жерлерде чечилбей келе жаткан маселелерин кɵрʏп чыкты.
Мэр Д.Садырбаев, К.Кɵчɵбаев, Т.Атабаев, А.Сʏйʏнбаев, Мушкетов, Набережная, Т.Латибжанов, К.Исаков, Р.Юнусов, М. Ишматов кɵчɵлɵрʏндɵ, Достук кичи районунда, Дача конушунда, ошондой эле алыскы Алай-1-2 жана Эдельвейс аймактарында болуп, жергиликтʏʏ тургундардын тротуарларды оңдоп-тʏзɵɵ, кɵпʏрɵлɵрдʏ, жолдорду кеңейтʏʏ, мыйзамсыз, уруксаты жок курулуштарды алып салуу, сел каналдарды, ирригациялык тармактарды калыбына келтирʏʏ, ичʏʏчʏ жана суугат суу менен камсыздоо, коомдук транспорт, кɵп кабаттуу турак жайлардын фасаддарын сырдоо, чатырларды жаңылоо боюнча маселелерин укту. Жыйынтыгында тиешелʏʏ кызматтарга айтылган инфраструктуралык кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ тапшырмасы берилди.



Окшош макалалар
Марипжан Эндешов: “АСУНО” системасы ишке кирсе санариптик секирик болот
ОшМПУ – жʏз жылдык билим уясынын жаңы доору
Балдардын укуктарын коргоонун коомдогу орду: балдар жɵнʏндɵ материал даярдоодо эмнелерди эске алуу керек?