28 сентября, 2024

Калаанын чебер кыздары

Кыргыздын айымдары эзелтеден чыйраак, ишке тың, ийкемдʏʏ, пейли кенен, уз-чебер келишет. Калаанын атын алыска чыгарып, унутта калган улуттук баалуулуктарды жайылтууну кɵздɵп, тарыхый, маданий мурастарын аздектеп келе жатышат. Каармандарыбыз чеберлер Асылжан Камбарова жана Шарипа Ташкулова кол ɵнɵрчʏлʏктʏ аздектеген айымдар.

Асылжан Камбарова:

 “Максатым – улуттук кийимди жандантуу”

-Негизги максатым – ɵзʏбʏздʏн улуттук кийимдерибизди жандантуу, ɵркʏндɵтʏʏ жана жайылтуу. Кɵп жылдан бери ушул максатымдын артынан кɵптɵгɵн иштерди аткарып, кыялдарма жетип келе жатам. Кандай гана кийимди жаратпа, сɵзсʏз тʏрдɵ кɵп мээнетти жана убакытты талап кылат. Бирок мен кетирген мээнетиме, убактыма, эмгегиме эч качан ɵкʏнбɵймʏн. Кээде тʏндɵп уктабай иштеген учурларым болот. Тескерисинче, жакшы жыйынтык чыкпаган сайын аракетимди токтотпой жасай берем. Бирден бир максатым кыргызыбыздын улуттук кийимдерин унутта калтырбай,  классикалык, спорттук, бир гана улуу муундагы адамдарга эмес, салтанаттуу кечеде гана кие турган кийим эмес, жаштар кие турган кийимдерди жаратуу. Мен ойлойм азыркы аркетибиз жакшы жыйынтык берет. Себеби жаштарыбыз биз жараткан кийимдерди кийип жатышат. Салтанаттарга гана эмес, кʏнʏмдʏк жашоодо деле кийип калышты. Бул да болсо ɵзʏм сыяктуу дизайнерлердин аракетинин жыйынтыгы деп ойлойм. Мындан ары дагы токтотпостон аракетибизди жасай беребиз. Заманбап  улуттук кийимдердин дагы кɵптɵгɵн этностилдерди, жаңы фасондорун чыгарганга аракетибизди жасайбыз.

“Бизде окуган ар бир адам ɵзʏнʏн ишмердʏʏлʏгʏн алып кете алат”

-2015-жылы “Подиум” мода, стиль жана сулуулук борборун ачканмын. Ошондон тарта шакирттерди даярдап келемин. Биздин борбор жɵн гана мода ʏйʏ же кийим тигʏʏчʏ мекеме эмес, профессионалдуу окуу борбор. Бизде 1 жарым миңден ашык студенттер 3- 6 ай окуп ар жакка тарап, ɵздɵрʏнʏн ишмердʏʏлʏгʏн улантып жатышат. Болбоду дегенде чакан ишкана цехтерди иштетишет. Бул да болсо бизди кубандырат. Чынында таланттуу, кʏчтʏʏ студенттерди даярдадык, азыр дагы даярдап келе жатабыз.

“Эл аралык мода жумалыгын эки жылдан бери ɵткɵрʏʏдɵмʏн”

— “Ak-Buura fashion week” — бул эл аралык мода жумалыгы. Менин автордук долбоорум. Идея пандемияга чейин эле пайда болгон. Анан долбоорду Ош шаарынын маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркуловго сунуштадым. Ал колдоп 2023-жылдын башында биргеликте ишке ашырдык. Былтыры биринчи сезонду ɵткɵргɵнбʏз. Биринчи жолу ɵткɵндʏгʏнɵ карабастан жогорку деңгээлде ɵткɵн.  Чет мамлекеттин дизайнерлери жана  ɵзʏбʏздʏн ɵлкɵдɵгʏ дизайнерлерибиз катышкан. Мода жумалыгынын алкагында жарманкелер ɵткɵн. Жаш дизайнерлер арасында конкурс уюштурулуп, 30 катышуучу катышты эле. Быйыл да  ошол эле мода жумалыгын ɵткɵрдʏк. Былтыркыга салыштырмалуу масштабдуу, жогорку деңгээлде болду. Себеби быйыл конокторубуз дагы кɵп болуп, чет мамлекеттен дагы кɵп келишти.

Шарипа Ташкулова:

 “Каляк” – тʏштʏк аялдарынын салттуу баш кийими”

-Кичинекейимден куурчак жасап, кийим тигʏʏнʏ жакшы кɵрчʏмʏн. Менимче ошондон баштап кийим тигʏʏгɵ кызыгуум арткан. Анын ʏстʏнɵ чоң энем менен апам дагы чебер эле. Башында кол ɵнɵрчʏлʏк тармагына кызыкчумун.  Кийин кийим жаратууга кызыга баштадым. Мен сайма тарабына кɵбʏрɵɵк басым жасачумун. Кыргызстанды ар тараптан кɵтɵрʏп, баалуулуктарын арттырып, ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн чагылдыруу максатында кийимдерди жаратууну кɵздɵп, алгач ɵзʏбʏздʏн айылдан турган чакан топ тʏздʏм. Тʏштʏк аялдарынын салттуу, ɵзгɵчɵ “Каляк” деп аталган баш кийимин жаратууну пландадык. Каляк 18-19-20-кылымга чейинки кийим болсо, эл кандай кабыл алар экен деген ой менен чыктык. Бирок эл жогорку деңгээлде кабыл алып, дʏйнɵлʏк фотографтар тартып кетип, интервью алып жатышты. Биз бул нерсени дʏйнɵлʏк аренага алып чыгууну пландай баштадык. Ошентип 2018-жылы Ош шаарынын атынан кɵчмɵндɵр оюндарынын салттуу кийимдер конкурсуна 5 дизайнер барып, баш байгени утуп алганбыз.

 “Бир жылда бʏткɵн саймам баш байгеге татыган”

-Тɵɵнʏн жʏнʏ ɵтɵ аз алынгандыктан, баалуу болуп келген. Анын ʏстʏнɵ алынгандан кийин дагы ийриле турганы жана ийрилбегени болуп бɵлʏнɵт эмеспи. Ошол себептен дагы тɵɵнʏн жʏнʏнɵн жасалган буюм кымбат болгон. Апам тɵɵнʏн жʏнʏнɵн таар соккон эле. Анан ар кандай ой келип, тɵɵ жʏнʏнɵн кийим жасап, сайма саюуну туура кɵрдʏм. Ошентип ал саймамды толук 1 жылда бʏттʏм. Ал “Марал” деп аталып “Оймо” фестивалында жеңип алып “Дордой номад” деп аталган кɵчмɵндɵрдʏн модасына жолдомо алганбыз.  Ошентип ишмердʏʏлʏгʏбʏз дагы да кʏчʏнɵ кирип баштады.

“Коллекциябызды кɵбɵйтʏʏдɵбʏз”

-Башында “Мурас” коллекциябыз бешɵɵ эле. Кийин жасап жаткан кийимдерибиз жоголуп бараткандын катарына кирип калбаса экен деп жʏрʏп “Мурас” коллекциябызды 5 тен 15 ке чыгардык. Азыр дагы 3 форманы жарыкка чыгарганы жатабыз.

“Ар бир кийим ɵзʏнчɵ этаптан турат”

-Бɵлгʏм келбейт, бирок уруулар аралык, аймактар аралык кийимдердин да ɵзгɵчɵлʏгʏ болот экен. Муну мен качан изилдɵɵчʏ болуп, этнографтар менен сʏйлɵшʏп, тарых булактарын окуп, талаа материалдарын топтогондо тʏшʏндʏм. Чоң апалардан ʏлгʏлɵрʏн алып, кɵп нерсе бар экендигин билдим. Кийимдердин уруулар аралык бɵлʏнʏшʏ гана болбойт экен. Кийимдин ичине сʏңгʏп кирип кийимдин ɵзʏ дагы бир канча этаптан тураарын билдим. Демек кандай форманы жасасак дагы ал жɵнʏндɵ изилдеп, практика менен теорияны айкалыштыруу менимче туура.

“Хобби катары эмес, билим катары алып кетким келди”

-Мен дизайнерликти экинчи билим катары окуп, дипломго ээ болдум. Башында хобби катары алып жʏрдʏм. Кийин эмнегедир кесип катары алып чыккым келди. Жан дʏйнɵм тигʏʏдɵн, жаратуудан, жасоодон эргʏʏ аларын сездим. Жɵн гана билʏʏ аздык кылат, аны аткаруу ʏчʏн билим керек экенин тʏшʏндʏм. Билим билген нерсеңди туура колдонууга дагы чоң жардамын берет. Ошондуктан бул кесипти аркаладым десем болот.

“Конкурстардан ар дайым баш байгелерге ээ болобуз”

-Эн биринчи байгебиз “Оймо” фестивалында баш байгени утуп алганыбыз, модалар дʏйнɵсʏнɵ киргенибиз болду. Андан кийин эсимде калганы ɵткɵн жылы Ош шаарында эпостордун фестивалы болду. Салттуу кийимдердин конкурсу болуп, андан дагы баш байгени алдык. Мода кɵргɵзмɵсʏнɵ башка ɵлкɵлɵргɵ дагы чыгып турабыз. Башкы максатыбыз – кыргыздын баалуулуктарын чагылдыруу.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы