8 сентября, 2024

Айбек Таалайбек уулу, Ош шаардык Кеңешинин депутаты:  “Yйʏмдʏн бир бɵлмɵсʏн китепканага айландыргам”

Дайыма эл кɵйгɵйʏн угуп, эл ʏчʏн чуркап, тыным билбеген эл ɵкʏлдɵрʏнʏн жеке жашоодо кандай адам экени кɵпчʏлʏккɵ кызык болсо керек. Каармандардын мʏнɵзʏн, эл билбеген таланттарын, кызыккан тармактарын ачып берген “Бейне” рубрикабыздын кезектеги коногу Ош шаардык Кеңешинин депутаты Айбек мырза болмокчу.

Айбек Таалайбек уулу, Ош шаардык Кеңешинин депутаты. Ош шаардык Кеңешинин ɵз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердʏʏлʏк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы.

-Айбек мырза, туулган жериңиз, балалыгыңыз ɵткɵн айыл тууралуу айтып берсеңиз?

-Мен Ош облусунун Алай районундагы Корул айылында 1986-жылы 3-августта тɵрɵлгɵм. Балалыгым кооз жайлоолору, бийик тоолору, кең пейил эли бар кереметтʏʏ Корул айылында ɵттʏ. 7-класска чейин Тогуз-Булак орто мектебинде билим алып, кийинКелдибай Тайчабаров атындагы орто мектебин 2003-жылы аяктадым. Ошол жылдары Россия, Казакстан ɵлкɵлɵрʏнɵ миграция кʏчɵп турган кез. Мектепти бʏтʏп катардагы жарандардай мен да Казакстанга иштɵɵ ʏчʏн кеттим. Эки жылдан кийин миграциядан кайтып, Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетине тапшырдым. “Экономика жана кошумча информатика” адистигин 2011-жылы ийгиликтʏʏ аяктап, Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгына адис катары ишке кирдим. Андан кийин жетектɵɵчʏ адис, башкы адис кызматтары жʏктɵлдʏ. Аталган мекеме Эмгек миграция, жаштар министрлиги болуп ɵзгɵргɵндɵн кийин  да башкы адис боюнча 2013-жылга чейин иштеп, турмуш-шартка байланыштуу жумуштан кеттим. Бир аз тыныгуудан кийин 2015-жылы кайрадан керектɵɵчʏлɵрдʏн укугун коргоо жаатында иштей баштадым. Андан сырткары бир нече жеке менчик ишканаларда экономист болуп иштегем. 2021-жылы Ош шаардык Кеңешине шайлоо болуп, “Манас Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгын эли “Талапкерлигиңди кой, элге иштеп бер. Ушул жерде жашагандардан бир да депутат чыкпаптыр, сага ишенебиз” деп ɵзʏлɵрʏ сунуштап, колдоп беришти. Ошончолук ишеним арткан элиме ыраазымын.

-Жашоодогу эң сыймыктанган адамыңыз?

-Менин эң сыймыктанган адамым атам менен апам. Атам мага устат катары да кɵп кеңештерин берди. “Бирɵɵгɵ жамандык кылба, ак сʏйлɵ, мээнетиң ак болсун” деп тынбай кулагыма куяр эле. Ушул кʏнгɵ чейин атам бир маал телефон чалып абалыбызды сурап турат. ʏй-бʏлɵдɵ 5 уулбуз. Ɵзʏмдʏн 3 уул бир кызым бар. Келинчегим билим берʏʏ тармагында эмгектенет.

-Жумуштан сырткары дагы эмнелерге кызыгасыз?

-Ат оюндарына кызыгам. Мʏмкʏнчʏлʏгʏм болсо ат оюндарына калбай барганга аракет кылам. Андан сырткары китеп окуганды жакшы кɵрɵм.

-Китеп демекчи, экономисттер кɵбʏнчɵ тарыхый китептерди окуйт дешет, сиздин китеп текчеңизде кандай китептер бар?

-ʏйʏмдʏн бир бɵлмɵсʏн атайы китепканага айландырып, жасалгалап чыкканбыз. Адабий кɵркɵм чыгармалар, тарыхый романдар жазылган белгилʏʏ китептердин 60%ы менде бар десем болот. Акыркы жолу Суранчы Жетимишов агайыбыздын “Албуут  дарек издери” деген китебин окуп чыктым. Абдан таасирдʏʏ экен. Ар бир адам окуп чыгуусун сунуштайт элем. Мектеп программасындагы тарыхый, адабий китептерге киргизсе да жакшы болмок. Орозо айында Тɵлɵгɵн Касымбековдун “Кел-кел” романын кайталап окуп чыктым. Талаадан тамак ичпесем да ɵзʏмɵ жана балдарыма руханий азык болсун деп китеп сатып алганга аракет кылам. Балдарыма дагы китеп окутуп, тʏшʏнʏгʏн сурап, окуяларды талкуулап калабыз. Балдарыбыз орус мектепте окугандыктан айрым сɵздɵрдʏ тʏшʏнбɵй калышы мʏмкʏн. Мисалы, “Сынган кылычта” ордо сɵзʏ кɵп жызылат эмеспи, “ордо деген эмне?”, “жыдып калуу кандай?” деген сыяктуу сɵздɵрдʏ сурашканда сɵздʏктɵрдɵн карап, туура тʏшʏндʏрʏп бергенге аракет кылам.

-Орундалбай калган максаттар ʏчʏн ɵкʏнгɵн учурлар болду беле?

-Негизи ɵкʏнгɵн нерсем жок. Маңдайымда ата-энем, бир туугандарым, ʏй-бʏлɵм, балдарым бар. Сыртта кесиптештерим, ага-ини, дос-жарым бар дегендей. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе жашоодо баарын бирдей алып кетʏʏдɵ кыйынчылыктар сɵзсʏз болот экен. Ɵзʏм менен кошо бʏткɵн досторумдан артта да калбай, алдыга да кетпей, ал ортодо ʏй-бʏлɵ кʏттʏм. Окуу жайды бʏтʏп-бʏтпɵй ʏй-бʏлɵ кʏткɵндɵн кийин мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏңʏ турмуш-тиричиликке жумшай баштайт экенсиң. Кокус ата-энең колунда бар кишилер болуп, бʏт шартты тʏзʏп берип окуп калбасаң, баарын ɵзʏң алып кетʏʏ оңой эмес. Балким, ошондон улам кийинки окууларга окуй албай калгандырмын. Мисалы, кандидаттыкты жактайм, илим изилдейм деген оюм бар болчу. Бирок, али деле кеч эмес деп ойлойм, аракет кылсак убакыт бар.

-Шаарыбыздагы же коомчулуктагы кандай кɵйгɵйлɵр тынчыңызды алат?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ шаарыбызда кɵйгɵйлɵр кɵп экенин моюнга алуубуз керек. Кɵйгɵйдʏ айтсаң «жакшы жагын эч кɵрбɵйт экенсиң» дегендер да болушу мʏмкʏн. Жакшы жагын кɵрʏʏ ʏчʏн ар бир иш жакшы бʏтʏʏсʏ зарыл. Шаардын бир четинен экинчи четине барганга чейин кʏнʏңдʏн жарымы ɵтɵт. Жолдорубуз тыгын, талапка жооп бербейт. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бизди аксаткан нерсе, келечек муунга да зыяны тие турчу маселе кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн басымдуусу шаардын генпланына туура келбейт. Кимдин акчасы болсо, кимдин таасири болсо ʏй салып кете берген. Унаа токтотуучу жайы, балдар аянтчасы жок. Ушинтип эле жашап жʏрɵбʏз. Кɵйгɵйлɵрдʏ акырындан чечип баруу ʏчʏн депутаттар менен коомчулук, жергиликтʏʏ бийлик жакшы иштешʏʏсʏ зарыл. Мисалы, союз тарагандан бери Манас-Ата  аймагына канчалаган кɵп кабаттуу ʏйлɵр тʏштʏ. Ошол эле учурда Хрущевдин мезгилинде салынган 23 кɵп кабаттуу ʏй бар. Эч кандай шарты жок. Аларга да мʏмкʏн болсо жеңилдетилген ипотекалык программаларды иштеп чыгып жардамдар кɵрсɵтʏʏ керек.

“Негизги 3 объектти шаар четине алып чыгуу керек”

-Ошол эле Манас-Ата аймактык башкармалыгында болгону эки орто мектеп, 3 мамлекеттик бала бакча бар. Калган 4 мамлекеттик бала бакча башка мекеме-ишканаларга ɵтʏп кеткен. Мен муну комитеттин жыйындарында тынбай айтып жʏрɵм. Тери-венерологиялык ооруканасын сɵзсʏз шаардын четине алып чыгып кетишибиз керек. Ал жерде бир оорунун очогу чыга турган болсо ɵтɵ кооптуу. Тɵрт тарабы кɵп кабаттуу ʏйлɵр. Ал эми психиатрия жана наркология ооруканасынын алдында бир эмес эки бала бакча жайгашкан. Оң, сол жагы кɵп кабаттуу ʏй, артында чоң проспект. Кокус оорулуу адам чыгып кетсе ким жооп берет? Кезинде айрым шалаакы чоңдордун айынан ушундай туура эмес жайгашып же бош имаратка кирип калган ишканалар бар. Алардын дагы бири онкологиялык оорукана. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ тургундардан аябай кɵп кайрылуулар келет. Жаздын кʏнʏ терезелерди ачып коюп отурсаң, кʏндʏз же тʏн ортосу аталап, апалап ыйлап боздогонду уксаң сай-сɵɵгʏң сыздап, алар сыртта, сен ичкериде ыйлап чыгып кетесиң дешет. Аталган мекемелерди тезинен ɵкмɵттʏк, мамлекеттик деңгээлде чечип, ʏч маал тамак жебесек кое туралы, эки маал тамак жесек да шаардан алып чыгып кетʏʏ учурдун талабы.

Айжылдыз Тойчиева