19 сентября, 2024

Энелердин иштʏʏсʏ уз – аталардын иштʏʏсʏ уста

Кыргыз элинин кɵркɵм кол ɵнɵрчʏлʏгʏ кыргыз элдик уздары жыгачтан, чийден, кийизден, булгаарыдан, металлдан жасалган кооз буюмдарын, ɵрмɵ жана сайма жагынан чоң мурастарын калтырышкан. Аялдар оймо-сайма, узчулук менен, эркектер колунан кɵɵрʏ тɵгʏлгɵн устачылык менен алектенишкен. Аравандык 60 жаштагы Расул Тераев  ээр чапса, ноокаттык 49 жаштагы Давлаткан Адиева  жибектен кийим токуп, курак курайт.

Давлаткан Адиева, кол ɵнɵрчʏ:

“Эң алгач ɵзʏмɵ байпак токуганмын”

-Биздин ʏй-бʏлɵдɵ апам, чоң энем, эжелерим баары чебер болгон. Бирок тилекке каршы, мен чоң энемди кɵрбɵй калганмын. Башкалардын айтуусу боюнча чоң энем кɵргɵнʏн жасап, баары колунан келген уз аял болгон экен. Менимче чеберчилик каныбызда бар болгон ʏчʏн да шыктуу болуп калсам керек. Токууну эс тартканымдан баштап эле ɵздɵштʏрʏп баштадым. Ɵзʏмдʏн эжем дагы кɵп токуп олтураар эле. Мен дагы ʏйрɵнɵм, токуйм десем сен кичинесиң деп койчу. Дос- курбулары менен токуп калышканда карап олтуруп ʏйрɵнʏп алганмын. Эң алгач ɵзʏмɵ байпак токуп кɵргɵн элем. Ал кезде атайы учтуу зымдар менен токуйт элек. Эжемдин байпак токуган зымдарын ɵлчɵп алдым, алар 5 даана эле. Адегенде алюминий зымды кыркып 5 ке бɵлʏп, эжемдикиндей кылып учтарын таш менен учтап токуганга даярдадым. Анан байпагымды токуп бʏтʏп, эжеме кɵрсɵттʏм. “Сен токуп калган турбайсыңбы” деп ошондон кийин билбегенимди ʏйрɵтʏп жардам бере баштаган.

“Балам мени тартып шыктуу”

-Мен 4 уулдун энесимин. Балдарымдын ичинен 2-класстагы балам мага окшоп токууга шыктуу. Бирок мен жакшы кɵңʏл буруп ʏйрɵтɵ элекмин, ошентсе дагы менин токуп жатканымды кɵрʏп эле ɵзʏ ʏйрɵнʏп алды. Мен билем деп шыпылдатып токуп, башкаларга дагы ʏйрɵтʏп калат. Коңшу-колоңдор “кичинекей бала ʏйрɵнʏп алыптыр, ушул жашка чейин биз эмне кылып жʏрɵбʏз” деп тамашалашат.

“Колумдан баары келет…”

-Конкурстарга анчейин деле катыша бербеймин. Себеби мен мектепте иштегендиктен кɵбʏнчɵ сабак менен жʏрʏп ар кандай сынактарды укпай калам. Токуу менин жɵн гана жакшы кɵргɵн кошумча жумушум. Мага токуу боюнча буюртма тʏшсɵ сɵзсʏз токуп берем. Бир эле токуу боюнча эмес, курак куроого да буюртма беришет. Анткени мен курактардын дагы тʏрʏн кураймын. Кийим-кече, тɵшɵк, кɵрпɵ баары колумдан келет. Эмнени кɵрсɵм баарын жасап кете берем. Мага байпак, кемсел, жемпир, шапка, колкап сыяктуу кийимдерге кɵбʏрɵɵк буюртма тʏшɵт.

“Токуу менен тикмечиликтен кɵп пайда тʏшɵт”

-Токуудан, анан тикмечиликтен албетте, акча табам. Бирок канча табаарымды чынында эсептеп деле кɵрбɵпмʏн. Бул менин мугалимдиктен сырткары, жɵн гана кошумча жумушум. Хоббим десем дагы болот. Бирок баса белгилɵɵчʏ нерсе, тигʏʏдɵн, токуудан жакшы эле акча тапса болот. Ярмаркаларга катышканда дагы токуган буюмдарымды алып барсам жакшы эле пайда кɵрʏп келем.

“Курс ачпасам да, ʏйрɵнгɵндɵр кɵп”

-Мага “токуу боюнча курс ачып, ʏйрɵтʏңʏз” дегендер кɵп. Алыс жактардан да кайрылгандар болот. Чынын айтсам ʏйрɵтʏʏгɵ эч эле убактым болбойт. Бирок айылдагылар, коңшу колоңдордон келип ʏйрɵнгɵндɵр толтура. Эң алгач токууну эки сиңдиме ʏйрɵткɵнмʏн. Экɵɵ тең дилгир, тыпылдак болгону ʏчʏн бат жана оңой ʏйрɵнʏп алышкан. Андан кийин атайы ʏйрɵт деп келгендер кɵп болду. Убактыма карап ʏйрɵтʏп дагы жʏрдʏм. Бирок адамдар ар кандай болот экен. Шыктуулары бир кɵрʏп эле ʏйрɵнʏп кетсе, кээ бирлери ʏйрɵнɵ албай менин дагы, ɵзʏнʏн дагы убактысын алаар эле. Жашы ɵтʏп калган эжелер, жашы жете эле секелек кыздар, айтор, ʏйрɵнɵм деп келгендердин жашы эмес, жɵндɵмдʏʏлʏгʏ маанилʏʏ. Мектепте да атайы токуу боюнча ийрим ачылып, анда дагы окуучуларга ʏйрɵтʏп жʏрдʏм. Кыздар гана эмес, балдар да кызыгып ʏйрɵнʏп жʏрʏштʏ. Ошентип ал ийримден токууга кызыккан окуучуларга сумка токуганды ʏйрɵтʏп кетиргенмин.

Расул Тераев, уста:

“40 жыл ээр жасадым”

-Ээр жасаганыма 40 жылдан деле ашты окшойт. Азыр 60 жаштамын. Ээр-токумду 10-классымда жасап баштаганмын. Мага бул ɵнɵр атамдан ɵткɵн. Бир гана ээр-токум эмес атка така, мык, андан башка нерселерди дагы жасоо колумдан келет.

“Бир ээр бир жылда даяр болот”

-Ээрди ар кандай жыгачтардан жасаймын. Адегенде эптештирип, оюп ээрге окшоштурам. Анан формасын чыгарып чаап баштайм. Чапкандан кийип дароо эле ээр болуп даяр болуп калбайт. Ал кургаш ʏчʏн жок дегенде 1 жыл керек. Кургаганга чейин кɵлɵкɵ жерде турат. Бир эле ээрди толук бʏтʏрʏʏ ʏчʏн бир жарым жылдай убакыт кетет. Кургаган соң чылгый тери менен каптап, тʏсʏн ɵзгɵртʏп краскалоо деле бир кыйла убакытты алат. Ошого жараша мээнет дагы кетет. Жылына 30-40 тай жыгачты бир чаап, кийинки жылкыга даярдап коем. Кургагыча былтыркы чапкан ээрлеримди кооздоп сатыкка чыгарам. Мен азыр кɵбʏнчɵ атайын буюртма бергендерге чаап калдым. Буюртма бергендердин басымдуу бɵлʏгʏ жаңгактан чабылган ээрлерге суроо-талап кɵп болот.

“Ээрди 5 миңден 60 миң сомго чейин сатам”

-Жакшы ээрлердин баасы 40 миңден 50-60 миңге чейин болот. Ал эми кичинерээк, жыгачы жɵнɵкɵйрɵɵк  болсо, алар арзан болот. Тактап айтканда, 5-10 миң сомдун тегереги. Канча кичинекей болсо да, жыгачы бышык болсо, анда ээр кымбатка сатылат. Чоң болуп, бирок жыгачы жумшак болсо, анда мындай ээрлер арзанга тʏшɵт жана узак убакыт колдонгонго чыдамсыз болот.

“Балдарыма ээр жасоону ʏйрɵтпɵдʏм”

-Менин эки уулум, ʏч кызым бар. Ээр жасоону эки уулума тең ʏйрɵткɵн жокмун. Анткени мээнети кʏч. Аларга мык жана така жасаган ɵнɵрʏмдʏ ʏйрɵтʏп, дʏкɵн ачып берип койгонмун. Буюртма тʏшкɵндɵ ɵздɵрʏ жасап тиричилигин кылышат. Бул дʏкɵндʏ ачканыбызга дагы 10 жылдын жʏзʏ болуп калды.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы