24 апреля, 2024

“Абанын булганышы адамдар ʏчʏн коркунучтуу”

Акыркы жылдары кышкысын абанын булгануусу боюнча дʏйнɵлʏк рейтингде борборубуз болгон Бишкек шаары алдыңкы орунду ээлеп келе жатканы айтылып, маселе кɵтɵрʏлʏп келгени баарыбызга маалым. Адистер буга сапатсыз отундардын колдонулушу, унаалардын кɵбɵйʏшʏ себеп экенин белгилеп келишʏʏдɵ. Борбор калаадан кем калышпай эле абанын булгануу кɵйгɵйʏ Ош шаарында да орчундуу кɵйгɵйгɵ айланып бара жатканы эл аралык уюмдардын изилдɵɵлɵрʏндɵ айтылууда. Биз бул ирет абанын сапаты боюнча иш алып барган эксперттерге, атайын адистерге кайрылдык.

“Тургундар кышы бою кооптуу аба менен дем алышат”

Инна Брусенская, “MoveGreen” коомдук бирикмесинин абанын сапаты боюнча эксперти, илимдин кандидаты. Аталган уюм 2017-жылдан бери абанын сапаты боюнча мониторинг жʏргʏзʏп келет.

— Инна, Ош шаарындагы атмосфералык абанын сапатына кандай баа бересиз?

-“MoveGreen” коомдук бирикмеси AirKaz датчиктеринин жардамы менен атмосфералык абанын майда PM2,5 бɵлʏкчɵлɵрʏ менен булганышына жарандык мониторинг жʏргʏзɵт. AirKaz датчиктери Кыргызстан тарабынан сертификацияланган жана Кыргыз Республикасынын ченɵɵ каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген. Биринчи датчик Бишкек шаарында орнотулган. Азыркы учурда мониторинг тʏйʏнʏ Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарына, анын ичинде Ош облусуна жана Ош шаарына жайылды. Ош шаары боюнча (MoveGreen) 2021-2022-жылдардын кыш мезгили боюнча алгачкы жыйынтыктарды алдык. Анда дээрлик 2021-2022-жылдары кышы бою катуу бɵлʏкчɵлɵрдʏн PM2,5 кʏнʏмдʏк орточо концентрациясы атмосферадагы жол берʏʏчʏ чектелген кошундулардын аралашмасынан (АЖКА) (35 мкг/м3га барабар) 2,9дан 7,1 эсеге чейин жогору, башкача айтканда, 100 мкг/м3ден тɵмɵн тʏшкɵн эмес жана 250 мкг/м3га жетиши мʏмкʏн. 

Тактоо: Атмосферадагы жол берʏʏчʏ чектелген кошундулардын аралашмасы (Предельно-допустимая концентрация) – бул адамдын ден соолугуна жана генетикасына таасирин тийгизбеген абадагы булгоочу заттардын концентрациясы. 

Ар бир кыш айларында PM2,5 булганышы датчиктердин кɵрсɵткʏчтɵрʏ боюнча айына орточо 4,7-4,8 АЖКА же 170 мкг/м3га чейин жеткен. Бул жол берилген максималдуу бир жолку АЖКАдан да ашып кетти (максималдуу бир жолку АЖКА 160 мкг/м3 барабар)! Мындай кɵрсɵткʏчтɵгʏ атмосфералык аба менен 22-35 мʏнɵт гана дем алууга болот. Андан ашык убакытта дем алуу ден соолук ʏчʏн кооптуу. 

Тактоо: Максималдуу бир жолку атмосферадагы жол берʏʏчʏ чектелген кошундулардын аралашмасы – бул 35 мʏнɵттɵн кɵп убакыт дем алуу кооптуу болгон абадагы булгоочу заттардын концентрациясы.

Тагыраагы, Ош шаарынын тургундары кыш бою ушундай булганган, кооптуу аба менен дем алышат.

-Кененирээк айтып ɵтсɵңʏз, ɵткɵн кышта шаар тургундары канча убакыт кооптуу жана ɵтɵ кооптуу аба менен дем алышкан? 

-Шаар тургундары кышы бою кооптуу аба менен дем алган. Дээрлик ар бир айдын жарымында аба максималдуу бир жолку атмосферадагы жол берʏʏчʏ чектелген кошундулардын аралашмасынын деңгээлинен ашкандыктан ɵзгɵчɵ кооптуу болгон.

-Абанын булгануусуна таасир этʏʏчʏ факторлор кайсылар? 

-Кыш мезгилинде абанын булганышы негизинен РМ2.5 бɵлʏкчɵлɵрʏ менен шартталган. Негизги таасир этʏʏчʏ булактары болуп, жылытуу ʏчʏн сапатсыз отун – майда кɵмʏр, тигʏʏ ɵндʏрʏшʏнʏн калдыктары жана башка таштандылар пайдаланылган жеке секторлор жана турак жай конуштары саналат. Шаардагы жылуулук электр борборлору, от казандар да ɵз салымын кошууда.

-Булганган аба адамдардын ден соолугу ʏчʏн канчалык кооптуу?

— PM2.5 бɵлʏкчɵлɵрʏнʏн мындай жогорку булганышы бардык тургундар ʏчʏн коркунучтуу. Бɵлʏкчɵлɵр адамдын организмине кирип, дем алуу, жʏрɵк-кан тамыр жана кɵбʏнчɵ рак ооруларын пайда кылат, ошондой эле калктын ɵлʏмʏн кɵбɵйтɵт. Бул ɵзгɵчɵ жаш балдарга жана карыларга, ар кандай ɵнɵкɵт оорулардан жапа чеккен адамдарга таасир берет.

-Абанын сапатын жакшыртуу ʏчʏн жарандар кандай чараларды колдоно алат?

-Жарандар тɵмɵнкʏдɵй аракеттерди эске алуусу зарыл:

• пластикти, дɵңгɵлɵктɵрдʏ, текстиль ɵнɵр жайынын калдыктарын жана башкаларды мештерде жана ачык асман алдында ɵрттɵбɵɵ;

• жаратылыш газы жана суюлтулган мунай газы сыяктуу таза отундарды жана башка альтернативалуу отундарды (мисалы, биоэтанол, тʏтʏнсʏз кʏйʏʏчʏ майлар) колдонуу (мʏмкʏнчʏлʏккɵ жараша);

• абанын булганышын азайтуу ʏчʏн жеке ʏйлɵр жана муниципалдык от казандар жылуулукту узак кармоочу мештерди колдонуу (мʏмкʏнчʏлʏккɵ жараша);

• ʏйдʏ жылуулоо (жеке сектордун жана кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн жашоочулары ʏчʏн);

• абанын булганышы жогорку деңгээлде болгондо желдетʏʏ ʏчʏн терезелерди ачпаңыз;

• абанын булганышынын жогорку деңгээлинде ар бир жаран беткаптарды кийʏʏсʏ керек (PM2.5тен коргоочу);

• мʏмкʏн болсо, ʏй ичиндеги аба тазалагычты/фильтрди колдонуңуз.

-Абанын булгануусу менен климаттын ɵзгɵрʏʏсʏн байланыштырсак болобу?

— Абанын булганышы жана климаттын ɵзгɵрʏшʏ бири-бири менен тыгыз байланышта. Бардык абаны булгоочу заттар климатка терс таасирин тийгизет.

“Оштогу абанын сапаты жылытуу мезгилдеринде Бишкектеги абадан да начар болот”

Ал эми “MoveGreen” коомдук бирикмесинин техникалык адиси Мунара Молдобаева абанын булгануусу кɵбʏнчɵ кечки убакта болорун, жарандар коомдук транспортторду колдонуу менен абанын булгануусун аз да болсо алдын аларын айтат:

-Ош шаарында жана Ош облусунда абанын сапатына мониторинг жʏргʏзʏʏчʏ жалпы беш жабдуу (датчик) орнотулган. Андагы изилдɵɵлɵргɵ таянсак, Оштогу абанын сапаты жылытуу мезгилдеринин кээ бир кʏндɵрʏндɵ Бишкектеги абадан да начар болот экен. Буга жеке секторлордун сапатсыз отундарды колдонуусу жана таштандыларды, жалбырактарды ɵрттɵɵсʏ себеп болуусу мʏмкʏн. Ошондой эле жарандарды кɵбʏрɵɵк коомдук транспортто жʏрʏʏсʏн, абанын сапаты боюнча мониторингге кɵңʏл буруп туруусун, кɵчɵдɵ кыймыл кɵбɵйгɵн учурларда, булгануу жогору болгон мезгилде сыртка чыкпоо же коргоочу беткаптарды колдонуусун сунуштайбыз. Мисалы, эрте менен же кечинде элдин баары жумушка бараткан, келе жаткан мезгил болот эмеспи, мештерге да от эрте, кеч жагылат. Ошол мезгилде эшик-терезелерди ачпай, ʏйдʏн ичиндеги абаны сактоо кажет. Эрте менен саат 8-9га чейин гана ачып, бɵлмɵлɵрдʏ желдетсе болот. Андан кийин аба булгануусу жогорулоосу мʏмкʏн. Мындан сырткары ʏйлɵрдʏ жылуулоого ɵзгɵчɵ кɵңʏл буруу кажет. Ошондо азыраак отун, кɵмʏр жагылып, жылуулук кɵпкɵ кармалат да, абага зыяндуу заттар аз чыгат. 

“Абанын булганышына байланыштуу конкреттʏʏ кадамдар жасалбай келет”

Эколог Абдыжапар Аккулов атмосферанын булгануусуна коңшу аймактардагы экологиялык абалдын да таасири болорун кошумчалап, шаар аймагындагы калктуу конуштарда бирдиктʏʏ отказандарды уюштуруу керектигин билдирди:

— Атмосферада чек ара жок. Эгер коңшу ɵлкɵдɵ ɵнɵр жай ɵнʏгʏп, аба булганып жаткан болсо, сɵзсʏз тʏрдɵ бизге да таасир этпей койбойт. Бʏгʏн дʏйнɵдɵ автоунаалардын саны ɵстʏ. Кыргызстанда деле 10-20 жыл мурдагыга салыштырмалуу бир топ кɵбɵйдʏ, шаарларда авто тыгын пайда болду. Ошону менен бирге таштандылардын аянты да чоңоюуда. Тилекке каршы, таштандылар кышы-жайы кʏйʏп, канчалаган тʏтʏн атмосферага кошулууда. Мында тʏтʏн эле эмес, жыт, агып чыккан суюк заттар да болууда. Суюк заттар кыртыш менен химиялык реакцияга келгенден кийин жыты гана эмес, кыртышты ɵзгɵртʏп жатканы да сɵзсʏз тʏрдɵ абага кайсы бир заттардын бɵлʏнʏп чыгышын кʏчɵтɵт. Буга чейин кʏз мезгилинде жалбырактарды ɵрттɵɵнʏн кесепеттери боюнча айтып келгенбиз. Акыркы жылдары шаар вертикалдуу эмес, горизонталдуу ɵскɵндʏктɵн, жеке турак жайлар кɵбɵйʏп, аларды жылытуу борбордук от казандарга уланбай, тʏрдʏʏ сапаттагы кɵмʏр, отундар жагылып, абанын булгануусуна ɵтɵ терс таасирин тийгизип келʏʏдɵ. Кɵмʏрдʏн сапаты жɵнʏндɵ сураган киши жок. Муну шаарга киргизʏʏгɵ боло турган жана болбой турган деп бɵлʏп кароо керек. Бирок, андай болбой келʏʏдɵ. Жылда демилге кɵтɵрʏлʏп, планга коюлган менен, конкреттʏʏ кадамдар жасалбай келет. Абанын булгануусун азайтабыз десек, конуштарда от казандарды ишке киргизʏʏ керек. Себеби от казандарды иштетʏʏнʏн технологиясы бир кыйла жакшырды. Мисалы, Ак-Тилек кичи районуна тɵрт от казан уюштуруп, калкты милдеттʏʏ тʏрдɵ кошулуусун ишке ашырсак, от бир жерден жагылып, кɵмʏрдʏн сапаты аныкталып жана эң негизгиси абага чыкчу зыяндуу заттар атайын жабдуу менен кармалып калмак. 

Жумагʏл Кочкорбай кызы