19 апреля, 2024

ИЧ КАТУУ – ЖООН ИЧЕГИНИН СЕЗГЕНҮҮСҮ

Ич катуунун алдын алуу адамдын жашоо шартына тыгыз байланыштуу. Дайыма бирдей убакытта тамактануу, эртең менен жакшылап тамак ичʏʏ,  тамак-аш рационуна жашылчаларды  мисалы, сабиз, кызылча, туздалган же чийки капуста, помидор, бадыраң, баклажан, кабак, ашкабак, гʏлдʏʏ капуста, мɵмɵ-жемиштердин ɵзʏн же алардын маңызын, сʏт, айран азык-тʏлʏктɵрʏн, ɵсʏмдʏк майын пайдалануу туура. Ар кʏнʏ эртең менен кɵнʏгʏʏлɵрдʏ жасоо, жʏгʏрʏʏ, жɵɵ же велосипедде жʏрʏʏ, олтуруп иштегендер дене-бойду жазылтуучу кɵнʏгʏʏлɵрдʏ жасоо ичегинин нормалдуу иштешине шарт тʏзɵт. Ден соолук рубрикасынын бʏгʏнкʏ коногу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын гастроэнтерология бɵлʏмʏнʏн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Гульмира Аттокурова жооп берет.

Ич катуунун себептери аябай кɵп

Биринчи себептери катары жɵнɵкɵй факторлору булар кʏнʏмдʏк жашоо-турмушта тамак-аштын туура эмес пайдалануубуз. Мисалы, ар дайым эле майлуу, ɵтɵ куурулган, ундан жасалган камыр тамактарды, таттууларды кɵп жегенден ич катуу башталат. Бул илимде элементардуу факторлорго кирет. Экинчиси бул аз кыймылдоо. Азыр санариптешʏʏ деп бʏт баары эле электрондошуп кетти. ʏйдɵ жасалуучу жумуштардын баары автоматташтырылып калды. Кɵбʏнчɵ кеңседе отуруп иштегендер арасында ич катуу оорусу менен жабыркагандар кɵп кездешет.

Негизи адам баласы кʏнʏнɵ бир ирет ажатканага барып улуу заарадан бошонуп турушу керек. Бир кʏндɵ бир жолу же бир нече жолу бошонуу норма болуп эсептелет. Анан анын консистенциясына, тʏсʏнɵ да кɵңʏл бɵлʏп туруу талапка ылайык. Адаттагыдай ɵзʏнʏн формасында болсо эч нерсе болбойт. Заңдын суюк келиши, кɵбʏрʏп келиши, ботко сыяктуу келиши, ириң, кан аралышып келиши бул патология. Мындай учурда дарыгерге, адистерге кайрылуу зарыл.

Ичтин катуусу жеген тамакка да жараша болот. Кээ бир адам ажатканага кʏн сайын барат, кээ бир адам кʏн алыс барат. Бирок 3 кʏндɵн ашпоосу керек. 3 кʏндɵн ашык уулуу заң чыкпаса бул ич катууга кирет. Адам ажатканага барып, бирок толук бошонбой калган учур болот, бул да ич катууга кирет. Ажатканага баргысы келбей эле нормалдуу тʏрдɵ жʏрʏп, анан кʏн алыс барса ал норма эсептелет.

 Ич катуу жана нерв системалары

Ич катуу нерв системаларына да байланыштуу болот. Нерв системадагы импульстар келип ичегинин мотору жакшы иштеп, ичегидеги ашыкча уулуу заттар сыртка чыгып кетет. Бул ичегини нерв системалары башкарат деген сɵз. Адамдын нерв системалары жабыркаганда ич катуу же болбосо ич ɵтʏʏ башталат. Омурткалар жабыркаганда да ич катуу башталат. Себеби ар бир омурткадан нерв системалары кетет. Омурткалар жабыркап калганда да ичегинин кыймылы бузулат. Буга башка оорулар да себеп болуп калат. Кɵп жылдар бою тɵшɵктɵ ооруп жатып калган бейтаптар дагы ич катуу менен кɵп жабыркашат, анткени кыймыл жок.

Ич катуунун кесепеттери

Мындан сырткары ичегидеги курттар, ичегиде жаранын пайда болушу, ичегинин узарып кетиши, ич катуунун татаалдашып кетʏʏсʏ, геморройго, тʏз ичегинин жабыркашына алып келет, тʏз ичегиде жарака пайда болот. Же болбосо ар дайым физикалык басым болуп, травманы жаратат, жыйынтыгында жарака (трешина, свищ)  пайда кылат, ичеги тешилип калуусуна алып келет. Геморрой бар болсо заңдоо учурунда канатат. Ар ажатканага барган сайын канай берсе кан аздуулукка жеткирет, адамдын социалдык абалын начарлатып, психологиялык жактан кыжаалатка салат. Ичеги тʏйʏлʏп, жооноруп кетет. Ар дайым заң сыртка чыкпай кыйнай берсе ичегиде кармалып, ичеги жооноруп кетет. Ичегинин функциясы бузулат. Адам жыйынтыгында ууланат. Ар дайым баш ооруп, кɵңʏл айланып, жагымсыз жыттар келип, алы куруйт. Беттеги теринин ɵзгɵрʏʏсʏ, ичтин кɵбʏшʏ, киндиктин айланасында оорунун пайда болушу, ушунун баары ич катуунун кесепеттеринин натыйжасында болот.

Кыймылда болуш керек

Анан бейтап дарыгерге келгенде дароо эле дары менен дарылоо туура эмес. Биринчи кезекте бейтап менен маектешʏʏдɵ билʏʏ керек, ушул ооруга эмне алып келди, социалдык абалы кандай, ушуга кɵңʏл буруу зарыл. Ал балким, тамак-ашка байланыштуу фактор болсо рационду оңдоо зарыл. Салат, мɵмɵ-жемиш, суюктуктарды ичип, ичегилерге укалоо жʏргʏзʏп, кыймылдаш керек.  Нерв системаларынан болгон болсо, нерв системаларын калыбына келтирʏʏчʏ, тынчтандыруучу дарылар аркылуу психологдор менен кеңешʏʏ зарыл.

“Ооруп дарыланганга караганда анын алдын алган эффективдʏʏ ыкма”

-Учурда спорт менен алектенип, жɵɵ баскандардын саны кɵбɵйʏʏдɵ, велосипед мингендер кɵп, спорт залдарына барып дене-боюна кам кɵргɵндɵр арбын. Азыр интернеттин заманы болуп калбадыбы, биринен бири кɵрʏп йога, степ, фитнестерге барып калышты. Албетте, мунун баары кубандырат. Адам качан ооруганда дарыгерге барбай алдын ала ɵзʏн караган жакшы. Ооруп дарыланганга караганда анын алдын алган эффективдʏʏ ыкма. ʏйдɵн машинага отуруп ишке барып, кечке иште отуруп, иштен чыгып кайра машинага отуруп ʏйгɵ барып тамактанып жатып алып анан ич катуу кɵбɵйʏп жатат.

Жаштардын ичи катуусунун себептери алар телефондо кɵп отурушат. Баягы эле кыймылдын жоктугу. Компьютерде эртеден кечке отурушат, кɵпчʏлʏгʏ иштейт, иштин баары компьютер менен. Анан тамактанганда фаст-фуд жешет. Илгеркидей азыр ачыткыга жасалган нан жок. Жада калса дʏкɵндɵн алган айран, сʏттɵрʏбʏз деле коробкада, сактоо мɵɵнɵтʏ 3 айдан 6 айга чейин. Жашообуз бʏт эле химиялашып кетпедиби.

Ич катуунун белгилери:

•      Ичтин ооруу сезими

•      Табиттин жоголуусу

•      Ооздо жагымсыз даамдын пайда болуусу

•      Ишке жарамдуулуктун тɵмɵндɵшʏ

•      Баш ооруу, нерв иштетʏʏ

•      Маанайдын тʏшʏʏсʏ, уйку бузулуу

•      Беттин кубаруусу, саргаюусу, шалбыроосу, тартылып туруунун жоголуусу

 Кош бойлуу аялдардагы ич катуунун себептери:

•      Прогестерон гормонунун таасиринин негизинде ичегилердин иштɵɵ тартиби бузулуусу

•      Жатындын чоңоюусу менен ичегилердин кысылуусу

•      Тамак-аштын сапатынын ɵзгɵрʏʏсʏ

•      Физикалык активдʏʏлʏктʏн тɵмɵндɵшʏ

 Элдик медицинада

•       Элдик медицинада ичи катууга кара ɵрʏктʏ жана кара ɵрʏктʏн ширесин кɵп колдонушат. Анткени ɵрʏктʏн курамында клетчаткадан сырткары сорбитол бар. Бул ич алдыруучу эффект берген кант спирти.

 •       Ич катууну жоюунун дагы бир жолу катары брокколи эсептелет. Анын курамында сульфорафан деген баалуу азык бар. Ал ичегинин коргоого жана тамак сиңирʏʏгɵ жакшы жардам берет .

 •       Ич катуунун алдын алам десеңиз кʏн сайын 1стакан кайнаган жылуу суу ичʏʏнʏ адатка айлантыңыз. Суу ичегилерди ишке киргизет. 15-20 минутадан кийин 1 чай кашык зайтун майын ичип, жарым сааттан кийин тамактаныңыз.

 •       Сууга бышкан кызылчаны ач карын жесеңиз, ичиңизди жумшартып заңдоого жакшы жардам берет. Эгер кызылчанын ɵзʏн жей албайм десеңиз анда айранга кошуп жеңиз.