24 апреля, 2024

“Бизде гепатит В ны алдын алууга бардык шарт бар”

Алдыңкы жылдары биздин эл вирустук гепатит менен оорумак тʏгʏл оору эмне экенин билбей калышат. Мына ушундай ʏмʏт шооласын жандырган “Цадмир” клиникасынын гепатологу, инфекционист Жоомарт Сатыбалдиевдин кызыктуу маегин сунуштайбыз. 

Гепатолог деген ким?

-Гепатолог – боор оорулары менен алектенген дарыгер. Бирок, боордун бардык эле ооруларын карай бербейт. Мисалы, боордо курт болуп же ириңдеп кетсе аны хирургдар дарылайт. Демек, гепатологдор аутоиммундук гепатит, вирустук гепатит A, B, C, D, E, G деген сыяктуу боордун вирустук жана вирустук эмес жабыркашын дарылашат.

Боордун чоңоюп кетиши 

-Боордун чоңоюп же кичирейип кетʏʏ себептери кɵп. Мисалы, малярия, бруцеллез жана айрым кан ооруларында деле боор чоңоюп кетиши мʏмкʏн. Андан сырткары чоң кишилер арасында алкоголь ичимдиктерин кɵп ичкендердин жана туура эмес дары-дармектерди кабыл алуу боордун чоңоюп кетʏʏсʏнɵ алып келет. Вирустук гепатиттин А(сарык оорусу) тʏрʏ менен кɵбʏнчɵ мектеп жашындагы же бала бакчага барган балдар оорушат. Бул жугуштуу оору. Мында да боор чоңоёт, бейтаптын кɵɵнʏ айланып, кускусу келет, кɵздɵрʏ саргаят, чоң заара агарып, кичи зара кызарып калат. Бул процесс узакка созулбайт. Кɵпчʏлʏк балдар 6 айдан 1 жыл аралыгына чейин айыгып кетет. Кайра ал эч качан кайталанбайт, боор да калыбына келип калат, анда маселе жок. Эгер биз маселени боордун чоңоюшу жагынан алып карай турган болсок анда бул ɵтɵ чоң темага айланат.

Циррозго айланган боордун жашоо узактыгы

-Кыргызстанда боор ооруларынын эң кɵп катталганы, трагедиянын жеткен чеги – бул В вирустук гепатити. Бул ооруну бардык социалдык тармактар ЖМК аркылуу аябагандай кɵп пропаганда кылганымын себеби да ошол. Бизде гепатит В ны алдын алууга бардык шарт бар, маалыматты деле жеткирип жатабыз, бирок эл кайдыгер болуп жатпайбы. Мисалы, вирустук гепатит С ны ʏч ай дарылап койсо айыгат. Эгер гепатит Вга гепатит D келип кошулчу болсо супер инфекцияга айланат дагы аны дарылоо балким, медицинасы ɵнʏккɵн Израилдин колунан деле келбей калышы мʏмкʏн. Гепатит В деген диагнозду дарылоо чет ɵлкɵлʏк лабораториялардын базасында жасалат. Дарылар да чет ɵлкɵдɵн келет. Ошондуктан биздин эл кыйналып топтогон акчасын бир кʏндɵ дары-дармегине чачып отуруп калууда. Бул ооруну алдын алса болот. Ушундай бир жакшы жаңылыкты айта кетейин, калкыбыздын саны 7 миллион болсо, анын 1 миллионуна туулганда эле вакцина берилет. Тагыраагы, 2000-жылдан баштап туулган балдардын баарына мамлекет ɵз чɵнтɵгʏнɵн алган вакцинаны сайып келе жатат. Булар кандай гана бактылуу муун. Калган 6 миллион элдин 1 миллиону гепатит В менен ооруп бʏткɵн. Калган 5 миллион элдин тагдырына кол шилтеп коё албайбыз. Буга чейин да айтып келем, дагы айтам гепатит В га анализ тапшырышсын, таза чыкса вакцина алып коюшсун. Начар чыкса дарылоо процессине эртерээк киришели. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жеке клиникаларда гепатит Вга жана Сга анализ 450 сомду, ал эми вакцинанын бир дозасы 800 сомду тʏзɵт. Вакцина Россия Федерациясынан  алынып  “биннофарм” ишканасынан чыгарылган “регевак” деп аталат. Бул вакцина 100% адамды сактайт. Коопсуздугу жагынан дʏйнɵдɵгʏ рекордду жаңылаган. Аллергия бербейт, температура чыгарбайт. Айрым адамдар “эмне ʏчʏн эч жерим оорубаса деле вакцина алышым керек?” деп сурашат. Баса белгилеп кетейин, боордун нерви жок болгондуктан ооруса белгилери байкалбайт. Вирус канга тʏшкɵн болсо тымызын боорду жабыркатып кете берет. Качан гана ичи шишип, тиштери канап, кичи заара ушата албай боор куурап калганда гана ыйлап келген пациенттер кɵп. Анан “жакында эле ушинип ооруп калдым” дешет. Жок, мен буга макул эмесмин. Бейтап 20-30 жылдап ооруган, болгону ооруну алдын алган эмес. Анын кесепетинен боор ɵзʏнʏн болгон ресурсун иштетип бʏтʏп, кургап, кичирейип цирроздун акыркы стадиясына ɵткɵн болот. Цирроздун 1-стадиясында адам 15-20 жылдап жашашы мʏмкʏн. 2-стадияда 5-10 жыл, ал эми 3-стадиясында 5 жылга да жетпейт. 1-2-стадияларында боор алмаштыруу операциясы зарыл эмес. Аны ɵзʏбʏздɵ да дарыласа болот. Жогоруда айтканымдай, В вируска D вирусу келип кошула турган болсо аны токтотуу мʏмкʏн эмес, бир кʏн сɵзсʏз операцияга муктаж кылат. 

Тукум куучу “жильбер синдрому”

-Вирустук гепатит A, B, C, D, E укумдан-тукумга ɵтпɵйт. Булар жугуштуу, В, С кан аркылуу жукса, А, Е кир колдор, кайнатылбаган суу, идиш-аяктар аркылуу ʏй шартында жугат. Ал эми “жильбер синдрому” тукум кууйт. Илимге бул тʏшʏнʏктʏ Жильбер аттуу адам киргизген. Мында адамдын ɵңʏ бир аз саргайып, кɵңʏлʏ деле айныбайт, куспайт. Бул жɵнʏндɵ кɵпчʏлʏк адам биле бербейт. Ошондой эле боордун башка дагы тукум куучу тʏрлɵрʏ бар. Алар илимде сейрек кездешип, биздин ɵлкɵдɵ кездешпегендиктен азырынча сɵз кылуунун кажети жок.

“Гепатит Ага берилчʏ вакцина 100% коргойт”

-Вирустук гепатитти алдын алуунун эки жолу бар: жалпы гигиеналык шарттарды жакшыртуу. Бирок бул оорудан сактайт деп 100% кепилдик бере албайбыз. Анткени, бардык адамдар бирдей гигиеналык шарттарды сактай бербейт. Экинчиси 100% сактай турган ыкма, бул гепатит А дан сактоочу вакцина. Далил катары айтайын, Европанын ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрʏндɵ бир да бала гепатит А менен оорубайт. Анткени баары вакцина алган. Экинчи далил катары, мына жакында АКШ “Грин карта” лотореясын уюштурду. Канчалаган мекендешерибиз утуп алып миграцияга кетип жатышат. Мына ошолордун баары кʏнʏгɵ биздин эшигибизди такылдатышат. Себеби, ʏй-бʏлɵсʏ менен бараткандар “балдарыбыз гепатит Ага вакцина албаса, Америка астанасын да аттатпайт экен” деп келишет. Мынакей дʏйнɵнʏн ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрʏ балдарга 1 жаштан 3 жашка чейин гепатит Ага вакцина берип келишʏʏдɵ. Ɵкʏнʏчʏʏсʏ бизде ушул тапта балдардын жугуштуу оорулар стационарына барып кɵрсɵңʏздɵр, бир эмес ʏч бɵлʏм толтура вирустук гепатит А менен жаш балдар жатышат. Жогоруда 2000-жылы туулган балдардан бери гепатит Вга берилчʏ вакцинанын бар экенин белгилеп ɵткɵн элек. Ал эми гепатит Ага вакцинаны мамлекет толук каржылап ала элек. Гепатит Вга вакцина тууралуу кошумчалай кетсем, муну 1965-жылдан бери Европа мамлекеттери алат. Ушул кʏнгɵ чейин аларда гепатит В менен ооруган адамдар бирин-серин кездешет. Туура, Европадан бир топ жыл аркада калдык, 2000-жылга чейин туулгандар ʏчʏн вакцинаны сатып алууга мамалекеттин азырынча каражаты жетишсиз. Мамлекет каржылабагандан кийин карап отура бергенге да болбойт. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ар бир облустун борборунда, районунда гепатит В га анализ алуучу лабораториялар жетиштʏʏ.

 “Адам гепатит В менен оорубаса D вирусу жолобойт”

-Жогоруда айтылып кеткендей, гепатит В га вакцина ала турган адамдар бʏгʏн биринчи дозасын алса, бир айдан кийин экинчи дозасын, 6 айдан кийин 3-дозасын алат. Бул кɵп жылдар бою оорудан сактайт. Эгер ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнɵн кимдир бирɵɵ гепатит В менен ооруган же учурда ооруп жатса календардык мезгилге жараша тɵрт жолку дозада алуусу керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин №524 буйругунда так жазылган. Адам гепатит В менен оорубаса D вирусу жолобойт. Андан сырткары боордун рак оорусунан сак болот. Негизи вирустук гепатит В, С, D менен ооруган 100 адамдын 12си боордун рагына кабылат. Бул накта трагедия.

“Динде эч качан ооруну алдын албагыла деп айтылган эмес”

-Айрым ата-энелер бар, ɵзʏ союз учурунда туулган, вакцинанын тʏрʏн алган, бирок негедир балдарына алдыргысы келбейт. Гепатит Вга эле эмес, башка ооруну алдын алуучу вакциналарды албай койгондугунан эстесеңиздер 2015-2017-жылдар аралыгы кызамык оорусу аябай кʏчɵгɵн. Ошондо мен балдардын жугуштуу оорулар стационарында иштейт элем. Бейтаптарды кайда жаткырарыбызды билбей калганбыз. Бир учурда ушундай муун ɵзʏнчɵ ислам динин чала окуп, чала ʏйрɵнʏп алып вакцинага каршы чыгышкан. Андайлар азыр деле бар. Эгер силер менден мыкты билсеңер, вакцинация боюнча илимиңер болуп, далилиңер болсо айткыла. Вакцинация боюнча менин билимим алда канча кɵп болуп туруп, ушул убака чейин балдарымдын вакцинасын калтыра элекмин. Динде эч качан ооруну алдын албагыла деп айтылган эмес.

Айжылдыз 

Тойчиева