19 апреля, 2024

“Эстелик жанына келип, Энелер, ыйлабагыла” же “Эстеликти” эскерип…

Элге терең сиңип, эл менен кошо жашап калган чыгармалар аз. Алардын ичинде элдик ырга айланган “Эстелик” кантип жаралганы сизге да кызык болсо, анда сɵзсʏз ушул макаланы окуңуз. Эч качан энелер, ыйлабагыла! Эч ким ыйлабасын!

Обончу Хабибилла Азиреткулов:

“Ɵтɵ кɵп жылдык жан дʏйнɵмɵ топтолгон бук, ыза “Эстелик” менен чыкты”

-Агай, ушул ыр тууралуу кенен айтып берсеңиз…

-Бул ыр дароо эле чыга калган жок. Ɵтɵ кɵп жылдык жан дʏйнɵмɵ топтолгон буктун, ызанын, согуштун тагынын жыйындысынан келип чыкты. Анткени, таятам Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи даражадагы майыбы болчу. Бомба жарылып бутунун жети жерине чачындылары тийген. Ал киши согушту айтып берип отурса тим эле укмуш! Андан тышкары биз мектепте окуганда 23-февралда, 9-майда айылдагы согуштун ардагерлерин чакырчубуз. Ал кишилердин айтканы бизге жомоктой эле. Уй мʏйʏз тартып отуруп алып  кɵздɵрʏнɵ жаш алып отуруп укмуш айтып берет эле. Тылдагы азап-тозокторду айтып беришчʏ. Ошонун баары биздин каныбызга убакыт менен кошо сиңе берди, сиңе берди.  Алтурсун биз кино кɵргɵндɵ да немистер менен согушуп жʏргɵндɵй болуп кɵрɵт элек. Биздин балалыгыбыз ошону менен ɵттʏ. Козу кайтарсак дагы, кɵчɵдɵ “так-тах” деген оюн ойногондо да сен немис, биз СССР деп ойночубуз. Согуштун тагы биздин балалык куракка абдан таасир этти. Ошолордун баарынын жыйындысы акыры келип туруп “Эстелик” менен аяктады. 1984-жылы бʏткʏл союздук потриоттук ырларга конкурс жарыяланды. Анткени, 1985-жылы жеңиштин 40 жылдыгы белгиленмекчи болгон. Ошентип 1984-жылы конкурс тууралуу гезиттен окуп калдым. Биз студент кезде Афган согушу башталып, Ош облусунан каза болгондордун сɵɵгʏн темир жол менен биздин жатакананын артына алып келчʏ да. Ошол жерден канчалаган энелердин ыйын уктук. Ошолордун баары биригип акыры бир чыгарма болуп чыкты да. 

“Энелер, ыйлабагыла!”

-Кантип, кай абалда жазылды деп сурагандар кɵп болсо керек?

-“Эстелик” ыры 1985-жылдын жаз айларында жазылды. Мени эми чыгармачыл киши тʏндɵсʏ баары уктап калгандан кийин кɵпкɵ отурам. Анда дагы баары уктагандан кийин телевизор кɵрʏп отурганмын. Жеңиштин кырк жылдыгына карата кʏндɵ эле согуш жɵнʏндɵ кино берип турчу. Кинодо согуштагы азап-тозокторду кɵрсɵтʏп жатат. Ошол кинодон бир эненин ыйлаганы мага абдан катуу таасир кылды. Ошондо биринчи эле сап “Энелер, ыйлабагыла” деп чыккан. Обонун ошол жерден дароо аккордеон менен токтоосуз чыгардым, бир отуруп эле. Шыр чыгып кетти. Анан сɵзʏн жаздым. Азыр ырдалып жʏргɵн эле сɵз ошол.

“Сɵзʏн Атакул Жакыпов оңдоп берген”

-Кээ бир ырлардын аталышы башка болуп калчу эле, автору ɵзʏңʏзбʏ же оңдоттургансызбы?

-Ал кездеги кыргыз композиторлор союзунун алдында кɵркɵм кеңеш боло турган. Жылына 1-2 жолу обончуларды чакырып, электен ɵткɵрʏп турчу. Азыркыдай аралаш, чачыранды эмес эле. Мен эле эмес, дɵɵ-шаалар Рыспай акелердин ырлары ɵтпɵй калган кʏндɵр болгон. Ушунчалык реалдуу, катуу турчу. Ал жерге барган бир жагыңда атактуу беш композитор, бир жагында Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов баштаган беш акын карап отурчу. Ошондой жерде биз жаңы ырларыбыз менен экзамен беребиз да мындайча айтканда. “Эстеликти” алып барайын десем, ал кезде сɵзʏ да ɵзʏмдʏкʏ, обону да ɵзʏмдʏкʏ десең сен акын эмессиң деп кабыл албайт эле.  Атакул Жакыпов деген акем райондук гезитте иштечʏ. Эрте менен эрте туруп автобус менен районго барып, ал кишини таап жолуктум. “Бир ыр жаздым эле. Мына бул тексти, ушуну оңдоп бериңиз эми” дедим. Ал киши ɵтɵ жакшы, ɵтɵ элпек адам. Андай жакшы адам дʏйнɵдɵ аз. Бала пейил. Пейили тим эле укмуш киши да. Мен бир айланып келгиче жазып коюптур. Сонун кылып ɵзгɵртʏп коюптур. Анан: “Атакул аке, эми бул ырдын сɵзʏ сиздики болот” десем, “Жок, жок, болбойт. Сен оңдоп бер дедиң. Мен оңдоп эле бердим. Абийирим чыдабайт. Кантип мен сенин ырыңды ɵзʏмдʏкʏ кылып алам”,-деп болбоду. Мен да жок деп кɵнбɵдʏм. Кийин биринчи эфирге чыкканда сɵзʏ Атакул Жакыповдуку деп жарыяланды. Ошол ошол менен сɵзʏ Атакул Жакыповдуку болуп калды. Негизи сɵзʏн ɵзʏм жазганмын. Атакул аке оңдоп берген. Айтмакчы, Атакул аке бул ырга “Уулуңар тирʏʏ катарда” деп ат койгон. Бирок эл  баары бир “Эстелик” деп атап алды.

“Азыр да ырдалып жʏргɵнʏнɵ абдан кубанычтамын”

-Биринчи жолу 1985-жылы Лейлек районунда маданият ʏйʏ ачылды. Ал маданият ʏйʏндɵ 350гɵ чукул отургуч бар. Ошол жер 100 пайыз согуштун ардагерлерине толду. Ошондо биринчи бет ачар кылып ардагерлерге чыгып ырдап бердим. Аксакалдар бʏт сакалдарынан ылдый жашы куюлуп ыйлап отурушту. Баары ыйлады. Кыскасы, ырдын биринчи тушоосу кесилгенде эле  популярдуу болду. Анда мен мектепте иштечʏмʏн айылда. Радиого, телеге ырдадым. Бишкекке чакырды. Ошентип тез эле эл оозуна алынып, белгилʏʏ болуп кетти. Ошондон бери эл арасында ырдалып жʏрɵт.  Канчалаган профессионалдар, канчалаган аскердик оркестрлер,  ал тургай Россияда ырдалып жʏрɵт. Орус тилине да которулду. Мен абдан кубанычтамын. Бул обонум чыкканынан бир топ жыл болду. Дагы деле ырдалып жʏргɵнʏнɵ абдан кубанычтамын.

Маматали кызы  Бʏкалча

ЭСТЕЛИК

Сɵзʏ: Атакул  Жакыповдуку

Обону: Хабибилла Азиреткуловдуку

Аттанган тууган жер ʏчʏн,

Аттанган кутман эл ʏчʏн.

Гʏл коюп, эскер, ыйлаба,

Уулуңар жоокер эр ʏчʏн.

Эстелик жанына келип,

Энелер, ыйлабагыла.

Уулуңар тирʏʏ биз менен,

Сезимди кыйнабагыла.

Жан берип, кандуу кармашта,

Кайткан жок, кайра батыштан.

Эстелик болду эми алар,

Тʏбɵлʏк отто жанышкан.

Тосушуп таңды атарда,

Узатып кʏндʏ батарда.

Тʏбɵлʏк тирʏʏ турушат,

Уулуңар биздин катарда.

«ЭСТЕЛИКтин» орус тилине которулган варианты

У ОБЕЛИСКА

Слова: Атакула  Жакыпова

Музыка: Хабибиллы Азиреткулова

Перевод на русский язык: Мелиса Айдаркулова

Они сражались за Родину,

За честь и народную волю.

Возложите цветы и не плачьте, 

О героях священной войны.

У  обелиска павшим воинам,

Матери, прошу, не плачьте.

Не терзайте души сыновей,

Помяните, а слёзы спрячьте…

С войны не вернулся солдат,

И навечно застыл в граните он,

С благодарностью святой,

Пусть пылает Вечный  огонь

Как прежде рассветы и закаты,

Ваши сыны с нами встречают.

Шли солдаты в бой за жизнь –  

Не умирать, а жить!