19 апреля, 2024

«УЙКУДАГЫ УЛУТТУК УЛУУ СЕЗИМДЕРДИН ОЙГОНУШУ КУБАНДЫРАТ»

Ɵлкɵбʏз эгемендик алган токсонунчу жылдардан баштап эле ɵлкɵнʏн ички жана сырткы коопсуздугу, жаштарды патриоттук духта мекенди сʏйʏʏгɵ, коргоого тарбиялоо, алгач алардын ден соолугун, руханий жана физикалык жактан ɵнʏктʏрʏʏ, шартка жараша жаркын келечегин камсыздоо маселелери мамлекетибиздин кɵңʏл борборунда болуп, бир канча мыйзам актылары кабыл алынган. Мекенди сʏйʏʏ, кызмат кылуу, коргоо ар бир Кыргызстандын жараны ʏчʏн –ыйык милдет экенин ким билбейт?! Жалпыга белгилʏʏ болгондой, алакандай мекенибизде, ачык кол, меймандос элибиз менен бирге кылымдардан бери жʏзгɵ жакын ар кандай улуттардын ɵкʏлдɵрʏ жашайт. Мындай кырдаалда улуттар аралык биримдикти камсыздоо, “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып жашоо”,   Мекенди коргоого даярдоо жеңил-желпи маселе эмес! Анткени жетимиш жыл жалпыбыз ʏчʏн бир мекен болгон СССРдин урашы, ата-энесинен айрылып жетиле элек жетим баладай болуп 15 союздук республиканын саясий–экономикалык, социалдык, коргонуу ж.б. толгон–токой тʏйшʏктɵрʏнɵ ɵз жоопкерчилигин алуу чоң маселе жаратты. Бул кырдаалдан чыгуу, ɵз стабилдʏʏ ɵнʏгʏʏбʏздʏ камсыздоо, ар кандай сырткы душмандардан коргонуу, чек ара тилкелерин аныктоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик мʏмкʏн болгон мыйзамдарды кабыл алып жатты, бирок мурдагы калыптанган системалуу ар тараптуу байланыштар жоюлгандан кийин ɵткɵɵл мезгилдин “кемесинин” багытын аныктоо, стабилдʏʏ ɵнʏгʏʏнʏ камсыздоо, ɵлкɵ коопсуздугун сактоо тʏмɵн тʏйшʏктɵрдʏ жаратты. Коомдук психологияны да жаңыча калыптандыруу, ажаанданган капиталисттик жеке кызыкчылыктардын ʏстɵмдʏгʏн кɵздɵгɵн базар экономикасына шартташуу, сырткы кʏчтɵрдɵн коргонуу, мекендин коопсуздугун сактоо, коомдогу стабилдʏʏлʏктʏ камсыздоо тʏйшʏктɵрʏ жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодогу приоритеттʏʏ маселелерди экинчи, андан да арткы орундарга сʏрʏп келгени жашыруун болбой келди!

  Ооба, ушундай кырдаалга карабастан Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтʏ  26.10.2001 жылы № 668 токтому менен тɵмɵндɵгʏдɵй иш-чара кабыл алат. Ал “2002–2003-жылдарда Кыргызстандын жаштарына аскердик-патриоттук иштин негизги багыттарын бекитʏʏ жɵнʏндɵ” деп аталып, ɵкмɵт жетекчилерин, мамлекеттик комитеттерин, аймактык мамлекеттик жетекчиликтерин, айыл ɵкмɵттɵрʏн ж.б. тиешелʏʏ мамлекеттик органдарын жогорудагы токтомдун жыйынтыктарын кыйшаюусуз аткаруу, ар бир айдын белгиленген кʏнʏ ɵкмɵттʏн алдындагы коргонуу жана укук коргоо органы, ɵкмɵттʏн алдындагы  социалдык  маданий ɵнʏктʏрʏʏ аппаратына отчётторду берип туруу милдеттендирилет. Андан кийин да бул багытта Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жɵнʏндɵ”   мыйзам кабыл алынат. Ошондой эле жаштарды ɵнʏктʏрʏʏ боюнча он жылдык (2010 жылга чейин) Улуттук “Жаштык” программасы кабыл алынат. Ал программанын негизги максаттары болуп:

— Жаштардын жарандык калыптанышы;

— Жаштарды аскердик-патриоттук жана руханий-адептик тарбиялоо;

— Аскерге чакырууга чейинки жаштардын аскердик-спорттук жана дене тарбиялык ɵнʏгʏʏсʏ;

— Аскерге чакырылганга чейинки жаштарды ата-мекенге кызмат кылууга максаттуу даярдоо сыяктуу иреттʏʏ иштер жʏргʏзʏлʏп келди.

 Ушул убакка чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏ кандай иштерди жʏргʏзбɵсʏн, бирок кошуна мамлекеттер менен мамлекеттик чек араларды аныктоо, ɵлкɵнʏн коргонуу жɵндɵмʏн арттыруу, аскердик кʏчтɵрдʏн материалдык –техникалык базасын чыңдоо, сырткы кʏчтɵрдɵн коргонуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн арттыруу сыяктуу орчундуу маселелер толук кандуу чечилбей келди.  Учурда бул маселелерди чечʏʏдɵ  президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаров, мамлекетик коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев ɵз элинин астындагы жоопкерчилигин сезишип, эбегейсиз эрктʏʏлʏктɵрʏн кɵрсɵтʏп, кошуна Ɵзбекстан Респубикасы менен чек ара маселелерин толук чечип, учурда тажик тарап менен бул мамлекеттик жооптуу да, кооптуу да маселени чечʏʏ ʏстʏндɵ иштеп жатышат. Ɵз чегиңди аныктагандан  кийин гана аны кɵз карегиндей коргоо, сактоо кандай жʏрɵк толкуткан сыймык экендигин Баткендеги акыркы трагедиялуу окуялар айкын кɵрсɵтʏп койду. Бул кол салууда ɵкʏнʏчтʏʏсʏ, бейкʏнɵɵ курмандыктар менен коштолсо да чек арадагы он гʏлʏнɵн бири ачыла элек арстандай айбаттуу жаштардын ɵлʏмдɵн жалтанбаган эрктʏʏлʏгʏ, мекенин коргоодо ɵз ɵмʏрʏн ойлонбостон курмандыкка чалуулары, алардын эрдиктери учурдагы жаштарды, “эрди кɵрʏп эр ɵсɵт” дегендей патриоттуулукка, мекенин сʏйʏʏгɵ, керек болсо кашык каны калганча коргоого тарбиялап койду. Бирок эмне себептен ушул убакка чейин миңдеген элдин пикирин эске алып, ɵтʏнʏчтɵрʏн колдобой Баткен согушунда ɵз ɵмʏрʏн курмандыкка чалган Кыргызстандагы Суворов окуу жайынын бʏтʏрʏʏчʏсʏ, эки баланын атасы, чек ара заставасынын командири Эламан Ураимовго (апасы Апысова Венера, Кара Суу районунун Савай айылынын тургуну) “Кыргыз эл баатыры” ардактуу наамын бербей келет? Эгерде жогорудагы чыныгы баатырларга мамлекеттик жогорку сыйлыктар берилип, мекенинде алардын ысмы ɵлбɵс- ɵчпɵс болуп калтырылса алардын эрдиктери кийинки муунга, учурдагы жаштарга ʏлгʏ болмок!

Мектептерде салкындап ɵтʏлбɵй калган “Баштапкы аскердик даярдык” сабактары кайрадан калыбына келтирилип, ал президентибиздин алгачкы “Инсандын руханий адеп – ахлактык ɵнʏгʏʏсʏ жана дене тарбиясы жɵнʏндɵгʏ” Жарлыгында аныкталган. Президентибиздин бул алгачкы жарлыгы эгемендик алгандан бери уйкуда жаткан улуттук улуу сезимдин ойгонушуна, кɵптɵгɵн эрктʏʏ жаштардын сергек жашоо образын тандоосуна, спорт майданында болуп  кɵрбɵгɵндɵй ийгиликтерди жаратуусуна алып келди. Буга далил катары  акыркы эки жылда дʏйнɵ чемпиону, Азия чемпиону  титулдарын жеңип алган Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Жоломан Шаршенбаев “кыргыз феномени” катары ааламга таанылышты. Ал эми Мээрим Жуманазарова, Валентина Шевченко, Айпери Медет кызы да дʏйнɵлʏк жана Азия  чемпионаттарда элибиздин эрктʏʏ, белдʏʏ, намыстуу уул-кыздары  экендигин кɵрсɵтʏп келе жатышат. Башка улуттун ɵкʏлʏ болсо да Валентина Шевченконун мамлекеттик желекти дʏйнɵлʏк чемпионаттарында сыймыктануу менен желбиретип, ɵзʏнʏн спорттогу кесиптештерине ɵзгɵчɵ тилектештик касиеттерин кɵрсɵткɵнʏ мекенчилдиктин ʏлгʏсʏ болду. Учурда сергек жашоого, улуттук ар намыска, инсандын руханий адеп-ахлагына, дене тарбияны чыңдоого ɵзгɵчɵ приоритет берген мамлекеттик колдоого шыктанган жаштар спортко, аскердик даярдыкка ɵз демилгелери менен келишʏʏдɵ. Буга далил катары ОшМУнун базасынада абитуриенттердин кɵптʏгʏнɵ байланыштуу «Дене тарбия жана спорт» факультетин ачууга шарт тʏздʏ. Мындай кɵрʏнʏштɵр башка ЖОЖдордо да байкалууда. Бул да болсо мамлекет башчыбыздын улуттук сезимди ойготуу, жаштарды колдоо, ɵнʏгʏʏнʏн улуттук ата-бабалар жолуна салуудагы жʏргʏзʏп жаткан туура саясатынын натыйжасы. Учурунда улуттук армиянын катарында  дээрлик бир гана титулдук улуттун ɵкʏлдɵрʏ гана кызмат кылса, учурда башка улуттардын ɵкʏлдɵрʏ да кызмат ɵтɵп жатканы кубандырат. Анткени жалпыбыз мекендеген кɵп улуттуу калктардын бир гана мекени – бул  Кыргызстан  экендигин тʏшʏнʏп баратканыбызда!

Билимдʏʏ, бирок адепсиз адис мамлекетибиз ʏчʏн трагедия экендигине кʏбɵ болуп келебиз! Ошондуктан тɵмɵнкʏ эң акылдуу, баарыбыз сергек акылыбыз, жан дилибиз менен кабыл алууну сунуштап кетким келди.

   Тʏштʏк Африканын Стелленбосс университетинин кире бериш босогосунда: “Бир элди жок кылуу ʏчʏн атомдук бомбанын же вирустун деле кереги жок. Болгону билим берʏʏнʏн сапатын тʏшʏрʏп, паракордукту окуу жайларга жайып жиберʏʏ керек. Мына ошондо оорулуулар чала дарыгерлердин колунан ɵлʏшɵт, имараттар чала инженерлердин колунан бузулат, акчалар экономисттердин колунан азаят, адилеттʏʏлʏк соттордун колунан жоголот. Билим берʏʏнʏн жок болушу – улуттун жок болушу ” деген жазуу баарыбыздын эсибизден чыкпаса!

            Тоголоков Абдибасир Мойдунович, камдыктагы майор, Дене тарбия жана жаштарды аскерге чакырууга   чейинки даярдык кафедрасынын окутуучусу