20 апреля, 2024

Милдеттʏʏ медициналык камсыздандыруу полиси

2023-жылдын 10-апрелинде Кыргызстанда «Кыргыз Республикасындагы жарандарды милдеттʏʏ медициналык камсыздандыруу жɵнʏндɵ Мыйзам кʏчʏнɵ кирген. Буга чейин камсыздандыруусу барларга мыйзамдын жаңы эрежелери таасир этпейт.ММК полиси тууралуу жаңы мыйзамдагы жагдайларды кеп кылабыз.

 ММК ПОЛИСИ ЭМНЕГЕ КЕРЕК?

ММК полиси – сизге медициналык кызмат кɵрсɵтʏʏлɵрдʏн кепилденген пакетин жеңилдик менен алууга укук берет.

ММК полисин ким сатып алууга тийиш?

Жарандардын камсыздандырылбаган категориясы:

• 18 жаштан жогору иштебеген жарандар (иш менен камсыз кылуу кызматында катталбаган жумушсуздар, ʏй кожойкелери);

• кʏндʏзгʏ-сырттан (кечки) жана сырттан (дистанттык) окуу формаларынын, ошондой эле 21 жаштан жогорку кʏндʏзгʏ окуу формаларынын студенттери; • аларга  карата милдеттʏʏ медициналык камсыздандырууга тɵгʏмдɵр келип тʏшпɵгɵн жеке уюмдарда, ишканаларда, базарлардаиштегендер (тигʏʏчʏлɵр, куруучулар, такси/маршруткалардын айдоочулары, базарлардын соодагерлери ж. б.)

• Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жʏргɵн же туруктуу жашаган чет ɵлкɵлʏк жарандар, ошондой эле республиканын билим берʏʏ уюмдарында окуп жана иштеп жаткан чет ɵлкɵлʏк жарандар.

ММК боюнча камсыздандырылгандар кимдер?

(ММК Полисин сатып алууга кажети жок)

-Пенсионерлер;

-Жалпы билим берʏʏ мекемелеринде окуган 16 жашка чейинки балдар окуусун аяктаганга чейин, бирок 18 жаштан ашпоого тийиш;

-Орто жана жогорку окуу жайларынын кʏндʏзгʏ бɵлʏмдɵрʏндɵ окуган 21 жашка чейинки студенттер;

-Социалдык жɵлɵк пул алган адамдар, анын ичинде ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адамдар (ДМЧ);

-Милдеттʏʏ медициналык камсыздандырууга тɵгʏмдɵр тʏшкɵн иштеген жарандар;

-Фермердик (дыйкан) чарбалардын мʏчɵлɵрʏ ММК тɵгʏмдɵрʏ болгон учурда;

-ММК полиси бар, анын ичинде милдеттʏʏ медициналык камсыздандырууга ɵз алдынча тɵгʏм тɵлɵгɵн адамдар;

-Аскер кызматчылары;

-Расмий катталган жумушсуздар.

ММК полисин кантип сатып алууга болот?

1. Жашаган жери боюнча ʏй-бʏлɵлʏк медицина борборуна/ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерлер тобуна ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерге же ММК фондунун аймактык башкармалыгына кайрылуу керек.

2. Паспортту кɵрсɵтʏʏ зарыл.

3. ММК полисинин наркын тɵлɵɵ:

 — тɵлɵм терминалдары аркылуу;

-ММК фондунун аймактык башкармалыгынын кассасы аркылуу;

— банк аркылуу, анын ичинде мобилдик тиркемелер аркылуу;

4. ММК полисинин наркын www.foms.kg; сайтынан билсеңиз болот;

5. Арыз берген жана тɵлɵгɵн кʏндɵн тартып 5 кʏн ɵткɵндɵн кийин сизге ММК полиси берилет сиздин маалыматтар камсыздандырылган жаран катары маалымат базасына киргизилет.

6. ММК полисинин колдонуу мɵɵнɵтʏ:

— 12 календардык ай (1 жыл)1722 сом– КР жарандары ʏчʏн;

 — 6ай(8196 сом) же 12 ай(16391сом) – чет ɵлкɵлʏк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ʏчʏн.

ММК полиси бар болсо, сизге кандай кошумча кепилдиктер берилет:

— 40тан ашык лабораториялык-диагностикалык жана аспаптык изилдɵɵлɵр.

Мамлекет тарабынан кепилдеген медициналык кызматтарды алуу ʏчʏн тɵмɵнкʏлɵр керек:

 — жашаган жери боюнча ʏй-бʏлɵлʏк дарыгерге каттоого туруу;

 — дарыгердин жолдомосун алуу. ʏМБ/ʏДТнын деңгээлинде мамлекет тарабынан кепилденген акысыз медициналык кызматтар:

— дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, зарыл болгон учурда медициналык манипуляцияларды жʏргʏзʏʏ менен;

 — кандын жалпы анализи;

— зааранын жалпы анализи жана зааранын тунмасынын микроскопиясы;

 — уретралдык жана вагиналдык мазоктун микроскопиясы;

— какырык анализи (мазок микроскопиясы);

 — кандагы жана заарадагы канты аныктоо;

— кандагы гликирленген гемоглобинди аныктоо (кант диабети менен ооруган бейтаптарга — жылына 1 жолу);

 — кандагы холестеринди аныктоо;

— бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи ʏч айлыкта);

 — электрокардиограмма (ЭКГ);

— УЗИ (ички органдар, жамбаш, бездер);

2) дарылоо:

— кечиктирилгис медициналык жардам кɵрсɵтʏʏ;

— иммобилизация;

— медикаментоздук дарылоо дайындоо;

 — медициналык инъекцияларды жасоо (канн тамырга, булчуңга, тери алдына).

3) профилактика: — эмдɵɵ жʏргʏзʏʏ.

Баалардын прейскуранты боюнча бааларды 50%га чейин арзандатуу:

• Физиотерапия, укалоо, дарылоочу дене тарбия;

• Кʏндʏзгʏ стационарда дарылоо (тамчылаткычтар, инъекциялар – булчуңга, канн тамырга)

Тɵмɵнкʏ учурларда жеңилдетилген 500 аталыштагы дары-дармек каражатына 50%га чейин арзандатуу:

— жʏрɵк-кан  тамыр оорулары (артериялык гипертония, миокард инфаркты ж.б.);

— канн оорулары (анемия);

 — ɵпкɵ оорулары (бронхиалдык астма);

— ичеги-карын оорулары (ашказан жарасы, он эки эли ичегинин жарасы, ɵнɵкɵт гастрит);

— нерв системасынын оорулары (талма)

— кант диабети; — онкологиялык оорулар;

— мите курт оорулары ж.б.

4) стационарга жаткырууда камсыздандырылгандар кошумча тɵлɵмдʏн орточо деңгээлин тɵлɵшɵт, камсыздандырылбаган жарандар дарылануунун толук наркын тɵлɵшɵт.

ММК полиси бар болгон учурда стационарда кошумча тɵлɵмдʏн ɵлчɵмʏ:

Республикалык деңгээлдеги стационарлар:

-Терапевттик профилдеги кошумча тɵлɵм: — 1160 сом, ММК полиси жок болгон учурда — 2980 сом;

-Хирургиялык профилдеги кошумча тɵлɵм: — 1510 сом, ММК полиси жок болгон учурда — 3870 сом.

Республикалык денгээлден тышкары стационарлар:

-Терапевттик профиль: — 840 сом, ММК полиси жок болгон учурда — 2650 сом;

-Хирургиялык профиль — 1090 сом, ММК полиси жок болгон учурда — 3440 сом.

ММК полиси боюнча суроолоруңуз барбы же медициналык кызматтарды алууда укуктарыңыз бузулганбы? ММК фондунун 113 шыр байланыш телефонуна чалыңыз (чалуу бардык абоненттерден акысыз).

Бизди тɵмɵнкʏ дарек боюнча тапсаңыздар болот: Ош шаары, Байтемиров кɵчɵсʏ, 53, тел: (03222) 5 67 32 (osh.foms@mail.ru).

 ММК Фондунун Ош аймактык башкармалыгы