24 апреля, 2024

МИЛЛИАРДЕР ЖАНА МЕДИЦИНА ЖЕ “ТYБƟЛYКТYY ƟМYР”  ЖАРЫШЫ

Адегенде эле эскерте кетʏʏ ашыкчалык кылбайт, скептиктер адам ɵмʏрʏн узартуу ʏчʏн жʏрʏп жаткан бардык аракеттерди бери дегенде эч кандай акыбетке жетишпеген аңкоолук, ары дегенде, кызылдай эле жиндилик деп санашат. Ага болобу, азыркы дʏйнɵ байлары, тактап айтканда, конкреттʏʏ эле миллиардерлер адам ɵмʏрʏн тʏбɵлʏктʏʏ кылууга, жок эле дегенде узартуу жарышына тʏшʏп алышканы белгилʏʏ. Дʏйнɵдɵгʏ эң бай адамдардын “вотчинасы” каерде? Силикондуу ɵрɵɵндɵ-адамзаттын жашоо  мʏнɵзʏн олуттуу эле ɵзгɵрткɵн компьютердик технологиялардын бешигинде!

Бир караганда акчаны иштеп таптың. Болгондо да аябай эле кɵптʏгʏн айтпа: сауна, мончо, арак-шарап, лосось. Айтылуу бир фильмдин каарманы айткандай, карылыкты калаабат тосуп алып,  кадырлап ɵткɵргɵнгɵ дагы эмне керек дейсиң. Бирок, Силикондуу ɵрɵɵндʏн миллиардерлерине бейгам олтура берʏʏ жарашпайт да, жакпайт да  сыягы. Алар ажалды да алдап, карылыктын алдын алуучу ар кандай долбоорлорго миллиарддаган долларды салуу аркылуу ɵлбɵстʏктʏн жарышына тʏшʏшкɵн. Мына, алардын айрымдары.

Питер Тиль (55 жашта):

“180 ЖЫЛ -ЧЕК ЭМЕС”

Миллиардер бир нече стартаптарды ɵнʏктʏрʏʏнʏн ʏстʏндɵ иштɵɵдɵ. Алардын бири Амброзия компаниясы жаш адамдардын плазмасын карыган адамдын организмине куюу аркылуу аны жашартуунун технологиясы менен алектенет. Айтымда, Питер Тиль андай процедураларды туруктуулук менен жасап, ага ар бир ʏч айда 40 миң доллар сарптайт. Мафусаил фондуна( Библиядагы 969 жыл жашаган карыяны ушинтип аташкан) 7 миллион доллар салып, фонд Мафусаил Келемиштери деп аталган сыйлыкты уюштуруп, сыйлык  лабораториялык кемирʏʏчʏлɵрдʏн арасында узагыраак  жашоо  боюнча рекорд коюуга жетишкен изилдɵɵчʏлɵргɵ ыйгарылат. Биринчи сыйлыкты эндокринолог Анджей Бартке алган. Анын келемиши 5 жаштык юбилейге 6 кʏн гана жетпей  ɵлгɵн. Бул цифра адамдар арасындагы ɵмʏрдʏн 180 жашына эквиваленттʏʏ деп эсептелет.

Билл ГЕЙТС жана Эндрю СТИЛЛ:

“КАРЫЛЫККА КАРШЫ ТАБЛЕТКА 5 ЖЫЛДАН КИЙИН ДАРЫКАНАГА ЧЫГАТ”

Ɵмʏрдʏ радикалдуу узартуу долбоорлорунун бирине 3 миллиард доллар салган ”Гуглдун” кожоюндары Сергей Борин жана Ларри Пейдж туурасындагы кабарга Билл Гейтс териккендей мамиле  жасаган.

-Азырынча бизде миллиондогон адамдар малярия жана туберкулездон ɵлʏп жатканда, узагыраак жашоо долбоору боюнча стартаптарды каржылоого каражат салып жаткан байлардын аракеттерин эгоисттик деп баалоого  мʏмкʏн дейт компьютердик революциянын 67 жаштагы патриархы.

 Бирок,кеп бʏгʏнкʏ абалга эмес, келечекке барып такалып жатканын да эстен чыгарбоо керек, ансыз эч кандай прогресс ордунан жылбай калаары белгилʏʏ.

-Менин ишенимимде, кɵптɵгɵн магнаттар ɵмʏрдʏ узартуунун мындай долбоорлоруна коммерциялык максатта каражат салышууда-дейт физика-математиклык илимдердин доктору Эндрю Стилл- эксперттердин эсеби боюнча, карылыкка каршы таблеткалар аптекаларга дагы беш жылдан кийин чыгып баштайт. Мындай дарылар албетте, абдан эле кирешелʏʏ бизнес, анткени планетанын ар бир адамы  анын потенциалдуу кардарына айланат. Муну антибиотиктер ачылгандан кийинки медицинадагы эң ири революция деп атаса болот.

Сэм АЛЬТМАН:

“ƟМYР ДАРЫСЫ” ЭКИ ЖЫЛДАН КИЙИН ДАЯР БОЛОТ”

Миллиардер, нейротʏйʏндʏн тʏзʏʏчʏсʏ ɵмʏрдʏн узактыгын он жылга созуу долбооруна каражат салган. Айтымда, бул долбоордун технологиясы дени-башы сак адамдын ɵмʏрʏн он жылга чейин узартууга мʏмкʏндʏк берет. Дагы эки жылдан кийин  таблеткалар сатууга чыгарылуусу болжолдонууда. Кээ бир ʏлгʏлɵрʏ ушул тапта клиникалык изилдɵɵлɵрдɵн ɵтʏʏдɵ.

Брайан ЖОНСОН(45 жашта) :

 “ОН СЕГИЗ ЖАШЫМДЫ КАЙТАРАМ!”

Биотехнологиялык изилдɵɵлɵр чɵйрɵсʏндɵ изилдɵɵлɵрдʏ жʏргʏзʏп жаткан венчурдук фондго каражат салган миллиардер мээнин активдʏʏлʏгʏн анализдеген  шлем чыгаруучу компанияны негиздеген. Бул компания Альцгеймер илдетинен, инсульт жана мээ травмаларынан жапа чеккендерге жардам бере турган технологиялардын ʏстʏнɵн иш алып барат. Миллиардер ɵзʏ  жашарууга жыл сайын сайын 2 миллион доллардан каражат чыгымдоодо.

Жефф БЕЗОС (59 жашта)

КАРЫЛЫККА КАРШЫ КЛЕТКА

Миллиардер каражат калган стартап ɵмʏрдʏʏ узартуу долбоору менен иштейт. Компания клеткаларды кайра программалаштыруунун ʏстʏндɵ иштеп, чоң, адистешкен клеткаларды ɵзɵктʏк клеткаларга айландырып, алар ɵз кезегинде жабырланган, органдардын жана ткандардын клеткаларына айланат. Картаюу пороцесси артка кайтарылат. Бул долбоор ошондой эле  тʏбʏ орус израилдик ишкер Юрий Мильнер тарабынан да каржыланууда.

ƟЛБƟСТƟР ЭРИККЕНДЕН ЭЛЕ ДYЙНƟ САЛЫШАБЫ?

Кандай болгондо да илимпоздордо эң башкы: адамзатка ɵмʏрдʏ узартуунун кереги барбы ɵзʏ деген суроого жооп табыла элек. Скептиктер кɵңʏл бурууга арзыйт деген эки-ʏч маселени айтышат.

1.Ɵмʏрдʏ узартуу кара таман калктын колу жете бербеген даражадагы кымбат технология болуусу ыктымал. Демек, алгачкы мезгилдерде ал социалдык дʏрбɵлɵңдɵрдʏн булагы болуп калуусу мʏмкʏн, анткени байлар менен кедейлердин ортосун ажыравтып турган кургуйда дагы бир  ɵлчɵм пайда болот.

2.Адамдардын тʏбɵлʏктʏʏ жашоого болгон мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ цивилизациянын кризисине алып келиши ыктымал. Анткени, карыялардын ɵлʏмʏ жаштарга жол ачат эмеспи.Ошондо гана ааламга жаңы адам эле эмес, жаңы идеялар келет. Парадоксалдуу кɵрʏнʏш, бирок ажал келип турбаса, анда адамзат алиге дейре кул ээлɵɵчʏлʏк доор ɵкʏм сʏрɵ бермек!

3. Адам ɵмʏрʏн жаратылыш ал ɵзʏнʏн милдетин: ʏй-бʏлɵ кʏтʏʏ, тукум улоо,  тиешелʏʏ милдет-укутарды ɵтɵɵнʏ турмушка ашырууну эсептегеген мааниде ɵлчɵп берет. Эгерде ɵмʏр кодун ɵзгртʏʏгɵ мʏмкʏн болуп калса, анда суроо туулат:адам эмне менен алек болот, баарын кайра баштайбы? Эски идеяны кайра кɵтɵрɵбʏ? Андан эмне пайда? Мындан чыкты, ɵлбɵс  адам дʏйнɵдɵ зериккенден эле о дʏйнɵ салуусу мʏмкʏн.

Канткен менен бʏгʏн тирʏʏбʏз, ден солук бʏгʏн керек, алжыбай-нетпей, башыбыз эсен, боорубуз бʏтʏн, эс-акылыбыз жайында болгон карылыкка жеткирсин деп Жараткандан тилек кылып турган маалда ɵмʏрдʏ узартуунун ар кандай долбоорлорунун ʏстʏндɵ иштей берʏʏгɵ эч бир каршылык жок. Мээнеттин акыбети, кеткен каражаттын кайтарымы кайтса болду.

Абдираим Мамытов