29 марта, 2024

ТYРК ДАСТОРКОНУН БАЙЫТКАН ДАРЫ ЧƟПТƟР

Тʏркиянын эң берекелʏʏ жери болгон Тʏрк-Эгей туристтерди бейпил пейзажы, атмосферасы, даамдуу зайтун майы, шарап жасоо боюнча бай тажрыйбасы, таза чɵп, жашылчалар менен белгилʏʏ ашканасы жана кулинардык маданияты тосуп алат. Бул ашкананын эң популярдуу даамдары Тʏрк-Эгейдин тʏшʏмдʏʏ жерлеринде ɵскɵн жашылча-жемиш, минералдарга бай ар тʏрдʏʏ чɵптɵрдɵн жасалып, ɵзгɵчɵ рецепттер менен дасторконго берилет.

Тʏрк ашканасында эң кɵп колдонулуп келе жаткан жашылча, чɵптɵр бир даамдуулугу менен гана эмес, витамин, тʏрдʏʏ минералдарга бай дарылык касиети менен да белгилʏʏ. Мына ушундай ɵзгɵчɵлʏктɵр, ар кандай минералдарга бай бул берекелʏʏ топурак,  ырыскылуу ɵлкɵ дʏйнɵ боюнча дары чɵптɵр фестивалын ɵткɵрʏшʏ мʏмкʏн. Ар кандай витаминдерге бай, организмге пайдалуу тамак -аштардан курсак тоё жеп, ырахаттанып, ден соолугуңузду чыңдагыңыз келеби!? Анда Тʏрк-Эгейдин дасторконун байыткан дары чɵптɵр тууралуу маалыматты окуп, башкалар менен да бɵлʏшʏп коюңуз.

ТАБИЯТТАН ДАСТОРКОНУБУЗГА КЕЛГЕН ДАРЫ ЧƟПТƟР

Жашыл кымыздык, гибиес чɵбʏ, бактылуу тилен, самфир, феннель, ашкабак гʏлʏ, каакым, чалкан жана маллоу сыяктуу мындай дары чɵптɵр негизинен Эгей деңизинин жээктеринде ɵсʏп, бул аймакта ɵтɵ популярдуу болуп саналат.

ЖАШЫЛ КЫМЫЗДЫК

Жашыл кымыздык козунун кулагына окшош болгондуктан, тʏрк тилинде «козу кулагы» деп аталат. Кычкыл даамы бар бул дары чɵп кɵбʏнчɵ салаттарга, шорполорго жана кондитердик азыктарга колдонулат. Зайтун майы менен да даярдаса болот. А жана С витаминдерине, ошондой эле кальцийге, калийге, магнийге, фосфорго да бай.  Жашыл кымыздык денени чыңдоо менен кɵптɵгɵн ооруларды да айыктырары айтылып жʏрɵт.

ГИБИЕС

Гибиес (Cibes otu) — бул капуста менен тʏстʏʏ капусталарды кесип, чогулткандан кийин топуракта калган тамырдан ɵскɵн аймактагы эң популярдуу чɵптɵрдʏн бири болуп саналат. Кɵбʏнчɵ бышырылган жана зайтун майы жана лимон менен колдонулган гибиес чɵбʏ балык дасторконунда сɵзсʏз болушу керек. Гибиесте организмге эң керектʏʏ С витамини бар. Бул тамак сиңирʏʏ системасынын бир калыпта иштɵɵсʏнɵ жардам берет.

ШЕВКЕТ-И БОСТАН

Шевкет-и Бостан витаминдерге жана минералдарга бай тикенек жалбырактуу ɵсʏмдʏк. Зайтун майына куурулган бул чɵпкɵ салттуу тʏрдɵ койдун эти жана ɵзгɵчɵ татымал кошулат. Чɵптʏн аты арабча «тикен» дегенди билдирген «шевкет» деген сɵздɵн келип чыккан. Чɵптʏн аталышы тʏрк тилинен которгондо «бактын тикенеги» дегенди тʏшʏндʏрɵт.

САМФИР

Эгей деңизинде кɵп ɵскɵн самфир ооздо туздуу жана кычкыл даам калтырат. Деңиз суусунда ɵстʏрʏлгɵндʏктɵн самфир деп аталып калган. Самфир дасторконго салат катары тартылат. Чɵптʏ ысык сууга кайнаткандан кийин дароо муздак сууга салып, жакшы бышырылган жана таза бойдон сакташат. Самфир, адатта, зайтун майы, сарымсак жана лимон менен берилет.

ФЕННЕЛЬ

Феннель чɵбʏ катуу, анис сымал жыты бар. Римдиктер кɵп колдонгон феннел аралаш чɵп куурулган козу карындын маанилʏʏ компоненти болуп саналат. Феннелди, адатта, лимон жана зайтун майы менен салат катары жешет. Бирок жумуртка менен бышырылгандары да болот. Жɵтɵлдʏ басуучу ɵзгɵчɵлʏгʏ менен таанылган феннель жалбырагын кургатып, чай катары демдеп ичсе да болот.

Ашкабак гʏлʏ  Тʏрк эгейдин ɵзгɵчɵ тамактарынын бири. Ашпоздор ашкабак гʏлдɵрʏн таң атпай, кʏндʏн ысыгына соолутпай жыйнап алышат. Алар толтурулганга чейин тазаланып, столдорго коюлат. Апельсин-сары ашкабак гʏлдɵрʏ А, С жана В витаминдерине бай келет.

КААКЫМ

Ракы жана балык дасторкондору ʏчʏн эң керектʏʏ болгон каакым (Радика) татаал гʏлдɵр тукумуна кирет. Каакымдын курамында А жана С витаминдери, темир, кальций жана калий бар. Бул гʏлдʏ илгертен эле табыптар панацея катары колдонушкан. Каакым жалбырактарын кайнатып, лимон жана зайтун майы менен даярдашат. Каакымды кайнатып, йогурт менен аралаштырса да болот. Каакымдын жалбырактарын кургатып, чɵп чай жасоо ʏчʏн колдонсо болот.

ЧАЛКАН

Чалкан (Ысырган оту) кɵптɵгɵн дарылык касиеттери менен Эгейде эң кɵп керектелген чɵптɵрдʏн бири. Бул чɵп тʏрк тилинде «чалкан» деп аталат. Анткени ал териге тийсе кычыштырат. Рим аскерлери чалкандын жалбырактарын денелерине сʏйкɵп, суук аба ырайынан азыраак жабыркаганы да белгилʏʏ. Чалкан кɵбʏнчɵ кондитердик азыктарга жана шорпого колдонулат.

Maллов Эгей аймагында ɵсʏʏчʏ чɵп. Байыркы грек жана рим доорлорунан бери колдонулуп келген. Бул пайдалуу ɵсʏмдʏктʏ кууруп жешет. С витамини жана антиоксиданттарга бай маллоу да чай катары сасык тумоого каршы колдонулат.