28 марта, 2024

“Тең тɵрт кыбыла” кɵргɵзмɵсʏ зордук-зомбулукка каршы

Искусство – чоң бир аалам. Сʏрɵтчʏлɵр, кол ɵнɵрчʏлɵр эмгектери аркылуу бʏтɵндɵй дʏйнɵнʏн кооздугу менен бирге кɵйгɵйʏн да чагылдырып турушат. Алар коомдогу ар бир окуяга кайдыгер эмес. “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинде 10-майдан тарта 18-майга чейин уюштурулуп жаткан “Тең тɵрт кыбыла” кɵргɵзмɵсʏ да учур маселесин козгойт. Уюштуруучулардын бири, кийим дизайнери боюнча окутуучу Каникей Улан кызына кайрылып, кɵргɵзмɵ тууралуу суроолорго жооп алганбыз.

-Айтсаңыз, Каникей, кɵргɵзмɵ максатына жетип жатабы, эл кандай кабыл алууда?

-“Тең тɵрт кыбыла” кɵргɵзмɵсʏ аркылуу аялдар менен кыздарга ɵз колдоолорубузду билдирмекчибиз. Акыркы жылдары айрыкча аялдарга карата зомбулук кʏчɵп, ɵлкɵдɵгʏ орчундуу кɵйгɵйлɵрдʏн бирине айланды. Кɵргɵзмɵ гендердик теңчиликке, аялдардын укуктары менен зордук-зомбулуктун курмандыктарына арналат. Мындан сырткары жаш дизайнерлердин чыгармачылыгын колдоо, салттуу улуттук курак куроо техникасын жайылтуу. Панно тʏзʏʏнʏ камтыган кɵркɵм жана дизайнерлик чыгармалардын кɵп тʏрдʏʏлʏгʏн сунуштоо менен материалдык эмес болгон мурас – куракты сактап калууну кɵздɵйт. Солгундап бараткан курак куроо ɵнɵрʏн жандантып, жакшы демилге баштапсыңар деп эл жакшы пикирлерин айтып жатышат. Профессионалдуу сʏрɵтчʏ агай-эжейлер да эмгектерге жогорку бааларын беришти.

-Кɵргɵзмɵгɵ коюлган эмгектер кимдер тарабынан жасалды?

-Негизи бул айым сʏрɵтчʏлɵрдʏ, дизайнерлерди жана Ош технологиялык университетинин жеңил ɵнɵр-жай технологиясы кафедрасынын 2-4-курстарынын студент кыздарынын чыгармачылык иштерин бириктирет. Алар кʏн-тʏн дебей, толгонуп, чыгармачылык менен даярдаган эмгектерин мына элге тартуулап отурушат. 

-Ɵзʏңʏз канча жылдан бери чыгармачылык менен алектенесиз?

-Кийим дизайнерлиги боюнча 8 жыл билим алдым. Учурда “Кеште” мода ʏйʏндɵ дизайнер болуп иштейм. Ошондой эле Ош технологиялык университетинде Жеңил ɵнɵр жай кафедрасында студенттерге компьютердик графикадан сабак берем. Мода ʏйʏндɵ деле 3D визуализация менен дизайнды ойлоп таап, сʏрɵтʏн тартам.

-“Тең тɵрт кыбыла” долбоорун кантип жазып калдыңыз?

-Негизи бул долбоор бир канча ɵлкɵнʏн ɵнɵкɵштʏк программанын чакан гранттарынын алкагында ишке ашып жатат. 2021-жылы “Кудук” маданий борбору тарабынан “Маданият лидерлери” деген эки жылдык окуу уюштурулган. Алар бизге теорияны гана окутуп тим болбой, маданиятты кантип жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча долбоорлорду жазганды ʏйрɵтʏштʏ. Бул Швейцария элчилиги тарабынан каржыланган эле. Бʏтʏрʏʏчʏлɵр тарабынан жазылган кɵптɵгɵн долбоорлордун ичинен 10у гана ɵттʏ. Анын ичинде ушул да бар болчу. Ɵлкɵбʏздʏн тʏндʏк аймактарында кол ɵнɵрчʏлʏккɵ, курак, саймаларга абдан маани берилет. Тʏштʏк тарап бул жагынан бир аз артта. Ошондуктан куракты жаш кыздарга ʏйрɵтʏп, жайылтууга аракет кылып жатабыз. Гʏлнафис Мээргенбаева эжей ɵзʏ эксперт болуп, март, апрель айларында беш мастер-класс ɵттʏк. Кɵпчʏлʏк жерде курак тигилет, бирок кийизди колдонушпайт. Гʏлнафис эжейдин техникасы боюнча кийиз менен курак айкалышып жасалат. Билесизби, курактын мааниси абдан терең. Мисалы, экологияга жакшы же жаман деле таасирин тийгизиши мʏмкʏн. Борбордо аба ɵтɵ булганды деп чуу тʏшʏп жатпайбызбы, ал жакта тигʏʏ цехтери абдан кɵп болгондуктан, ашып калган кездемелерди жагып салуу иштери да кɵп болот. Ал эми курактан таштанды чыкпайт. Кɵргɵзмɵдɵ турган эмгектеримин арасында да эски коллекцияларыман ашкан кездемелерден куралгандары бар. 

-Куракты жайылтуу, аялдарды коргоо, жаш дизайнерлерди колдоо максатында дагы кандай иш чараларды уюштурасыздар?

-Буюрса, ушул эле кɵргɵзмɵ май айынын аягында Бишкек шаарына да уюштурулат. Кʏзʏндɵ бир китеп чыгаруу пландалууда. Муну менен гана токтоп калбайбыз, дизайнерлер чогулуп алдыда дагы аткара турчу иштердин 4 жылдык планын талкуулайбыз.