26 апреля, 2024

“Теңдик ʏчʏн убакыт келди!”

doctors hands holding red aids ribbon. world aids day concepts.

1988 жылдан бери Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттык сактоо уюмунун чечиминин негизинде 1 декабрь — жыл сайын СПИД оорусуна каршы кʏрɵшʏʏнʏн бʏткʏл дʏйнɵлʏк кʏнʏ ɵткɵрʏлɵт. 2022-жылы СПИД менен кʏрɵшʏʏ боюнча Эл аралык кʏн  “Теңдик ʏчʏн убакыт келди!” деген ураандын алдында ɵтʏʏдɵ. 2022-жыл бир нерсени бизге таамай кɵрсɵтɵ алды: биз ар бирибиз Жер шаарында болуп жаткан окуялар ʏчʏн жооптуубуз жана кандай гана пандемия болбосун бардык адамдардын коопсуздугу бир адамдын жоопкерчилигинен кɵз каранды болот.

 ВИЧ-илдети  –   жʏрʏм-турумга байланышкан оорулар

Республикалык СПИД борборунун расмий маалыматы боюнча, 2022 жылдын 1-ноябрына карата кыргызстандыктардын ичинде ВИЧ-инфекциясын  жуктурган 11344 адам  каттоого алынган. Ал эми эл аралык серепчилердин айтымында, бир расмий катталган ВИЧ-инфекциясына  3-4 катталбаган туура келет, башкача айтканда, бул теңдеме коэффициенти 1:3, 1:4 болуп саналат. Демек, «айсберг» феноменин эске алганда, биздин республикада жалпысынан 35-40 миңге жакын ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган жарандар болушу мʏмкʏн. 

2022-жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ-инфекциясы республиканын бардык аймактарында катталган, бирок эң кɵп катталган аймактарга Бишкек шаары (2804 киши же республикада катталгандардын 24,7% тʏзɵт), Чʏй (3100 же 27,4 %), Ош облусу(1751 же 15,4%) , Ош шаары (1282 же 11,3%),  Жалал-Абад (1295 же 11,4 %) облустары кирет. Ал эми ВИЧ-инфекциясы азыраак катталган аймактарга         Баткен (286 -2,5 %), Ысык-Кɵл (411 – 3,6%), Нарын (238 -2,1 %) жана Талас (177 – 1,6 %) облустары эсептелет.

Айта кетчʏ нерсе, Ош шаары менен Ош облусу ВИЧ-инфекциясынын ɵсʏшʏ боюнча республикада эң алдынкы оорундарда келе жатат, республикада катталган ВИЧ-инфекциясынын 15,4% ушул аймактарга таандык болуп эсептелет. 2022-жылдын 1-ноябрына карата Ош облусунун региондорунда катталган ВИЧ-инфекциясынын саны тɵмɵндɵгʏчɵ: Кара-Суу районунда – 956, Ноокатта – 375, Алайда -74, Араванда –62,  Ɵзгɵндɵ –208, Кара-Кулжада- 68, Чон-Алайда – 8 киши.

ВИЧ-СПИД оорусунун таркап, кɵбɵйʏшʏнʏн бирден бир себеби болуп, жаштардын арасында баңгичилик, айрыкча ийне (шприц) аркылуу баңги затын колдонуу болуп эсептелет. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош облусу менен Ош шаарында божомол менен 12-15 миңден ашык кишилер баңги затын ийне менен колдонот. Бул оорунун кɵбɵйʏшʏнʏн дагы бирден бир себеби болуп, сойкулардын кɵбɵйʏшʏ, ички жана тышкы миграциянын ɵсʏшʏ, ошондой эле жаштардын арасында бул оору боюнча кеңири маалыматтын аздыгы менен байланыштуу.

ВИЧ-инфекциясы  3 жол менен жугат

СПИДдин козгогучу – кишинин иммунодефицит вирусу бул вирус ооруга каршы организмдин коргонуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн кыйратып, адамды ɵлʏмгɵ дуушар кылат.

ВИЧ-инфекциясы  3 жол менен жугат:

• Вирусту жугузуп алгандар менен жыныстык катнаш учурунда;

• Кан аркылуу – парентералдык жол менен;

• Иммунодефицит вирусу бар энеден тɵрɵлгɵн балага берилиши мʏмкʏн.

СПИДке каршы кʏрɵшʏʏ ʏчʏн сиз эмне кылсаңыз болот? 

ВИЧ-инфекция, СПИД жɵнʏндɵ билим алып, аны ɵзʏнʏздʏн ден соолугуңузду коргоо ʏчʏн колдонуңуз.

Ɵзʏнʏздʏн досторуңузга, туугандарыңызга СПИД жɵнʏндɵ кɵбʏрɵɵк билʏʏгɵ жардам бериңиз.

Ɵзʏңʏздʏн курбуларыңыздын, достор  арасында ВИЧ-инфекциясынын алдын-алуу жана СПИД жɵнʏндɵгʏ маалыматтарды таратыңыз. ВИЧ-инфекцияны жугузуп алган адамдарга боор ооруган мамиленин ʏлгʏсʏн кɵрсɵтʏңʏз, аларга жардам берʏʏгɵ аракет кылыңыз.

Ар тʏрдʏʏ адепсиздиктер, бузукулар менен кʏрɵшʏʏ иретинде сексуалдык жʏрʏм-турумдары  терс жактарын, сойкулуктун жыныс тʏгɵйʏн алмашуунун, аракечтикке, бангиликке жана башка зыяндуу булганыч тʏшʏнʏктɵрʏн калктын калың-катмарына, кɵбʏнчɵ жаштар, окуучулар топторунун арасында баяндама иштерин дайыма жʏргʏзʏʏ  зарыл.

Эсиңизде болсун! Сиз ɵзʏңʏздʏ СПИДден сактасаңыз болот, ал эми ооруп калгандарды ал дарттан дарылап сакайтуу азырынча мʏмкʏн эмес.

Азыр ар бир адам ВИЧ инфекция, СПИД оорусу жɵнʏндɵ толук билʏʏ керек, анын белгилери, азыркы мезгилдеги абалы, оорунун таралуу жолдору, анын алдын алуу, кʏрɵшʏʏ жолдору, ыкмалары, айрыкча жаштардын арасында тарбиялык иштерди жакшы деңгээлде жʏргʏзʏʏ, алардын жʏрʏм-турумуна кɵңʏл буруу, уят-сыйытты сактоо, бул багытта алардын жоопкерчилигин жогорулатуу ар бирибиздин милдетибиз. 

СПИДди  алдын алуу жана кʏрɵшʏʏ боюнча Ош облустук борборунун эпидемиолог дарыгери Маматалиева Т.М.