8 сентября, 2024

Ата конуш

Баягы узун жол менен эшек арабачан киши дале келе жатат. Жайдын часырап тийген ысыгынан улам жерден чыккан тап анын элесин суунун майда толкунундай тербелтип, бозомук кылып кɵрсɵтɵт. Баягы арабада саман болор эле, аны ылайга аралаштырып, ʏйдʏн али бʏтɵ элек дубалына иштетишет. Уйку-соо арасында Сабыр ушуларды элестетти. Артынан “бʏгʏн да барам” деп кайталады.

Гʏпʏлдɵгɵн комбайн гектарлаган бедени аралайт. Биринчи орум бышкан кез. “Бузулбай эле иштеп турса, бедени оруп алсак” деп тыт катардын тʏбʏндɵ кезегин кʏткɵн кишилердин тилегени бир. Арасында Нурбек да бар.

–      Бʏгʏн жолум болбогон экен, кезегим мына келди дегенде кара басып…, — деп улакчы Кубан аке кайгырып басып келди.

–      Жериме суу кирип кетти деп жʏрбɵңʏз, — деди юрист комбайндын эсен-соо иштеп жатканын кɵрʏп. Айылда аны ушинтип атап коюшат. Иш деп жʏрʏп талаасына деле ашынбай, зарыл учурда гана мынтип пайда болот.

–      Ошону айтпайсыңбы, суу кирип кетерин кайдан билипмин.

–      Аке, орум башталарда алыштарды жаап коёт да. Каналдагы суу кɵбɵйʏп, азайып турарын билесиз го. Менин бедеме да киргизген окшойсуз, карап келейин, — деп юрист Кубан акенин бедесине жанаша жайгашкан талаасына шашып калды.

Атты аста бастырып Нурбек тʏштɵнʏʏ ʏчʏн ʏйʏнɵ келе жатты. Эшигине баягы кара джип токтогонун тээ алыстан байкап, “сɵз тʏшɵнбɵгɵн неме экен”, — деп ачууланды. Сабыр адатынча бир тууган инисин кɵргɵндɵй кубанып, жайдары саламдашты.

–      Бу бакты да келиштире карапсың, иним. Алманын тʏшʏмʏ мол болгудай.

–      Ооба, буюрса…

Сабыр бакты тегерете карап чыкты да, бир саамга токтоп,

–      Мен айткан маселе боюнча ойлонуп кɵрдʏңбʏ? — деди.

–      Баягы эле жооптуу берерден ɵзʏм да тартынып чыктым. ʏй сатылбайт, аке.

–      Келинчегиң менен кеңешип кɵрсɵң кантет? Жаш ʏй-бʏлɵ экенсиңер, кааласаңар шаардан деле ʏй алып берейин.

–      Тиричилигибиз мал-жан, эгин-тегин менен ɵтʏп жатса шаарда эмне кылмак элек? Туура, атам эрте кайтыш болуп кетти. Бирок, ал тааныган кишилер, анын элеси, артынан биз ушул айылда калып жатпайбызбы. Кɵрʏп турганыңыздай атамын ʏйʏн да бузгум келбей, жанына жаңы пайдубал куюп койдум.

Сабырдын бети-башы кызарып, ачууланганы же ыйлагысы келип турганы байкалбай ɵңʏ башкача болуп чыкты.

–      Азыркы жашап аткан ʏйʏмɵ алмаштырам, мына унааны да кошуп ал, — деди ɵктɵм ʏн менен.

–      ʏйʏңʏз да, унааңыз да ɵзʏңʏзгɵ буюрсун. Ата конушту сата албайм, — деди Нурбек тек гана.

***

ʏйдʏн дубалына урулуп жаткан ылайга саман алып келе жаткан баягы эшек арабачан киши дале келатат. Тʏш адатынча ошол жерден бʏтɵт да Сабыр чочуп ойгонот.

–      Бʏгʏн да ошол эски тамга бармак болуп атасыңбы?

–      Барам, — деди Сабыр.

–      Жаш бала боло бербечи. Сатпайм дептир го. Эми не деп барасың?

–      Мына ʏйгɵ алмаштырам дедим.

–      Эмне? — деп чекчейген аялынын ɵктɵм ʏнʏ эки кабаттуу ʏйдʏ жаңыртып жиберди.

–      Качантан бери бул ʏйгɵ ээлик кылып калдың? — деди анан аял керсейип туруп. Сабыр эрте мененки тамагын да ооз тийбей, ойлуу отурду.

–      Кезинде темселеп, мени эмес ɵзʏңдʏ да бага албай жʏргɵндɵ ушул ʏйдʏ, бизнесин кошуп атам бизге таштабады беле? ʏйдʏ берип болупсуң. Атаңын эски тамын мен сат дептирминби, ыя. Эми мага мынтип …

Аял сɵзʏн бʏткɵн жок, Сабыр унаасынын ачкычын алып сыртка чыгып кетти. Аялынын сɵздɵрʏнɵ ачууланганы менен бир чети аныкы да туура деп ойлонду. Атасы тирʏʏ кезинде “эч качан ʏйдʏ кʏрɵɵгɵ коюп, кредит-миредит ала кɵрбɵгʏлɵ” деп калчу. Анын корккону эле ошол болгон экен. Шордуу ɵлгɵндɵн кийин кичʏʏ уулу Сабыр бир туугандарын да укпай ʏйдʏ сатып, бизнес баштайм деген жʏйɵ менен шаарга баса бербедиби. 

ʏй ээлеринин ою ɵзгɵрʏп калар деген ʏмʏт менен барганда баягы эле жоопту укту…

Айжылдыз Тойчиева