ПРЕСС-РЕЛИЗ
Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын так жана бирдей аткарылышы боюнча тынымсыз прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө.
Атап айтканда, жогоруда белгиленген мыйзамдын аткарылышы боюнча 2024-жыл ичинде жалпысынан 16 текшерүү жүргүзүлүп, 91 мыйзам бузуу аныкталып, 89 мыйзам бузуучулуктар четтелип, ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө 13 сунуштама келтирилип, 12 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 1 кызмат адамына карата укук бузуу өндүрүш иши козголуп негизинен кароо үчүн сотко материал жиберилип, 1 кылмыш иши козголгон.
“ЖИА” Бизнес Ассоциациясынын демилгеси менен Ош шаарынын прокуратурасынын катышуусунда 1 жолу, ошондой эле Ош шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен 3 жолу Ош шаарындагы фискалдык жана башка органдардын өкүлдөрдүн катышуусунда инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субьекттерин колдоо жана аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу максатында ишкерлер менен жолугушуу уюштурулуп, тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган жолугушуу учурунда ишкерлер үчүн атайын иштелип чыккан “Бизнести коргоо” мобилдик тиркеме тууралуу толук маалымат берилип, жолугушуу учурунда алардын уюлдук телефондоруна көчүрүлүп каттоого алынды.
Ал эми, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу Ош шаарынын мэриясынын “Facebook” интернет желесиндеги атайын баракчасы жана “ОшТВ” телеканалдары аркылуу жарыяланды.
Ошондой эле, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2024-жылдын 3чү жана 4-кварталдарында өткөрүлгөн Ош шаарынын укук коргоо, фискалдык, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин отурумдарында, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Ош ШИИБнын, Ош шаарынын аймагындагы ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнө карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрүнүн мыйзамдуулугу боюнча маселе каралып, жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, аткаруу үчүн тийиштүү жетекчилерге жиберилди.
Андыктан, Ош шаарынын прокуратурасы учурдан пайдаланып, кайсы ишкер коррупциялык көрүнүштөргө дуушар болсо, анда токтоосуз түрдө Ош шаарынын прокуратурасынын (3222) 7-05-18, 0771 45 05 96 ишеним телефондору жана “WhatsApp” тиркемеси аркылуу кайрылууга чакырабыз. Мындай маалыматтарды берген жарандардын өздүгү сыр боюнча сакталат.
Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору С.Жунусов
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы