Мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышы боюнча прокурордук көзөмөл жүргүзүүдө ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо прокуратура органдарынын приоритеттүү багыты болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ 3 сандуу “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана 2021-жылдын 4-мартындагы ПЖ 61 сандуу “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктарында көрсөтүлгөн милдеттерди жетекчиликке алуу менен ишмердүүлүк уюштуруу үчүн ишкердик субъекттердин ишмердүүлүгүнө кийлигишүү же коррупциялык фактыларды болтурбоо максатында күнү-түнү кайрылуулар үчүн Ош шаарынын прокуратурасынын (3222) 7-05-18, 7-05-20 жана 0773 04 16 16ишеним телефондору бекитилип, “WhatsApp” тиркемеси иштеп келүүдө.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан ишкерлер үчүн атайын “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, азыркы учурда колдонууга киргизилген.
Аталган тиркеменин негизги максаты болуп, Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субьекттердин ишине негизсиз кийлигишүүсүн четтетүү, аларды укуктук жактан коргоону күчөтүү, текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушуна каршы аракеттенүү болуп саналат.
Бул мобилдик тиркеме аркылуу, укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субьекттерге карата жүргүзүлө турган текшерүүнү алдын ала билүү, суроо жана жооптор, текшерүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар, текшерүүчүнүн аты-жөнү, негизи жана башкалар, ишкер текшерүүчүлөр тарабынан жол берилген мыйзам бузуулар жөнүндө прокуратурага фото жана видео материалдар менен даттануусун жөнөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр сыяктуу функциялар бар.
Аталган тиркемени, IOS программадагы уюлдук телефондордон “App Store” тиркемеси аркылуу, ал эми “Android” программадагы уюлдук телефондордон “Pley Маркет” тиркемеси аркылуу кирип, “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемесин көчүрүп алууга болот.
Тиркемени көчүрүп алган соң, ага катталуу зарыл. Ал үчүн өзүңүздөрдүн жеке маалыматыңыздарды киргизип, андан кийин “катталуу” баскычын басып колдонсоңуздар болот.
Бул тиркеме боюнча кандайдыр бир маселе жаралган болсо жогоруда көрсөтүлгөн номердеги “Ватсап” тиркемеси аркылуу Ош шаарынын прокуратурасына суроолор менен кайрылсаңыздар болот.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы