Кыздардын КВНде ойноп, катышуусу тамашаны жаңы деңгээлге кɵтɵрдʏ. Кадыр Жарматовдун “Кɵңʏлдʏʏ жигиттер” долбоорунда кыздардан тʏзʏлгɵн ОшМУнун “Girl style” деген командасы бар. Команданын капитаны Жумагʏл менен команданын мʏчɵсʏ Шахида юмор жаатындагы кыздардын орду тууралуу айтып беришти.
Жʏмагʏл Аскербек кызы, “Girl style” командасынын капитаны.
“Команда топтоо кыйын болду”

-2021-жылы ОшМУнун ичинде “Шайыр тапкычтар” деген атайы конкурс бар эле. Анда студенттер ɵздɵрʏнʏн тапкычтыгын тамаша аркылуу кɵрсɵтʏп, бири-бири менен сыналышчу. Ал кезде мен журналистикада окуп жʏргɵн мезгилим эле. Анан бир кʏнʏ группалаш кыздар олтуруп алып, чыгып кɵрʏʏнʏ чечтик. Ошентип эң алгачкы команда куралды. Ал учурда азыркы командадагы кыздар жок эле. Андагы биринчи максатыбыз жеңʏʏ эмес, студент болгонубуз ʏчʏн байгеге коюлган 15 миң сомду алуу болчу. Бирок мынчалык деңгээлде уланып кетишин эч кимибиз ойлогон эмеспиз. Ошентип биринчи жолу кыздар командасы куралып, оюнда чемпион болдук. Ал эми командабыздын атын кыздардын стили катары “Girl style” деп атаган элек. Бирок ɵкʏнʏчтʏʏсʏ ошол оюндан кийин эле командабыз чачылып кеткен. Балким, максатыбыздын да жоктугунан чачылса керек.
Азыркы жаңы команданы топтоо абдан кыйын болгон. Айрыкча кыздарды кураш чындыгында кыйын экен. Ар кандай кыздар келди, акыры ушул курамга келип токтолдук. Эң алгач 2021-2022-жылдары командада Шахида экɵɵбʏз гана болгонбуз. Андан кийин Аида жана Айназик деген кыздарыбыз кошулуп командада 4 кыз болду. Машинанын бир дɵңгɵлɵгʏ жок болсо, калган дɵңгɵлɵгʏ жʏрɵ албайт эмеспи, анын сыңары командадагы тɵрт кыз дагы ошондойбуз. Бирибизди бирибиз тиреп турабыз. Эң жакшысы азыркы жана акыркы команданын максаты бир.
“Тамактануучу жай биздин кеңсебиз эле”
-Тɵртɵɵбʏз тɵрт жерде болгонубуз ʏчʏн бир ʏйгɵ барып даярдык кылчу эмеспиз. Оштогу бир тамактануучу жайды офис кылып алган элек. Кʏн сайын барып кээде 24 саат отура берчʏбʏз. Ɵзʏбʏзгɵ аябай кʏлкʏлʏʏ кɵрʏнɵт. Азыр кудайга шʏгʏр, финалга чейин кеңсе жок болчу, финалдан кийин офистʏʏ болдук. Азыр ошол кеңседе идеяларыбызды бɵлʏшʏп, ошол жерде тамашаларыбызды жазабыз. Тамаша жазууда бизде эң кɵп ойлоп тапкан кызыбыз Айназик. Аида деген дагы кызыбыз бар. Маанилʏʏ, кʏлкʏлʏʏ тамашаларды ошол кызыбыз таап калат. Ал эми Шахида деген кызыбыз, чындыгында такыр сценарий жазбайт. Айтса дагы биз толукташыбыз керек болот. Бирок ʏчɵɵбʏзгɵ тʏшпɵгɵн ɵзгɵчɵ образдардын баары Шахидага тʏшɵт. Ушул нерсени кармап калгандыгы ʏчʏн команданын жʏзʏ катары таанылып келет. Ал эми мен бул кыздарды кɵзɵмɵлдɵп, бардык сценарийлерди топтоп, жазып идеяларымды кошуп турам.
“Окууну, жумушту, чыгармачылыкты кошо алып кетʏʏгɵ аракет кылабыз”
-Мен баса белгилеп айткым келет, биздин кыздардын “Кɵңʏлдʏʏ жигиттерде” жʏргɵнʏ бул жакшы, бирок андан сырткары ар биринин жумушу бардыгы андан жакшы. Мисалы, Шахида сулуулук тармагында иш алып барып, салондо жумуш кылат. Ошону менен бирге команданын да сулуулугун карайт. Мындан сырткаркы кыздарыбыздын ар бири 2-3 тил билишет. Айназик менен Аида дагы акыркы учурда жарнама жаатына аябай жакшы тʏшʏп калышты. Сунуштар дагы кɵп болуп жатат. Ар бир кызыбыз окуусуна, жумушуна жана чыгармачылыкка ʏлгʏргɵн дилгир кыздар. Ал эми ɵзʏмдʏ айта турга болсом, окуумду бʏтʏп, азыр ЭлТР каналынын ЭлFM радиодосунда иштейм.
“Элдин оюн жакшы жакка бура алдык”
-Апам “сен сахнада 5 жыл, 10 жыл ойносоң деле, элдин алдындагы бир гана туура эмес сɵзʏң, 10 жылдык мээнетиңди жууп кетет” деп айтып калат. Соц тармакта негатив жазгандар сɵзсʏз болот. Бирок мактанып эле айтабыз, бир дагы адам жʏзʏбʏзгɵ келип, негатив айткан эмес. Ушул убакка чейин кɵптɵгɵн жеңиштерге жетиштик, грамоталарды, байгелерди уттук, жада калса финалга чейин бардык. Бирок биздин эң чоң жетишкендигибиз бул эмес, элдин кɵңʏлʏн, оюн жакшы жакка бура алгандыгыбыз болду.

“Спорттук кийим алчубуз”
-Биз алгач “Тамашоуго” чыкканда балдарды туурап, кээде чачыбызды тургузуп, айтор ар кандай образда чыкчубуз. Сахнанын маданиятын билчʏ эмеспиз. Форма алганда дагы спорттук кийим алчубуз. Кийинчерээк “Ошингтон” командасынын оюнчусу, тагыраак айтканда, сахнадан тапкан бир тууганыбыз Медер Камчыбеков бизге жаңы стиль берди. Жаңы образда, жаңы “Girl style” кылып алып чыкты. Бизге шиш така кийгенди, тʏз басканды, кɵйнɵк кийгенди ʏйрɵттʏ. Мурун тамаша ойногондо сахнадан ары- бери жʏгʏрчʏбʏз, бизди жʏгʏртпɵгɵнгɵ ʏйрɵттʏ. Азыр сахнага чыкканда ашыкча эч нерсени жасабай калдык. Болгону ордубузда турабыз, сʏйлɵй турган сɵзʏбʏздʏ сʏйлɵп чыгып кетебиз. Жада калса бийлебей да калдык. Кɵп нерселер сахнада туура эмес кɵрʏнʏш болуп калаарын билдик. Медер агабызга ɵзгɵчɵ ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет.
“2025-жылы чемпион болобуз…”
-2024-жылы “Кɵңʏлдʏʏ жигиттерде” 4-орунду алган элек. Бул нерсе кɵңʏлʏбʏзгɵ абдан катуу тийди. Анткени бизде бардык тараптан бар болсо дагы, сахнада эркин ойной албай калганыбыз ʏчʏн утулуп калдык. Жеңилип калдык деп ызаа тарттык. Бирок азыр ойлоп карасак, жеңилип калуубуз бир чети туура болуптур. Эгерде жеңсек КВНден чыгып, максаты жок калып кетмекпиз. Азыр максатыбыз бар, татыктуу оюн кɵргɵзʏʏгɵ даярбыз. 2025-жылы кыздардын атынан тарых жаратууну максат кылдык. Анткени буга чейин кыздар командасы болгон, бирок финалга эч ким жеткен эмес. Биз финалга жеттик, бирок чемпион болууну максат кылдык.
Шахида Урулбаева, “Girl style” командасынын мʏчɵсʏ:
“Сахнада ойноо бала кезимдеги кыялым эле”

-Кичинекей кезимде телевизордон “No name”, “Универсал” сыяктуу командаларды кɵрчʏмʏн. Кандай адамдар сахнага чыгып, эл адамы болушат деп ойлочумун. Азыр ошол кɵрʏп жʏргɵ адамдарым менен бир сахнада чогуу ойноп жʏргɵнʏмɵ кубанам. Чыгармачылыкта кɵптɵгɵн досторду таптым. Эң негизгиси бир эжени жана эки сиңдини таптым. Бул кыздар менен бир тууганым болуп калды. Эже катары сиңдилерими урушуп, акылымды айтсам, эжем катары Жумагʏл эжемден акыл сурайм, урушун угам.
“Ата-энебиздин кубанычы – биздин сыймыгыбыз”
-Маданият адамы бул элдин кʏзгʏсʏ. Ɵзʏм дагы маданият адамы болуп, шоу чɵйрɵдɵ жʏргɵнʏмɵ сыймыктанам. Мисалы, ар бирибиз менен айылыбыз, андагы элибиз сыймыктанат. Бул нерсеге ата-энелерибиздин дагы сʏйʏнʏчʏ чексиз. Биз жɵнʏндɵ жакшы сɵздɵрдʏ укканы да бул биздин чоң жетишкендик.
“Ɵзʏм менен кошо ɵнɵрʏмдʏ дагы баккан адам болсо”
-Турмушка чыгуу, албетте, планда бар. Биздин арабызда эң улуубуз Жумагʏл эже. Бизди эжебиз эле тороп турат, болбосо чыгат элек (кʏлʏп). Чындыгын айтканда, учурда жʏрɵгʏмдʏн ээси жок. Акын Нурайым эжекебиздин “ɵзʏм менен кошо ɵнɵрʏмдʏ дагы баккан адам болсо” деген сɵзʏн угуп калдым эле. Анын сыңарындай эгерде чын эле ушундай адамың болсо анда эмнеге турмушка чыгууга болбосун.
“Бизди туура багытка салган агаларыбыз болду”
-Биз алгач Бишкекке барганда “Ала- Тоо кубогунда” казакстандык кыздар менен ойногонбуз. Кыргыз кыздарынын атынан чыгып, бирок жеңилип калганбыз. Ошол оюндагы кемчилигибизди ачык айтып, бизди тʏзɵгɵн Сапар Сайназаров деген агабыз болгон. Оюндан кийин бизди атайы чакырып, “кыздар, мен силердин чыкканыңарга ушунчалык сʏйʏнʏп олтурам, бирок ошол эле учурда силерди туура багытка салып койбогон адам болбогону ʏчʏн ушунчалык жаман болдум” деген эле. Албетте, бизди туура багытка салган адамдар болгон, бирок ɵзʏбʏз дагы алгач чыгып ойноп жʏргɵн ʏчʏн кɵп нерсеге маани берген эмеспиз. Андан кийин эле Медер агабызды жолуктурдук. Бизди туура багытка салган адамдардын бири ушул агаларыбыз болду.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы