21 августа, 2025

МАСК ЖАНА МАРС

Болжол менен 2028-жылдарга барып Кызыл планета — марска жер колониячыларын кондуруу, демек Марсты ɵздɵштʏрɵ баштоо пландалууда.

Колониячылар  дегенде биз адатыбызча баскынчы-талоончуларды эле тʏшʏнбɵшʏбʏз керек. Сɵздʏн этимологиясы “колон” деген байыркы грек сɵзʏнɵ барып такалып, колон-кепелʏʏ кул деген маанини туюнтуат. Кул ээлɵɵчʏлʏк доордон феодализм дооруна ɵтɵ баштаганда мурдагы кулдарды отурукташтыруу, ʏйлʏʏ-жайлуу кылуудан улам пайда болгон тарыхый эле сɵздɵрдʏн бири. Марсты колониялаштыруу  дегенде сɵздʏн тʏз маанисин-Марска адам баласын отурукташтыруу дегенди эле кɵңʏлгɵ тутуу жетиштʏʏ.

Ошентип, кɵпчʏлʏгʏбʏз  Жердеги бул  дʏйнɵнʏн кɵр тиричиликтеринин кɵппʏ-азбы тʏйшʏктɵрʏн араң тартып жʏргɵнбʏз менен, айрым адамдар  башка планетага, Марска учуп, аны ɵздɵштʏрʏʏнʏ эңсеп атышат. Апенди чалыш эмес, белгилʏʏ , маанилʏʏ, олуттуу эле адамдар. Бир эле Илон Масктын ысымы эле  эмнени туюнтуп тураары айтпаса да белгилʏʏ. Жакында эле  планетанын эң бай бул адамы 2026-жылга чейин Марска 5 транспорттук космостук корабль жɵнɵтɵɵрʏн, эгер учуу нормалдуу болсо Жердин алгачкы астронавт- десанттары Марка тʏшʏрʏлɵɵрʏн билдирди. Марсты колониялаштыруунун келечеги  Сириус  университетинде жакында ɵткɵн жаш илимпоздордун тɵртʏнчʏ Конгрессинде талкууланган.

 Марска учуу  жогорку салмактагы “Starship” ракетасын тесттен ийгиликтʏʏ ɵткɵргɵндɵн кийин фантастикалуу деле болбой калды. Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ дейре Масктын бул “кол баласы” алты ирет сынак учуудан ɵткɵрʏлʏп, эмдиги жылы 25 толук кандуу орбиталдык учуулар пландалууда.  “Starship”- адамзат тарыхындагы биринчи эң чоң космостук ракета ( бийиктиги 121 метр, диаметри 9 метр) эле эмес, ал ошону менен бирге толугу менен кɵп ирет колдонулуучу ракета болуп  саналат: анын биринчи тепкичи (ылдамдаткыч) эле  эмес, экинчи тепкичи да кайттып  келет, ал космостук ракета эмеспи.

“ Starship” дал ошол Марска учууга даярдалган. Бул максатта кʏйʏʏчʏ май катары метан  тандалып алынган”, -дейт “Геоскан”   космикалык кичи аппараттарды долбоору бɵлʏмʏнʏн  жетекчиси, Россиянын космонавтика Федерациясынын мʏчɵсʏ Александр Хохлов. -Анткени, метанды Марстын атмосферасынын ɵзʏнɵн алып, кораблдин  Жерге кайтып келʏʏсʏ ʏчʏн тʏз эле планетанын ɵзʏндɵ куйса болот. Марсиандык экинчи бир фишка октябрда, “Starship” бешинчи ирет учканда биринчи тепкичин  кармап калуучу “Мехзила” системасы аркылуу тутулганда кɵрсɵтʏлгɵн. Бул эмне ʏчʏн маанилʏʏ? Эмнеге дегенде  тʏздɵн тʏз старттык мунарага кондуруу космостук кораблди авиалайнер режиминде пайдаланууга мʏмкʏндʏк берет. Учуу алдында май куюу сыяктуу кызматтар бир нече сааттарды алат да, кайра эле жолго чыгылат! Масктын алдыга койгон максаты боюнча, 2050-жылга барып Марска бир миллион адамды жɵнɵтʏʏ керек. “Starship” 100 жʏргʏнчʏгɵ гана эсептелгенин эске алганда бул оңой эмес иш. Мындан тышкары, Марска учуу маалында старттык мунарага конуунун абдан так системасы да талап кылынат. Керектʏʏ чекиттен  бир нече чакырым эле алыстыкта  конуп калган кораблди табуу жана ташып жеткирʏʏ мʏмкʏн болбой калат.

Колониячылар ʏчʏн башкы коркунуч – радиация. Марста бизди  Жерде  космостук нурдануудан коргоп тургандай магниттик талаа жана атмосфера жок. Турак-жайды сыягы кыртыштын астына, марсиандык топуракты жамынуу аркылуу  куруу керек болот окшойт. Ошондуктан, марсиандык колонияны  тʏзʏʏ долбооруна Илон Маск ɵзʏ негиздеген тоннель куруучу фирма катышат.

“Тоннелдерди куруу Марс ʏчʏн абдан пайдалуу деген пикирдемин”,-дейт  Илон Маск.

-Бизге муз жана пайдалуу кендерди табуу керек болот. Бургулоонун туура технологиясын сактоо менен эбегейсиз кɵп тоннелдерди курса болот. Андан соң алардын негизинде жер алдындагы шаарларды куруу жана радиациядан коргонуу  мʏмкʏндʏгʏ ачылат. Масктын эсебинде, колониянын  жашоо мʏмкʏнчʏлʏгʏн камсыздоо ʏчʏн кошуна планетага бир миллион тоннага чукул материалдарды жеткирʏʏ талап кылынат. Бирок аны ташууга, тактап айтканда, колониячыларды суу, азык-тʏлʏк, аба менен камсыз кылууга жерде жасалган эч кандай  космикалык транспорттор жетишпейт, андыктан алардын  баарын жеринде даярдаш керек болот.

Жерден ыраакта жашоочуларды жашоо-тиричилик жактан камсыздоо технологиясы МКСте иштелип чыгууда. Орбитада “Электрон ВМ” , суудан  кычкыотек иштеп чыгуучу система  иштеп жатат. Бул система атмосфералык нымдуулук конденсатынан сууну регенерациялайт. Космонавттар дем алганда  чыгуучу кɵмʏр кычкыл газынан, ал турсун сийдиктен да суу бɵлʏп ала турган шаймандар иштелип чыккан. Идеалында окумуштуулар жашоо-тиричиликке зарыл болгон бардык продуктылары бар жабык  чɵйрɵнʏ тʏзʏʏгɵ умтулушууда. Химиялык же биологиялык жол менен андай муктаждыктарды канааттандыруу жана кɵп ирет пайдалануу жолдору иштелип чыгууда.

Красноярскийлик окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан БИОС-3 жашоо-тиричилик менен камсыздоо жагынан азырынча дʏйнɵдɵ алдыңкы орунда баратат. Ал заттардын биосферда  жабык айланышын моделдеп, автономиялык режимде экипажга бир жылдан ашык жашоого мʏмкʏндʏк берет. Окумуштууларга газ менен суу боюнча системаны толугу менен туюктап, экипаждын тамак-ашка болгон керектɵɵсʏн 80 пайызга дейре жабууга мʏмкʏн болду. Оранжереяда жасалма жарыктын жардамы менен буурчак, салат, бадыраң, капуста, картошка, шалгам, укроп, пияздын атайын сортторун ɵстʏрʏлɵт. Аны менен бирге кɵмʏр кычкыл газы ɵзʏнɵн ɵзʏ жутулуп,  алтынга тете кислород иштелип чыгылат.

Азыр кытайлыктар БИОС-3 аналогун ɵздɵрʏндɵгʏ “Алтын сарай” орбиталдык станциясында колдонуп жатышат. Алар ага кошумча  жаныбарлардын белогун да, бирок такыр эле салттык эмес мʏнɵздɵ алышууда: кытайлыктар коңуз личинкалары аралаштырылган унду пайдаланышат, жалпак тил менен айтканда, курт-кумурска жешет.

Бирок, этти алуунун жеңилирээк эле жолдору да бар.

-Марста колдонуп калуучу технологиялардын бири – клеткалык этти ɵстʏрʏʏ,-дейт “Генотек” изилдɵɵчʏ жана билим берʏʏчʏ долбоорлордун жетекчиси Дмитрий Крившеев. — Азык-тʏлʏктʏʏ чɵйрɵдɵ айрым  ɵсʏмдʏктɵрдʏн клеткаларын ɵстʏрʏʏ керек. Акыбетинде мал этинен жасалган котлет даяр. Бирок, бул эттин бир кɵйгɵйʏ бар: ал адаттагы даам жана текстурага ээ эмес. Бирок,  белоктук даамды моделдештирʏʏ жаатындагы прогресс бул маселени чечʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет. Колониячылар 3Д биопринтерине кайсыл бир азыкты салуу  аркылуу муну чечсе болот, ал адаттагы азыкка окшобогону менен тиешелʏʏ даам, форма жана консистенция сакталып калат.

Аягында бир суроого жооп берʏʏ маселеси турат: Марста адам тукуму кɵбɵйɵбʏ-жокпу?

“Космосто бойго бʏтʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ барбы?” деп  бизден кɵп сурашат”,-дейт  космонавт, биология илимдеринин кандидаты Сергей Рязанский. -Бул суроого биз жооп таба элекпиз, билбейбиз. Анткени,  космостук радиация тʏйʏлдʏккɵ ɵтɵ зыяндуу таасирин берет. Космостук радиациядан 100 пайыз коргонууну камсыз кылмайынча бул жааттагы эксперименттер токтотулган. Биздин медиктер аял космонавттарга космоско учууга чейин гана тɵрɵɵнʏ, ал эми эркек космонавттарга космостук учуудан кийин жарым жылга чейин жубайына жакындабоону сунуш кылышат, этияты шарт!

Абдираим Мамытов

About The Author