21 августа, 2025

ТРАМПТЫН АГЫМЫНДАГЫ УКРАИНА ЖАНА ЕВРОПА

Орус-украин согушун  бийликке келгенден кийин 24 саатта токтотом  деген Трамп бийликке келгенден кийин бул маселеде шаабайы сууп, дымагы тʏшкɵнʏ жалпыга маалым. Президенттик шайлоого чейин анын айткан-деген сɵздɵрʏнʏн арасынан “Мен бийликте турганымда, орус-украин жаңжалы башталмак эмес” дегени гана чындыкка жакын десе  болот. Бирок, балакеттин баары ошол от алып кеткен калайманды баштоо эмес, кантип токтотууда жатканы анык.

Америкалык маалымат каражаттарында Трамп  ɵзʏнʏн атайын ɵкʏлʏ Келлогуга украин жаңжалын жʏз кʏндʏк мɵɵнɵт ичинде бир жаңсыл кылууну тапшырганы айтылат. Бир караганда Америка аталган согуштан анча деле зыян тартпагандай сезилет. Согуштук аракеттер кантсе да Россияны алсыздандырууда, америкалык газга болгон суроо-талап айрыкча Европа  ɵлкɵлɵрʏндɵ ɵсʏʏдɵ, аскердик заводдор тынымсыз иштɵɵдɵ. Бир сɵз менен айтканда, америкалыктарга жалаң гана плюс.

Бирок, белгилʏʏ россиялык саясат таануучу, Америкада бир топ жылдар бою  иштеген Андраник Мигранян антип эсептебейт. Анын пикиринде, Америка азыр бир кыйла алсыз жана арсыз абалда. Украина анын ансыз деле айланкɵчɵктɵнʏп турган башын андан бешбетер оорутууда. Америкалыктар Украинага аскердик жардам деген негиз  менен 200 миллиард доллар жумшашты жана ал сумма АКШнын мамлекеттик карызын ɵстʏрʏп, 36 триллиондон ашып олтурат.

“Европада чыгаан ишмерлер кɵп болгон: Шарль де Голль, Миттеран, Ширак, Вилли Брандт, Коль, Шредер. Алар ɵз пикирлерине  жана бул пикирлери  ʏчʏн кʏрɵшʏʏ эрдигине  эгедер эле, аны  практика жʏзʏндɵ ишке ашырууга аракет кыла алышкан. Бʏгʏн ал жерде иш жʏзʏндɵ андай инсандар жок. Кээ бир учурларда таң кала карап каласың… европалык ɵлкɵлɵрдʏн жарандарынын кызыкчылыктары кɵз карашынан алганда бул кандайдыр бир апаат.

Азыркы европалык элита жана Трамптын ортосунда кандайдыр бир “ары бас-бери бас” болуп жатат. Бирок, Байдендин мезгилинен бери бирдеме ɵзгɵрдʏбʏ? Эч нерсе ɵзгɵргɵн жок. Алар Вашингтон тараптан берилген ар кандай буйрукту жан дили менен аткарууга Байдендин мезгилиндей эле даяр турушат. Тек гана Трамп аларга жакпай турат. Бирок, мен ишендирип кете алам: Трамп ɵзʏнʏн мʏнɵзʏ, ɵжɵрлʏгʏ менен ал жакта тез эле тартипти орнотот жана алар бат эле кожоюндун бут алдына турушат да, куйруктарын кылыктана булгалай башташат”.

 Америкалыктар азыркы убакта ɵздɵрʏнʏн башкы экономикалык ɵнɵктɵшʏ Европанын таш-талканын чыгарды жана бул бɵйрɵгʏн тешип чыгарында шек жок. Украина аскердик жардам жагына келсек, Байдендин убагында убадаланган курал-жаракты да берʏʏ кыйынга турууда. АКШ  аскердик ɵнɵр жай комплекси бʏгʏн мурдагы кʏʏсʏндɵ эмес. Орой айтканда АКШ бʏгʏн Украинаны уруп ойнобойт. Эскалация улана берсе, дʏйнɵ ʏчʏнчʏ дʏйнɵлʏк согуштун кырына жетип калат. АКШ деле ыктымалдуу ядролук согуштан тирʏʏ чыкпоосун  Трамп жана анын жаңыдан иштеп баштаган командасы эң сонун тʏшʏнʏп турат. АКШга азыр тынчтык, бейпилдик башкаларга караганда да зарыл болуп турганы айдан ачык экенин Мигранян баса белгилейт : “Менимче. Трампта Россияга  кандайдыр бир зыян кылууга жакынкы аралыктарда убакыт деле жок. Ал  ɵз ɵлкɵсʏ менен алектенет. Америкада демократтар менен республикачылар ортосунда согуш жʏрʏп жатпайбы”. Украинадагы аскердик операцияны токтотуу  жаатындагы тынчтык сʏйлɵшʏʏнʏ баштабасаңар, Россияга  санкция кʏчɵтʏлɵɵрʏн, Россия Америкага эмне сатса, жогорку салык ставкасы коюлаарын Трамп  эскерткени менен, кɵпчʏлʏк эксперттер ага ийин кʏйшɵшɵт: санкциялар ансыз деле аттын кара капталынан дегидей мерчемде салынуу, бирок андан эмне чыкты, бʏт дʏйнɵ кʏбɵ.  Кандай тариф? АКШ менен Россия ортосунда соода байланышы жок. Ооба, титанды америкалыктар орустардан сатып алышат. Бирок, Трамп ага да тыюу салып койгон кʏндɵ деле, ишкерлер аны сатып алуунун жолун табышат. Алар капиталисттер! Алар ɵз кирешелери ʏчʏн жан алып-жан берет, ал турсун Ленин айтмакчы ɵздɵрʏн аса турган арканды да бизден сатып алышат”,-деп шакабалайт эксперт.

 АКШнын дʏйнɵлʏк лидерлигин Трамп  америкалык армияны кʏчтɵндʏрʏʏ аркылуу бекемдɵɵгɵ далбас урууда. Ошол эле мезгилде согуш дегенди такыр каалабаган,  тынчтык орнотуучу болууну да убадалап келет. Андай болгондо ага кʏчтʏʏ армиянын эмне кереги бар да, логика каерде?

“Трамптын сɵздɵрʏнɵн мен логика издебейм”,-дейт Мигранян. -Анда ырааттуулук  жетишпейт. Ал ушундай бир фанфарон, баарын эле гиперболизациялай берген раблезиандык (жашоону, эркин ойлонууну жактырган) типтеги инсандарга кирет. Ал эми АКШ армиясы жагдайында сɵз кылсак,  анда бʏгʏн анын жеке курамы жарым-жартылай гана катышта комплектацияланганы маалым – адам жетишпейт. Пентагондо да ушундай бир  уурулук калыптанган, жыл сайын ондогон миллиард доллар ың-жыңсыз жоголот да, эч ким олуттуу аудит жагдайында сɵз кылбайт.

Аскердик эксперттер айрым багыттар боюнча АКШ армиясы орустардыкынан он, он беш жыл артта калганын белгилешет, гиперʏндʏʏлʏк жагынан да, атомдук триада жагынан да. Ал эми аскер-деңиз флотундагы сан жана сапат жагынан Кытайдан артта туруп калды. Бул алар ʏчʏн чоң проблема, анткени кытайлар жакынкы аралыкта дʏйнɵлʏк сооданын негизги  жолу – Маллак кысыгына толук кɵзɵмɵл жʏргʏзʏп калышат.

-Украинага аскер  жɵнɵтɵт элем деген  айрым англис жана француз саясатчыларынын  кɵк мээлик сɵздɵрʏ менин кʏлкʏмдʏ келтирет,-деп улантат пикирин  эксперт. –Эгерде Британиянын кургактагы бʏткʏл армиясын Уэмбли стадионуна олтургузуп койсо, стадиондо дагы 20 миң орундук ашып калат. Аларга француздук кургактагы армиянын бештен бир бɵлʏгʏн жайгаштырууга мʏмкʏн. Ошондо бул эки ɵлкɵнʏн армиясы эки стадионго эле батат, кʏлкʏң келеби?

Ооба, англичандар менен француздарда кайсыл бир сандагы ядролук  бомбалар бар. Бирок, Улуу Британия аралы, мисалы,  жер жʏзʏнɵн таптакыр жок болуп кетʏʏсʏ ʏчʏн кɵп деле бомбанын зарылдыгы жок. Тек гана улуу адабият, улуу маданият жашап ɵткɵн бул жайды жоготуу абдан аянычтуу  болуп калат. Бирок, батыштын азыркы саясатчыларына сыягы ɵзʏлɵрʏнʏкʏ да, ɵңгɵлɵрдʏкʏ да эч бир аянычтуу эмес окшойт. Тарых аларды эч нерсеге окутпаптыр. Ушул жагына муңданасың…

Абдираим Мамытов

About The Author