21 августа, 2025

Менин атам – эң жакшы адам

“Кыз атага кʏйʏмдʏʏ келет” деп ар бир ʏй-бʏлɵдɵ кыздарга карата сый-урмат жогору бааланат. Кыздарына ɵзгɵчɵ мээрим берип, анын ийгиликтерин мактанып, айтканын жасап, ар тараптуу колдоо кɵрсɵткɵн да аталар. Атанын мээрими менен бирге анын мʏнɵзʏ, тарбиясы кошо ɵтʏп, кыз да атасындай калыптана баштайт тура. Башкаларга караганда кɵбʏрɵɵк атасына кʏйʏп, ɵмʏр бою “атам” деп жашоосундагы негизги таянар тоосун сыймыктануу менен айтып ɵтɵт экен. “Менин атам” рубрикасынын коноктору Ош шаардык Кеңешинин депутат айымдары болмокчу.

-Зарина айым, айтсаңыз, сиздин кандай сапаттарыңызды атаңызга окшоштурушат?

-Атамын ар бир мʏнɵзʏн, баскан-турганын, кыймыл аракетин тарткам десем болот. Тартынбай болгонун болгондой сʏйлɵгɵн, чынчыл, тааныбаган адамдар менен да бат тил табыша билген, алдына максат койсо аракет менен жеткен, артынан кеп кылганды жаман кɵргɵн асыл сапаттары бар эле. Атам Чилов Акылбек 1959-жылы Алайдын Будалык айылында тɵрɵлгɵн. Тегим Алай районунан болот. Балалыгым Ош шаарында ɵттʏ, ушул шаарда тɵрɵлʏп, чоңойдум. Биз ʏч бир тууганбыз, эки кыз, бир уул. ʏйдɵ эң кичинеси болгондуктан ɵтɵ эрке элем. Атамдын жытын сагындым деп атамсыз бирɵɵнʏн ʏйʏнɵ да жатпаган экемин. Эжемди “абижем” деп, мени “кызым” деп эркелетип калчу. Тилекке каршы, атам 2010-жылдагы Ош коогалаңында каза болуп калган.

-Атаңыз кесиби боюнча ким болгон, уул-кыздары жолун жолдодубу?

-Атам технология боюнча адис эле, кесиби боюнча курулуш тармагында прораб болуп бир топ жыл эмгектенди. Бизге кесип тандоодо эркиндик берип, башка тармактар боюнча окудук. Атам кесиби боюнча иштеп жʏрʏп, ɵлкɵбʏз эгемендʏʏлʏктʏ алгандан кийин 1994-жылдары апам экɵɵ Россияга миграцияга барып-келишкен. Мен анда 1-класстарда окусам керек эле. Жɵнɵкɵй эле ʏй-бʏлɵдɵн чыккам десем болот. Кɵпчʏлʏк адамдар ойлошу мʏмкʏн, бай ʏй-бʏлɵнʏн кыздары депутат болот деп азыр андай эмес, баары аракеттен, билимден кɵз каранды. Кесибим юрист, экинчи кесибим мугалим. Мен мугалимдикти тандап, билим берʏʏ тармагында иштеп калдым. №10 мектепте мугалим болуп жʏргɵндɵ шаардык бюджеттен каражат бɵлдʏрʏп, футбол аянтчасын курдуруп бердим. “Жибек” деп аталган мектепке чейинки билим берʏʏ уюмуна келгениме ʏчʏнчʏ жылдын жʏзʏ болду. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов тарбияланып кеткен балдар бакчасы. Имараты 1901-жылы курулуп, чынында эскилиги жеткен болчу. Тиешелʏʏ тараптарга кайрылып, эшигин каккылап жʏрʏп, эки кабаттуу, жер тɵлɵсʏ менен ʏч кабаттуу жаңы курулушту ишке ашыра алдым. Учурда кɵчʏʏ процесси жʏрʏʏдɵ. Атамын кɵзʏ ɵтсɵ да ɵзʏ ɵтпɵйт. Жумушта кʏн сайын “Акылбековна” деп атамын аты кеминде элʏʏ ирет айтылып турганы кубандырат.

-Сиздерге тарбия берʏʏдɵ атаңыз кɵбʏнчɵ кандай насааттарын айтчу эле?

-Менин атам ийгиликтеримдин автору десем болот. Атам мага талап коюп, жасашым керек болгон иштерди “жаса” деп да айтпайт, чай ʏстʏндɵ отурганда жай эле “кызым, ушул нерсени жасап коюшуң керек эле” деп коет, анан ошол жумушту кантип жасап салганымды ɵзʏм да билбей калам. Мисалы, медицина тармагындагы илимий ишимди баштоомдун бирден-бир инициатору атам десем болот. Атамын дагы бир сɵзʏн дайым эсиме тʏйʏп жʏрɵм, “кайненең менен сɵз талашпа кызым, кайын журтуңдун сый-урматын жайына кой” деп айтат. Бул насаатын турмушта дайым колдонуп келем.

-Атам Тогузаков Абдыганы кɵп жыл бою билим берʏʏ тармагында эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда. Буюрса, 60 жаштын кырын ашты. Жылкыны аябай жакшы кɵрʏп карайт. Жылкылары да атамы кадимкидей алыстан таанып, кʏтʏп калышат. Негизи эле бардык жан-жаныбарларга жакшы кɵңʏл буруп, аяр мамиле жасайт. Атамын бир мʏнɵзʏнɵ абдан баа берем, адамды бир кɵз караш менен ичиндегисин билип коймою бар. Эгер ичибизде кандайдыр маселе болсо дароо байкап, токтоолук менен сууруп чыга алат. ʏй-бʏлɵдɵ тɵрт бир тууганбыз, ʏч кыз, эң кенжеси иним. Мен ʏйдʏн улуусумун, сырткы келбетими да, мʏнɵзʏмʏ да атама окшоштурушат.

-Атаңыздын туулган кʏнʏндɵ кɵбʏнчɵ кандай белек бересиз?

-Атама кɵбʏнчɵ кийим-кечек белек кылам. Эң чоң белегибиз бир туугандар чогулуп унаа белек кылганбыз. Негизи ар бир ата-эне мындан да чоң, мындан да кымбат белектердин баарына татыктуу деп ойлойм.

-Бала кезиңизде атаңыз жомок айтып берчʏ беле?

-Бизге жомокту кɵбʏнчɵ чоң энем айтып берчʏ. Чоң энемин жомок айтканда кадимкидей жомок дʏйнɵсʏнɵ барып калгандай болор элек. Атам бизди уктатып жатканда “Манас” эпосунан ʏзʏндʏ кылып ырдап калчу. 

-Кыздардын билим алуусунда, эл менен иштешʏʏсʏндɵ негизги кеңешчиси атасы деп калышат, сиз да кɵпчʏлʏк маселелерди атаңыз менен кеңешер белеңиз?

-Эң туура, аталар дайыма насаатын айтып, туура жол кɵрсɵтʏшɵт. Мага да кɵптɵгɵн кеңештерин айтып, атамын тарбиясы, атамдан ɵткɵн мʏнɵздɵр менен жашоомдогу кɵптɵгɵн ийгиликтерди багындырып келе жатам. Атам Сатывалдыев Ганыбай бизге кичипейилдикти, адамгерчиликти, жɵнɵкɵйлʏктʏ ʏйрɵтʏп, ар дайым аткара ала турган нерсени гана айтууну баса белгилеп тарбиялаган. Ɵз сɵзʏнɵ бекем турган киши болчу, биз да атама окшоону кыялданып, атамдай мыкты инсан болууга аракет кылып чоңойдук.

-Ген аркылуу мʏнɵздɵн сырткары жɵндɵмдɵр да ɵтɵт эмеспи, атаңызда, балким чоң атаңызда эл ɵкʏлʏ кызматын аркалагандар болгон беле?

-Негизи туура эле байкадыңыз, менин чоң атам да, таятам да депутат болушкан. Чоң атам 1960-жылдары облустук Кеңеште депутат болгон экен. Таятам Мырзалы Аматов сиздерге окшоп журналист эле. Ош облустук кеңешине беш жолу, Ош шаардык Кеңешине эки жолу, райондук кеңешке алты жолу депутат болуп шайланган. Ɵзʏмʏн атам депутат болбосо да жогорку билимдʏʏ, инженер-механик болуп, адистиги боюнча ʏзʏрлʏʏ эмгектенген. Биз тɵрт бир тууганбыз, эки уул, эки кыз, атамын жолун жолдоп, инженер-механик боло албадык, бирок, анын эмгекчилдиги, ишке болгон жоопкерчилиги баарыбызга ɵтʏп, тандаган тармактарыбыз боюнча ийгиликтʏʏ иштеп келʏʏдɵбʏз.

Жоопкерчиликтʏʏ, бирɵɵгɵ катуу сʏйлɵбɵгɵн, ар дайым жардам берʏʏгɵ даяр турган мʏнɵзʏмдʏ атама окшоштурушат. Ал эми сырткы келбетим кɵбʏнчɵ таежелерими тартыптыр. Пандемия убагында “ковиддин” айынан атам биздин арабыздан кеткенине беш жылдын жʏзʏ болду. Атам арабызда жок болсо да бизге чоң мурас катары жакшы сапаттарды, ʏлгʏлʏʏ тарбияны калтырып кеткен. Аны дайыма сыймыктануу менен эскеребиз.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author