21 августа, 2025

Гʏлмира Бекташова: “Коррупциянын ɵз кʏчʏнɵн тайбай келатканы кооптуу”

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Гʏлмира Бекташова – элдин ʏнʏн угуп, кɵйгɵйлɵрʏн чечʏʏгɵ аракет кылган чынчыл жана боорукер эл ɵкʏлʏ. Ɵзʏнʏн тажрыйбасы, адилеттʏʏлʏгʏ жана адамдарга болгон жылуу мамилеси менен айырмаланган Гʏлмира айым коомдун социалдык маселелерине ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурат. Алгачкы эмгек жолун мугалим болуудан баштап, учурда шаарды ɵнʏктʏрʏʏгɵ жана жашоочулардын бакубаттуулугу ʏчʏн ʏзʏрлʏʏ иш алып барган депутат айымдардын катарын толуктап келет.

-Гʏлмира айым, депутаттыка тʏрткʏ болгон негизги жагдайларга токтолсоңуз?

-Мен коомдук чɵйрɵгɵ жаштайымдан активдʏʏ аралашып жʏрчʏмʏн. Шайлоолорго калтырбай барып, аттуулдук милдетимди аткарып келчʏ элем. Бирок ɵзʏм чындыгында депутат болуп калам деп ойлогон эмесмин. 2024-жылдын май айында “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шаардык Кеңешке депутат болуп бардым. Бир аз убакыт ɵтʏп, сентябрь айында Административдик аймактык реформанын (АТР) алкагында айрым айыл ɵкмɵттɵр шаарга кошулгандыктан депутаттар мɵɵнɵтʏнɵн мурда тарап кеттик. Кайрадан талапкерлигими  “Жаңы Кыргызстан” партиясынын атынан коюп, элдин ишеними, колдоосу менен шаардык Кеңешке депутат болдум. Депутат болгонго чейин эле элдин кɵйгɵйʏн чечип, колумдан келгенче иш жасаганга аракет кылчумун. Электр жарыгы же суу ɵчсɵ деле мага чалып “эмнеге ɵчтʏ?” деп сурай беришчʏ. Себеби, муниципалдык тармакта кварталдык комитеттин тɵрайымы болуп да аз убакытка иштеп жʏрдʏм.

-Сиздин оюңузча коомубуздагы, шаарыбыздын эң орчундуу кɵйгɵйлɵр кайсы?

-Азыр бардык тармакка мыйзам кʏчɵп, жемкорлук менен да катуу кʏрɵш жʏрʏп жаткан учуру. Ошентсе деле айрым жетекчилер же кызматтагы адамдар коррупция менен кармалып жатканы ɵкʏнʏчтʏʏ. Канча жоготконго аракет кылсак да коррупциянын ɵз кʏчʏнɵн тайбай келатканы кооптуу. Депутат болгонго чейин бюджеттик угууга дайыма катышчу элем. Ал жерде айтылган миллиондорго шаарыбыз жетерлик ɵнʏкмɵк. Бирок, ɵкʏнʏчтʏʏсʏ айрым жаңылыштыктардын, коррупцияга азгыруулардын айынан максатсыз сарпталган каражаттар да болду. Ар бир адам таза келип, таза иштерин каалайт элем. Мисалы, жаңы келген мэрибиз Жеңишбек Токторбаев ишин жакшы баштады, эми ушул боюнча иш алып барат деп ʏмʏт кылабыз. Ал эми шаарыбызга келсек, чынында кɵйгɵй кɵп. Мындан сырткары шаардагы ойлондурган кɵйгɵйлɵрдʏн бири жол тыгыны. Жолдун четтеринин баарын эле тосуп алышкан. Анын ʏстʏнɵ унаа токтотуучу жайлар дагы аз. Жолдун кɵрʏнгɵн эле жерлерине машиналарын токтотуп коюшат. Менин оюмча жол тыгындан арылуу ʏчʏн атайы унаа токтотуучу жайларды куруу керек. Айрыкча эл кɵп келе турган жерлерге.

-Ɵзʏңʏз тууралуу да айтып берсеңиз. Депутат болгонго чейин кандай жумуштарда иштегенсиз?

-Мен Алайкууда 1967-жылы тɵрɵлгɵнмʏн. 1984-жылы Ɵзгɵрʏш атындагы орто мектепти аяктадым. Мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик медициналык академияга Бишкекке тапшырып ɵтпɵй калдым. Окуусуз бир жыл жʏрʏп, 1985-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, 1990-жылы окуумду ийгиликтʏʏ аяктадым. Окууну жакшы окугандыгым ʏчʏн жогорулатылган стипендия дагы алчумун. Жогорку окуу жайды аяктаган соң Тɵлɵйкɵн ААБнын Маяковский атындагы орто мектебинде бир жылдай мугалим болуп иштедим. Андан кийин “Мээрим” балдар бакчасында тарбиячы болуп дагы бир аз иштеп калдым. Анан эле турмушка чыгып, андан соң декреттик ɵргʏʏгɵ кеттим. Кийин 1990-1991-жылы Союз таркап, элдин баары мигрант болуп жаткан кезде мигрант болууга да жетиштим. Россиянын кɵп шаарларында болуп, 10 жыл жʏрдʏм. Анан Кыргызстанга келип, кафе, магазин сыяктуу чакан бизнестеримди ачтым. Ошондон бери Кыргызстанда жашап, эмгектенип келем.

-Билим алууда, кайсы бир кесиптин ээси болууда орундалбай калган кыялдар болду беле, эгер убакытты артка кайтарса эмнелерди ɵзгɵртмɵксʏз?

-Кичинемде дарыгер болууну кыялданчу элем. Бул жаатка абдан кызыкчумун. Бирок бул тармакка окууга ɵтпɵй калганмын. Балким, кийинки жылы аракет кылсам ɵтʏп кетмекмин. Агамдын кеңеши менен филолог болуп калдым. Негизи шыгым бар богондуктан, бул тармакты деле жакшы алып кеттим. Жакшы окуп, стипендия дагы алчумун. Бирок дагы бир ɵкʏнʏчтʏʏ нерсе, ɵзʏмдʏн кесибим менен иштебей калгандыгым. Эгерде мага кайрадан мʏмкʏнчʏлʏк берилсе, балким, илим жактап кетмекмин. Балким, кʏчтʏʏ филолог болуп чыкмакмын. Бирок биз канчалык аракет кылсак деле баары турмуш шартка байланыштуу болуп калат экен. Жалпылап айтканда ɵзʏмдʏн кесибим боюнча иштебей бул тармакка келʏʏмɵ кɵп нерсе себеп болгон.

-Японияга барган сапарыңыз тууралуу жазып каласыз, балдарыңыз ошол жактабы?

-Менин 2 кыз, бир уулум бар. Балдарымды билимдʏʏ-илимдʏʏ кылып тарбиялаганга аракет кылдым. Ошонун ʏзʏрʏ менен азыр бир кызым менен уулум Японияда эмгектенишет. Экɵɵ тең окууга барып ошол бойдон ал жакта калып калышты Мени дагы тез- тезден Японияга чакырып турушат. Кээде эс алганча 2-3 ай жʏрʏп келем. Ал эми чоң кызымды жанымда алып калганмын. Ал менин жолумду жолдоп, коомго аралашып келет. Кудайга шʏгʏр, балдарымдын баары турмуштан ɵз ордун таап жашап келе жатат. Учурда 4 неберем бар.

 Бош убактымда уюлдук телефон менен кɵп отурам. Кɵбʏнчɵ фейсбукка кирип, ой пикиримди жазып турам. Мындан сырткары албетте, китептерди дагы окуймун. Гезит-журналдарды да калтырбай окуган окурмандардын катарын толуктайм десем болот. Негизи ырдаганды да жакшы кɵрɵм. Бирок ырчы болуп кетпедим ( кʏлʏп).

Студент кезимде кɵркɵм окууларга кɵп катышчу элем. Ошондуктан поэзия окуганды да абдан жакшы кɵрɵм. Кɵбʏнчɵ азыркы акын- жазуучулардан Нуржамал Калмаматова деген кыздын ырларын сʏйʏп окуйм. Ар бир ырын окуп, ар бир ырына сын-пикир жазам. Мен бул кыздын ырларын гана таап окубастан, ɵзʏн дагы таап алгам. Учурда катташып турабыз. Мага арнап дагы ыр жазып калат. Ɵзгɵчɵ “Боорукерим” аттуу мага арналган ыры аябай жагат.

Калыстыктан тайбаган таразасыз,

Кɵңʏлʏңʏз кири жок таптазасыз.

Боорукрлик жагынан эч ким жетпейт,

Жакшы адамым, мен ʏчʏн башкачасыз.

Акылманым, кең пейил, ɵзгɵчɵсʏз,

Адамдардын асылы бɵлɵкчɵсʏз.

Ɵзʏңʏздɵн ɵзгɵнʏ бийик койгон,

Канчаларга аптапта кɵлɵкɵсʏз.

Бет келгенди ылгабай таягансыз,

Муңайганды кубаттап, аягансыз.

Адамдардын асылы, боорукерим,

Чын эле сиз башкача жаралгансыз.

Кɵңʏлʏңʏз кири жок таптазасыз,

Жакшы адамым, мен ʏчʏн башкачасыз.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author