Кайрат Примбердиев деген ырчы казак берʏʏсʏнɵ барып “Ормон хан башын алган Кенесары хан ʏчʏн кечирим сурайм” дегени чуу жараткан эле. УКМК ырчыга расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер ʏчʏн 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскертти.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Примердиевге ɵлкɵдɵн чыкпоо тууралуу бɵгɵт коюу чарасы тандалып алынган. Учурда тергɵɵ иштери жʏрʏʏдɵ. Негизи Ормон хан менен Кенесарынын тарых таржымалына кайрылалы.

«Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек, теменеси болот бек»
Ормон Ниязбек уулу сарыбагыш уруусунун чоң манабы, тʏндʏк кыргыздарынын ханы 1792-жылы Чоң-Кемин ɵрɵɵнʏндɵ туулган. Тʏптʏʏ бий тукуму. Бабасы Манап бийдин аты кыргыз ичинде ак-сɵɵктʏктʏ туюндурган энчи атка айланып калган. 4- атасы Маматкул бий кыргыздардын жогорку бийи болуп “жогорку бий” чениндеги адам экендигин кытайлыктар 1758-жылы Кыргызстанга келишкенде жазып кетишкен. Чоң атасы Эсенкул бий дагы оң менен солго бийлиги ɵткɵн, ɵз заманын кɵрʏнʏктʏʏ саясатчыларынан болгон. Анын демилгеси менен азыркы Чʏй, Талас ɵрɵɵндɵрʏн кыргыз уруулары туруктуу жайлашып, ата конушту сактап калуунун эң негизги шарты тʏзʏлгɵн. Ɵз атасы – Ниязбек. «Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек, теменеси болот бек» аталышкан. Демек 8 бир тууган болушкан.
Ормондун хан кɵтɵрʏлʏшʏ
Ормон Ниязбек уулу тʏндʏк кыргыз урууларынын башын кошуп ɵзʏнчɵ хандык тʏзʏʏнʏ кɵздɵйт. 1842-жылы Ысык-Кɵлдʏн этегинде 500 боз ʏй тигилип, кыргыздын курултайын ɵткɵрɵт. Курултайга сарыбагыштардан Жантай, Калыгул, Тɵрɵгелди катышса, солтодон Жангарач, Тынаалы баштаган топ келип кошулган. Андан сырткары, саяктарды баштаган Медет датка, бугулардан Боромбай жана кушчу, черик, саруу, моңолдор урууларынын ɵкʏлдɵрʏ да катышкан. Ошондой эле тʏштʏк кыргыздардан Алымбек датка келгени айтылып жʏрɵт.
Курултайда Ормон: «Биз бирикпесек кыргыз болбой калабыз. Бизге салыштырмалуу Кокондун ханы бар, Кашкардын кожосу бар, Калмактын тайшасы жана бул эле казактын да ханы бар. Биз болсо уруубуздун арсыз намысын тутуп, бириге албай жʏрɵбʏз. Минтип кете берсек эл-жерибизди жоготуп алабыз. Биригели, ɵзʏбʏзгɵ хан шайлап алалы. Ханды эл шайласын, ошон ʏчʏн курултайга чакырдым», — деп кайрылат. Жыйында ар уруунун билерманы чыгып сɵз сʏйлɵп, Ормонду ылайык кɵрʏшɵт. Ошентип 52 жаштагы Ормон Ниязбек уулуна ай тамгалуу кызыл кымкап тебетей кийгизилет. Ал хан болуп шайлангандан кийин ордосун Байсоорунга орнотот. Хандын ɵзʏнʏн тамгасы, мɵɵрʏ болгон.
Калыгул Бай улуу кеңешчиси болгон
Ормон хан башка уруулар менен мамилесин чыңоого аракет кылган. Бул ʏчʏн кызы Куланды бугунун бийи Боромбайдын уулуна берсе, иниси Тɵрɵгелдиге солтонун бийи Канайдын кызын алып берет. Саяктардын бийи Медет датка менен ымалашып, Чыны бий менен достошкон. Тайлак баатырдын уулу Осмон менен ɵз уулу Чаргынды достоштурат. Кетмен-тɵбɵлʏк бий Ырыскулбекке ɵз уруусунан кыз алып берет. Ошентип Чʏй, Кɵл, Нарын, Кетмен-Тɵбɵ, Талас чɵлкɵмʏндɵгʏ кыргыздарга аттын кашкасындай таанымал болуп, аброю бийиктеген. Айтылуу Калыгул Бай уулу менен Ормон хан ага-ининин балдары, олуя кийинчерээк кеңешчи да болгон.
Уруу аралык касташууларды токтоткон
Ормон хан такта турганда жерди кеңейтʏʏ максатында Иле дарыясынын жээгин кыргыздарга кошууну самап 500гɵ жакын ʏй менен кɵчʏп барган. Кокон хандыгынын Куртка, Байсоорун чептерин талкалатат. Санташ, Бедел, Тоюн жана Ашуу-Алматыга кароол чеп орнотот. Кокондун ханы Ормонду ɵзʏнɵ тартуу ʏчʏн «Парваначы» деген ɵтɵ бийик наам ыйгарат. Ормон кыргызды ɵзʏнчɵ кɵз карандысыз мамлекет кылууга жана борборлоштурулган бийлик тʏзʏʏ аракетин жʏргʏзгɵн. Тышкы иштер боюнча, сот иштерине жана кол башчылыкка ишенген адамдарын дайындайт. Мындан кооптонгон Кокон хандыгы тʏндʏк кыргыздарды басуу ʏчʏн Мусулманкул аталыкты 5000 аскери менен жиберет. Жоо келе жатканын элчи аркылуу билген Ормон хан Жантай, Жангарач болуп тосуп чыгат. Бир жумага созулган кармашта Мусулманкул аталыктын колу кыйрап, артка чегинет.

Майтɵбɵдɵгʏ кыргын: Ормон опуза
1846-жылы казак ханы Кенесары падышалык аскерлердин катуу кысымы астында Орто жʏздɵн Чоң жʏз аймагына чегинʏʏгɵ аргасыз болот. Кыргыз манаптары союз тʏзʏʏ жɵнʏндɵ сʏйлɵшʏʏлɵр оңунан чыкпагандан кийин Кенесары ошол эле жылы тʏндʏк кыргыз айылдарына бир нече ирет чабуул жасап, мал-жанды тоноп, кыргызга кызыл кыргын салган. Бир нече жолку салгылашуулардан кийин кыргыздар Кенесарыга Тыналы бий башында турган элчи жɵнɵтʏп, тынчтык келишимин тʏзʏʏ шарты сунушталган. Бирок, Кенесары элчилерди ɵлтʏртʏп, Тыналы бийди барымтага алып калган. Ошол эле жылы казак баатыры Саурук Кенесарынын тымызын буйругу менен, келишим тʏзʏʏнʏн шылтоосу менен кыргыздын Жамангар баатыр башында турган 13 баатырын алдап чакырып, ɵлтʏртʏп таштайт. Ɵч алуу максатында кыргыздын аз сандуу колу Сауруктун айылын чаап, Сауруктун ɵзʏн туткундап, кийинчерээк ɵлтʏрʏп салышат. Бул окуяны Кененсары кыргыз айылдарына толук кандуу чабуул коюу ʏчʏн пайдаланган.
Ошентип, 1847-жылы Кенесары Касымовдун 20 миң атчандар колу кыргыз айылдарына бастырып кирген. Чʏйдʏн айылдарында баскынчылар талап-тоноп, кары-жашына, аял-эркегине карабастан кырып бʏлгʏн салган, ал турсун боюнда бар келиндердин ичин жарып, наристесин алып, кескилеп салган учурлар да болгонун айтышат. Кызыл кыргын менен жʏрʏп отуруп казак-кыргыздын башкы кагылышуусу Чʏйдʏн Майтɵбɵ ( “Мыкандын сазы” деген жеринде ɵтɵт. Кыргыз колунун башында турган “Ормон опуза” тактикасы ошондо роль ойногону талашсыз. Ормон хан маңдайдагы тоо жылгаларынын кɵрʏнɵɵ жерлерине кɵптɵгɵн отторду ɵчʏрбɵй жагууга жигиттерге буйрук берет. Бул амал казактарда кыргыз жоокерлеринин саны “Тʏштʏк кыргыздардан жетип келген жигиттердин эсебинен улам кɵбɵйʏʏдɵ” деген ышаараны берип тургандай таасир калтырган. “Ормон опуза” (Тактика Ормона”) деген сɵз ошондон калган.
Согуштун жʏрʏшʏндɵ Ормон менен жашыруун тил бириктирген султан Рустем менен султан Сыпатай ɵз жоокерлерин тумандуу тʏндʏ пайдаланып, майдандан эч кимге байкатпай алып чыгып кетишет. Согуш бир нече кʏнɵ созулуп, Кенесарынын жеңилʏʏсʏ жана Ноорузбай баш болгон 32 султандын колго тʏшʏʏсʏ менен аяктайт. Айтымда, Кенесары туткундалганда ал “мени Ормон ханга алып баргыла!” деп ɵтʏнгɵн экен. Ормон хан: “хан менен экинчи бир ханды согуш маалында жолуктурууга болбойт!” деп койгон дешет. Кенесары бир нече ай туткунда болуп, кийинчерээк башы алынып, башы атайын элчилер аркылуу Омск генерал-губернаторуна жеткирилген.
Азыр элде-журтта аралап жʏргɵн айың сɵздɵргɵ караганда, Кенесарынын баш сɵɵгʏн Назарбаев Путинден суратып алган….
Ормон ханды ким кандайча ɵлтʏргɵнʏ жɵнʏндɵ так маалымат жок
Тарыхчы Асанбек Акматалиевдин айтымында, Ормон хандын бугу эли менен таарынычы болгон. Кокондон Мусулманкул аталык келип согуш ачканда Ормон хан кɵл жээгиндеги бугуларга чабарман жиберип жардам сурайт. Алар келбей койгондо «кыргыздын тарыхы кыл ʏстʏндɵ турганда кыянаттык кылып, эл-жерди коргогонго келбей койдуңар» деп Боромбай бий менен Муратаалыга таарынат. Бугу уруусу кийин Кененсары менен болгон согушка да катышкан эмес. Ормон хан кɵлдʏн башын кыдырып, «Санташ» чегин кɵрʏп кайра келе жатканда Боромбайдын уулу Кылыч менен Нышандын уулу Мырза жолун торойт. Ормонду колго тʏшʏрʏп туткундашат. Аны кʏйɵɵ баласы Ɵмʏрзак менен кызы Куландын ʏйʏнɵ алып барышат. Кутум уюштурулуп, аны ɵлтʏрʏʏнʏ чечишет. Кененсарынын колун талкалаганына катуу намыстанган казак султаны Тезек тɵрɵнʏн да бул ишке тиешеси болгон. Ошентип, Ниязбек уулу Ормон хан 1855-жылы ɵз кызынын ʏйʏндɵ ɵлтʏрʏлɵт. Ормон ханды ким кандайча ɵлтʏргɵнʏ жɵнʏндɵ так маалымат жок. Бирок кɵп убакыт ɵткɵрбɵй эле уулу ʏмɵтаалы менен иниси Тɵрɵгелди хандын кунун кууп бугу элине согуш ачат. Тирешʏʏдɵ аялдар туткунга алынып, жигиттер кɵз жумат. Бугу менен сарыбагыштын кармашы ʏч жылга созулган. Бул тирешʏʏ уруулардын Россия карамагына ɵтʏп, орус бийлигинин жана Жантай хандын ортого тʏшʏʏсʏ менен токтогон.
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы