Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борбору коомдук жайлардагы санитардык гигиенанын сакталышы жана кан аркылуу оору жугузуучу объекттерди кɵзɵмɵлдɵп, калктын саламаттыгын сактоодо негизги орунду ээлеп келет. Мекемедеги жасалып жаткан иштер, 2025-жылы киргизилген ɵзгɵрʏʏлɵр тууралуу баяндайбыз.
Санталат Орозбаева, Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун башкы дарыгеринин орун басары.
-Санталат Маматовна, мекеменин милдеттери жана ишмердʏʏлʏгʏ тууралуу айтып берсеңиз?

-Кɵпчʏлʏк жарандарыбыз санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборун тамак-аш багыты менен гана иштейт деп ойлошу мʏмкʏн. Биздин негизги милдетибиз жарандардын саламаттыгын ар тараптуу сактоону камсыз кылуу. Анткени мамлекеттин эң чоң байлыгы бул эл. Ошондуктан тамак-аштан сырткары, кан аркылуу жугуучу ооруларга себеп болуп калбоосу ʏчʏн стоматология, косметология, хиджама сыяктуу ишкердикти да кɵзɵмɵлдɵп, чара кɵрɵбʏз. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ кызматынын ишмердʏʏлʏгʏ “Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жɵнʏндɵгʏ” жана “Коомдук саламаттыкты сактоо жɵнʏндɵгʏ” Мыйзамдарынын, КРнын Президентинин Жарлыктарынын, КРнын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, Улуттук жана мамлекеттик программалардын, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктарынын, Ош шаардык мэриясынын буйрук жана токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, ар тʏрдʏʏ жыйындарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышына багытталган.
-Жалпы канча бɵлʏм бар, ал жерде канча кызматкер эмгектенет?
-Мекемебизде 68 жогорку билимдʏʏ, анын ичинен 24 врач, 1-категорияда 3, 2-категорияда 5 врач. Орто билимдʏʏ 41 адис, жалпы 156 кызмаматкер эмгектенишʏʏдɵ. Санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ бɵлʏмʏ тɵрт багытта иш алып барат:
• коммуналдык гигиена боюнча кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ бɵлʏмʏ.
• тамак-аш гигиенасы боюнча кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ бɵлʏмʏ.
• эмгек гигиенасы боюнча кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ бɵлʏмʏ.
• балдар жана ɵспʏрʏмдɵр гигиеналары боюнча кɵзɵмɵл жʏргʏзʏʏ бɵлʏмʏ.
Бɵлʏмдɵ иштеген кызматкерлер квалификациясын жогорулатуу ʏчʏн окуулардан ɵтʏп, эл аралык долбоорлорго катышып турушат.
-Лабораториянын материалдык-техникалык базасынын абалы?
-Санитардык-гигиеналык жана санитардык-бактериологиялык лабораториялардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында акча каражаттары бɵлʏнʏп, эл аралык стандарттардын талаптарына шайкештигин камсыздап, жарандарды натыйжалуу тейлɵɵгɵ шарттар тʏзʏлʏʏдɵ. ISO/IEC 17025 эл аралык стандарттын талаптарына ылайык аккредитацияга ээ. 2024 жылы Кыргыз Республикасынын аймагында Орто Азияда Биринчи Улуттук изилдɵɵ ДССУ жардамы бейтаптардан микробтордун антибиотиктерге сезимталдыктарын текшерʏʏ жʏргʏзʏлʏп программанын алкагында санитардык бактериологиялык лабораторияга 300 миң доллардык анализатор Vitek-2 Compact 60 шаймандары, реактивдери, азыктандыруучу заттар алынып берилди.
Музаффар Ахмедов, Ооруларды алдын алуу бɵлʏмʏнʏн жетекчиси.
-Кайсы оорулардын кɵрсɵткʏчтɵрʏ тɵмɵндɵп же ɵсʏʏ темпине чыкты?

-2024-жылдын 12 ай ичинде Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу жана татаалдануусуз сакталып турду. Статистикалык маалыматка таянсак, Ош шаары боюнча жугуштуу оорулардын 17137 учур катталды, мурдагы жылга салыштырмалуу 1301 учурга же 1,1 эсеге аз. Катталгандардын 71%ын балдар тʏзɵт. Бизде жугуштуу инфекциялык жана мите оорулары жɵнʏндɵгʏ статистикалык отчеттуулуктун №1 формасындагы каттоодо туруучу 38 инфекциялык жана мите оорулары бар. Анын ичинен 9 тʏрʏ катталган жок. Алар ич-келте, паратифтер, вирустук сарык ооруларынын “Е” тʏрʏ, дифтерия, кызылча, кутурма, кене вирустук энцефалити, педикулез, COVID-19 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган учуру жана безгек сыяктуу жугуштуу оорулар. Бирок айрым оорулардан мисалы, кызамыктын ɵткɵн жылга салыштырмалуу бир аз ɵсʏшʏ байкалган. Акыркы 4 жыл аралыгында вирустук гепатит А(сарык) оорусу да бир аз ɵсʏʏ темпин кɵргɵзʏʏдɵ.
-Гепатит А демекчи, бул ооруга вакцина берʏʏ арзанбы же аны дарылообу?
-Сарык оорусун амбулатордук тʏрдɵ же стационарда жатып дарыланса канча каражат кетери боюнча изилдɵɵ ноябрь айында башталган. Изилдɵɵнʏн жыйынтыгы менен адистер дарылоого караганда вакцина алуу пайдалуураак деп эсептесе, саламаттыкты сактоо министрлигине сунушташат. Ошондой эле сарык оорусуна калк арасында канчалык деңгээлде иммунитет бар деген изилдɵɵнʏ да жʏргʏздʏк. Жыйынтыгында 1 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасында иммунитет тɵмɵн экен. Ооруй элек балдар топтолуп отуруп бул оору 5-6 жылда бир кɵтɵрʏлʏп турат. Жашаган жери боюнча: ооруган жарандардын 424 учуру (65,7%) жеке менчик ʏйлɵрдɵ, ал эми 220 учуру (34,3%) квартираларда турушат. Жеке менчик ʏйлɵрдɵ жашагандар арасында кɵп катталуусунун себеби кол жуу шарттары толук жолго коюлган эместигинде. Калктын кеминде 70%ы вирустук гепатит Ага каршы иммунитетке ээ болгондо оорунун деңгээли тɵмɵндɵйт. 2024-жылы Саламатыкты сактоо министрлиги Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Л.Пастер атындагы институту менен биргеликте жʏргʏзʏлгɵн вирустук гепатиттер (А, В, С, Д) боюнча мониторингдɵɵдɵ ар кандай жаштагы 6589 жарандан кан ʏлгʏлɵрʏ алынып, текширилгенде 5062 (76,8%) жаранда вирустук гепатит А тʏрʏнɵ иммунитет бар экендиги аныкталган. Бирок 1-5 жаштагы балдарда 40,1%, 6-11 жашта (51,3%) тɵмɵн кɵрсɵткʏчтʏ берген. Ошондуктан, Ош шаарында катталган учурдун 497син (77,2%) 1-11 жаштагы балдар тʏзɵт.
Катталган 644 учурдун жашы боюнча: 1-5 жаштагы балдар -139 учур (21,6%), 5-17 жаштагы-473 учур (73,3% ), 18-19 жаштагы -16 учур (2,5%), 20-29 жаштагы -13 учурду (2,2% ), 30 жаштан жогору жарандар арасында -3 учур (0,5%) тʏзɵт.
Социалдык абалы боюнча: мектеп окуучулары арасында-366 учур (56,7%), бала бакчага барган балдар арасында-38 учур (5,9%), СУЗ, ВУЗдардын студенттери арасында -20 учур (3,1%), уюшулбаган балдар арасында- 186 учур (28,8%), иштебегендер — 24 учур (3,7%) жана башкалар -10 (1,7%) ду тʏзɵт.
Гʏлжан Жээнбаева, санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл бɵлʏмʏнʏн башчысы.
-Билими жок, лицензиясыз косметологдорго жана хиджама жасагандарга кʏрɵштʏ аябай кʏчɵткɵн элеңиздер, жыйынтык кандай болууда?

-Ɵткɵн жылы мораторий болгондуктан тамак-аш менен байланышкан обьекттерилерди гана пландуу текшерʏʏдɵн ɵткɵзгɵн элек. 2024-жылы 286 обьект текшерилип, дʏкɵндɵр, ашканаларга 1 жарым миллион 600 миңден ашуун суммага айып пул салынган. Коммуналдык обьектилерге кирген косметология, стоматология кызматтарын пландан сырткары жолдомолор аркылуу текшерип, 115 объектке 555 миң суммада айып пул салынды. Жалпысынан 2024-жылы пландан сырткары, пландуу, арыздардын негизинде 515 объектке 2 миллион 742 миңден ашуун суммада айып пул салынган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге кɵп. Ошондой эле 11 хиджаманын баары жабылганын белгилеп ɵтɵйʏн. Тилекке каршы, башка жерлерден жашыруун ачып алышууда. Кай жерге ачпасын эл коопсуздугу ʏчʏн жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында ошол жерге барып жапканга аракет кылып жатабыз. Косметология боюнча айтсам, мыйзамсыз иштегендери жабылып, бирок, ʏйдɵн косметологиялык процедураларды жасап жаткандар бар, бул абдан кооптуу. Анткени кан аркылуу жугуучу оорулардан ВИЧ, гепатиттин тʏрлɵрʏн жугузуу ыктымалы бар. Текшерʏʏ кʏчɵгɵндɵн кийин кɵпчʏлʏгʏ лицензия алууга, билимин жогорулатууга аракет кыла башташты. Быйыл мораторий алынгандыктан эми пландуу текшерʏʏлɵр жʏрɵт. Ушул ай ичи да бир топ мекемелерди текшерʏʏ пландалган. Айып пулдардын ɵлчɵмʏ да жогорулатылганын билдиребиз.
-Тамак-аш тармагына кирет дейбизби, электрондук тамекилер боюнча да иш планыңыздарда барбы?
-Албетте, биз жалпы кызматкерлер кеңешип, жаштар арасында модага айланып бараткан электрондук тамеки тууралуу да иш-чараларды жʏргʏзʏʏнʏ кɵздɵп жатабыз. Мектептерде, жогорку окуу жайларында электрондук тамекинин зыяны кɵп экенин балдарга жеткиришибиз керек. Мисалы, жɵнɵкɵй тамекиге караганда зыяны кɵбʏрɵɵк. Себеби, тамеки атайы ɵстʏрʏлгɵн табигый тамекиден жасалса, электрондук тамекиге жыт, даам берʏʏчʏ консерванттар кошулат. Ал ысыганда ɵзʏнɵн зыяндуу заттарды бɵлʏп чыгарат.
Шайыргул Баймуратова, санитардык-гигиеналык лабораториясынын врач-лаборанты.
-Лабораторияда кандай мʏмкʏнчʏлʏктɵр тʏзʏлгɵн, эмнелерге анализ жасалат?

-Негизи лабораториялык изилдɵɵлɵрʏбʏз беш чоң бɵлʏмдɵн турат. Алар: санитардык-гигиеналык, санитардык-бактериологиялык, субулуттук-вирусологиялык, паразитологиялык жана радиологиялык лабораториялар. Биздин санитардык гигиеналык лабораторияда тамак-аштын тʏрлɵрʏ, агын суулар, ичкен суулар, торпурактын тʏрлɵрʏ, эл тынбай колдонгон буюмдардан жаш балдардын оюнчуктары, курулуш материалдары, тʏтʏктɵр, кездемелер, самын, шампундардын коопсуздугу текшерилет. Ошондой эле иш зонасындагы абанын курамы да аныкталат. Лабораториябыз эл аралык стандарттын талаптарына ылайык акретациядан ɵткɵн. Тʏштʏк аймагынын бардык облус, райондорунан жеке ишкерлер ɵндʏргɵн продукциясынын сапатын, жɵнɵкɵй тургундар ичкен суунун, топурактын курамын текшерʏʏгɵ текшертʏʏгɵ келишет.
“Эл аралык раунддарга катышып турабыз”
-Лаборатория ар жылы жаңы аппараттар, реагенттер, приборлор менен толукталып турат. Айрымдарын атай кетсем, 2024 жылга 2 хроматограф алынды, бул хроматограф менен тамак-аш азыктарындагы, суудагы жана топурактагы микотоксиндерди жана пестициддерди аныктоого болот. Ошондой эле оор металлдарды изилдɵɵ ʏчʏн 3 даана вольтампериметрдик анализатор алынды. Мында эмгектенген кызматкерлердин басымдуусу жогорку квалификацияга ээ. Тɵрт жылда бир категория тапшырып турушат. Россия, Германия ɵлкɵлɵрʏ менен контролдук ʏлгʏ жʏргʏзʏп, эл аралык раунддарга катышып турабыз. Адистин жана лабораториянын компотенттʏʏлʏгʏнɵ жакшы жыйынтык берилсе, сертификаттарга ээ болот. Бул да аккретациянын негизги талабынын бири болуп эсептелет.
Айжылдыз Тойчиева
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы