20 августа, 2025

Малды дарылап, операция жасап айыктарган жаш адис

Ветеринардык дарыгер бул жɵн гана кесип эмес, чоң жоопкерчиликти талап кылган иш. “Мал жандуу элге мал доктур керек” деп мурдатан эле бул кесипке маани берип келишкен. Элдос Надырбек уулу 26 жашта. Ал кʏнʏмдʏк ишинде мал жандыктардын ден соолугун сактоо ʏчʏн ар кандай ветеринардык иш-чараларды жʏргʏзʏп, дарылоо иштерин гана аткарып тим болбостон, ɵзʏнʏн билимин жана тажрыйбасын башкалар менен бɵлʏшʏʏ максатында социалдык тармактарда дагы активдʏʏ иш алып барат.

-Ɵзʏм Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табийгый-техникалык факультетинде окуп, кызыл диплом менен аяктаганмын. Ветеринар катары ʏй жаныбарларын карайым. Алардын оорулары, дарысы, айтор баарын кɵзɵмɵлдɵгɵнгɵ аракет кылам. Мага кɵбʏнчɵ жылкы, кой баккандар кайрылышат. Арасында анча-мынча эле ит, мышыктар  болбосо, дээрлик жылкы менен ийри мʏйʏздʏʏ мал болот. Жаныбарлардын оорулары боюнча айта турган болсом, кɵп учурда травма алган малды алып келишет. Айрыкча жылкылардын спортто, кɵк бɵрʏдɵ, жаракат алып жабыркагандарын. Мындан сырткары койдун илимий тил менен айтканда ценуроз, элдик тил менен айтканда айланбаш же кɵк мээ болуп калгандарын эң кɵп алып келишет, дарылайм,операция жасайм.

-ʏй жаныбарлар негизи ар кандай оорулардын тʏрлɵрʏ менен оорушат. Мисалы, бактериялык, ифекциялык, вирустук. Биз мындай ооруларды алдын алуу ʏчʏн атайын ветеринардык иш-чараларды жʏргʏзʏп турабыз. Ал иш чараларда ооруларга каршы эмдɵɵлɵр жана алдын алуу чаралары болот. Ар бирибиз ɵзʏбʏздʏн мамлекет тарабынан бɵлʏнʏп берилген аймактарда иш-чарабызды ɵткɵрʏп, малдын канын алып, лабораторияга тапшырабыз. Ал жерден ар кандай вирустук, бактериялык оорулар аныкталат. Мага Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл ɵкмɵтʏнʏн Баймундуз айылы бɵлʏнгɵн. Бул аймак менин кɵзɵмɵлʏмдɵ болгон ʏчʏн жылына жаз жана кʏздɵ эки жолу жугуштуу ооруларды текшерʏʏ ʏчʏн бруцеллезге кан алып лабораторияга тапшырабыз. Кан алып текшерилген соң оорусу бар малды сойдурбай, саттырбай жок кылдырганга аракет кылабыз. Негизи оорунун кʏчɵшʏнɵ жеткирбей эле ар бир адам ɵз жандыктарын убагында эмдетип турса, ɵздɵрʏнɵ эле жеңил болот. Бул ооруну алдын алуунун эң оңой жолу деп айта алам.

-Малдардын арасында, айрыкча ʏй жандыктарынын арасында кɵп кездешкен оору, ɵпкɵнʏн ɵнɵкɵт оорусу болуп эсептелет. Мында ɵпкɵ шамалдап кетет дагы ɵнɵкɵткɵ айланат. Анткени тɵл учурунда жаш мал кɵбʏнчɵ сыз жерде жатып калат дагы, анан ɵпкɵсʏнɵ суук ɵтʏп, билинбей эле бара-бара кʏчɵп кетет.  Ɵнɵкɵт оорулар мен ʏчʏн деги эле ветеринарлар ʏчʏн кыйын маселе болуп келет. Ɵчʏшʏп кткен ооруну айыктырыш ʏчʏн дагы кɵп убакыт керектелет. Андан тышкары дары- дармекти жана чыгымды дагы кɵбʏрɵɵк талап кылат.

-Ветеринария дагы врачтык жана табыптык методу болуп экиге бɵлʏнɵт. Мен врач катары инструкция боюнча гана дары- дармектер менен жумушумду аткарам. Негизинен айтканда табыптык жолдон алысмын. Бардык нерсени окуганым боюнча жана китепте жазылганы боюнча аткарам. Табыптык жолдо ысырык тʏтɵтʏʏ, кан чыгаруу, кɵздʏн жука терисин кесип коюу деген сыяктуу нерселер кɵп колдонулат. Бул методдорду кɵбʏнчɵ жылкы баккандар колдонушат. Бирок бул нерселердин жаныбарларга анчалык деле зыяны жок. Ошол эле учурда пайдасы дагы жок. Ал эми ветеринардык врачтардын кɵрсɵтмɵсʏ так болгону ʏчʏн эффективдʏʏрɵɵк болот. Ошондуктан да мен бул жолду тандап кеттим.

-Малды дарылоодо мени чарчатып, талыктырып кое турган нерсе бул — хирургиялык жобо. Мында бир эле операция 4-5 саат же андан кɵп созулуп кеткен учурлар болот. Бул учурларда адам физикалык жактан чарчабаса дагы, нерв жактан катуу чарчап калат. Мындайда эң узак алыша турган жылкылардын оорулары болот. Мисалы, инфекциялык лимфангит. Муну бизде эл арасындагы кɵз жара деп коюшат. Мындан сырткары селейме деген дагы оору бар. Мына ушул сыяктуу кооптуу ооруларды операция кылуу же айыктыруу абдан кыйын. Бул оорулар жылкы сʏйʏʏчʏлɵрдʏн душманы деп айтылат. 

-Жаныбарлардын ооруларын текшерʏʏдɵ биринчи орунда эле температурасын ɵлчɵймʏн. Андан кийин анамнезин тактап алам. Бул деген  жаныбардын ооруганга чейин эмне жеп, эмне ичкенин, кандай шартта турганын тактоо. Мына ушулардын жыйынтыгы менен так диагноз чыгарып алабыз дагы анан ɵз ишибизди баштайбыз.

-Социалдык тармактарда ɵз блогумду алып барып келем. Ветеринария боюнча суроолорго жооп берип, кайрылган кардарларга жардам бергенге аракет кылам. Башында блок баштоо оюмда деле жок болчу. Бул нерсеге эжекем себепчи болду. Жумушумду кɵрʏп, “инстаграмга киргизип турсаң, реклама дагы болот” деп айткан эле. Ошондон улам киргизип калып, андан ары улап кеттим. Азыркы учурда кɵбʏнчɵ Ош, Талас жана Чʏйдɵн кɵп кайрылышат. Тилекке каршы, тʏндʏк регион алыс болгондуктан бара албай жатам. Ошко барып турам. Байланышкан кардарлардын ар бирине барып, малын дарылап, кеңеш берем.

-Жаныбарларды дарылоодо, айыктырууда биринчиден, кармоо шартына кɵңʏл буруу керек. Жаныбар канчалык таза жана жылуу жерде турса, ошончолук бат айыгат. Экинчиден, дарылап жаткан учурда дагы дарылардын тактыгына кɵңʏл буруу керек. Ар бир жаныбарга берилʏʏчʏ дарынын дозасынан ашырбоо кажет. Эгерде дозадан аз же кɵп болсо, бул нерсе дагы коркунуч алып келет. Жаныбардын айыгып кетʏʏсʏ биз ʏчʏн ɵтɵ маанилʏʏ. Кээде кээ бир адамдар биз баргыча табыптык стадияга салып ар нерсе кылып кɵрɵт дагы, анан бизди ɵтʏшʏп кеткен учурда чакырып калат. Мындай учурда жаныбардын оорусу кʏчɵп кетет дагы айыкпай калышына себеп болот. Бирок биз ар бир жаныбарды аман алып калып, жʏз пайыз айыктырганга аракет кылабыз.

Таңсулуу  Сʏйʏнали кызы

About The Author