21 августа, 2025

Аксакалдар соту:  “Жарандарды сотко жеткирбей элдештиргенге аракет кылабыз”

Кыргыз илгертен “карынын сɵзʏн капка сал”, “карысы бардын ырысы бар” деп карыларга ɵзгɵчɵ сый-урмат кɵрсɵтʏп, тɵргɵ ɵткɵрʏп, кеп-кеңишин угуп, батасын алып келген эл. Бир ымалага келе албай жɵɵлɵшкɵндɵр да аксакалдардын кийлигишʏʏсʏ менен элдештирилген. Даанышман элибиздин бул ыкмасы азыр да ʏй-бʏлɵлɵрдʏн бекемдигине жана жаштарга багыт берип, жол кɵрсɵтʏʏдɵ колдонулат. Айыл аймактардан келген аксакалдар соттору менен алардын аткарган иштери тууралуу кенен маектешкенбиз.

Каныбек Ормонов, Тɵлɵйкɵн айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар сотунун тɵрагасы.

-Каныбек аба, айыл аймактардагы аксакалдар сотунун негизги милдеттери жɵнʏндɵ айтып берсеңиз, сиздерге кɵбʏнчɵ кандай арыз менен кайрылышат?

-Биздин милдетибиз жашоочуларга тиешелʏʏ айрым майда-барат кɵйгɵйлɵрдʏ, ʏй-бʏлɵлʏк келишпестиктерди, мʏлк талашууларды жɵнгɵ салып, жеринде чечип, жарандарды сотко чуркатып убара кылбай, бир компромисске келтирип, тʏшʏндʏрʏп, аксакалдык сɵзʏбʏздʏ айтып, батабызды берип, коомдук тартипти сактоочуларга, сот бийлигине кɵмɵк кɵрсɵтʏʏнʏ камсыздап келебиз. Административдик аймактык реформа жʏргʏзʏлгɵнгɵ чейин Тɵлɵйкɵн айыл ɵкмɵтʏ Кара-Суу районуна карап, аткарган жумуштарыбыз боюнча отчетубузду районго берип турчубуз. Азыр Тɵлɵйкɵн айылы шаар аймагына карагандыктан аткарылган иштер тууралуу маалыматтар айыл аймак жетекчилиги менен шаардык Кеңешке берилет.

-Жакында эле Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы кабыл алды, кандай маселелерге токтолдуңуздар?

-Ооба, аксакалдар сотторун Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы Болот Баетов кабыл алып, кɵйгɵйлɵрʏбʏздʏ, кемчилдиктерибизди укту. Ошол жыйында ɵзʏбʏзгɵ тɵрага да шайлап алдык. Биздин кɵйгɵйлɵрдʏ жазып алган соң кезектеги сессияга киргизмей болушту. Сессияда айрым финансылык маселелерди, кабинеттерди, техникалык жабдыктарды, кеңсе буюмдарын чечип берʏʏгɵ аракет кыларын айтышты. Ошондой эле Ош шаарынын соту менен прокуратура органдары, ички иштер башкармалыгынан топтолуп, жолугушууларды ɵткɵрʏп турабыз деген жакшы сɵздɵрʏн айтып, бизге кʏч-дем берди десем жаңылбайм. Бизди атайы кабыл алып, пикирибизди уккан тɵрагага аябай ыраазы болдук. Мындан ары шаардык Кеңеш менен аксакалдар соттору тыгыз иштешмей болду.

Турдукан Кыдырбаева, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар сотунун тɵрайымы.

-Аксакалдар сотун шайлоодо кандай талаптар коюлат?

-Аксакалдар сотунун атайы жобосуна ылайык, аймакта 25 миңге чейин эл жашаса, аксакалдар сотунун бир тɵрагасы жана ʏчтɵн кем эмес, тогуздан ашпаган мʏчɵлɵрʏ болуусу керек. 25 миңден ашуун эли болсо, эки аксакалдар сотунун тɵрагасы, ʏчтɵн тогузга чейин мʏчɵлɵрʏ болот. Мисалы, бизде Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгында 48 миң калк бар. Эки аксакалдар сотунун тɵрага-тɵрайымы иштейбиз. Аксакалдар сотуна 65 жаштан ɵйдɵ болуусу, эч жерде иштебɵɵсʏ зарыл деген талаптар коюлат.

-Жаңжал чыккан учурда дароо милиция чакырып алгандар да болсо керек?

-Албетте, мисалы, кʏйɵɵсʏ менен аялы урушуп кеткен учурда дароо милицияга кабарлагандар бар. Аялы арыз жазат, кʏйɵсʏн милиция кызматкерлери алып кетет. Эртеси жини кайтканда кайра тосмо арыз жазып, жашап кеткендер болот. Мен ушул жерде бир нерсени баса белгилеп кетейин, мурда ушинтип иш жабылып кете берчʏ, азыр мыйзамга ɵзгɵрʏʏ кирген, эки кошуна же кʏйɵɵсʏ менен аялы урушуп кетип, кайра тосмо арыз жазып элдешип алган кʏндɵ да айып пул салынат. Ошондуктан ойлонуп кадам таштоо зарыл.

-Биздин аймакта жер ʏйлɵр жана кɵп кабаттуу ʏйлɵр жайгашкан. Ажырашуулардын саны кɵп болбосо да келин-кайнене жаңжалдары, жер, ʏй талаштары болуп турат. Кээде кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵн суу агып кеткенде коңшулар бир аз урушуп калуусу мʏмкʏн. Аларды элдештиргенге аракет кылабыз “ачууга алдырып сотко берсеңер сот процесси созулуп кетет, ортодо ɵзʏңɵр чарчап, акыры ɵкʏнɵсʏңɵр” деп тʏшʏндʏрɵбʏз. Кɵпчʏлʏгʏ тʏшʏнʏʏ менен кабыл алып, ɵз ара келишип алат. Элдештирип койсок, кийин рахмат айтып келген ʏй-бʏлɵлɵр кɵп.

-Аксакалдар сотуна келген жарандарды кабыл алууга кеңсе каралганбы?

-Бизде Керме-Тоодо кеңсе жок, МАБды да кыйнай албайбыз, анткени ɵздɵрʏ кичинекей кабинетте 3-4 адам отурушат. Бош болуп калса залга, же милициякананын бош кабинетине же ʏйлɵрʏнɵ барып тʏшʏндʏрʏʏ иштерин ɵткɵрɵбʏз. Айрым МАБдарда аксакалдар сотунун офиси бар, айрымдарында жок. Атайы бир кеңсе ачсак жарандар ошол жакка келип кайрылмак.

-Коомдо кайнене-келин же абысындардын келишпестиги сыяктуу темалар дайыма эле айтылып келет, аялдарда тилектештиктин болуусу канчалык маанилʏʏ?

-Аялдарда бири-бирине колдоосу, тилектештиктин болуусу ɵтɵ маанилʏʏ. Учурда ɵлкɵдɵ зордук-зомбулук кɵйгɵй болуп жатат. Зордук-зомбулуктун тʏрлɵрʏ бар. Ал аялдарга, балдарга, кээде эркектерге да жасалышы мʏмкʏн. Кɵпчʏлʏк аялдарыбыз “эл эмне дейт?”  деп кордолсо да сыртка алып чыкпай жʏрɵ берет. Муну алдын алуу ʏчʏн ар тараптуу тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ зарыл. “Куш уяда эмнени кɵрсɵ, учканда ошону алат” дейт, ʏйдɵгʏ тарбия, чɵйрɵ баланын жашоосуна чоң таасирин тийгизет. Мисалы, азыр кɵпчʏлʏк ɵз укугун кыйын билип, милдеттерин унутуп коюуда. Ата-энелер балага “мугалим сени урушканга, кол кɵтɵргɵнгɵ акысы жок, телефонуңу алып тарта кал же класташтарыңа тарттыр” деген сɵздɵрдʏ сиңирип, баласынын милдети окууга убагында келип, тапшырмаларын жазып, мугалимдер менен айтышпоо керектигин ʏйрɵтпɵй калышты. Мурда бизге ата-энелерибиз “улууну сыйла, мугалимди ук, ʏйгɵ арызданып келбе” деп милдеттерибизди кɵбʏрɵɵк эскертип тарбиялаган. Дагы бир мисал келтире кетейин, жакында биздин территорияда бир ʏй-бʏлɵдɵ кайнене, келин ортосунда жаңжал чыгып, милиция бɵлʏмʏнɵ келишиптир. Келин жаш болсо да эч кимди укпай, эч кимге сɵз бербей сʏйлɵдʏ, мынаке ʏй-бʏлɵдɵн, чɵйрɵдɵн алган тарбиянын таасири. Айтайын дегеним баланы кɵчɵт мезгилинде, жакшы тарбияга, мээримге сугарбасак, кийин тилектештиктин жоктугуна, зомбулук ɵткɵрʏп, бирɵɵнʏ аябаган кесепеттерге алып барат.

Гуламидин Разыков, Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар сотунун тɵрагасы.

-Тургундар тарабынан тʏшкɵн арыздар кандай тартипте каралат?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ аймагыбызда 39 миң калк жашайт. Жашоочулар тарабынан арыздар тʏшʏп турат, эл болгондон кийин беш кол тең эмес, арадан келишпестиктер чыгып турат экен. Тʏшкɵн арыздарды аксакалдар сотунун тɵрагасы жана мʏчɵлɵрʏ чогулуп кворум менен карайбыз. Квартал сайын аткарган иштерибиз боюнча муниципалдык аймактык башкармалыкка жана шаардык Кеңешке отчет берип, жылына эки ирет шаардык Кеңештин тɵрагасы менен жолугушуу ɵткɵрʏлɵт. Аялдар менен иштешкен аялдар кеңешибиз да бар.

-Сиздердин аймакта жашоочулардын, айрыкча жаштардын арасында катталган кайсы кɵйгɵйлɵр тынчыңызды алат?

-Негизи жаштарыбыздын алдыга умтулган аракетчил сапаттарын баалайм, бирок кээде жаш ʏй-бʏлɵлɵр кичине жаңжалдын айынан ачууга алдырып, ажырашканга чейин барганы ɵкʏндʏрɵт. Биздин аймакта мурдагыга салыштырмалуу ушул кɵйгɵй бир аз ɵсʏʏдɵ. Ажырашкан соң “жʏгʏмʏ бер, мен мындай той ɵткɵрʏп, мындай сарпай кылганмын” деген сɵздɵр ырбайт. Жаштарга айтарым ажырашуу менен мамлекетке эч кандай пайда келбейт, тескерисинче, зыян. Ар бир адам “бекем ʏй-бʏлɵ, туруктуу мамлекет” деген сɵздʏ бекем карманса дээр элем.

Айжылдыз Тойчиева

About The Author