21 августа, 2025

Мыйзамсыз курулуштар алынып, шаар иретке келʏʏдɵ

Калаанын мэри Жеңишбек Токторбаевдин таң эрте кɵчɵлɵрдʏ кыдырып, шаарды иретке келтирʏʏ иштери уланууда. Аны менен катар Шаардык Кеңештин тɵрагасы Болот Баетов менен биргеликте  жашоочулар менен жолугушуулар ɵткɵрʏлʏп, ошол аймакка тиешелʏʏ кɵйгɵйдʏ чечʏʏ ʏчʏн тапшырмалар берилʏʏдɵ. Шаар шаардай болушу керек, “жол тоскондун жолу оңолбойт” деген сɵз бекеринен калбаган. Андыктан  жолду бɵгɵп,мыйзамсыз  курулуш куруп алгандар ɵз эсебинен бузуп, тɵтɵ жолду ачып жатышат.

Курманжан-Датка кɵчɵсʏ менен кесилишкен А. Навои менен Ленин кɵчɵсʏнɵ чейинки аралыктагы аймакты текшерʏʏнʏн жʏрʏшʏндɵ шаар башчысы жол боюнда тиешелʏʏ жашыл аянтчалардын, бак-дарактардын, ирригациялык тармактардын жоктугун байкап, бул боюнча сын-пикирин айтты. Мында бир катар соода тʏйʏндɵрʏнʏн алдындагы аймакта унаа токтотуучу жайларга орун берʏʏ максатында жашыл бак-дарактар алып салынган.

Жеңишбек Токторбаев кɵчɵнʏн жалпы сырткы кɵрʏнʏшʏн жаңылап, заманбап талаптарга шайкеш келитирʏʏ менен бирдиктʏʏ дизайнын иштеп чыгуу, кызыл сызыкка чыккан курулуштарды бузуп алып салуу боюнча тапшырмаларды берди.

Ага ылайык, Курманжан-Датка кɵчɵсʏ менен кесилишкен А.Навои кɵчɵсʏнɵн тарта Сʏйʏмбаев кɵчɵсʏнɵ чейинки аралыкка, жолдун эки тарабына 4,2 чакырымга жакын жаңы В 3-2 ʏлгʏсʏндɵгʏ ирригациялык тармактар орнотулууда. Лотокторду орнотуу иштери жашыл аянтчалардын ɵзгɵчɵлʏгʏн эске алуу менен жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелʏʏ кызматтардын жетекчилери менен биргеликте кезектеги таңкы кыдырууга чыгып, Достук кичи шаарчасынын бир катар кɵчɵлɵрʏнʏн абалын кɵрʏп чыкты.

Анын алкагында 10-кɵчɵдɵгʏ жашыл бадалдар жана тосмолор менен тосулуп калган жолду ачуу, ошол жерден 8-кɵчɵгɵ чыгуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн тʏзʏʏ боюнча тиешелʏʏ тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары шаар башчысы Мамыров кɵчɵсʏн кыдырып, бул жерде жайгашкан №29 Калинин атындагы мектептин аймагын мыйзамсыз курулуштардан тазалоо, тез арада кɵчɵнʏн боюндагы шаардын кɵркʏн бузган, мыйзамсыз соода-сатык тʏйʏндɵрдʏ, тосмолор менен чатырларды бузуп алып салуу, эскирген жарнамалык тактайчаларды жаңылоо жана талапка ылайык келтирʏʏ, тротуарларды ачуу боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Калаа башчысы шаардын ар бир кɵчɵсʏн, аллеясын кыдырып, ɵз кɵзɵмɵлʏнɵ алып, талапка ылайык келтире тургандыгын билдирди.

Жеринде кызыл сызыкка чыгып кеткен, мыйзамсыз курулуштарды, тосмолорду алып салуу, кɵркɵндʏрʏʏ, жашылдандыруу, кɵчɵлɵрдʏн жалпы кɵрʏнʏшʏн жаңылоо боюнча тапшырмалар берилди.

Шаар башчысы Жибек жолу муниципалдык аймак башкармалыгынын жолдорун текшерди. Тагыраак айтканда, С. Айни, 101, Имам-Ата кɵчɵлɵрʏндɵ болуп, жеринде тиешелʏʏ кызматтарга тротуарларды ачуу, мыйзамсыз курулуштарды буздуруу, тосмолорду алып салуу, ирригациялык тармактарды орнотуу жана имараттардын сырткы кɵрʏнʏшʏн жаңылоо боюнча тапшырмаларды берди.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги рейддик кыдырууга чыгып, Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Сʏйʏмбаев, О.Абдираимов, №73, №78, Абжалов жана Сатиев кɵчɵлɵрдʏн абалын текшерди.

Жеринде тротуарларды ачуу, мыйзамсыз коммерциялык курулуштарды, тосмолорду алып салуу, арыктарды оңдоп-тʏзɵɵ, эскилиги жеткен жарнамалык тактайчаларды жаңылоо, дарактарды кыркып тазалоо жана талаптарга шайкеш келтирʏʏ боюнча тапшырмалар берилди.

About The Author