21 августа, 2025

Президент Садыр Жапаров:  “Ош” аэропортун транспорттук тʏйʏн гана эмес, экономикалык маанилʏʏ борборго айландырабыз”

Президент Садыр Жапаров “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна старт берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-февралда Ош облусуна жумуш сапарынын жʏрʏшʏндɵ “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды.

Бул масштабдуу долбоор Кыргызстандын тʏштʏгʏндɵгʏ авиация инфраструктурасын ɵнʏктʏрʏʏдɵ маанилʏʏ кадам. Анын ɵткɵрʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ жылына 5 миллиондон ашык жʏргʏнчʏнʏ тʏзɵт. Бул жаңы аэробекет 2 кабат, жер тɵлɵсʏ менен курулат. Жалпы аянты 25 443 чарчы метрди тʏзɵт.

Жаңы терминалын долбоорлоодо жʏргʏнчʏлɵр ʏчʏн ыңгайлуу жʏрʏʏгɵ бардык шарттар эске алынган – кенен зал, заманбап каттоо жайлары, фуд-корт, эс алуу зоналары, автоматташтырылган 650 орундуу унаа токтотуучу жай жана башкалар.

Мындан тышкары ɵнʏктʏрʏʏ долбоорунда перронду кеңейтʏʏ менен бирге учактарды токтотуучу жайлардын санын 25 кɵбɵйтʏʏ каралган. 2025-жылы учуп-конуу тилкесинин долбоордук-сметалык документациясын даярдалып, 2026-жылы учуп-конуу тилкесин узартуу пландаштырылууда жана реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин “жогорку интенсивдʏʏлʏктɵгʏ жарык берʏʏчʏ” системасы 3-категорияга чейин жогорулатылат.

Мамлекет башчысы ɵз сɵзʏндɵ бʏгʏнкʏ кʏндɵ «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому уюштуруу-башкаруу тʏзʏмʏн жакшыртуу менен ɵнʏгʏʏнʏн туруктуу жолуна тʏшкɵнʏн баса белгиледи.

“Аймактарда аэропорттордун инфратʏзʏмдɵрʏ жаңыланып, маршруттук каттамдар кеңейʏʏдɵ. Ошол эле учурда авиация тармагынын ишмердʏʏлʏгʏнʏн бир катар багыттары жигердʏʏ ɵнʏгʏʏгɵ бет алды. Биз Кыргызстандын авиация тармагынын кайра жаралышына кʏбɵ болуп жатабыз”, — деп белгиледи Президент.

“Жакшы саамалыктарды улай  биз бул жерге «Ош» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушун баштоо ʏчʏн мезгил кутусун салганы турабыз. Бул окуя жеке эле тʏштʏк аймагы ʏчʏн эмес, бʏтʏндɵй Кыргызстан ʏчʏн чоң мааниге ээ”, — деди Мамлекет башчысы жана жалпы кыргызстандыктарды маанилʏʏ долбоордун башталышы менен куттуктады.

Президент “Ош” эл аралык аэропорту Кыргызстандагы жʏргʏнчʏлɵрдʏн агымы боюнча экинчи орунда турган ири аэропорт жана жалпы Фергана ɵрɵɵнʏнʏн негизги транспорт тʏйʏндɵрʏнʏн бири экенин баса белгиледи. Бул аэропорт Кыргызстандын тʏштʏк аймагынын тургундарын гана эмес, Борбор Азия, Кɵз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Жакынкы Чыгыш ɵлкɵлɵрʏ жана башка региондордун ортосундагы маанилʏʏ байланышты камсыз кылат.

“Ошол эле учурда жаңы аэробекет комплексинин курулушун чоң пландарыбыздын башталышы гана деп туралы. Биз аэропорттун маршруттук тармагын кеңейтʏʏнʏ, жаңы авиакомпанияларды тартууну жана жʏк ташуулардын кɵлɵмʏн кɵбɵйтʏʏнʏ мерчемдеп жатабыз. Ошону менен бирге, “Ош” аэропортун транспорттук тʏйʏн гана эмес, туризм жана бизнести ɵнʏктʏрʏʏгɵ ɵбɵлгɵ болуучу экономикалык маанилʏʏ борборго айландырабыз”, — деди .

About The Author