1945-жылы нацисттик Германия Экинчи дʏйнɵлʏк согушта жеңилген кʏн. Быйыл жеңишке туура 80 жыл болду. Экинчи дʏйнɵлʏк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дʏйнɵнʏн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган. СССР Экинчи дʏйнɵлʏк согушка ɵзʏ аралашкан бɵлʏгʏн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Жеңиш ʏчʏн биздин миңдеген аталарыбыздын каны, маңдай тери тɵгʏлдʏ. 1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын бири 19 жашында Советтер Союзунун Баатыры аталган Ташмамат Джумабаев тууралуу кеп кылабыз. Баатыр атабызды кызы Муаззам Джумабаева эскерет:

“Сочь, Десна жана Днепр дарыяларын кечип ɵткɵн”
Атам Ташмамат Джумабаев 1924-жылы Ош шаарында туулган. 1937-жылы Макаренко атындагы толук эмес орто мектепти аяктагандан кийин 1937-1941-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районундагы Калинин атындагы колхоздо, кийин 1941-жылдан 1942-жылга чейин ошол эле райондогу Мады айылында комбайнер болуп эмгектенген. Ал эми Кызыл армиянын катарына 1942-жылдын октябрында чакырылыптыр.
Согуш жылдарында алгач 1942-жылдын ноябрынан 1943-жылдын февралына чейин Саратов областынын Пугачёво шаарындагы запастагы 381-полкто взводдун командиринин орун басары, 1943-жылдын март айынан ноябрь айына чейин активдʏʏ армиянын катарында 386-полктун сапёрлор отрядынын командири, андан кийин 82 мм минометтун жана 45 мм аткычтар экипажынын командири болуптур. Дмитриев-Львовский, Севский шаарларын жана Курск областынын бир топ айылдарын бошотууга катышкан. Сож, Десна жана Днепр дарыяларын кечип ɵткɵнʏ тарых беттеринде айтылып келет.
1943-жылдын 14-октябрында биздин аскерлер Днепр дарыясына жеткенде атам жана анын жакын досу сержант И.Я.Спицын Днепрди кечип ɵтʏп, батальондун аракетин колдоо ʏчʏн душмандын позицияларына ок атуу тапшырмасын алышкан. 15-октябрда алар дарыяны сʏзʏп ɵтʏп, оң жээкте жайгашып, душмандын позицияларына ок атышкан. Бул аракеттер жɵɵ аскерлердин чабуулуна чоң жардам берген.
Ушул салгылашта кɵрсɵткɵн баатырдыгы жана кайраттуулугу ʏчʏн атам Джумабаев Ташмамат СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1943-жылдын 30-октябрындагы Жарлыгына ылайык “немистик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын ʏлгʏлʏʏ аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы ʏчʏн” Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, “Ленин”, “Кызыл жылдыз” ордендери ыйгарылган. Анда атам 19 жашта болгон…


“Согуштагы нандын даамы, жыты унутулгус дечʏ”
Атам кɵп сʏйлɵбɵгɵн токтоо киши эле. Бизди катуу айтып урушчу эмес, бирок анын бир кɵз карашы эле жетиштʏʏ болчу. Адилеттʏʏлʏктʏ дайыма жогору коюп, жасаган ишиң ʏчʏн жоопкерчиликти алууну ʏйрɵттʏ. Согуштагы тарткан азаптарын айтчу эмес. Эсимде, бир жолу 1943-жылдын кыштын суук кʏндɵрʏндɵ Курск облусунун Дмитриев-Льговск шаарында аялдардын жаңы бышкан нанды аскерлерге таратып бергенин, ал нандын даамы, жыты унутулгус экенин эстеп жазганы бар. Китеп кɵп окучу, сɵздɵрʏ кɵркɵм, сʏйлɵгɵнʏ уккулуктуу эле. Вальсты абдан жакшы бийлечʏ. Толук эмес мектепти аяктаган жаш бала согушка орус тилин толук ɵздɵштʏрʏп барган деп ойлобойм, бирок, ал согуштан келгенде орус тилинде абдан жакшы сʏйлɵчʏ.
Ɵмʏрʏнʏн акырына чейин бирге кызмат ɵтɵгɵн достору менен мамилесин ʏзгɵн жок. Дайыма кабарлашып, жоктоп турар эле.
“Москвада ɵткɵн биринчи Жеңиш парадынын катышуучусу”
1944-жылдын февраль айында Фрунзе шаарынын темир жол бекетинде тирʏʏ кайтып келген Кыргызстандын алгачкы эки баатыры — Даир Асановду жана атамды чоң салтанат менен тосуп алышат. Ушул кʏндʏ ɵзгɵчɵ эскерип, куралдаш досу Советтер Союзунун Баатыры, Нарындын кулуну Даир Асанов жɵнʏндɵ айтып берчʏ. Атам 1945-жылдын 24-июнунда Москвада ɵткɵн биринчи Жеңиш парадынын катышуучусу болгон.
Жеңиш кʏнʏ биздин ʏй-бʏлɵ ʏчʏн ɵзгɵчɵ мааниге ээ. Ар жылы 9-май кʏнʏ атам аскердик формасын кийип, ɵзгɵчɵ даярдык менен парадга катышчу. Ɵзʏ сыяктуу башка ардагерлер менен жолугуп, жаштарга акыл-насааттарын айтышкан. Жеңиш кʏнʏ студенттер, окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп турар эле. Анда согуштагы кʏндɵрʏн, салгылашууларды баяндап берчʏ. Мындай жолугушууларга чоң жоопкерчилик менен карап, “Балдарга согуштун чыныгы жʏзʏн айтып берʏʏ керек” деп калар эле.
1995-жылы 9-январда кɵз жумду. Атамдын кɵзʏ ɵтсɵ да жеңиш кʏнʏ анын эрдигин даңазалоочу, эскерʏʏчʏ кʏн катары ʏй-бʏлɵбʏздɵ белгиленип, бир туугандар чогулуп, “ɵлбɵс полктун” катарында сʏрɵтʏн сыймыктана кɵтɵрʏп, жыл сайын катышып келебиз.

“Жети баласына жогорку билим берди”
Апам Мамлакатхон Джумабаева экɵɵ 50 жыл бирге жашап, 7 баланы тарбиялап ɵстʏрʏштʏ. Баарыбыздын жогорку билим алуубузга шарт тʏзʏштʏ. Апам экɵɵ тең абдан жɵнɵкɵй адамдар эле. Бизди да жɵнɵкɵйлʏккɵ ʏйрɵтʏштʏ. Атам ʏчʏн жашоодогу эң башкы нерсе – чынчылдык, жасаган иши ʏчʏн жоопкерчилик жана сɵзʏнʏн ɵтɵсʏнɵн чыгуу болчу. Ошондой эле бизге берген эң чоң сабактардын бири – анын адамгерчилиги деп эсептейм. Жакындарына, калкка кʏйʏп, ар дайым жардам берʏʏгɵ даяр эле.
Биз, анын балдары Джумабаева Махарамхон, Джумабаев Махамаджан, Джумабаева Муаззам, Джумабаева Матлюбахан, Джумабаев Маратжон, Джумабаева Манзурахон, Джумабаева Муназамхон жана неберелери баатыр атабыздын ɵрнɵктʏʏ ɵмʏрʏ, акылмандыгы жана адамгерчилиги, тарых бетинде ɵчпɵс из калтырган эрдиги тууралуу сыймыктануу менен айта беребиз.
Жумагʏл Кочкорбай кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы