20 августа, 2025

“Коомдук жайларда жʏзʏн жаап жʏргɵндɵргɵ айып пул салынат”

Кыргыз Республикасында коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде жʏзʏн  жаап жʏрʏʏгɵ тыюу салган мыйзам сунушу коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Негизги максат — жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукту алдын алуу. Бирок бул мыйзам айрымдар тарабынан “жоолукка каршы аракет” катары туура эмес тʏшʏндʏрʏлʏп, терс пикирлер жаралууда. Бийлик ɵкʏлдɵрʏ, дин аалымдары жана коомдук ишмерлер бул мыйзам жоолукка эмес, чʏмбɵт менен жʏздʏ жашырууга гана тиешелʏʏ экенин белгилеп, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин активдʏʏ жʏргʏзʏп жатышат. Мыйзам бузгандарга 20 миң сомго чейин айып пул каралган.

Ирсалат Базиева, шаардын ардагери.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевичтин коомдук жайларда жʏзʏн бекитип жʏрʏʏгɵ, паранжа жамынып, никаб кийгендерге чыгарган мыйзам сунушу керектʏʏ кезде кабыл алынды деп ойлойм. Биз ар улутка кучагын жайган ак кɵңʏл элбиз, арабызда кɵп улут жашайт. Ошого жараша ар улуттун, элдин ɵзʏнʏн улуттук кийимдери, улуттук жʏрʏм-турумдары бар. Мына ошондой улуттук кийимибиз менен кыргыз элибиздин каада-салтын колдонуп, жʏзʏбʏздʏ ачып эле жʏрсɵк дээр элем. Албетте, кудайга каршы чыккан жерим жок, бардыгыбыз намаз окуп, динди карманып келебиз, кайрадан мурунку улуттук каада-салтыбызга, улуттук кийимибизге кайтсак…

Мурда Ноокат районунда акимдер комсомол комитети болгон. Атайы ɵкʏм чыгарып, кɵчɵдɵгʏ беттерин жаап алгандарды алдырып ɵрттɵшкɵн. Ошондон кийин паранжа жок болуп кеткен эле. Эми кайрадан Иран сыяктуу мамлекеттерди туурап, кара кийинип, чʏмбɵттɵнгɵн жаштарыбыз аябай кɵбɵйʏп баратат. Бул ишеничсиз жана коркунучтуу нерсе. Кээде сакалды коюп, чʏмбɵттɵнгɵн жигит-кыздарыбыз да кылмыштардын ар кандай тʏрʏнɵ аралашып калууда. Ошол ʏчʏн элибиздин тынчтыгын, сактыгын ойлоп, коомдук жайларда жʏзʏн жаап жʏрʏʏгɵ тыюу салган сунушту колдойм. Мэр, аким, айыл ɵкмɵт, эл башчы, аксакалдар соту, жаштар комитети дегеле бардык тармактын ɵкʏлдɵрʏ тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жакшы жʏргʏзсɵ, сɵзсʏз кʏткɵн жыйынтыкка жетебиз деген ишеничтемин.

Мирислам Абдиев, Ош шаарынын мусулмандар дин башкармалыгынын адиси.

Чʏмбɵт жамынуу — важиб да, сʏннɵт да эмес. Чʏмбɵттʏн шарыяттагы орду — мустахаб. Бул деген аткарып койсо сооп, аткарбаса жок деген нерсе. Негизи аял киши намаз окуганда жʏзʏн ачып окуйт. Эгерде аялдын колу жана жʏзʏ уяттуу жерге кирген болсо, анда намазда жабылат эле. Мисалы мусулмандар барган ажылыкка дʏйнɵнʏн булуң бурчунан зыяратка келишет. Бирок ал жерде бир дагы аял жʏзʏн жаап жʏрбɵйт. Эгерде ажылык учурунда жʏзʏн жапкан болсо, анда “жинаят” болуп эсептелет. Туура, кээде важиб болгон учурлар дагы болот. Эгерде аял кишини кɵргɵндɵ коомдогу эркектер ɵзʏн кармай албай калса, аялга зулум берип же кандайдыр бир жек кɵрʏʏлɵр жаралган болсо аял жʏзʏн жаап жʏрʏшʏ важиб болот. Бирок биздин коомдо аялдарга карата зулумдук, кордук жасалбайт, мыйзамда алардын укугу корголгон. Элибизде илгертен кызга ɵзгɵчɵ сый-урмат жасалып келген.

Эгемендʏʏ, кɵз карандысыз ɵлкɵбʏздʏн ɵзʏнɵ жараша мыйзамдары бар. Ошол мыйзамдарды сактоо ар бир жарандын милдети болуп эсептелет. Учурда мамлекет жоолук салынгандарга уруксат берген, биз кудайга шʏгʏр дешибиз керек. Коомдук жайларда жʏзʏн бекитип жʏргɵндɵрдʏ “тыят” десе туура эмес тʏшʏнʏп “хиджабды чечтирип жатыптыр” деген дʏрбɵлɵңгɵ тʏшкɵн туура эмес. Бул боюнча биздин башкармалык да тʏшʏндʏрʏʏ иштерин алып барып, эже-карындаштарыбызга жеткиргенге аракет кылып жатат. Элге айтаар элем, бул жерде эч кандай хиджабды басмырлоо же чечтирʏʏ эмес, болгону чʏмбɵт маселеси болуп жатат. Албетте чʏмбɵт менен хиджабдын айырмасы асман менен жердей.

Бекеев Тойчубек, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ЭММКАК кызматынын бɵлʏмчɵ башчысы.

Тʏшʏндʏрʏʏ иштери дин жɵнʏндɵгʏ мыйзамга киргизилген ɵзгɵртʏʏлɵрдʏн алкагында жʏргʏзʏлʏп жатат. Мыйзам долбоору сунушталары менен социалдык тармактарда талкуулар болуп, пикирлер терс кɵрʏнʏштɵ тарай баштады. Элдин арасындагы диний кырдаалды жɵнгɵ салып, мыйзамды тʏшʏндʏрʏʏ максатында райондорго барып, айылдын активдʏʏ жарандары, айыл башчылары, квартал жетекчилери, имамдары менен жолугуп, мыйзамдагы ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ элге жеткирʏʏ боюнча жыйындарды ɵткɵргɵнбʏз.

Айрым интернет колдонуучулар бир гана никабга тыюу салды деп тʏшʏнʏп алышты. Биринчиден мыйзамда “никаб” деп жазылган эмес. Ал жерде “коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде бетин жаап жʏрʏʏгɵ тыюу салынат!” деп жазылган. Мисалы, беткапчан келип тоноп кеткен фактылар кɵп эле катталып жʏрбɵйбʏ. Буга никаб гана эмес, ар кандай бет каптар дагы кирет. Айрым жарандар гана тʏшʏнбɵстʏк кылбаса, кɵпчʏлʏк жарандар тʏшʏндʏрʏʏ иштерин туура кабыл алышууда. Мамлекет ар бир мыйзамды элдин коопсуздугу ʏчʏн кабыл алат.

Тʏшʏндʏрʏʏ иштери мындан кийин да жʏргʏзʏлɵт. Мыйзамды сактабагандарга Укук бузуулар кодексинин 127-беренесинин негизинде  20 миң сом ɵлчɵмʏндɵ айып пул салынат.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author